Адамдын ден соолугу чың болушу үчүн туура тамактануу эң маанилүү. Туура тамактанууну эрте мененки тамактануудан баштоо абзел. Биздин бир күндүк маанайыбызды, күчүбүздү аныктоочу бул таңкы тамакта айрым азыктарды колдонбоо керектигин, ал эми айрым азыктарды тескерисинче көбүрөөк колдонуу керектигин диетологдор эскертишет.
Кара тизмедеги азыктар
Цитрус жемиштери
Цитрус жемиштерине кирген мандарин, лимон жана апельсин баш болгон жемиштерди ачкарын жегенде ал аллергияны чакырып, гастрит оорусунун өөрчүшүнө алып келет. Таң эрте цитрус жемиштеринин ширелерин ичким келет десеңиз анда тоё тамактангандан кийин гана ичүү сунушталат.
Банан
Банандын курамындагы магний жүрөк-кан тамыр системаларынын иштешине терс таасирин тийгизгендиктен аны ачкарын жегенге болбойт.
Чийки жашылча-жемиштер
Чийки жашылча-жемиштерде кычкылдуулук көп болгондуктан ачкарын кабыл алганда адамдын ичеги-карынынын былжыр челин дүүлүктүрүп, тамак сиңирүүдө көйгөй жаратат. Помидордун курамында пектин көп болгондуктан ал организмде таштын пайда болуусуна өбөлгө түзөт. Ушул эле көрүнүш алмурут жана курмага да тиешелүү.
Кондитердик азыктар
Кондитердик азыктарда углевод көп болгондуктан ал ачка турган карынга күч келтирет да, натыйжада ашказан акырындык менен ооруга кабылат. Адам бат тойгону менен көп өтпөй кайра ачка боло берет.
Консерва жана ышталган азыктар
Консерва жана ышталган азыктарда ароматизатор, туз, консервант сыяктуу кошулмалар көп болгондуктан аны ачкарын кабыл алуу таптакыр сунушталбайт. Негизи эле бул азыктарды күнүмдүк рациондон алыстатып, колдон келсе таптакыр колдонбогонго аракет кылуу керек.
Кофе
Таң эрте иш баштагандардын көпчүлүгү иш күнүн бир чыны кофе ичүү менен баштайт. Бирок бул адаттан акырындык менен арылуу керек. Себеби кофе ичеги-карындын сырткы былжыр челин дүүлүктүрүп, гастритти пайда кылат.
Колбаса менен бутерброд
Колбасанын курамында адамга зыян келтирүүчү кошулмалар көп. Ал кошулмалардын айрымдары адам организмине киргенден кийин ракты чакыруучу касиетке ээ болот. Өзгөчө бутерброд менен колбасаны ачкарын жегенде организм андагы бактериялар менен күрөшө албай калат.
Муздак суусундуктар
Таң эрте тамактанарга жарым саат калганда 1 стакан жылуу суу ичүү сунушталат. Айрымдар жылымык суунун ордуна муздак суусундуктарды ичип алышат. Организмге түшкөн муздак суусундук он эки эли ичегисинде жарасы барлардын жана гастрит менен ооругандардын ооруларын күчөтөт. Муздак суусундуктар ичеги-карындын тамырларын ичкертип кан айлануу менен тамак сиңирүү процессин жайлатат. Ошондой эле муздак суу аялзатынын айызын үзгүлтүккө учуратып, циклди бузат.
Пайдалуу азыктар
Быштак
Быштактын курамынан витаминдин 12 түрүн, минералдык заттарды жана кальций, темир, фосфорду кезиктирүүгө болот. Быштактын ток алып жүрүү артыкчылыгы сүттүкүнө караганда баалуураак.
Рецепт: 100 грамм быштак менен жаңы үзүлгөн 50 грамм карагатты же малинаны аралаштырып ага бир чай кашык бал кошуп жесеңиз болот. Эгер карагат же малина болбосо анда тамак-ашка кошчу аш-көктөрдөн майдалап туурап, балдын ордуна каймакка аралаштырып нандын бетине сүйкөп жеген топуктуу.
Жумуртка
Тооктун жумурткасынан А, Е, D жана В витамининен тышкары кальций, калий, магний, жез, темир жана фосфорду кезиктирүүгө болот. Жумуртканы белгилүү бир тартип боюнча үзгүлтүксүз жеп туруу организмдеги инфекциялар менен күрөшүп, иммунитетти көтөрөт жана стресстен арылтат.
Рецепт: Алгач 2 жумуртканын агын жарым стакан сүткө аралаштырып, татымына жараша туз салып аралашма даярдап аласыз. Андан кийин төрт бурчтуу болуп тууралган бир помидорду бир аз кууруп, үстүнө аралашманы куюп жибересиз. Даяр болгон омлетти пайдалуу аш-көк менен кооздоп койсоңуз болот.
Геркулес
Эң жөнөкөй, түйшүксүз, ошол эле маалда даамдуу боткону геркулестен жасоого болот. Геркулес боткосу онкологиялык ооруларга каршы жакшы жардамчы. Ошондой эле ар дайым жаш көрүнүүнү каалагандарга да сунушталат. Демек, геркулес боткосу картаюу процессин жайлатуучу касиетке да ээ.
Рецепт: 1 стакан геркулес, 1 литр сүт жана татымына жараша шекер керек. Алгач мискейге сүттү куюп аласыз. Сүт ысыганда ага геркулести салып тынымсыз аралаштырып турасыз. Кайнаган соң отту жайлатып, 20 мүнөт бышырасыз. Ботко даяр болгондо татымына жараша шекер, бир чымчым туз жана табитиңизге жаккан кошулмаларды кошуп алсаңыз болот.
Гречка
Гречканын курамында фосфор, кальций, цинк, калий жана йод баш болгон пайдалуу микроэлементтер бар. Гречка организмди шлактардан тазалап, стресстен жана депрессиядан арылууга жардам берет.
Рецепт: 1 стакан жуулган гречкага 2 стакан таза суу куюп түнгө калтырып коёсуз. Эртең менен суусун төгүп салып, керектүү өлчөмдө кефир куюп жей берсеңиз болот. Даяр болгон боткого туз, шекер жана башка кошулмаларды кошпой койгон пайдалуу.
Комментарии 1