14 БОЛУМ
#Кечируулумэлдик
Нурдиндин камалып кетиши Суусар апага оор тийди.Ажырашып ичкиликке берилип үй жайдан кур калып жүргөнү бир тең болсо,аялын уруп камалып кеткени бир тең болду.Ыйлап жатып ооруп төшөккө жатып калды.Ооруканага жактырышты эле ,дарылоо таасир этпей,эски оорулары козгоптур ,айла жок ,деп чыгарып коюшту .Үч күндөн соң жан берген Суусар апанын өлүк коюу зыйнаты өткөндөн кийин,Атай абышка да мүгдүрөп эле болбой калды.Мугалим уулу жана келини атасынын көзүн карашып эле жанынан чыкпай калышты.
Бир күнү баласын чакырып мындай деди:
---Уулум угуп турчу,мен мындай чечимге келдим .Агаңын турмушу бузулду,чыккан соң да оңолуп кетеби бир кудайга маалым.Атасынын колунда калса бул небереме кыйын болот.Бул чүрпөсун апасына берели.Ушул менин жаман уулумдун айынан зайыбы тентип кетип баласын көрө албай жүрөт.Муну караган апаң да кайтыш болду.Сени карай албайт деп айтпайм бирок ар ким өзүнүн эле ата энеси менен болсун.
----Макул ата,мен сизди түшүндүм .Сиз эмне деп чечим чыгарсаңыз да мен каршы эмесмин, деп,уулу Өмүрдү Тумарга берүүгө макулдугун берди..
Тумар менен Алтынбек баягы күндөн бери бир бирине жакындаша баштады.Салиянын сөзүнө так секирсе да Алтынбектин мамилесине туруштук бере албай жакшы сөздөрдү укканды унуткан Тумар бара бара муюп Алтынбек жөнүндө ойлой баштады.Жумушунан соң кинолорго концертке алып барып аз аздан Тумардын жүрөгүн ээлей баштаган Алтынбек Салия эжесинин үйүнө барып Тумар жакканын ,эгер Тумар каршы болбосо ата энесине үйлөнүп жатам деп кабарын берип үйлөнүү тоюн тездетсем деген сунушун айтты.Салия эмне демек эле инисинин бул сунушун туура көрдү да Тумарга бул сунушту айтып эгер макул болсо агасын чакырып макулдашаарын билдирди.
Тумар баягыдай эле ашканадагы идиштерди жууш менен алек.Күндөн күнгө бул жумушунан да тажай баштады.Кечке тикесинен туруп идиш жууп ,бели да чыдатпай ооруй баштады.Бирок, айла канча соодагер аялдан кутулуп паспортун алса башка жумуш караштыраар беле?Бирок күнүмдүк алган акчасы тамак ашынан ашпайт.Эптеп өлбөстүн күнүн гана өткөрүп жатты .Салия эжеси Алтынбектин сунушун айтты эле бул жолу да макул болбоду.Анткени ,баласын алып келем деген ою бар эле.Өгөй атасына кор болбос бекен,өз атасы да өгөй энеге кор кылып азап көрсөттү го деген ой башынан такыр кетпей койду.
Салия Тумарга дагы бир ирет айтып көрүүнү чечти.Жумуштан келген соң Тумардын чарчаган түрүн көрүп чындап эле боору ачыды.Чай ичилген соң,Салия жатууга камынган Тумардын бөлмөсүнө кирип келди да :
---Сиңдим,укчу мени,албетте жашоо өзүндүкү өзүң чечесиң,бирок ,бул жашооң ушундай болуп өмүр бою уланууга мүмкүн эмес.Уулунду кантип чоңойтосуң,ага дагы жакшы тарбия беришиң керек.Акча деп жүрүп жашың өтүп баратат.Макул десең Алтынбектин сунушун четке какпа ,деп ,бейпил тун каалап чыгып кетти.
Тумарга Алтынбек инсан катары жакты,бирок турмушка чыкса жашап кете аламы деп башын катырды.Биринчи турмушунан запкы көргөн Тумар,кийинки турмушум кандай болот деп ойлонуп оюнун аягына жетпеди.Анын үстүнө бир гана эркектен Нурдинди гана көргөндүктөн,башка эркектик койнунда жатканды такыр элестете албады.Бирок, Алтынбекти аз гана убакыттан бери тааныгандыктан шашылбай эле турайынчы дагы бир аз убакыт байкаштырайын деп жыйынтык чыгарды.
Атай абышканын суранычы менен уулу Тилекти чакырып Өмүрдү тайларына тапшырмакчы болду.Чакыруу боюнча келген Тилек Атай абышка менен амандашып алган соң ,эмне максатта чакырганын тыңшап аксакалды тиктеп туруп калды.Атай абышка молдош токунуп отуруп алып салмактуу сүйлөп кепти алыстан баштады:
---Уулум,бир жагы кудамсын ,мен сени чакырганымдын себеби, уулумдун жалгызын өз апасына тапшырып мен да тынч ойлонбой тиги жака кетсем дейм .Келинге күнөө койо албайм күнөө акылы жок менин уулумда.Мени балалыгым ачарчылык жылдарына туура келип, элди каптаган оору менин да ата энеми алып тынган .Чоң энемдин колунда калган мага аябай эле кыйынчылыкка турган.Ачарчылыктан ачка калбаш үчүн талаадан буудайдын түшкөн данын машак кылуубуз .Араңдан зорго таап келген бир ууч буудайды жаргылчакка тартып ун кылып ,ошону нан кылып жеп жан бактык.Чон энем каза болгондон кийин томолой жетим калып мен да тайларыма барып ошол жакта өстүм. Жетимчилик башыман өтүп бул жашоо кандай экенин билем ,уулум.Мен көргөн күндү ушул неберем көрбөй эле койсоңчу.Көзүм тирүүсүндө Өмүрдү апасына тапшырайын Менин аманатымы кабыл алып өз апасына өткөрүп бер.Суусар апаң да кайтыш болуп небереми караганга менин акыбалым да начар ,деп сөзүн аяктады.
Тилек Атай абышканын сөзүн бөлбөй тыңшап отуруп өзүнүн да жетим болуп өскөнү эсине түшүп кетти да жашып кетти.Тай энеси канчалык мээнет кылып ушул Тилек менен Тумарды өстүрүп бардык күчүн жумшап жыргалчылыкты деле көрбөптүр.Тапканын ушул экөөнүн оозуна тутуп өксү кылбай чоңойтуп алтындай болгон өмүрүн ушуларга коротуптур.
Аманатыныз аткарылат деп убадасын берип Өмүрдү алып кетти .Атай абышка мурдуна жыт кылып жүргөндүктөн коштошкондо токтоно албай ыйлап жиберди.Чон атасына үйрөнүп калган Өмүр да кошо ыйлап чоң адамча келип турам деп койуп кылчак кылчак карап койуп Тилекти ээрчип баратты.
Алтынбек Тумарга келип жүрүп көңүлүн бура алды.Эми Алтынбекти жумушу бүткөн соң күтчүү болду.Ал келмейинче иштеген жеринен чыкпай күтчү болду.Бир аз кеч калып кетсе кирип келатабы дегендей мойнун созуп ашканага кирип чыккандарды карап столдо отура берет турган.Тумардын күткөнүн билип Алтынбек да шаша иштеген жерине жетип келет.Формачан келип алып кетип жүргөн Алтынбекти мындан кийин жөнөкөй кийинип келчи деп суранып жөнөкөй эл катары кийинип келип калды.Себеби, формачан милиция менен жүргөндү өзүнчө эле ыңгайсыз сезе берди.
Кыз жигит болуп кадимкидей жакын болушуп күндө жолугушуу бири-бирин ишеничте жетеледи .Алтынбектин турмуш куруу сунушуна акыры макул болуп ,бул сүйүнүчтүү кабарды Салияга айтып кубантышты.
Тилек Өмүрдү алып келдим ,кайнатаңдын аманатын тапшырып койоюн.Келип баланы алып кет,деп телеграмма жөнөттү..Кабарды уккан Тумар токтоосуз айылга жөнөмөкчү болду .Бул тууралуу Алтынбекке айтты эле мен алып барып келем деп такси сүйлөшүп кетчүү күндү белгилеп койду.Өмүрдү сагынган Тумарга эки күн өтпөй койду.Ага чейин Алтынбек үйүнө телеграмма жөнөтүп келин алып бартам күтүп алгыла деп жөнөтүп жиберди.Бул тууралуу Тумарга айткан жок.Той камылгасын даярдаган Алтынбек такси менен Салиянын үйүнө барып Тумарды алып кетти .Узак жолдо машина зымырап баратты.Тумар баламы көрөм деген үмүт мен баратса ,Алтынбек жакшы жубайлуу болдум деп сүйүнүчүн жашыра албай шайырдана сүйлөп жол катары Тумарды күлдүрүп узун жолду кыскартып баратты.
УЛАНДЫСЫ БАР....
КАНЫБЕК КЫРГЫЗБАЕВ.
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев