Предыдущая публикация
Кана, эркек! намыс болсо
өзүңдө,
Көңүл буруп түшүнөрсүң
сөзүмө.
“Алдап койдум тигил кызды”-,
дебечи
Карындашың, эжең бар го
өзүңдө.
Азыр заман наалат болуп
турабы,
Бузулду деп айтат балдар
кыздарды.
Аны бузган, акыл айтпай
алдашкан,
Алар кимдер?Ошол эле
балдарбы?
Ойлоп көрчү кенен ойго
токтолуп,
Кетпейбизби эртең кыргыз жок
болуп.
Карындашың, эжең сага ким
болот?
Каалайсыңбы жүргөндүгүн
кордолуп.
Жок! Акмаксың! Далай кызды
алдайсың,
Кечиргин деп айдап жолго
саласың.
Анан эртең үйлөнөм деп кыз
издеп,
“Таза кыз жок, ишенбейм”-деп
айтасың.
(Автору белгисиз)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12