Ислам дини чоң таасир берүүчү досторду тандоого үндөйт.
Пайгамбарыбыз ( Саллаллоху ъалейхи ва саллам ) бизге, жакшы достун пайдалуулугун жана жаман дотун зыяндуулугун өз сөзүндө мындай баяндайт: "Жакшы менен олтуурчунун жана жаман менен олтурчуунун мисалы: "Миск" ( атыр ) көтөрүүчү менен "көөрүктүн" мисалындай. Миск көөөрүүчү мискти сага же бекер берерт же сен андан сатып аласың же андан жакшы жыт табасың".
Мусулман пенде достордун ортосунда төмөнкү адептерди сактоого тийиш:
1. Мусулман, такыба-диндар досту тандап алуу.
2. Достук, бири-бирин жакшы көрүү Алла Тааланын ыразылыгы үчүн болуусу. Пайгамбарыбыз ( Саллаллоху ъалайхи ва саллам ) өзүнүн "Алла Тааланын ( Арыштын ) көлөкөсүнөн башка көлөкө жок күндө ( кыямат күнү ) жети түрдүү адамды көлөкөлөтүү" жөнүндөгү хадисинде айткан: "Эки адам ( момун ) Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн бири-бирин жакшы көрсө, Алла Таала үчүн топтолушса, кайрадан Алла Таала үчүн тарап кетишсе, буларды Алла Таала "Арыштын" көлөкөсүндө көлөкөлөтөт".
3. Эгерде дос муктаж болсо, материалдык кайрымдуулук жасоо. Дин жана дүйнө иштеринде жардам берүү. Ага ар дайым насыят айтуу.
4. Тилин ага жаман сөз айтуудан сактоо жана ага жакшы сөз айтуу.
5. Анын айыптарын жана сырларын ичиңде сактоо.
6. Эгер андан каталык кетсе кечире билүү.
7. Жаман достон алыс болуу. Анткени, андан жамандыкка багытоо коркунучу туулат. Жамандын кесепети эртедир - кечтир тийбей койбойт.
📚Мусулман балдары үчүн адеп-ахлак китебинен
*Багыт* группасына катталыңыздар⤵
ok.ru: - http://ok.ru/group/52819552960724 vk.ru: - http://vk.com/bagyt_ru fecebook.ru: - https://www.facebook.com/groups/257451791322125/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев