*🌺АЧУУЛАНБА*
📜Пайгамбарыбызга (САВ)ачуусу бат келген киши келет да: "Мага бир осуят айтыңыз"- деп сураганда Пайгамбарыбыз (САВ): *"Ачууңду келтирбе"*-деп жооп берет, анда жанагы киши ошол сөзүн кайталаганда кайра: *"Ачууңду келтирбе"*- деп жооп берет.
Ачуулануу бул эң жаман адеп болуп саналат, адамдык сапатты жок кылып, инсандык кадыр баркты да түшүрөт, күнөөсүз инсандын канын төгүү, тилдөө, каргыш жаман сөздөрдү айтуу бул ачуулангандын натыйжасынан келип чыгат.
*АЧУУЛАНБА;*
кимде-ким ачуусун баса билсе Аллах Таала ага болгон азабын токтотот, ачуусун сабырдуулук менен токтотуп, инсандарды кечире билгендерге жакшылык болсун, анткени Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт.
Пайгамбарыбыз (САВ): *"Эгер ачууланган инсан болсо сабыр кылсын, тик турган болсо олтурсун, даарат алып Аллахтан шайтандын жамандыгынан сакташын сурасын"* - деп буйруган.
*АЧУУЛАНБА;*
ачуулануу менен бирге ден-соолугуңду, ички сезимдериңди, бактыңды жок кылып аласың,ианткени ачуулануу очоктогу кызарып күйүп жаткан оттой ысык.
Качан гана биз өз напсибизди жана ачуубузду жеңе билгенде, уруш-жаңжал, ажырашуу, көрөлбастык, ар кандай руханий оорулар жана кайгы капалар азаймак, ошондо биз жашоонун чыныгы бактына бөлөнүп, бактылуулукта жана бейпилдикте жашамакпыз.
Алла Таала Куранда мындай деген:
*⚜"Эгер ачуусу келсе,(ичине жутуп,ачуусун келтиргендерди) кечирет".(42:37)*
📚КАПАЛАНБА
Бакытка умтулуу,кайгы-муңдан арылуунун жолу.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев