Топурака үнсүз денеси кирип кетти,
Жашасада жазылган өмүр жашын,
Карапайым бир агам динсиз кетти.
Дүйнөнү мал дөлөттү кууп жетти,
Бир сүрө куранды билбей кетти,
Жети мүчөлү баары сак болсода,
Жайнамазга башы эч тйбей кетти.
Кырк жашын өмүрдө жашап кетти,
Жетишкен байлыгын таштап кетти,
Катар тартып эл ичинде жүргөн эле,
Ал агабыз арабыздан динсиз кетти.
Бир ирет азан чакырбай үнсүз кетти,
Күтпөгөн кырк жашынан узап кетти,
Акыреттин ойлобой мунсуз кетти,
Карааны арабыздан өчүп кетти.
Эл айткан жумшак сөздөн кетти,
Алтын байлык күмүш топтор эле,
Калды баары коштошуп өзү кетти, Жөө кетти машинасын минбей кетти.
Алтын чынжырын такпай кетти,
Мункар Накир койот 3 суракты ,
Эч болбосо бирөсүн билбей кетти,
Алтын башын Аллага ийбей кетти.
Шариаттын шарттарын сүйбөй кетти,
Эч болбосо жумада Раббысы үчүн, Жайнамазга башын койбой кетти.
Буйругуна Тенирдин көнбөй кетти.
Беш күнчөлүк өмүргө ишенбей кетти,
Көкүрөкө тартырыган татуировкасы,
Өңү өчпөй өңдөнгөн бойдон кетти,
Күлүп келген күнөөдөн качпай кетти.
Топтогон баарыдык мүлкү калып,
Эки метир ак пердени ороп кетти,
Жан талаша төшөктө жаткан кезде,
Тооба кылбай үнсүз узап кетти.
Даңгыраган чоң үйгө батпай келген,
Кичинекей кабырга батып кетти,
Жакындарга өзү үчүн баарын кылып,
Бир агабыз арабыздан динсиз кетти.
Келгиле аке эже бир тугандар,
Ойлонгула арак ичип кутургандар,
Кабыр азабы бизди күтүп турат,
Ойлонгула динден чыгып бузулгандар.
Ашуров кайрат)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10
Азаматсын онорун оркундоп, калемин курчуй берсин!
Эч качан мынчалык журогум ойгонгон эмес, ушу жазууну окуп кандайдыр бир сезим пайда болду журогумда.
Азамат алга, жана алга!!!