Дептерлеримди чачып отуруп, бир
ырымды таап алдым. Анда айылыбыздын жогору жагында жайгашкан Жаны-Айыл деген
жаны кочосу бар. Ал жердеги женелерибиз уюшумдуулугу, ынтымагы, биримдиги менен
бут айылга улгу болорлук десем аша чапкандык болбос. Озгочо ар кандай коомдук
иштерге туруло киришип, ары-бери жасай салышат. Анан андай жерде жон отургуча
аркы-беркини кеп кылып отуруп, оздору айткандай жанылыктын чордонуна айланат да
калат. Айылыбызда: «Жанылык уккун келсе Жаны-Айылдан сура»-деген сындуу
тамашалар да айтыла калып журот. Ушулардан улам томонку ырым жаралып, аны жалпы
эле женелерге арнагым келип турат. Бул чыгарманы кеч болсо да аял затынын отуп
кеткен 8-март жана нооруз майрамына карата куттуктоо иретинде сунгум келет. Анда
эмесе кабыл алып коюнуздар.
Жаӊы-Айылдык
жеӊелериме(тамашалуу ыр)
Оо женелер, Жаны-Айылдын асылдар,
Асыл дешке чыны менен акым бар.
Айылдагы, ааламдагы кеп-созду,
Ар секундда жеткируучу бачымдар.
Ошондуктан билбейм кантип макташты,
Артка таштап жатса вайфай, ватсапты.
Жасала элек жанылыкты жаӊыртып,
Интернетти итке суйроп ташташты.
Керек болсо озуӊ билбес ойлорду,
Образдуу берет укмуш болжолду.
Бара-бара алар билсе кантет деп,
Коркчу болдук бир
нерсени ойлошту.
Десем баарыӊ каптап кирбе качырып,
Жаман ой жок коё турчу жашырып,
Бир билерим бекер жасап жарнама,
Жакшы жагым тураарсынар ашырып.
Не болсо да бар болгула женелер,
Бизге керек анча-мынча жеменер.
Кээде ушинтип эрке созум ыр кылам,
Катуу кетип, капа кылды дебенер.
Бар болгула, бар болгула женелер!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2