"
Конок тосууну өтө жакшы көргөн Ибрахим пайгамбарга бир апта бою эч ким келбейт. Айланадан конок издейт. Акыры кырдан ак сакалдуу кары адамды көрөт. Карыянын абалын сурайт.
Эй, жолоочу! Жүр, бүгүн тамакты биздикинен жейли, - дейт.
Ибрахим пайгамбар менен анын адамдары ал карыяны жылуу жүз менен тосуп алышты. Тамак жээрде бардыгы "бисмиллах” дешет, бирок, ал карыя айтпайт. Ошондо Ибрахим пайгамбар: «Эй, көп жашаган карыя. Кары адамдар динине бекем болот. Тамактанар алдында Хак Тааланын ысымын айтуу керек эмеспи?» – дейт. Анда карыя: «Отко сыйынган пиримдин мындай сөз айтканын уккан эмесмин», - дейт.
Ибрахим пайгамбар эмне кылаарын билбей ойлоно баштайт. Аллага ишенбеген адамга тамак берүү туурабы?..
Акырында мындай адам менен бир дасторкондо олтуруу жакшы эмес деп чечет. Бул кезде карыя да туруп кетет. Ушул учурда Алла Таала Жабраил периштени Ибрахим пайгамбарга жиберди. Ал кабарда Алла Таала айткан эле: "Оо Ибрахим! Кулдарыма күнүнө ырыскы берип жатсам да алар мага шүгүр кылышпайт, Мени таанышпайт, бирок ошолоруна карабастан мен аларга күнүнкүсүн күндө ырыскы берүүдөмүн эч ачууланбастан. Ал эми сен болсо Менин пенделеримдин бири бисмилланы айтпагандыгы үчүн ачууң келди. Бул иш пайгамбарга туура келбейт.
Ибрахим пайгамбар дароо карыянын артынан жүгүрүп барып:
-Кайрадан дасторконго келиңиз. Кылган ишимди кечириниз, - дейт.
-Эмнеге кечирим сурайсың? – дейт карыя.
-Бул кылганыма байланыштуу Алла Таала мага вахий жиберип, айыптады.
Карыяга бул катуу таасир берди. Ал: «Кандай улуу Кудай! Мен сыяктуу өзүнө 100 жыл бою каршы болгон адам үчүн пайгамбарына эскертүү кылат. Бул кандай жакшы дин. Эй, Ибрахим! Мен да сенин диниңе киргим келет», - деп, мусулманчылыкты кабыл кылды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев