Ит мурун
Ит мурун же чычырканактын майын бир күндө 5-6 жолу мурундун ичине тамызуу өнөкөт гайморитте жакшы натыйжасын берет. Үйүңүздө чычырканак же ит мурундун майы жок болсо, кадимки эле сары майды колдонсоңуз болот. Ал үчүн сары майды ысытып туруп мурдуңузга тамызасыз.
Лавр жалбырагы
5-6 лавр жалбырагын 300-400 грамм сууга кайнатып аласыз. Андан соң кездемени ага салып суулап аласыз да, мурдуңуздун үстүнө басып 1 саат кармайсыз. Нымдалган кездеме бат эле муздап калбаш үчүн жүзүңүздү сүлгү менен жаап алыңыз.
Бал
Алгач кир самынды кыргычтан өткөрөсүз. 1 чай кашык кырылган кир самынга 1 аш кашык өсүмдүк майын, 1 аш кашык бал жана ушундай эле өлчөмдөгү сүт кошуп бирдей массага келгенче жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон массаны сыртынан ысык сууга салып, кир самын эзилгенче кармайсыз. Андан соң кулак чукугуч менен аз-аздан алып, мурдуңуздун ичине саласыз. Бул ыкманы жатып жасоо зарыл. Аталган процедураны бир күндө 3 иреттен 3 жума кайталаңыз.
Пияз
Бир баш пиязды аарчыбай туруп кездемеге же 3-4 кабат марляга ороп, аны балка же катуу нерсе менен жанчып эзесиз да, чекеңизге коюп 5 мүнөт кармайсыз. Чекеңизге пиязды коёрдон мурун бет май сүртүп алыңыз. Себеби пияз чекени ачыштырып күйгүзүп жибериши мүмкүн. 5 мүнөттөн кийин чекеңизден пиязды алган соң дагы бир ирет бет май менен майлап коёсуз. 30 мүнөттөн кийин мурдуңуздан былжырлуу илешме заттар чыгат. Бул ыкманы 1 күндө 3-5 жолу кайталап, айыкканча жасайсыз.
Кызыл кызылча
100 грамм кызыл кызылчанын ширесине 50 грамм жылуу сууну аралаштырып, ага кичине туз салып мурдуңузга бир күндө 3-4 жолу тамызыңыз. Кызыл кызылча жок болсо, пияздын же лимондун ширесин колдонсоңуз болот. Мындан тышкары ромашка, шалфейдин кайнатмаларына туз салып ушундай эле ыкмада колдонсоңуз жакшы натыйжасын берет. Бул ыкманы 1 күндө 3-4 жолу кайталап, айыкканча жасайсыз.
Кир самын
Кадимки эле кир жууган кара өңдөгү самынды 10 мүнөт жылуу сууга салып коёсуз. 10 мүнөттөн кийин самынды суудан чыгарып, пайда болгон былжырды мурдуңузга саласыз. Самын ичкери киргенден кийин аябай ачыштырат да, ичиндеги былжырлуу илешме заттарды сыртка чыгарат. Бул ыкманы бир жасаганда 4-5 иреттен эки жума жасаңыз.
Маалымат булак: www.lagy.kg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4