Пайгамбарыбыз (Алланын салам-дубасы болсун) айтты: Эне, наристени тубаса таза табияты менен төрөйт. Бирок, кийин ата-эне наристенин жөөт, христиан же отко сыйынуучу болушуна себепчи болот. Эгер наристенин ата-энеси мусулман болсо, наристенин да мусулман болушуна себепчи болуп калат. Курани каримде үй-булөнүн бүтүндөй жоопкерчиликтерин атага жүктөлгөнүн төмөндөгү аят менен чындап өтөт: «Өзүнөрдү жана үй-бүлөнөрдү тозоктон сактагыла».
Бул аят түшкөн учурда сахабалар пайгамбарыбызга мындай деп кайрылат. «Эй расулулло! Биз өзүбүздү Алланын өкүмдөрүн аткарып,тыюуларынан сактанып тозоктон коргой алабыз. Ал эми үй-булөбүз менен балдарыбызды тозоктун отунан кантип коргойбуз?-дегенде, Пайгамбарыбыз (Алланын салам-дубасы болсун): Алла силерге өкүм кылган нерселерди силер да аларга өкүм кылгыла. Тыюу салган нерселерди силер да тыюу салгыла»,-деп жооп берген.
Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) доорунда бир мусулман өз уулун эрчитип келип: «Эй Умар! Менин уулум мага бала болуудан баш тартып жатат. Ушуну мага чечмелеп бергин. Менин айлам эмне болот?»-деди. Муну уккан Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) балага: «Эй мусулман баласы! Сен кичине уялып Кудайдан корксон болбойбу!»- дегенде бала: «Айтынызчы! Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) ата-эненин баладагы акысы бардай эле, баланын да ата-энеде акысы барбы?»-деп сурайт. Буга Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун): «Бар, бала төрөлгөндө эң биринчи ага жакшы ат коюу керек. Пайдалуу илим үйрөнү үчүн окутуу керек. Анан баланы жакшы жерден үйлөнтүү керек»-деп жооп берет. Ал эми муну уккан бала болсо: «Менде булардын бирөөсү дагы жок. Бул эле эмес, Куранды да билбеймин» дейт. Муну уккан Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун): «Эй сен кандай заалым атасын! баландын сага койгон талабы туура!»-деп үйүнөн кууп чыгыптыр.
Келиңиздер туугандар! Баланын акысын берелик. Куран үйрөтөлү, өзүбүз билбесек жетелеп мечитке барып, дин аалымдарынан сабак алдырып, кайра жетелеп келели. Баланын биринчи мугалими ата-энеси, жана бала Алланын бизге берген аманаты. Өз жолун тапканчача дүнүйө-тирикчилик деп жүрүп булардын акысынан куру калтырбайлы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев