Эрин дене мүчөлөрүнүн бат жабыркоочуларынын бири болгондуктан муздак абада сөзсүз кесилүүгө учурайт. Эринди жагымсыздыктардан сакташ үчүн тазалап, азыктандырып жана коргоп туруу зарыл.
Эриндерди тазалоо: макияжды өчүрүүчү атайын каражаттар менен эринди да тазалап турууга болот. Бул ыкма сизге ыңгайсыз болсо, өсүмдүк майын колдонуңуз.
Эриндерди азыктандыруу: компресс жана маскаларды колдонуу менен эриндерди азыктандырсаңыз болот.
- 1 чай кашык зайтун майы менен 1 чай кашык сабиздин ширесин аралаштырып, эринге компресс кыласыз. Компрессти 15-20 мүнөт кармаңыз.
- 1 даана алманы сүргүчтөн өткөрүп, ага 1 чай кашык өсүмдүк майын аралаштырыңыз. Даяр болгон массаны эриниңизге 15-20 мүнөт коюп, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.
- Алоэнин, бадыраңдын ширеси жана бал эриндерди нымдаштырып жумшартат. Жатар алдында алоэнин же бадыраңдын ширесин эриниңизге 15-20 мүнөт коюп туруңуз.
- Эриниңиз кесилбей дайыма бирдей калыпта жүрүүсүн кааласаңыз, дарыканадан “Радевит” майын алып сүйкөйсүз. Майдын курамында А, D жана Е витаминдери бар болгондуктан ал эриндерди азыктандырат.
Эскертүү: помада аларда курамында гиалурон кислотасы (клеткадагы нымдуулукту тең салмакта сактап туруучу кислота) жана жожобанын майы барына көңүл буруңуз. Бул заттар эринди нымдаштырып турат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7