====================================
Адамдардан алыс, тээ токойдун четинде бир ыкластуу адам жашачу. Ал ар дайым Аллахка ибадат кылып, жаман, бузуку иштерден алыс болчу.
Бир күнү ал адаттагыдай эле намаз окуп бүтүп, зикир чалып отурган. Кокустан ага бир топ адамдар келишет да: Сен ар дайым Жалгыз Аллахка сыйынасың бирок, тиякта бир топ адамдар Аллахты таштап, жалгыз өскөн даракка сыйынып жатышат. Сен аларды токтотууга аракет кылбайсыңбы? – дешет. Тигинин ачуусу келип, колуна балтасын алып, жолго чыгат. Жолдо бара жатса анын алдынан балбан адамдын кейпин кийген шайтан чыгып:
– Мынчалык ачууланып кайда бара жатасың? – деп сурайт.
– Адамдар сыйынып жаткан даракты кыюу үчүн бара жатам – дейт, тиги. Ошондо шайтан анын колунан балтаны жулуп алуу үчүн талаша баштайт. Бирок, канчалык аракет кылбасын ага күчү жетпей коёт. Күч менен тартып алууга көзү жетпеген шайтан эми аны башка жол менен алууга аракеттене баштайт да:
– Эгер сен даракты кыйбасаң, мен сага күн сайын он алтын теңге берип турам – дейт. Тиги бир аз ойлонот да, макул болуп артка кайтат.
Биринчи күнү эртең менен ордунан туруп жатып жаздыгынын астында он теңгенин турганын көрөт. Эртеси дагы он теңге алат. Үчүнчү күнү дагы алат. Төртүнчү күнү ордунан туруп, жаздыгынын астын караса эч нерсе жок. Алданып калганына ачууланган тиги балтасын көтөрүп жолго чыгат. Баякы жерге келгенде арык адамдын кейпин кийген шайтан алдынан тосуп чыгат.
– Ачууланып кайда жөнөдүң? – дейт шайтан.
– Адамдар сыйынып жаткан даракты кыйганы бара жатам – дейт тиги. Ошондо шайтан аны колуна жармашып, балтасын оңой эле жулуп алат. Күчү жетпей калганына таң калган киши: Сага Аллахтын каргышы болсун, бүгүн эмне үчүн сага күчүм жетпей калды? – дейт. Ошондо шайтан:
– Сен мурдакы бара жатканыңда Аллах үчүн ачууланып бара жаткансың. Ошондуктан Аллах сага күч берип, мени алсыз кылып койгон эле. Ал эми азыркы бара жатканыңда, алтын үчүн ачууланып бара жатасың, ошондуктан Аллах сени алсыз, мени күчтүү кылып койду – деп жооп берет.
/Копер этилди/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев