Предыдущая публикация
Дайыма бирге жүрөбүз.
Митингдерден калбайбыз,
Баарыбыз, жашы-карыбыз.
Көз тийдиби Ак үйгө,
Билбедим, көздөр тийдиби? Ишеничим муздап барат,
Барган сайын көтөрүп плакат.
Кайырма:
Сен бизди алдадың,
Алдадың, дагы-дагы алдадың.
Биз байкуш алдандык, Алдандык, дагы-дагы алдандык.
Эл үчүн күйөмүн,
Күйөмүн деген сөздөрүң кайда?
Биз болсо ишенсек,
Өчүрдүң жарыкты кайра-кайра.
Ишенбейбиз эми сага. Банкка койдум үйүмдү,
Болгон мал-мүлкүмдү.
Кредитке алган акчам бүттү,
Баары түгөндү...
Пикетке чыга берсемби,
Же болбосо тезек терсемби? Толк чыкпаса Кыргызстандан,
Колум шилтеп Москвага кетсемби?..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев