Уюлдук телефонго арналган, сиз менен биз белбеген бир нече миң тиркеме бар. Анын ичинде сиздин пайдаңызга жараган, жумушуңузду жеңилдете турган түрлөрү да жетиштүү.
Назарларыңызга ТОП-5 мыкты программалардын тизмегин сунуштайбыз:
1. Remote Mouse – бул тиркемени орнотуу аркылуу сиз ноутбукту алыстан башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Аталган тиркеме менен презентацияны тааныштыруу кезинде беттерди алмаштыруу, кино-музыканы кошуп-токтотуу ыңгайлуу.
2. Электрондук китептерди көп окуусаңыз «Marvin» тиркемесин орнотуп алууга кеңеш беребиз. Себеби, программада автор, каармандар тууралуу түрдүү маалыматтарды издөөгө, өзүңүзгө маанилүү деген кабарларды сактап алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, китептерди автор же болбосо аталышы боюнча иреттеп коюуга да болот.
3. Layout from Instagram: Collage - инстаграмдагы баракчасын кооз сүрөттөр менен толтурууну жактырган жандарга арналган тиркеме. Сиз бул программанын жардамы менен фотоколлаждарды кураштырып, аны досторуңуздар менен бөлүшө аласыз жана сүрөттөрдү киялыңыздагыдай кылып оңдоого мүмкүнчүлүк бар.
4. Puzzle Alarm Clock – эртең менен ойготкуч менен (будильник) ойгонуу кыйын болгон адамдарга арналган программа. Жөнөкөй ойготкучтан өзгөчөлүгү, кошумча ишке кошулган маалда атайы тапшырмаларды аткармайын ойготкуч да шырылдаганын токтотпойт.
5. FOCUS Lock – тиркемесинин жардамы менен сиз смартфондогу программаларга деген көз карандуулугуңуздан арыласыз. Көңүлүңүздүн тынчын алган же убакытыңызды текке кетирген оюндар же турдүү тиркемелерди “FOCUS Lock”ка жаап салуу убакыты менен белгилеп койсоңуз гана болду. Мисалы: “Instagram”ды эки саатка, “WhatsApp”ты 1 саатка жана башка ушул сыяктуу. Убакыт аякталмайынча программаны кулпудан чыгара албайсыз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев