Ажал жетип бул жалган дүйнө менен кош айтышып, чыныгы дүйнөгө кеткен адамдын, тиги дүйнөдөн сизге кат жөнөтүп жатканын Элестетиңиз!. Ал катта эмнелер, кандай насааттар жазылышы мүмкүн деп ойлойсуз?.
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: "Мен Исра жана Мираж түнү Ибрахим пайгамбарды жолуктурдум. Ал мага: О, Мухаммад! Үммөтүңө менин саламымды жеткир. Жана аларга: бейиштин топурагы борпоң, суусу таза, жери колот, түз жер экендигин айт. Жана: "Субхааналлах, валхамдулиллах, ва лаа илааха иллаллоху, валлооху акбар" - деп айтылган ар бир зикрдин сообуна бирден дарак отургузуларын айтып сүйүнчүлө” - деди. Ибрахим пайгамбар бейиштин кандай экенин айтып жатат, бул сөз - бул дүйнөдөн тиги дүйнөгө көчкөн адамдын сөзү.. Ибрахим пайгамбар бейиштин топурагы борпоң жана берекелүү, суусу болсо даамдуу, тунук жана таза экендигин кабар берди. Ал эми бейиштин аянтынын түз, эч кандай дарак өспөгөн теп-тегиз жер бойдон калтырылуусунун себеби ал жерге мусулман адам: "Субханаллох, валхамдулиллах, ва лаа илааха иллаллох, валлоху акбар" - деп зикр кылып дарак отургузуп алуусу үчүн экендигин айткан..
Эгер сиз да досуңузга "Субханаллох, валхамдулиллах, ва лаа илааха иллаллох, валлоху акбар" - деген сөздүн пазилетин, ал сөздү айткан адамга кандай белек тартуу кылынаарын айтсаңыз, тиги досуңуз ал сөзгө амал кылып ушул зикрди айтса, анда досуңузга да сизге да бейиште бирден дарак отургузулат. Анткени: "Жакшылыкка үндөгөн адам, ошол жакшы ишти аткарганга барабар" - деп Пайгамбарыбыз (соллалоху алайхи васаллам)дын айтканы бар. Сиздин себебиңизден ушул зикрди жаттап айтып жүргөн адамга бирден дарак отургузулган сайын, сизге да бирден дарак отургузулат. Балким ал кезде сиз уктап жаткан болушуңуз мүмкүн, тамактанып же иштеп жаткан болушуңуз мүмкүн... Андыктан эртеңдин камын көрүп, бейиштеги багыңызга көчөт отургузуңуз…
Автор: Абдишүкүр Нарматов
"Тандалган хадистер"
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев