Тери ооруларынын ичинде оорутуп, жаныңды кыйнабаган менен, сырт келбетти бузуп көрсөтчү оору бар. Ал дарт элде “ала”, медицинада “витилиго” деп аталат.
Эмнеден келип чыгат?
Бөйрөк үстүндөгү, жыныстык жана калкан сымал бездин, гипофиздин иштөөсүнүн бузулушу
Психикалык жаракат
Депрессия, стресс (анын ичинде үй-бүлөлүк чыр-чатак), тахикардия, жогорку кан басым, ич катуу
Иммунитеттин иштөөсүнүн бузулушу (организм өзүнүн клеткаларын чоочун зат катары кабыл алып, өлтүрө башташы)
Тукум куучулук
Кээ бир оорулар, мисалы, ревмотоиддүү артрит, бөрү жатыш, богок, боордун оорусу (оорунун айынан тери меланин үчүн керектүү цинк, жез, марганец, магний менен толук жабдылбайт)
Күйүккө чалдыгуу (күн нуруна, ысык нерсеге)
Кээ бир дары-дармек, сапатсыз косметика
Химиялык заттар
Уулануу
Ичтеги мите курттар
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Териде ак тактардын пайда болушу
Так билингенде дароо дерматологго көрүнүү зарыл
АЛА ООРУСУ (ВИТИЛИГО)
Витилиго – бул теринин кээ бир бөлүктөрүндө териге өң берип туруучу меланин пигментинин жоголушу. Пигменттер жоголгон жерде ак тактар пайда болгондуктан элибизде “ала” оорусу деп аталып калган. Тактар көбүнчө жаракатка көп кабылып, сүрүлүп-жышылчу жерлерде, мисалы, бет, кол, бут, чыканак, тизе, таман, жука чурайда жаралат. Айыктыруу кыйын. Түрдүү куракта пайда боло берет, көбүнчө 10-30 жаштагыларда кездешет. Оорутпаганы менен косметикалык дефект катары эсептелет. Убакыттын өтүшү менен тактардын өлчөмү чоңоюп, бири-бирине кошулуп, чоң жерди ээлей баштайт.
Продукция таза жана пайдалуу.ислам коому тарабынан "халял" сертификаты берилген.
Телефон ватсап заказ +79775326175
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев