Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Окен агайыма.
Узун сабак кеп кылып,
Айтса болот далайды.
Кыргыз тилден окуткан,
Айткым келет агайды.
Айта берсе түгөнбөйт,
Жакшы сөздөн далай кеп.
Туура жолду көрсөткөн,
Устатым менин агай деп.
Сөз кылсам агай жөнүндө,
Салыштырбайм өзгөгө.
Кызыктуу өтчү сабагын,
Мен үчүн болуп өзгөчө.
Сүйлөгөнүм себеби,
Сөздөрдөн курап ыр кылып.
Зор эмгеги агайдын,
Айтканым ушул сыр кылып.
Кызыктырып эгерде,
Жакшы ыр чыкса жүйөөлүү.
Анда ушунун баарына,
Окен агай күнөөлүү.
Айталбай калсам оюмду,
Сөздөрүм болбой жүйөөлүү.
Анда ушунун баарына,
Өзүм гана күнөөлүү...