Айылдын так ортосундагы мечитти сурай-сурай таап келет да, анда түнөмөкчү болот. Бирок, мечиттин ырайымы жок кароолу мечитке түнөөгө уруксат бербей коёт. Анда имам дал ошол жерге, мечит короосуна түнөөгө камынат. Буларды арыдан байкап турган наабайчы, басып келип имамды наабайканасына алып кетмекчи болот.
- Менин бул жерде түнөгөнүм жакшы, -дейт имам баруудан баш тартып.
- Жолоочунун сыртта жатканы мен үчүн уят, эгер меникине барбасаң, мен да сени менен бул жерде калам, - деп көшөрөт наабайчы.
Имам макул болуп наабайканага барат. Наабайчы ага өз ордун бошотуп берип, өзү камыр кылууга киришет. Камыр кылып жаткан наабайчынын күбүрөнгөнүн угуп имам кулак төшөйт. Наабайчы ар бир кыймылында Астагфирулла, Астагфирулла, «Аллахым мени кечир, Аллахым мени кечир» деп күбүрөп жаткан экен. Аны бир топко чейин тыңдап жаткан имам, бир кезде суроо салды:
- Абдан көп кечирим тилейт экенсиз, кечирим тилөөнүн кандай пайдаларын көрө алдыңыз? Чындыгында, имам кечирим тилөөнүн пайдаларын жакшы билчү. Ошентсе да наабайчыдан уккусу келди.
- Кечирим тилөөнүн пайдасы ушул, кандай дуба кылсам Алла аны кабыл кылат, - деди наабайчы, - бирок, бир дубамды Алла кабыл кыла элек.
- Ал кандай дуба эле? - деп кызыгып сурады имам.
- Белгилүү аалым, мазхаб башчы Ахмад бин Ханбалды бир көрсөм деп дуба кылам, бирок, аны көрүү мага насип кылбады, - деди наабайчы.
Наабайчынын өзүнө болгон ыкласын көргөн имам ордунан туруп, наабайчыга жакын келди да:
- Ал деле жөнөкөй бир пенде, аны көрүү сизге анча деле пайда алып келбейт деп ойлойм, бирок, ошондой болсо да, Алла сиздин дубаңызды кабыл кылыптыр, Ахмад бин Ханбал деген менмин, - деди.
Наабайчы эмне дээрин билбей бир аз селейе түштү. Анан камыр колдору менен имамды бек кучактап:
- Оо, Аллам, мага окшогон түркөй пендеңди кечире көр. Мен ушундай аалым инсанды наабайканага түнөтмөкчү болдумбу? Урматтуу устаз, менин үйүм алыскы тоодо. Жүрүңүз сизди эң жакшы мейманканага алып барып жайгаштырайын, - деди шашкалактап. Имам наабайчыны көкүрөгүнө кысып:
- Убара болбоңуз, - деди, - Алла назарын салбаган жыпар жыттуу жумшак мамыкта жаткандан көрө, Алла дубаларды кабыл кылган, ачыткы жыттанган наабайканада түнөө мен үчүн бакыт эмеспи?
"Ихсан Медиа" порталы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6
Биздин дуаларыбызды да кабыл кыла кор,Аллахым