Алла ага эң мыкты эске тутуу жөндөмүн атаа эткендиги анын бала кезинде эле байкалган. Хашид бин Исмаил мындай деген: «Ал убакта Басрада Абу Абдуллах Мухаммад бин Исмаил аль-Бухари улан кези эле, биз менен хадис билермандары делген ар кыл шейхтердикине барып, бирок алардын айткандарын жазып алчу эмес. Бир нече күндөн кийин биз ага: «Сен биз менен бирге түрдүү шейхтердикине барып жүрөсүн, бирок эч нерсе жазбайсын, мунуң эмнең?» - деп жаалай баштадык. Акыры он алты күн өткөн соң ал бизге: «Чынын айтсам, силер көп сүйлөй берип көкөйгө тийип бүттүнөр! Өзүнөр эмнелерди жаздынар экен, көрсөткүлөчү!» - деди. Биз он беш минден ашуун хадис жазылган барактарыбызды алып чыктык эле, ал алардын баарын жатка айта башгады, биз болсо анын айтканына карап жазууда кетирген каталарыбызды оңдоп кирдик. Анан ал бизге: «Силер мени дагы эле шейхтерге азил-тамаша үчүн барып, убакытгы бекерге өткөрүп жүрөт деп ойлойсуңарбы?» - деди, ошондон кийин эч ким андан өтө албастыгы бизге дайын болду.
Аль-Бухари али боз улан кезинде эле хадис уккусу келген Басралыктар анын артынан калышчу эмес, ошондо аны кайсы бир жолго эле отургузуп алып, миңдеген угуучулар тегеректеп алышчу, анын али эринине түк чыга элек жаштыгына карабай, көбү анын айткандарын жазып да алышчу.
Аль-Бухаринин эске тутуусунун күчтүүлүгүнө жана кынтыксыз тактыгына анын Самаркандга келип, аерде төрт жүз хадис билермандары менен жолугушкандыгы жөнүндөгү кабар дагы бир далил боло алат. Алар өз ара Шамда (Сирия) жана Иракта жазылган хадистердин иснадцарын аралаштырып, айрым хадистердин иснаддарын башка хадистердин матн- дарына кошуп, анын баарын аль-Бухариге окуп беришет, ошондо ал кайсы иснадга кайсы матн туура келерин көрсөтүп, баарын керектүү тартипке салын койгондо, тигилердин эч кимиси бир да иснаддан же матндан эч кандай ката таба алган эмес. Ушундай эле окуя Багдадда да болгон. Дагы бир айтууларга караганда, ага китепти жаттап калуу үчүн аны бир сыйра окуп чыгуу жетиштүү болгон, мындай маалыматтардын көбү белгилүү.
Аль-Бухаринин белгилүү шейхтери жана шакирттери
Имам аль-Бухари өзү барган жерлерде миңден ашуун шейхтерге жолугуп, хадистерди алардан сөзмө-сөз жазып алган. Бул жерде анын шейхтери менен шакирттеринин ар бири жөнүндө айтуу быякта турсун,-алардын аттарын бирден атаи чыгуу да мүмкүн эмес, ошол себептүү алардын эң атактууларын гана атоо менен чектелебиз.
Аль-Бухаринин атактуу шейхтерине Хаммад бин Шакир, Тахир бин Махлид, имам Ахмад бин Хамбал, Али бин аль-Мадини, Макки бин Ибрахим аль-Балхи, Абдуллах бин Муса аль-’Абси, Абу Бакир аль-Хумай- ди, Ибрахим бин Ма’кил, Абу Тальха бин Али аль-Баради ан-Насафи, Ибрахим бин аль-Мунзир, Адам бин Ийас, ’Абдан бин ’Усман аль-Марва- зи, Абу ’Асим аш-Шайбаани жана Йахйа бин Му’ин киришет.
Аль-Бухари топтогон хадистердин белгилүү айтуучулары - имам Муслим бин аль-Хажжаж (ал аларды өзүнүн «Сахихине» киргизген эмес), ат-Тирмизи (ал өз айткандарын өзүнүн «Жамисине» киргизген), ан-Наса’и (айрым уламалардын пикиринче, ал өзү айткаидарды өзүнүн Сунан» жыйнагына киргизген), Ибрахим аль-Харби, Ибн Абу-д-Дунйа, Абу Хатим, Абдуллах бин Мухаммад бин Нажих, аль-Хусейн бин Исмаил аль-Махамили жана көптөгөн башкалар.
Уламалардын аль-Бухари жөнүндө айткандары
Имам аль-Бухари жөнүндө анын замандаштары болгон уламалардын көбү мактоо сөздөрүн айтышкан. Хадистерди изилдөөчү илим тармагында ап «момундардын өкүмдары» деген наамга татыктуу болгондугун жана ал наамга эч ким шек келтирбегендигин айтуу жетишерлик. Бир жолу имам Муслим имам аль-Бухаринин
САХИХ АЛЬ БУХАРИЙ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев