Түн бир оокум болуп калган эле. Эки кабат
Калыйбүбү ай күнүнө жакындаган сайын түнү уйку көрбөй, күндүзү эртели кеч
келининин кыймыл аракетинен көзүн албай аркасынан сак сактап, акмалап жүргөн
Жыргал эне бул түнү эмгегедир күндөгүдөн да жаны бир жерге жай албай, жаздыкка
башын койгону менен көзүн ирмебей балдары жакка кулагын төшөп жатты. Бая эл
катары чечинген жаны бир жакка барчудай оордунан шаша туруп кийинип да алды.
Анан чалына шек алдырбай жууркандын бир четин өзүнө тарта жамынып жата кетти.
Кечке тирликтен чарчаган абышкасы баш болуп,
үйдөгүлөрдүн баары эчак таттуу уйкуга кетишкен эле. Жууркандын чекеси тартыла
бергенде ойгонуп кеткен Турсунбай ата кемпирине күңк этти.
- Сен эмне уктабай жатасың?
- Кыз болоор бекен? Же, дагы эркек бала төрөйбү?
- Муну күндүз сурасаң болбойт беле?
- Мейли, эмнеси болсо да аман – эсен көз жарып
алсын. Бечарам, эки күндөн бери бир башкача. Беттери албырып, олтурган турганы
оордошуп, кыйналып турат.
- Укта. Өзүңчө эле бежирей бербей. Эртең тээ жонго
чыгып чөп чабабыз. Сен да барасың. Төшөктүн баарын тартып алганың эмнең, бери
бер.
Турсунбай аксакал аялынын кийинип жатканын көрүп,
карап калган эле. Шашып кеткен Жыргал апа кайра жуурканды өзүнө тартты.
- Сен кайда барасың?
- Эч жакка.
- Эмне бүкүлү?..
- Бирдеме болуп кетсе...
- Сага айла жок экен да.
- Кыйналып турганын көрбөй турасыңбы?
- Акырын. Баарын ойготосуң.
- Ай, Жыргал, Жыргал. Өзүң туучудай... түрүң...
- Болду эми, сен да күчөп кетпей. Болуп калды
окшойт.
- Ой, болсо айтат да.
- Кыз болсо экен ээ?
- Аны мен Кудай болбосом кайдан билем. Уктатчы.
- Укта. Укта.
Турсунбай ата күңкүлдөгөн бойдон тескери карап
жата кетти. Жыргал энеде кайдагы уйку. Ал аңгыча эскилиги жеткен эшик кыйч
этип, келини Калыйбүбү менен уулу Мырсаалынын аста басып сыртка чыккандарын
байкады. Жүрөгү бир нерсени сезген эне ары - бери үстүнө чапанын сала коюп,
тигилердин артынан кошо чыкты.
- Тынччылыкпы?!
- Жөн эле. Таза абага чыгайын дегенинен...
- Эне, тынч жата бериңиз. Ыссыктан жата албай...
- Абайла балам. Кыйналып баратканда айтаарсыңар.
Жыргал апа шекшине карай ичке кирип кетти. Жаны
бир жерге тура албай, жүрөгү баштагыдан да дүпүлдөп бир башкача сокконунан
өзүнчө катуу бушайманданып, абышкасын түрткүлөдү.
- Эмне болду?
- Тигилер эшикке чыгып кетишти.
- Чыкса чыгат да. Элге тынчтык бербейсиң го, сен
кемпир.
- Болуп калдыбы деп турам. Кошунаны чакырайын.
- Дениң сообу, боло электе эле элдин баарын
дүрбүтүп...
- Билбейм. Кебетеси кыйналып тургандай.
- Чаектин баш аягына чурка анда.
- Сени какшыктатып эле койсо. Аялды түшүнмөк
белең? Аял деген...
- Эми терезеден аңдыганда эмнени көрөсүң?
- Шамаалдап калбагай эле. Олдо, кокуй ай. Киргиле
десемби?
- Жайдын саратанында шамаалдап... Кыш чилдеде
шамаалдабай эле тамды тегеренип чуркачу элең го. Унуттуңбу? Кой, мен уктадым.
- Уктасаң укта. Уктай гой. Мен тигилерди барып
карайынчы.
- Уктай гой! – деп коет. Таң атып калса. Тигил
киймимди алып бер.
Аңгыча сырттан уулу Мырсаалынын ага удаа
Калыйбүбүнүн “апа” деген үнү чыкты. Араң турган Жыргал апа сыртка атып чыкты.
(уландысы бар)
#чынара
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев