Кумайык күчүктөрүн бооруна баса жатып,аларды алда кимге көргөзгүсү келбей, түпкүчтөй ийилип жатты.Кудай жалгап быйыл төрт күчүктүү болду, биринен бири өтүп бир башкача сулуу,арасында ак төшү,кулактарынын учу ак,же куйруктарынын учтары аппак өңдөрү жылтырап чымкый кара көргөн көздү өзүнө тартат.Бул ирет Кумайык жат болуп калган көрүнүш кайталанарын сезгендей балдарын баса жатып ордунан жарым карыш турбай жатты.Ал буга чейин күчүктүү болгон менен аларды күн мурун ээлеп койгон эки буттуу адамзаттын алып кетиши эне жүрөгүн азапка салып,көп убакытка чейин көк асманды карап улуган күндөрүн эсинен чыгарбагандай...
,,Мейли эки аяктуу адамзат алсын ,а бирок алар тирүүлөй көмүп өлтүрүп да салып жатпайбы.Мен канча жар түбүндөгү балдарым жыттанган жерди тытмаладым,ал жерде канчасы калды,жараткандын чыгарган өкүмүбү,же адамзатынын чыгарган өкүмүбү айтор арасынан бир,экөөнө гана жашоо буюрган.Береги мени асыраган кемпир гана боор тартып,жумшак колдору менен башымдан сылай далай ирет кайгымды бөлүшүп кобуранып жөнгө салчу.Бул жолу күчүктөрүм адамзаттын колунда чоңоюп,кызмат кылышат,себеби кемпир күндө ар башка адамдарды ээрчитип келип көрсөтүп,мактап,кайра менин башымды сылай кобуранып,,Кумайыгым жан бүткөндүн баарына жан керек, жалооруп караба,быйыл күчүктөрүңдү орду-ордуна жайгарып акыркы милдетимден кутулайын!"
Кемпирдин ушул сөзү мени алда канча ойго салып,ал такыр башка жакка кетчүдөй,жүрөгүм бир нерсени сезгендей.Мен макулук болсом да барын түшүнөм,билем бир гана тилим жок.Кемпирдин кубанычы менен кайгысына да ортоктош болдум.Курган кемпир дайрадай чоң үйдө жалгыз,эрмек кылганы мен,бирде сүтүн,бирде нанын көтөрүп чыгат.Оо бул үйдө канча жакшылыктар болду кыз-күйөө,уул-келин дегендей.Алгачкы төрөгөн балдары өлө берип жер тытып ыйлаган күндөрүн көзүнө жаш ала дайым эстейт.Акыры төрөлгөн балдарын ырымдап жети кемпирдин аласынан, жети иттин астынан, жетинчи үйдөн сатып алып келип баккан тура.Убакыттын өтүшү менен алар да өз жолдорун таап кетишти,чанда гана келип кеткендери болбосо кемпир экөөбүз гана бири бирибизге эш,бири бирибизге жөлөк...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев