Гипертония оорусу - артериялык басымдын дээрлик бардык учурда же туруктуу жогорулашы менен мүнөздөлгөн оору. Ал гипертониянын башка түрлөрүнөн (Гипертензия, гипертония) айырмаланып, бөйрөктүн, бөйрөк үстүндөгү жана калкан сымал бездердин жана башка оорусунан эмес, кан басымын жөнгө салуу бузулуудан болот. Жүрөк-кан тамыр системасынын өтө көп таралган ооруларынын бири.
Гипертония оорусунун өнүгүүсүнө үй-бүлөдө, кызматта жана башка болгон чыр-чатактан нервдик-эмоциялык чыңалуу, туздуу тамакашты көп ичүү, семирүү, аз кыймылдоо, тамеки тартуу, ичкилик жана башка себеп болот. Гипертония ошондой менен жапа чеккендер болор-болбос капалануудан кан басымы жогорулайт жана көпкө кармалат (Кан басымы). Ошонун натыйжасында акырындык менен гипертензия калыптанып, туруктуу мүнөзгө өтөт. Гипертония оорусунун өнүгүшү 3 стадияга бөлүнөт. Адеп башталганда артериялык басым кезкезде жогорулап, жүрөк тез кагат, жүрөк тушу ооруп, начар уктап, акыл эмгегине жөндөмдүүлүк азаят (1-стадия). Оору күчөй баштаганда артериялык басым дээрлик дайыма жогорулап, баш айланат, кол-буттун манжалары уюп, кан башка чыгат, көз чыбырчыктап, уйку качат, тез чарчайт (2-стадия). 3-стадияда артерия басымы дайыма жогору болуп, дарылоодон нормага чейин төмөндөбөйт; инсульт, кан куюлуу, жүрөктүн начарлашы байкалат.

Оорулуу врачтын көрсөтмөсү боюнча эмгек менен эс алууну оорунун даражасына ылайык тартипке келтирүүсү зарыл. Мындай оорулууларга аз кыймылдоо өтө зыян, нервдик-эмоциялык чыңалууну пайда кылган себептерди жоюп, айланасындагы адамдар менен ынтымактуу, жакшы мамиледе болууга аракеттенүүсү керек. Атайын физкультура, таза абада сейилдөө, сууда сүзүү жана башка пайдалуу. Ичкилик ичүүдөн, тамеки тартуудан, семирип кетүүдөн оолак болуу зарыл.
Адамдын артериялык кан басымынын жогорулашы анын гипертония ошондой бар экенин далилдей бербейт. Ошондуктан врач мындай учурда кайталап текшерүүдөн өтүүнү талап кылат. Айрым учурда артериялык басым нервдик күч келүүдөн жогорулабастан, кан басымына таасир этүүчү башка оорунун белгиси болушу мүмкүн. Гипертония оорусунан айырмаланып, артериялык басымдын мындай жогорулоосу симптомдук артериялык гипертензия деп аталат да, дарылоо анын себеби болгон негизги ооруга багытталат. Оору канчалык тез аныкталса, дарылоо ошончолук жакшы натыйжа берет.

Гипертония оорусунда артериялык кан басымынын жогорулашы артериялык кан тамырлардын спазмалык тарышынан болот деген түшүнүк кең тараган. Ошонун негизинде гипертония оорусунда кан тамырларды кеңейтүүчү дарыларды пайдалануу керек деп туура эмес баамдашат. Бирок нерв-эмоциялык күч келүүнү жоюу үчүн врач андан тышкары борбордук нерв системасын тынчтандыруучу дарыларды да сунуш кылат. Негизинен бөйрөк хлордуу натрийди (кайнатма туз) аз бөлүп чыгаруусунан улам артериялык кан басымы жогорулайт. Ошол себептүү гипертония оорусунда заара айдоочу дарылар берилет. Ошону менен катар оорулуулар өздөрү туздуу тамак-ашты аз ичүү пайдалуу экенин эске тутууга тийиш.
Гипертония ошондой жаратылышы боюнча өнөкөт оору болгондуктан, аны узакка дарылоо зарыл. Дарылоону врач гана белгилейт. Врачтын уруксатысыз баш аламан дарылануу гипертониялык кризге дуушар кылат. Гипертониялык криз мээге жана анын кабыкчаларына же башка органдарга кандын жетишсиз жана кечигип келүүсүнөн, оорунун күчөшүнөн, кан басымынын (айрыкча диастолалык) жогорулашынан болот.

Оорулуунун абалы начарлаганда врач чакыруу зарыл. Врач келгиче оорулууну төшөккө башын бийик жаздап жаткырып, бутуна жылыткыч коюп ороп же жылуу ванна жасоо сунуш кылынат, горчичник койсо да болот. 30-35 тамчы корвалол (валокордин), ошондой эле ал дайыма ичип жүргөн дарыдан берүү керек. Көкүрөк тушу ооруса дароо нитроглицерин (тилдин астына коёт) берүү оң. Баш катуу ооруса мурда ичип жүргөн задра айдоочу таблеткадан бирди берсе болот.
Гипертония оорусун дарылоо чараларынын комплекси артериялык басымдын өтө жогорулап же төмөндөп кетүүсүнө жол бербей оорулуу үчүн жагымдуу деңгээлде кармоо максатын көздөйт. Басымдын өтө төмөндөп кетишинен мээни, жүрөк булчуңдарын, бөйрөктү кан менен камсыз кылуу бузулат. Ошондуктан басымды түшүрүүчү дарыларды өз билгениндей колдонуу туура эмес.
Көп жылдык тажрыйбалар гипертония оорусун айыга тургандыгын көрсөттү. Азыркы клиникалык медицинадагы дары каражаттары жана практикалык тажрыйба артериялык кан басымды керектүү деңгээлде кармоо менен күчөшүнө жол бербей, анын кабылдоосун, ошону менен катар атеросклероздун өөрчүшүн алдын алат. Алдын алуу чаралар айрыкча гипертония оорусунун тукум куума коркунучу бар адамдар (өзгөчө жаштар) үчүн зарыл
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев