4-бөлүм
Вот это дело! Давно бы так...-kамерадагыларга
бурулуп, куукайлана көз кыскан Аннушка бөкчөйүп олтурган Махабатка баркылдайт. Тур кызым, санчастка кеттик. Сенин айыңан түрмөнүн начальнигинен баштап, акыркы эшик кайтаргычка чейин эң кымбат мүчөсүнөн ажырап калышы ыктымал, Жүр кызым ошондой иш болуп кетелекте санчастка барып, бутуңду таңдырып алалы. Ха-ха-ха!.. . Хи-хи-хи!.. . камеранын ичи күлкү. Ооп жыгылып, ыкшыган аялдар... Ай Аннушка!.. Жаш жигитти жаман уялттың го?! Хи-хи-хи!.. Көбүнесе ый-кайгы, зарыгуу менен коштолгон күндөр ошентип өтүп жатты. Түнкүсүн Аннушка нарасында чалкалап
жаткан Махабатка үңүлүп колундагы кабырылган эски кружканы сунат. Махабат, заара кыл ушуга. Эмнеге?- таң калыштуу күбүрөнөт кыз көзүн алайтып. Сиi дебатам ушуга! Түшүнсөң болбойбу макоо кыз, бая күнү жанагы коновалдын айтканын уктуңбу, гангрена болуп кетет дейт. Анда таптакыр бир бутуң жок каласың... Чолок ky3dy ким аялдыкка алат? Эй мээси жок кыз, бутуңдагы жараны заара менен тазалап
жууюн dебатам. Сийбейм,- башын тескери бурат кыз. Бир чети түрмөгө түшкөн тагдырын ойлоп, бир чети мурда кийин тааныштыгы жок орус аялдын өз тууган энесинен бетер өнтөлөгөнү эске келип, күндөн күнгө күчүркөнүп бараткан оорусу кошумча болуп, эреркеп карегине жаш тегеренет. Кийинки сөздү угуп, ачуу сөзгө тилин камдап келаткан Аннушка кантсе да кыраакы эмеспи, кыздын азыркы таптагы абалын аялдык жүрөгү менен туюп, бир туруп суранган, бир туруп жемелеген сөз
айтат. Махабат, терсаяктанбай, мен айтканды жаса? Баары жакшы болот
кызым... Аннушка кызды нарага чалкасынан жаткырып алып, күн алыс жийиркенбей- этпей, шадылуу келген күчтүү узун манжаларын эптүү кыймылдатып тегерек чети кара-kөк тартып, ортосу ириңге толуп кеткен жаранын оозун этияттап жууйт... Башында кыз камерадагы аялдардан, Аннушканын өзүнөн тартынып, астыңкы эрдин бекем тиштеген боюнча, көзүн чылк жумуп, үн катпай жата берчү. Алгачкы учурда тартынгандыгы ушунчалык. Аннушканын колу денесине тийген сайын эти жыйрылып, жоон санынын балык эттери былкылдай түшөт. Аны байкаган Аннушка тамашага шоотуп, жамбашка жеңил чаап коёт. Уялчаактыгын кантесиң! Жөн жат?! Жекшемби күнү-мончо. Бул күн түрмөдө жаткандар үчүн майрам. Түрмөнүн көп айлар бою денеге сиңген
жытын кетирүү оңой эмес. Түрмөнүн жыты бардык жерде бар. Камеранын сыртына бир кадам аттабаган күндө деле адам кирдейт, териси майланышып, дем алуусу оордогонсуп. Ошол үчүн эртең мончого түшөөр күн дегенде аялдар,сүйүнүшүп, таза ич кийимдерин камдап күдүңдөшөт. Бир эле Махабатка кыйын. Бирөөнүн көмөгүсүз басып барып жууна албаса, анүстүнө жарасына кир суу тийгизип ырбатып албайын деп коркот. Көзүн жалдыраткан боюнча түйүнчөктөрүн көтөрүнө мончого жөнөп беришкен аялдарды узата карап калып калчу. Эми Аннушка келгени ага жакшы болду. Мончодон келген аялдар шаракташып, көңүлдөрү шат, жүздөрү tаза, сырткы денелери гана эмес, ички дүйнөлөрү да муңдан арылгандай шайдооттонушуп, кир- кокторун жайып жатышкан маалда, наранын кырына көчүгүн коюп, тим отурган Махбатты Аннушка ийнинен таптап коёт... Азыр суу ысысын, кымбаттуум. Анан сени жуундурам... Энеден жаңы төрөлгөндөй болуп каласың. Суу деген жакшы кызым. Түрмөдө эн биринчи-тазалык. Өз боюңду карабай кеттиңби демек төмөн карай тоголонуп, адамдык сапаттарыңдан акырындап ажырай баштаганың ошо. Түрмө ырас, воля эмес. Бирок ылайыгына карап, өзүңдүн жошоо тирилигиң үчүн шарт түзүп алсаң болот. Дене-боюңду карабай, көйнөк-көнчөгүн түгөл битюк болуп кетсе, сени ким сыйлайт? Ал тентимиш жыңайлак бойдон камераны бир аралап өтсө эле измена да, кашынып эле жатып калабыз... Айтканындай эле суу ысыгандан кийин ага муздак суу кошуп чабыштырып Махабатка кол жаңсайт. Сырткы кийимиңди чечип ташта? Ич көйнөкчөн тура бер, сени караган киши жок. Баарыбыз тең катынбыз... Эмне тартынасың бүрүшүп? Ой, жолуң болгур десе, хи-хи-хи!.. Бол тезирээк, суу муздап кетет? Кишинин бетинен келген бийиктикте бетон менен тосулган ажаткананын ичинде Махабат турат. Ич койнөгүн чечип жалаң эле калган. Эки колун көкүрөгүнө кайчылаштыра кысынгандай кайгылуу күлүмсүрөйт кыз. Колуңду түшүр, суу төмөн кетсин. Бул кандай кыз аа?!-башын чайкайт Аннушка, колундагы кружканы көкөлөтө көтөрүп кыздын ийнинен ылдый суу шорголотуп жатып,-Башыңды жуу? Ме самынды?... Сени мен
кармап tурайын... Эки ийнин бүшүртүргөн кыз башын саал эңкейте, бет алдына капкара чачтарын салбырата, аны самындап кирет... Жамгырдай нөшөрлөгөн сымак бириндеген чачтарынын арасынан бир жеринде сөөгү жоктой тумсак, назик денесинин былкылдап кыймыл эткени, анан өзүнөн бөлөк эч кимдин колу тиэлек төрсөйгөн кош төштөрү бири-бирин туурагансып титирегени көрүнөт. Ты красивая девочка, но ума у тебя нискольку, -бир чети жемелегендей, бирок ички тереңинде кейиш билинген үн менен айтат Аннушка. Ушул тапта ким билсин, түрмө турмушун көрүп жүрүп аптапка бышкан чөлдүн такырындай чарт-чарт жарылып кеткен жүрөгүнүн бир четинде эсен-соо калган бир энелик тамыры козголуп, ушул бет алдында өзү жуундурубаткан атасы, энеси бөлөк кызга тең чамалаш бойго жеткен өз кыздарын ойлоп кеткендир. Аннушканы-кара мүртөз деп айтууга
болбос, бирок кыйыгына калсаң балээге калдың дей бер! Жеринен өз боюн таза туткан ал иленди, кир жүргөндөрдү жактырчу эмес! Лагердик түшүнүктөнбү, не өзү эле табиятынан
ушундайбы, көп сүйлөп мактанганды, бой көтөрүп кекирейигенди, жагалданып кошомат кылганды, эки жүздүү митайымдыкты өзгөчө жек көрчү. Ушундай ишке баргандар көзүнө чалдыгып калса аёсуз жазалачу. Токмоктогондон да кайра тартчу эмес. Бул аялда кең пейил
берешендик, акыйкаттык менен катары катаал тан мүнөз эриш-аркак чогуу жашайт...Катаал мүнөзүнөн бир мисалы Аннушка сегизинчи хатада жашаганы
Сабыркүлдүн түнкү
жолугушуулары кан
буугандай басылган. Лагердик түшүнүгү күчтүү бул аял Сабыркүлдүн менттер менен болгон түнкү олугушууларын кечире алмак эмес. Дубактар да Аннушка келгени бу
kамерага каттаганын
коюшуп, ооздорун басып тымпыйып
калышкан. Болбосо эртели-кеч кормушканы ачып алышып, балит анекдотторду айтып, тийиштик кыла көрүнгөн сөздөрдү сүйлөшүп, аялдар шкондаларында
жатабы, не ич кийимчен жүрүшөбү, аны эсепке алышпай көңүл көксөөсүн сөзүнөн, көзүнөн да ачык билдире, камеранын тушунан кетишчү эмес. Аннушка мындай учурда аларды ачыктан ачык ашата сөгүп коё берчү. Сага эмне керек?- ачыктан ачык кекеткенге
өтөт кормушкага баш баккан ментке карап, -Бул жакта аялдар жатканын
көрбөй турасыңбы? Же страделец жиндисиңби? Аялың жетпейби сага? Бар, бар!.. Хатанын ичинде үлп эткен жел жок, аялдар ич кийимчен жүрүшөт, андай эле жакшылык кылгың келсе кормушканын оозунан мындай тур биртке аба кирсин? Ушундай сөздөрдөн кийин тигилер кеткиче шашат. Бирок ошол Аннушка айткан страделецтердин бир- экөөсү элдин баары кызуу уйкуда жаткан кезинде
Сабыркүл менен уурулугу үчүн кармалган, эби-сыны жок долдойгон Эль аттуу, он тогуздардагы кызды алып сыртка чыгарып кетишкен. Канчалык шырп алдырбай ачса да
темирдин иши темир
эмеспи эшиктин шалдырт эткенине удаа, аны абайлап
кармап бирөө ачканын Махабат уйку-соонун
ортосунда жатып кулагы чалган.Бир эки кишинин кадамы жеңил шырпылдай басып, сыртка чыгып баратканы, эшиктин
жабылганы угулган. Таң куланөөк сүрөр
маал...Коридордон мас болуп теңселген, боюн токтото албай дубалды жөлөнгөн, күрмөөгө келбеген тили менен булдуруктап ырдаган Сабыркүлдүн үнү... Кез кез ха-ха-халап күлгөн экинчи аялдын доошу ага кошула калат. Камерада уктап аткан аялдардын үчөө- төртөө ойгонушту. Биздин шерменделер! ... Өлө мас,- деди бирөө. Өзүнүн абийирин өзү ачкан акмактар! - на сүйлөдү экинчиси. Ийе, ботом! Сабыркүлдүн жанындагы ким? Эльмира!.. Башка ким болмок эле?... Экөө шыбырашып-күбүрөшкөн ынак курбулар эмеспи. Ой, ал жөн жүрбөдү беле? Тиги жайына койчу беле, кошо сүйрөй кеткен тура... Ушул учурда эшикtин шалдырап ачылып жатканы.. Эшик ачылаары менен босогодон чайкалган эки караан көрүндү. Айрыкча кичирээк бойлуусу такыр эле ылжып калыптыр. Аларды киргизип йип эле ууру мышыкча жыла баскан менттин карааны эшикти бекитип салды. Баскан кадамы угулбай, камеранын ичинен эмне сөз чыгаар экен дегендей тымтырс болуп турду да, Бир аздан соң буттарынын учу менен коридордун кире беришине кетип баратканы угулду... Эртең мененки текшерүү бүттү. Тамак ичилди Гулкага чыгарыбаткан маал... Аялдар бир бирден камерадан чыгышып, коридордо чубашкан тейде баратышат... Так ушул маалда аркы капталдагы хаталардын бирөөнөн үн чыып калды. Аа, ###! Ментовские подстилки идут! Аннyшка ортодо барткан. Өңү бузулуп
кетти. Арттан келаткан мент эсине келгиче эки аттап, үн чыккан камеранын кормушкасына жетип, анын илмегин чыгарып ачып жиберди. Толик ,сөзүңө жооп бере аласыңбы? Эмне дебатасың? Мен сага подстилка көрүнүп турамбы?! Туура түшүн Аннушка, сен туралу эмес. Бирок түндөсү
баарыбыз уктук, менттер менен жытташып калыптыр кээ бир
монашкаларың. .. Өзүң разборка жасаарсың хатаңда. Аннушка!.. . Кормушканы ап!.. Сага кормушканы ачууга ким уруксат берди?!- аңгыча болбой, гулкага чыгарып жаткан менттердин арттагысы аны көздөй катуулап
басты. Жакындап калган ментке назар салып да койгон жок Аннушка, бирок
доошун басыңкы чыгара, шыбырай сүйлөдү. Мен го вычислить этем кимдер экенин. Бул
жерден раскладка берип хай-бай болбойбу, бирок метлаңа карап жүр Толик?! Конкретно көрсөт ким экенин, жалпы айтпа!.. Ну, болуптур. Ооруба. Дагы сүйлөшөбүз. .. Кормушканын илмегин бекитүүгө үлгүргөн Аннушка узап бараткан камералаштарынын
соңунан кууп жетүүгө ашыгып, ылдамдай басты... Аай, Аннушка, сага
даба жок белем. Анча эмне болуп кетти командир? Кормушканы эмнеге
ачасың? Начальство көрсө бизди эле
урушат. Пантоваться этпе командир. Баары жайында... Гулка... Төрт тарабы дубал. Камерадан айырмасы жок. Сыртынан темир эшик менен бекитилет. Жападан жалгыз өзгөчөлүгү: төбөңдү карасаң асман көрүнөт. Узун-туурасы бирдей төрт чарчы темир тор кере тартылган шып
ордунда. Андыктан
асман, булуттар келки-келки болуп
көрүнөт. Коңшулаш камерa гулкалардын бардыгы ушундай. Бири бирине үн салышат. Ой-бой Сыргак! Сүйлө?... Салам Сыргак, ден-
соолук кандай? Пойдет. Эмне жаңылыктар бар Сыргак? Жаңылык?
Аа...Сөзүңөрдүн токтоткула! Болбосо кайра камерага кетесиңер! .. Уктуңарбы?- коркута буюрган үн төбөдөн угулат...
Ошол жакта вышка-
кароолкана бар. Гулка-камерадагылардынжамысы үстүндөгү ментке алаканга салгандай көрүнүп турат имиш. Ким эле жарым саатык сейилдөөдөн кол үзгүсү келсин? Эки тарап тең үн катпай калышат. Жарым сааттык сейилдөө- бул өмүр, бүл ден-соолук. Таза абадан кере-кере дем алып, камеранын ичинде жатканда буулуккан
көкүрөгүңдү jазып, наркы- терки басып, тусовка кылсаң, бир топ мезгилге дейре күч-кубат аласың. түрмө турмушундагы кичинекей кубанычтардын бири ушул. Махабат да бүгүн гулкага чыккан. Анын ой боюна койбой сыртка сүйрөгөн Мавира эже болду. Декабрь айынын аяк чени болсо да күн ачык. Күн тийгенин көпкөк деңиздей мелмилдеген асмандын түсү менен төбөдөн кере тартылган тордун көзөнөктөрүнөн билинер билинбес шоола төгүлүп турганян билинет. Булуттар жокко эсе. Көп күндөн бери бүгүн тышка чыгып, таза абанын илебин сезип, чык асманды көргөндүктөнбү Махабаттын көңүлү көтөрүңкү. Гулка- камеранын дал ортосун бөлгөн бетондон куюлган узун секиче. Астына эски купайкесин төшөп берген Мавира эже. Коңшу камерадагылардан күңкүл ич ара сүйлөшкөн үндөрдүн угула калганы болбосо, мемиреген тынчтык. Аялдар эки -үчтөн топтошуп, бурч-бурчтарда күбүрөшүп, тамеки чеккендери тамеки чегип турушат. Аннушканын маанайы пас. Гулканын башынан аягына чейин кадамдап чыгат. Басканы жай, оюн бузбайын дегени го? Бир-эки ирет асмандан кут түшчүдөй башын чалкалатып көктү караган Махабатка көз токтотуп алды. Мыйыгынан да жылмайып койбойт. Кабагы катуу түйүлгөн. Жанагы Толиктин айткан сөзүнөн кийин эле ушунчалык бушайманга түштүбү? Же бир билгени барбы? Гулканын эшигин калдыратып, ачып жатканы угулду. темирден жасалган эшикти аңырайта ачып, мент буюрду... Гүлка бүттү!... Камерага! ... Таттуу уйкудан чочуп ойгонгондой селт этти Махабат. Эх! Гулканын тез бүтүп калганын карачы! Күнү бою, дал ушул калыбында ордунан
козголбой мелмилдеген асманды карап отурса, отура берчүдөй. Жаңыдан эле көl жээгинен анчалык алыс эмес жерде бала чаг өткөн үйүн ойлоп отурбады беле. Асмандын түсү ошол жээгиндеги кумда жыңайлак буттарынын изи калган көлдүн түсүндөй. Бир айырмасы асман
толкубайт. Балким анын толкундары шамалдуу күндөрдөгү аркы-терки удургуган булуттар болуп жүрбөсүн? Иши кылса көл менен асман эгиз козудай бир тууган. Ансыз еле көлдүн аркы тескей тарабы улам алыстаган сайын мейкиндикке төнүп, асман мнен туташкан жери билинбей обо менен
кучакташып кеткен жерлери бар. Айылын, атасын, апасын, бир туугандарын
сагынды. Атасна бала кезинен эле ынак.Атаңа
аябай окшошсуң,-дешч аны таныгандар. Атасына
окшоштор бактылуу болот имиш. Бактылуу болгону ушулбу?.. Кыз башы менен түрмөгө түшүп... Ой, Кудай, ай
мындан аркы келечеги кандай болот?! Түрмөгө түшүп чыгыптыр деге жаман аттысы эле канча... Ата-энесин, биp туугандарын да жаман атыктырып. Ушундан көрө бая машинада авария
болгондо эле омурткасы үзүлүп, жан таслим болсо болмок. Эмелеки жадырап- жайнап турган маанайы кайда кетти? Же гулка бүттү деген менттин сөзү баарын
кыйсыпыр кылып
таштадыбы?Мына
кайрадан да жаңырды менттин доошу...Бол! Болгула монашкалар! Булар үйрөнүп алган түрмөнүн сөздөрүн. Аял башың менен сен да кантип сүйлөп калганыңды билбейсиң. Милисаны-мент, камераны-хата, кружканы-бутафор деп. Эми продол аркылуу хатага карай илкимей. Жана гулкага чыгаарда басылгансып калды эле, эми кайра лукулдатып баштабадыбы буту. аны Мавира эже колтуктап алган. Ушул эжеге чексиз ыраазы. Ал эми Аннушканын ага кылган камкордугун ийне-жибине чейин өмүр бою унутпас. Түрмөдө да кайгыңды бөлүшкөн, мээримдүү, колунда барын аябаган адамдар bолот деп үч уктаса түшүнө кирбесе керек. Ырас, волядагыдай эле жакшысы бар, жаманы бар түрмөдө. Жер боортоктоп тура албай жатсаң да көзүнүн кыры менен тиктеп, жаныңан кыйгач салып, өтүп кеткендер bар. Рецидивист атка конгон түрмөгө үйүндөй көнгөн Аннушка го мейли, Эльмира, Сабыркүл өңдөгөн кыздар келиндердин оозунан не деген балит, богооз сөздөр чыкпайт! Анысы аз
келгенсип, балиттигичи? ! Төбө чачың тик турат! Аннушка эле канча тилдейт аларды, кийимдерин чечтирип, бит, сиркелеген көйнөк-көнчөгүнө чейин ысык сууну кайнаттырып, ошого
салып, тазалатып жуугузбадыбы. Негизи воляда кандай жүрсө түрмөдө ого бетер күчөйт деген чын белем, нарасына отуруп алып кашынып отурганын көрсөң жиниң кайнайт! Аялдар продолдо
баратышат чыбалып. Санчасттын тушунан өтө беришкенде дабышты уктубу санчасттын башчысы чыга келди...Кызык жигит ушу Махабатты көрсө эле жүзү албырып кетет. Тануусун аламштырганы не Мавира эже, не Аннушка менен жетелешип, санчастка келишкенде деле ушул, Махабаттын бутундагы эскире түшкөн бинтти чечибаткан кыймылы өтө коомай, аяр, кыздын денесине эптүү, аппак узун манжаларын тийгизбейт. Кыздын жүзүнө тике карабайт. Алагар көздөрү менен кез-кез гана цалып өтпөсө. Неге минтет түшүнүксүз. Аны өзүнчө жоруган Аннушка өздөрүнчө калышканда кыздын кычыгына тийе берет.. Атаны байкуш айе! Сени катуу сүйүп калган тура, бу коновал. Эмне кылабыз эми? Жок дегенде жылуу бир сөз айтып көңүлүн шат кылып койсоң боло? Койсоңчу тёт Аня!-мурчуңдайт кыз, -Эми баары бүтүп ошол калыптырбы? .. Өзүбүз түрмөдө отурсак... Кайдагы сүйүү?... Башың жаш. Сүйүүнүн көзү сокур. Ал кары жашты, түрмөдөсүңбү, волядасыңбы, карабайт. Санчасттын башчысы чыбашып келаткан аялдарды көрүп кайра кирип кетерин, же туруп каларын билбестен эки колун аппак халатынын чөнтөгүнө салып кайра чыгарат. Алдастай түшкөнү жүзүнөн, көздөрүнөн билинет. Ак халат түрмөнүн сыртында калган эркин жашоону, анан Махабатка бейтап болуп ооруканада жаткан күндөрүн элестетет. Авария болгон күн элестейт... Тасмадай жолдо бир калыпта зуулдап бараткан жеңил машинанын күтүлбөгөн жерде жол жээгиндеги күбөткө кулашы, тарс эткен добуш, темирдин кычыраганы менен сынган айнектердин бычыраганы. ... оорукананын аппак
дубалдары, акшейшеп жабылган керебет, ага үңүлгөн ак халатчан врачтын жүзү.... Ушуларды көз алдынан өткөрүп бараткан кыздын байкоостон оорулуу буту зыр дей түңсүп, эсине келет. Узун коридор... Аны, башка аялдарды да oң-солдо калып жаткан камералардын жылчыктарынан эркектердин өлүп-талып шыкаалап жаткандарын деле билет. Бир жолку Аннушканын кеп кылганы эсинде. Буларды түшүнсө болот... Айрыкча многоходочниктерди. .. Голодный да булар. Аял көрбөсө... Сен го, Махабат, түрмөдөн чыгаарың менен баарын унутуп каласың... Ал эми буларга кыйын... Сага үн берип: Махабат! Махабат! дешип кормушкага чакырып калыбатышпайбы. Кат жазышып.. Көңүлүн улап убада бербесең дагы, көңүлүн көтөрүп сүйлөшүп кой? Андан сенин эч нерсең коробойт. Эркек тана да алар.. Анүстүнө сен жашсың, сулуусуң, аял жытын сагынган эмелер клинить этип жатышпайбы. .. Коюңузчу тёт Аня, мен алар менен эмне деп сүйлөшмөк элем? Бир чети сеңики туурадыр... Түрмөнүн атмосферасы таптакыр бөлөк атмосфера ...Көрүнгөн камера менен кат алышып, калжаңдаша берсең, бетиң да ачылып калат. Көптүн бири болуп каласың. Сенин мага жаккан жериң-bаёо, тазалыгың. Бул бир жагынан жакшы, бир жагынан жаман. Жакшы жагы митайымдыкты билбегениң. Демек адамга кара санабайсың. Жаман жагы ишенчээк, ак көңүл болсоң кара мүртөз адамдар каалагандай өкчөйт. Ишенчээктиктин да өз ченеми болууга тийиш. Бул турмушта адамдардан да карышкырлар көптүк кылат. Ошондуктан эч качан өзүңө раслабуха бербе! Ушул кайраттуу сөздөрдү оозанган Аннушканын бүгүн эмнегедир кабгы түңөрүңкө. Мунун себеби камерага киргенде билинди Сөгүнгөн сөздөрдү кез-кез кыстара коюп сүйлөгөн ар бир ишти калыс чечкен, кишини чекеге чертпеген Аннушка бүгүн башка. Күчүн тамекиден чыгаргысы келгендей сөөмөйдүн жоондугунан кем калышпаган махоркасын үстөккө-босток соруп, кекээр жылмая, карегин жүлжүйтө, бирде чоң ачып эчтекеден бейкапар кобурашкан Эльмира менен Сабыркүлгө кадайт. Түнү бою арак ичип уйкусу чала болгонго тигилердин көздөрү шишимик
тартып, кабактары салаңдайт. "Овцалар" Бери келгиле?-өкүм айтылса да сабырдуу чыкты Аннушканын
доошу. Ызырындуусу бирок ички тереңинде тажаал күч жашырынып жаткандай доош. Ким? Кимди? "Овцасы" Ким эле?-шыбыр-күбүр болушуп, аялдар бирин бири тиктеп, тамак иччү үстөлгө чыканагын коюп, узун орундукта тамеки чегип отурган Аннушкага да суроолуу тигилишти. Эй, "овцалар" !- бул ирет кyjyрдуу чыкты үн,-Мен силерге айтыбатам, бери келгиле "паханга" жакынырак?! Сабыркүл, Эльмира угуп жатасыңарбы- Эмнеге?.. Бизди?.. Биз эмне кылыптырбыз? ..-мукактана сүйлөдү Сабыркүл көйнөгүнүн этегин тарткылап, тегерек кара тору жүзүндөгү топчудай көздөрү ого төтөн төгөрөк тарта, айланасына каранып. Азыр билесиң эмне экенин?!Аннушка тиги экөөнүн ага жакындоого даабай турганын сезди белем, олтурган боюнча сөзүн улай берди,-Катындар? Баарыңар уктуңар го онунчу хатадагы Толиктин айтканын?" Менттердин астыга салган талпактары" деди. Баарыңар уктуңарбы? Кана, ким уккан жок? Баарыбыз уктук. Анда эмесе мындай катындар: биз баарыбыз жалпы хатабыз менен "менттердин подстилкасы" экенбиз!.. . Уктуңарбы?.. Мынабу эки шерменде түн ичинде "гулкага" чыгып, менттер менен эзилишет, а биздин хата "братванын" , бүт түрмөнүн алдында "подсомнение" коюлуп отурбайбы... Сенин кандай ишиң бар? Биз өзүбүздү өзүбүз билебиз, уктуңбу сен?! Зонадан келе калып эле кыйын болбо бизге! Укканбыз, сен воляда арак ичип алып, чатак чыгаргандан башканы билбеген алкаш катын турбайсыңбы? ! Буга эмне дейсиң? Кийинки айтканың туура, -деди Аннушка сабырдуу гана,- Бирок ичсем өзүмдүн арагымды өзүм ичем, бул үчүн эч ким "подходить" эте албайт. Бул үчүн эч кимди күнөөгө жыкпайт. Мен сага окшоп бир бөтөлкө аракка к...үмдү менттерге саткан жокмун! Өзүбүздү өзүбүз билебиз деген сөздөн чоң жаңылышасын. Сенин воляң алыста. "Решканын" ары жагында калган, бул жерди "кылмыш дүйнөсү" дейт. Өз билгениңдей жашай албайсың, тез эле "консервный банкага" кирип кетесиң. Бирок бул эң негизги косягың эмес. Сенин косягың биздин хатаны түрмөнүн астында жаман атты кылып, подсомнение койгондугуңда. Биздин арабызда
жашап, общактын удалениесн алыбатасыңбы, алып атасың, демек, ар бир движениең үчүн по всей строгости жооп берүүгө тийишсиң... Аннушка менин атым. Достойный арестанткамын. Бүт түрмө билет мени... А сенин "быковать" этип, анан да биздин хатаны подсомнение койгонуң үчүн конкретно получать этесиң!.. -Аннушка ордунан өйдө болду, -Наранын алдында жашайсың, "сука"! Сабыркүлдүн куту учуп, небак наралардын бурчуна тыгылып калыптыр. Эльмира болсо анын жанында. Дулдуйган денеси москоол эркектей болгон жаш кыздын көздөрүндө дале болсо таңыркоо, жанатан берки айтылган сөздөрдүн төркүнүнө түшүнбөгөн сыңары ишенбөөчүлүк бар. Тегеректеги аялдардын көпчүлүгү бир балакеттин болоорун сезгендей шконкаларына чыгып-чугуп кетишкен менен жткан орундарынан болуп аткан окуядан көздөрүн aлышпайт. Суу кайнатуучу колго жасалган "мутильниктин" сыртына капталган кош зымын алып, оң колуна эки-үч ороду да зымдын учун камчы мисал салпаңдаткан тейде Аннушка тиги экөөнө жакындады. "Шконкасына" көчүгүн коюп отурган Махабат оозун ачып эле калыптыр. Бир белгисиз коркунучтан жүрөгү тыбырап кетти жаш кыздын. Тартайган Аннушканын бою көзүнө узара тушкөндөй, бул кадимки тамашөкөй Аннушка эмес, бөлөк Аннушкадай сыяктуу көрүндү. Анан дагы Аннушка бир гана Сабыркүл менен Эльмираны гана эмес, камерадагы аялдардын жамысын сабоочудай, а түгүл өзүнө да кайрылып кол салчудай туйду. Сабыркүл бетин колу менен калкалагыча болбой "мутильниктин" зымы артылып барып жонуна анан бетине чабылды. Ушундан кийин удаа-удаасы менен Аннушка аёону билбестен колго, бетке, көкүрөккө күчөнө чапты. Мына сага, "овца"! "Ментовская подстилка" Ал энчиңди!.. . Курттап жатасыңбы, курттасаң мына, мына!!! Сука! "****"" ..
Сабыркүл Эльмира экөө отко түшкөн чычкандай тыбырчылашты, шырт-шырт эттире чабылган соккулардан жүздөрүн ала качышып, колдору менен баштарын калкалашса да болбой кошоктолгон зымдын учтары абада ыскырылып келип денелерге аёосуз чабылат. Айрыкча Сабыркүлдү аёосуз чыпылдатты Аннушка. Башын калкаласа колго, төмөн түшүрсө колдорун башка таамайлап урубатты. Сол колу менен бөйрөгүн таянып. Эки бутун талтайта, камеранын ортосунда турган Аннушка кызуу кандууланбай, айрыкча бир кара мүртөздүк сабырдуулук менен өмүр бою иштеп көнгөн адатындай кош зымды абада ышкырылтат. Мына силерге "сукалар" ! "Марамойниктер" ! Силерге эмне, волядагы эркектер жеткен жокпу? Үнүңдү чыгарба! Хатаны "подсомнение" койгонуң аз келгенсип, эми болсо менттерге "раскладка" берген жатасыңбы?..."Кызылдар" куткарып калабы сени?! Ме, марамойник, ме!.. Өлтүрүп коём, "сука", кымындай эле чыгарсаң үнүңдү!.. Махабат аяп кетти тиги экөөнү. Тигине Сабыркүлдүн зым учу чийип кеткен бети канталап жүрөт. Көзүнөн да, мурдунан да суу агып, бети ылдый салаа- салаа, Аннушка колун көтөргөндөн эле жанталашып баштарын калкалашат. Шконкасында жамбаштап жаткан Мавира эже ортого түштү. Аннушка, болду эми?.. Түшүнүшкөндүр. .. Ачууңду тоkтот? Ушунда гана токтоду Аннушка өзү да чарчаган окшойт, "мутилникти" колунан чыгарып, пахандын үстүдүнө. Айткандай муну айтты. Мен аман турганда хатаны подсомнение койдуртпайм! Анан дагы...- Аннушка көздөрүнө жаш агып, үн-сөзсүз ыйлап турушкан экөөнө карады, "Гулкага" менттер менен кетесиңерби. .. биротоло кеткиле! Бирок хатаны булгоого жол бербейм!.. . ушул күндөн тартып, суудан тынч, чөптөн ылдый болуп тилиңерди тишиңерге кысып жашайсыңар. ... Бир ирет гана скошуха берилет. Дагы бир ирет косяк кетирсеңер хатадан ломиться этесиңер! ... Түшүндүңөрбү? .. Сөз ушуну менен хатада калсын, приколду өлтүрдүк! - деди Аннушка. Мындан бөлөк кайрылып сөз айткан жок, өз шконкасына барып олтура кетти. Эчтеке көрүп- билбегендей, камерадагы жай турмуш калыбына түшкөнсүдү. .. Аннушканын көп кырдуу мүнөзүнүн бир кырын ушинтип көрдү Махабат. Аннушкага байланыштуу дагы бир окуяга кийинчерээк да күбө болду. Ал мындай жаңы жылга ашып кетсе эки-үч күн калган. Болжолу, саат үч, же төрт чен. Кыштын күнү ушунчалык кыска, ана-мына дегиче көз
байланып, күүгүм кирет. Камерадан камерага туташ өткөн труба такылдап калды. Бутафор менен каккылап жаткан сыйы. Жер астынан чыккансып үн күңүрт. Зэктер труба аркылуу бири-бири менен ушунтип кабарлашышат. Ой-бой!.. Сегиз.. Сегиз!.. Монастpь. Ой-бой, монашкалар, уктабатасыңарбы? -решка жактан кайсы бир камерадан чакырган үн угулду. Шконкасында үргүлөп жаткан Аннушка башын көтөрдү. Катындар?.. Биздин хатаны подтягивать этип жатпайбы... Малалеткалардын хатасы окшойт, сүйлөшүп койгулачы бирөөңөр, эмне керек экен? Решканын тушундагы нарада жаткан аял темир торду мыкчый кармап, шаша-буша үн катты. Сүйлөгүлө, эмне керек? Салам, монташкалар! - үн угулду сырттан. Өспүрүм баланын үнү,- Аннушканы воля подтягивать этибатат! .. Решка аркылуу сүйлөшүп аткан аялдан мурун Аннушка yгуп, үрпөйө түштү кебетеси. Зонадан колго тиге келген таманы кайыш, үстү калың таар менен капталган тапичкесин бутуна коңултак иле салып эле жөнөдү. Решка экинчи кабаттагы наранын тушунда. Ким болуп кетти экен? Бая күнү кыздарыма деп бирөөдөн кат берип жибердим эле, ошолор келип калып жүрбөсүн?! -үнүнөн чындап эле кабатырланганы билинген Аннушка көз ачып жумганча экинчи кабат шконканын кырын карап, чыгып барды... Наранын ээси кырктарды чамалап калган аял решкадан кийиндей
берди. Аннушканын шадылуу колдору темир торду мыкчый кармады да, башын саал артка чалкалата, өпкөсүнө
толтура дем алып туруп, ашыкча чаңыруусуз, атылган октой түз кетчү доошун чыгарды. Ой-боой! Воля! Кто меня подтягивает? .. Үн чыгып басылары менен тымтырс боло түшкөн маалда кулакка араң илингендей жер жүзүндөгү бардык адамдар оозанган
таныш cөз, арийне, түпкү мааниси бир болсо да дүйнө бетинде ар ким өз тилинде айткан сөз орусча угулду.
Мама-а?! Мама?! Менин Аленам экен!-
решканын эки темирин салаалары агаргыча ого бетер мыкчый кармады Аннушка. Доошун дирил аралай түшкөндөй. Ошол эле замат астыңкы нараларда жатышкандар күбүрөшүп калышты. Аленасы ким? Кызы бар дешпеди беле, ошол го? Аннушка өйдө жактан ачуулуу үн чыгарды. Жаагыңарды баса тургулачы, воля менен сүйлөшкүчө! ...
Камера жымжырт боло түштү. Түрмөнүн тегерегиз курчаган дубалдын түбүндө моюнун созуп, серейип турган өн төрт жаштагы кыз менен Аннушканын кыйкырышып сүйлөшкөндөрү гана угулат. Алена!... Аленушкам! Эмне кылып жүрөсүң биерде? Айт! Жооп бер?!. Мама-а!... Мен сага келдим, мен сени сагындым! Уктуңбу, мам-аа?!
Шаарда эмне кылып жүрөсүң, же эч кимди тааныбасаң? ! Айылга, эжеңе кетпейсиңби? .. Эжең кайда? Светлана кайда дейм?! Эми түрмөнүн сыртынан үн алышкан кыздын үнү катуулай түшкөн менен бул саам доошу ыйламсырагандай жалыныштуу чыкты.Ма-а-ма- a! Ма-маа! Мени үйгө кирбгизбей койду Светлана эжем!.. Үстүмдө пальтом жок, курткачанмын. Эшик суук мама!.. Каякка бараарымды билбейм! Эки күн болду ачкамын мамооч-ка-а! Аннушканын жүрөгүн кызынын кийинки сөздөрү тимеле таарып түшкөндөй ахвалга жеткирди белем, решкага бетин сүйөгөн боюнча унчукпай түрдү да акыркы дараметин жыйнап, сыртка бакырды. Макоо! Акмак кыз!.. Мени эмне биерде жыргап жүрөт дейсиңби? Кет
айылга!.. Шаарга эмне келдиң, ай Кудайым, ай! Кеткин дебатам сага! Бүгүн "Орлиноенин" автобусуна жетишпейсиң, эртеңден калбай кеткин, уктуңбу? Бүгүн каяка jатасың? Ой, Кудайым ай! Ушундай да кыз болот экен ээ?!- бул таш дубалдын камоосунда жатып, алыстан кыңшылаган бөлтүрүгүнүн ыйын угуп, аргасыздан асман айга карап улуган, бир туруп эрксиздиктен, үмүтсүздүктөн азууларын карсылдата кажынган эне карышкырдын жандалбасындай кеп эле. Чын эле түнөрүп күүгүм басып келаткан шаарда каяка барат жеңил курткачан, каралашаар кишиси жок алсыз, кичинекей кыз?! Кадам сайын кылмыш, тоноочулук, зордуктоо, таяктоо... Атүгүл көздү жумуп туруп эле чымындай жанын чыркыратып, өлтүрүп кетибаткандарчы? .. Кайда барып баш калкалайт мынабу кыз?! Аленанын үнү кайрадан чыкты. Бул ирет кичинекей жүрөгү менен кеңешип туруп, маанилүү чечимге келгендей доошу ызалуу, бирок чыйралып турат. Ма-маа!.. Мен сенин жаныңа жакында барам!.. Көрөсүңго, сөзсүз барам!.. Экөөбүз чогуу болобуз түрмөдө... Түшүнсөң мама сен жок мага абдан кыйын!.. Сени сагындым! Мен чечтим, бирдеме уурдайм, анан мени камашат!.. Ошондо сенин жаныңа
барам ма-маа! Кызынын оозунан чыккан ар бир сөзүн кулагынын сыртына кетирбей тыңшап турган Аннушка кийинки сөздөрдү укканда башка союл менен чапкандай боло түштү көрүнөт, бирок темирдей бекем аял үнүнөн, кыймылынан да жардамсыз экенин сездирбестен тамагы буула түшүп оңолуп кетти... Алена-а! Угуп тур мени жакшылап: эгер мени эне десең сыйласаң, угуп тур?! Жашабагыр! Эмне деп келжиреп жатасың? Менин түрмөдө жатканым жетпейби сага! Билип кой, эгерде түрмөнүн босогосун аттачу болсоң өз колум менен сени өлтүрүп таштайм!.. Сен мени билесиң: оозумдан чыкты-жсайм! Өлтүрүп коём, уктуңбу Алена-а!.. Ушул кезде жогору жактан үн чыкты. Эй Аннушка, токтот сөзүңдү, карцерге камалгың келибатабы? ! Жетинчи менен сегизинчи камеранын төбөсү гулка менен бирдей тегиздикте. Кыйкырышкан үндөрдү угуп, вышкада кароолдо турган мент шырп алдырбай басып келсе керек. Начальник?! - өңү көрүнбөгөн ментке карай башын чалкалатып кайрылды Аннушка,- Карцерге камаарын камайсың дечи, анда сөз жок, бирок Кудай үчүн суранам?! Кызым менен сүйлөшүп алайын, андан кийин срогумдун аягына чейин карцерге отуруп берейин? Бөлтүрүгү kоркунучта калганын көрүп, өзү болсо темир тордун ичинен чыгалбай урунуп-беринген эне карышкырдын кейпин кийген Aннушканын ментке кайрылган доошунанда таман астына тебеленген басынуу жок болсо да, түрмөнүн муздак
дубалдарынын жанында лапылдап жааган кардын астында жүмүрөйүп турган кичинекей кызы үчүн суранган билинер-билинбес жалынычы бар эле. Непада мент сөзгө келбей койсо, аял карышкыр өңдөнгөн Аннушка жаалы келип, темир торду үзүп-жулкуп азуу тиштери менен кемирип, сыртка умтулчудай, не өзүнүн башын камеранын одур-бодур темир дубалына бар күчү менен бир уруп, мүрт кетчүүдөй туюлат.Аннушканын азыркы ал-ахвалын түшүндүбү, дагы бир балээ болуп кетпесин дедиби, мент андан ары үн кайырбай вышка тарапка басып кетти. Жымжырттана түшкөн ушул саамда анын олчойгон өтүктөрүнүн карды кычырата арылай басып кеткени кадимкидей кулакка жетти. Түрмөдөгү эне-карышкыр менен волядагы бөлтүрүк-кыздын сүйлөшүүсү кайра уланды. Мам-аа-а!.. -кичинекей кыздын оозунан чыккан ушул сөз ортону бөлгөн бийик дубалдардын үстүнөн учкан куштай канат сермеп өтүп, темир торго жабышкан эне- зэчканын кулагына шак этет,-Анда мен каяка барам?! Мам-оочка! .. Айылга Кет! Эжеңе!.. Мени айтты дегин! Оо, боору таш бир туугандар! Чында кызым! Айткын эжеңе, жиниме тийсе бөлөкчө болот!... Өмүр бою түрмөдө эле жүрбөсмүн! .. Уктуңбу, кызым?! Түн кирип келатат, бар! Кеткин дебатам сага?! а кеттим!-бир оокумдан соң баштагыдан бошоңдой түшкөн Алемнанын үнү угулат,- Жaкшы кал, мама-а! Мени кечирип кой, кымбаттуум менин ма- маам?! Аннушка дале болсо темир торду мыкчый кармаган абалында былк этпейт. Кызынын алыстагансып барып үзүлүп кеткен бир боор доошун дагы бир ирет уккусу келгендей. Жымжырт. Астыңкы нарадан аялдардын ичинен кимдир бирөөнүн угулар-угулбас бышактаганы. .. Ким билет, ал да түрмөнүн сыртында калган өз балдарын эстегендир. Иши кылса, Алена түрмөнү ойлонтуп кетти. Анткени бүт түрмө жымжырт болуп, бир гана эне менен баланын сөздөрүнө кулак түрүп турбадыбы. Бул иште кимди күңөөлөйсүң? Түрмөдөн башы чыкпаган Аннушканыбы, не балакаттан өтсө да кабыргасы ката элек жаш кыздын темир тордун ичинде жаткан энесинен кеңеш сурап кыйкырган күнөөсүз балалыгынбы, не уялаш сиңдисин бооруна тартпаган эжесинби?! Аннушканын арыкчырай болсо да чыт көйнөгүн чытырата тепкен кең далысынан көзүн албаган Махабаттын кареги эчак жашка сууланган. Жаздыкка бетин басып, өпкөлөп ийүүдөн араң эле карманат. Өзүңдүн кайгың өзүңө тоо болуп көрүнөт тура. Армансыз адам бул дүйнөдө болбойт белем. Түрмөгө нечен ирет түшсө дагы майышпаган Аннушканын лагердик түшүнүгү канчалык солк этпей бекем, туура болсо да кылмыш дүйнөсүндө канчалык кадыр-барктуу болбосун, керт башына тиешелүү кайгы-касирети аны да кыйнайт. Аннушка решкадан бери бурула берерде алаканы менен жүзүн сыйпап алды. Жүзү жашка жуулуп
кетиптир. Кызы менен решка аркылуу кыйкырышып, сүйлөшүп бүтөөр-бүткөнчө көздөрүнөн
безеленип, жаш тамчылары куюла берген окшойт. Кайраттуулугуна не бересиң, үнүнүн кардыкпаганын айт! Азыр да камерадагылардын бир-бирөөнө үн катпастан, унчукпай түптүз барып, түтктөн суу агызып, бети-башын жуунуп, таза сүртүнүп, эчтеке көрүп-билбегендей, нарасына көчүк басты да, гезиттин айрындысын тизесине коюп, тамеки орогонго киришти. Ушул кызымды Казакстандын Чым-Алган деген жериндеги зонада
төрөгөм. Карасаң, айтып турганын, "Жаныңа барам", деп,-Аннушка башын чайкап койду, бирок сүйлөбатканда тамеки тамеки оробатканын бир тынымга да токтоткон жок. Чым-Алган дейсиңби?- көңүл улап эле суроо бергенге окшоду Мавира,- Балалуу аялдар жашачу зона го? Жалаң балалуу аялдар. Мамочкалар бала үч жашка чыкканга чейин
сенин жаныңда болот. Анан сыртка чыгарып бересиң. Мына ушу оор! Түн ичинде жүз кайрылып сүт берип, балдыр тилин угуп, там-туң басканына кубанып келатканыңда бир заматтын ортосунда ажырап каласың. Тартип ошондой,- дешет. Тартибиңе! ...-
Аннушканын оозунан богооз сөз чыгат,- Бир топ мезгилге чейин Аленаны этеп бушайманга түшүп жүрдүм. Кыйналып, кызымдын
жытын, күлгөнүн талпынганын эстеп жатып уктап кетем да, түнүчүндө бирөө капталга уруп ийгендей ойгонуп кеткенимчи. .. Сыйпаласам кызым жок. Бул дүйнөдө жападан жалгыз соксоюп кара башың калгандай сезим... Эч кандай лагерь, түрмөсү жок эле, эгерде чындап балага мээримиңди берсең, ушул өз каныңдан жаралган ымыркай өзүңдү тарбиялап салчудай сезилет.. -Аннушканын сөздөрүндө гана муң, ал эми үнүндө кайгы жоктой кайраттуу. Сүйлөп жатып, улам тамекисин соруп коёт. Беттегенинен кайра тартпачудай өжөрдүгү кези келгенде катаал да болуп кетчү Аннушканын он ай омурткасы сыздап бала көтөргөнү, анан төрөлгөн кызына эмчек сүтүн bерип бөпөлөп бакканы, кийинчерээк Аленасын сагынып куса болгону тан тыш иш сыяктуу сезилет..Кызыңды туугандарыңа чыгaрып бердиң да? Мавира кайра суроо берди. Бул камерада Мавира менен Махабат экөөсү гана Аннушка менен чын дилдеринен батынып сүйлөшө алышчу. Аннушка берки аялдарга деле сыртын салчу эмес, азилдешип, кези келгени менен сөздү тамашага шоотуп маектеше бере турган. Кайда-ан!, -Мени го баланы алып кетишкенден кийин бөлөк колонияга которушкан. Однахлебкам бар болчу, менден мурун бошонуп кеткен. Свиданкага келип турду мага. Өзү да казакстандык, зонага жакын, эки сааттык жерде жашачу. Оңдой берди болуп кызымды ошол одахлебкам алып кетти. Жакын тууган-туушкан баарыбызда эле бар дечи, бирок зэчкага ким каралашмак эле? Ар кимдин жеке түйшүгү өзүндө. Зонадан төрөлгөн балдар көбүнчө балдар үйүнө багууга берилет. Чынын айтыш керек, кийин срокторунун аягына чыгышкандан соң зэчкалардын ичинен балдарына кайрылганы бар, кайрылбаганы бар. Боорун жарып чыккан наристесин бир ирет да эскерип ойлоп койбогон мамочкалар да кездешет, тескерисинче кээ бир аялдар жан этин жегендерин да көрдүм. Күн-түн көз жаштарын көлдөтүшүп, балдарды багуучу үйдөгү наристелерди ойлошуп, менттерди ортого салыбатышып, балдарын жарым жылда бир ирет балдар үйүнөн алдыртып көрүшчү. А сен качан бошодуң? Срогум аз болчу.
Уландысы бар....
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып, комментарий жазып колдоп кетиңиздер уланталыбы?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев