*
_Кийимсиз жылаңач абалда же жылуулукту,дененин табын бири-бирине өткөрө турган даражада жука,жибек кийимдеринде бири-бирин дүүлүгүү менен кучактап-опкондо эркектин мүчөсү козголсо,эркек менен аялдын даараты бузулат_
*(Тахтави:74*)
_Бирок дененин табын тосо турган калың кийимде болушса жана мазий деген суюктук чыкпаса даарат бузулат_
*(Тахтави:51*)
*Жыныстык мүчөнү кармаса,даарат бузулабы?*
_Аял же эркек өзүнүн гана жыныстык мүчөсүн кармаса даарат бузулбайт_.
*(Тахтави:51)*
_Бирок мында колду жуумак мустахаб болот_.
*Тырмак боёлгон болсо даарат толук болобу?*
Даараттын толук болушу үчүн суу дааратта жуула турган мүчөлөрдүн ар бир жерине жетиши шарт.Жуулуш керек болгон мүчөлөрдо суунун жетишине тоскоол боло турган эрин боёгу тырмак боёгу май сагыз сыяктуу нерселер болсо даарат болбойт_.
*(Фатава'и Хиндиййа:1/84; Ниьматуль-Ислам:45)*
*Улама (же кеп)чач үстүнөн масх тартууга болобу?*
Пайгамбарыбыз (с а в)айткан;"Жасалма чач такканга жана тактырганга,денесине чийгенге жана чийдиргенге Аллахтын каргышы болсун!"*(Тухфатул Ахвази:8/68)*
Жасалма чач башка бир аялдын чачынан жасалган болбошу керек,ал эми химиялык жолдор менен жасалган чач буга кошулбайт.
Улама чач тагуу Жахилият (Исламдан мурунку) доордон калган жаман адат.Жасалма чач чыныгы чач болбогондуктан анын үстүнөн масх тартуу-башынан масх ордуна өтпөйт.
*Аялдарга тиешелүү эң зарыл шарият маселелери*📚📚
(6-7б)
▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰▰
БАШКАЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮНҮ УНУТПАҢЫЗ!.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев