«Эмаком» курулуш компаниясы жаңы жыл алдында укмуштуудай байгени камтыган лотерея уюштуруп, бактылуу билет ээсин аныктап келет. Компания өз кардарларына батирлерди сатып гана тим болбостон, бактылуу кылууга да аракет жасайт.
Жыл сайын 22-декабрь күнү белгиленген салтанатта, бул жылы Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын тургуну Алтынбек Саттаровдун үй-бүлөсү баш байге болгон «Лексус 470» автоунаасына ээ болду.
Чоң программадагы концерт белгилүү жылдыздар Гүлжигит Сатыбеков, Анжелика, Данияр Эрматов, Кызсайкал Кабылова, Малика Динанын катышуусунда өтүп, лоторея ойнотулуп белектер өз ээлерине тапшырылды. Буга чейин батир алган кардарга бирден билет таркатылган. Баш байгеден сырткары үй тиричилигине керектелүүчү автоматташтырылган кир жуучу машина, муздаткыч, сыналгы жана башка белектер ойнотулду.
Жалпы 800дөн ашуун адам катышып, суроо-жоопко жооп берген 6 адам үй алууга 500 доллар жеңилдетүү сертификаттарына да ээ болушту.
Билет алгандардын 80 пайызы белектүү болууга жетишти.
Компания үчүн бул акыркы чек эмес. Мындан ары ар жылы 22-декабрь күнү бактылуу билет ээлери аныкталып, чоң программадагы концерт өткөрүү максатталууда. Өткөн жылы «Эмаком» компаниясы «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа ойнотуп, бактылуу билет ээсине аталган унаанын ачкычын тапшырган.
Эмаком» курулуш компаниясы жылдан жылга кулачын жайып, өлкөнүн булуң бурчуна, коңшу мамлекеттерге да көп кабатуу үйлөрдү курууну пландоодо.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев