Предыдущая публикация
Жаштыкта биз дайым бирге жүрчүүбүз,
Бирөө күлсө биз да кошо күлчүүбүз.
Ойлойм азыр, толкунданып, суктанам,
Биз анткени, ынтымакта бүтүпбүз.
Ар ким өзү келечекке жол ачып,
Бирөө тоого, бирөө чөлгө жанашып.
Турмушка бек эмгектенип жашагын,
Эл тарабын, эл талабын талашып.
Көз алдымда бирге жүргөн убактар,
Бирге барып, биз суу ичкен булактар.
Сагындым - охх, келбейт эми өмүргө,
Ооматы бар окуучулук курактар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев