3-бөлүм.
-Махабат азат бою дүрүлдөп, ичи муздап, көзүн кайда ала качаарын билбейт.
Мергенчиден ок жеп
качкан кайбереңдей ичтен онтоп, сылтып
келет. Сегизинчи камерага эң кеминде отуздан ашуу кадам бар. Ушул жанын кыйнаган жаратынан улам бир чыкса "гулкага" он ирет чыкпай, таза абадан кур калып отурбайбы. Болбосо чиркин десеңчи көзөнөктүү тор төбөдөн кере тартылып турса да тынымсыз агылган булуттарды, кезек-кезек сабалаган куш караанын көзгө сүртүп, кышкы муздак абадан дем алып тyрбас беле! Махабaт карындашым кандайсың деги, бутуң айыгып келатабы? -үн чыкты бир камерадан. Сиз кимсиз байке? -өзү зорго бараткан Махабат кадамын жайлата, Мавира эжесинин ийнин таянган бойдон туруп калды. Биз өн жетинчи "хатанын" балдары... Эмне силер бөлөк "хатага" көчүп баратасыңарбы? Ооба... Сегизинчи камерага. Бутуң кандай? Оорубатат... Санчастка барыбатам. Мейли анда байке биз баралы. Атыңызды да билбейт экем. Марат менин атым. Сакайып кет карындашым! Ооруба!... Өзүңүз да оорубаңыз! Өң-түсүн көрбөсө да жылуу сөз укканына бел байлай түшкөн Махабат терең күрсүнө жол улады. Кылмышкер деген аты болбосо "селсаяктардын" арасында да жан тарткан боорукер адамдар бар турат. "Зэктер" деле, "менттер" деле адам. Bая күнү, Баялы деген жашы кырктарды чамалап калган "оппер" буту ооруганына чыдабай Махабаттын: Ой Кудайым, ай! Кудайым, ай! -деп ыйлаганын ачык турган "кормушкадан" угуп: Аай, карындашым, ай! Сендей он гүлүнүн бири ачыла элек жаш кыздардын отура турган жери түрмөбү? -деп зээни кейий айтканын эшитишкен. Болгула кыбырабай! -сегизинчи камеранын оозунда турган көзү нашаа чеккен адамдыкындай кызарган "дувак" "продолдо" жетелешип келаткан Мавира менен Махабатты шаштырды. Берки экөө ага жооп кайтарышкан жок, мурдагыдай кашаң жүрүш менен илкип баса беришти. Ушул маалда "продолдун" теңин басып өткөнгө чейин чылк кулпуланган камералардын эшиктеринин жылчыктарынан "селсаяктардын" нечендеген көздөрү аларды узата карагандарын туюшкан жок. Камеранын ичин бакылап оңдоочу "глазоктор" дайыма жабылуу болгондуктан "селсаяктар" "кормушканын" тегерек четиндеги ичке жылчыктан сырт жакты билинер билинбес көрө алышат. Ким экен ал? -деп сурашаар бири биринен. Махабат деген жаш кыз. Жанындагысы Мавира эже. Махабат! -элеп-желептене кайталайт ысымды суроо берген "селсаяк" , анан шамдагайлык менен эшикке чуркап жетип, жылчыкка чап кенедей жабышат: Кана? Кана? Өтүп кетти... Өтүп кеттиби? Кап! Ушу кыздын өңүн бир да көралбай койдум,- шаабайы сууй сүйлөйт "селсаяк" , -Таптатынакай дешет го? Так... Ничего, -дейт экинчиси сыртына чыгарбай жеңил улутунуп. Аялы эсине түштү. Махабат аттыы ушул кыздан жаш жагынан эле айырмачылыгы болбосо аялы да өңдүү-түстүү. Көр тиричиликтин айынан кымындай бир иш үчүн ыйкы-тыйкы болушуп, күн алыс чыркырашчу эмес беле. Колу да тийген аялына. Эми башына кырсык түшкөндө аялы аны таштап кетпей, түрмөнүн оозун сагалап, "дачка" ташып, келип- кетет. Ал эми аракты өлөрчө ичип алып "Акыреттик доспуз!" деп ооздон өбүшкөн досторунун биринен дайын жок. Бир куту тамеки алып келгенге жарашпады. Көпкө ысык-суукту бирге бөлүшкөн аялың, балдарың, ата-энең, уялаштарың гана түтөт турбайбы.Махабат менен Мавираны узата караган көз караштар ар түрдүү. Бири сылтып араң басып бараткан кызды аёо менен караса, экинчиси каны менен бүткөн, не көрүп- билген таалим-тарбиясына ылайык эркек айбандык лабизи өрттөнүп: "Эх! Азыр менин жанымда болуп калса эмне!"-деп ичи уйгу- туйгу. Кай бир көптү көргөн көк жалдар бул көрүнүшкө кайдыгер, мыйзам ченемдүү күндөлүк иштей карап тим болушат. Эмнеси бар экен? Азыркы учурда баары жапа тырмак уурдашат: улуусунан кичүүсүнө чейин, аял-эркеги аралаш, жогорку өкмөттүн эшаалонунда отурган төбөлөргө чейин... Азыр аялдардын арасында киши өлтүргөндөр да көбөйдү. Койнунда жаткан эрин бычак менен сайгандар четтен табылат. Сегизинчи "хатага" утурлай беришкенде Махабат менен Мавираны эки көз ынтаа менен тиктеп турду. Ал "кормушканын" четиндеги жылчыктан тиктеп турган Карыпбек болчу. Анын көзүнө сегизинчи камеранын кыңая ачылган оозу, какайып турган "менттин" карааны чалдыгат. Жүрөгүнүн какканы кулагына угулат. Аялдардын камера которушканы түрмөнүн аяк-башына эчак жеткен. Аялдардын дээрлик бардыгы кирип-чыгып, буюм- теримин, төшөнчүлөрүн ташып бүттү, а Махабат аттуу кыздан дайын жок. Көз жаздымынан кетирдиби? Балким небак эле сегизинчи камерага кирип кеткендир? Анда эмнеге мынабу көзү кутурган иттикиндей кызатган "мент" "хатанын" оозун ачык калтырган боюнча алда кимдир бирөөнү күткөндөй мелтирейт? Бир кезде: Болгула, кыбырабай! -деп "менттин" кимдир бирөөлөргө өкүм сүйлөгөнүн угуп, саамга дел боло түшүп, бир белгисиз сүйүнүчтөн апкаарыды. Атты койду дебе, "мент" араңдан зорго басып келаткан Махабатка айтты көрүнөт. Неликтен эле ушул кызды көргүсү келип, жүрөгү элеп-желеп болот?Эгер оюна койсо, камеранын эшиги ачык болгондо, "продолго" чуркап чыгып, Махабатты назик гана абайлай колуна көтөрүп, камерасына кирип, кыздын "шконкасына" чейин жеткирип койбос беле. Анда эмне деп айтаар эле Махабат? "Рахмат Карыпбек байке!" -деп муңдуу да, уялыңкы күлүмсүрөп, жүзүн четке буруп кетер беле? Андай күн кайда! Баса, Махабат анын атын эмес өзүн да таныбайт да... Анан кантип "Карыпбек байке" десин? Мунун баары ишке ашпас кыял жомок. Карыпбектин кулагын илинер-илинбес кадамдардын жумшак шарпылдагы, бир аз туруп: Махабат кызым, аз калдык, чыда? -деген аялдын үнү угулду. Ансайын, Карыпбек эшиктин муздак темирине мурдун тийгизип, жылчыкка көзүн кадады. Кудайдын ушунусуна да шүгүр, Махабат Мавира экөө он үчүнчү камеранын тушуна келгенде демин жыймакка токтошту. Ай, шоруң каткан кыз, сол бутун сүйрөп, оң бутуна таканчык кылып басканга демигип калган. Жүзү Карыпбекке жакшы көрүнбөйит. Ылдам баспайсыңарбы, мен силерд күтүп тура беремби?!- менттин ачуулуу доошу. Муздак суудан ичиркенгендей силкинип алды Карыпбек. Оорулуу туруп сүйрөп, зорго жүргөнүн көрүп туруп, эмнеге күрсүлдөйт, ой тообо! Биртике алагды болгонго көзү туманданып барып, жылчыкка көзүн кайра кадаса: Махабат менен аны сүйөмөлөп жүргөн аял ордунда жок, камерага небак кирип кетишиптир. Сегизинчи камеранын эшиги сыртынан жабылып, "менттин" кулпу менен аны бекитип жатканы....Махабаттын жүзүн даана көрбөй калганына кыжаалат боло түшсө да биpтике канаат алгандай сезим турду ичинде. Кайдан-жайдан бир сыйкырдын күчү менен Махабат аттуу көңүлүн бүлүк түшүргөн кыз коңшу камерадан орун алгандай эзелки унута жаздаган боз улан кезиндеги сезими кайрылып бүчүр байлаган өңдүү жан-алы калбай кубанды. Ушул кенедей кызга карата болгон боор толгоо дейин десе ага окшобогон көңүлдү өрөп күтүп, сезимди жалбырттаткан ал-абалына түшүнүп-түшүнбөйт. Он үчүнчү камеранын ичи да баш тапкыдай күңүрт тартпай, саал-паал жарыктана түшкөнсүйт. Аялдардын жаңы конушу, сегизинчи камерадагы жашоо өз нугунда. Түрмө жашоосунун өзүнө тиешелүү тартиби, алымча- кошумчасы бар нугу. Эртең менен кечинде "проверка" , кээ кезде "шмон", жарым сааттык "гулка" , "дачка" күтүү менен күн өтө берет чыбырып. Сотту ойлоп күтөсүң ушунтип, "Срок алгандар" "этапты" күтүшөт. "Зонага" карай. Түрмөнүн жашоосу-күтүү, тынымсыз күтүү менен чектелет. А күтүү болсо ой-санаа менен жолдош. Махабаттын төшөгүн жыйнактуу кылып Мавира эже астыңкы-биринчи кабаттагы "шконкага" салып койгон экен, оорулуу кыз эчен жол басып келгендей энтигип кыңая кетти ордуна.
Рахмат, эже! -күбүр этти кыздын бөрсөйгөн эриндери. Койчу, кызым, анын эмнесине... Арестанттык тилектештик деген бар. Ар кимдин башына кыйынчылык келбей койбойт, анча-мынча көмөктөшүп койгондон колубуз түшүп калбайт. Мавира эже, бул жолкусу сиздин канчанчы "ходкаңыз" ?-сурады Настя аттуу керилген узун бойлуу, ак жүздүү, кашы саадактай ийилген балкар кыз. Көргөнүн көргөндөй, болгонун болгондой тартынбай бетке бетке айткан кыз болчу. "Чөп" менен кармалган. 235-статья. Түрмөдө ушул бетке чабаар түз сүйлөгөнү, өз боюна тың таза жүргөндүгүн, ошондой эле "менттердин" бир ооз сүйлөттүрбөгөн
"дерзкийлиги" үчүн аны саал чочулоо менен карашып
сыйлашчу. Мисалга Сабыркүл андан оттон корккондой жаа бою каччу. Бир ирет кер-мур айтыша кеткенде, ансыз да саадактай кашы ого төтөн
керилип,капкара
көздөрүнөн от жанып туруп, Сабыркүлгө карата минтип айтканы бар:
Эй!..."Менттердин"
"подстилкасы" !... Эгеp дагы бир ирет үнүңдү көтөрсөң "парашанын" жанында жашайсың! Сенин ордуң ошол жер, уктуңбу?! "Достойная
арестантка" боло
албагандан кийин өз
"стойлоңду" тап! Сени менен чогуу бир үстөлдө олтуруп
"полоскаться" эткен
"стремный" эгер билсең! Так что
"менттердин" талпагысыңбы, талпак болуп жүрө бер! Бирок бизге тийишпе! Тагдырыңа сүйүн-биз менен жашабатканга. ...Непада
"зонада" болуп
калсак,бөлөкчө сөз болот
эле... AКим унчугат мындайда?Эч
ким."Кылмыш
дүйнөсүнүн" жазылбаган
мыйзамы боюнча да
Настяныкы туура.Настянын
берген суроосуна минтип
жооп кайырды Мавира
эже:
Биринчи эле
жолкусу...Биринчи болбой
курусун,акталып же
соттолуп кетпей,бир жыл
сегиз айдан бери тергөөнү
созуп келатышпайбы.
Омий!-таң калгандай үнн
созду Настя,-Анан
эмне,ушунча убакыттан
бери СИЗОдосузбу?
Ооба...Улам сот
бузулат," доследование"
берет ошонтип олтуруп
бир жыл сегиз ай
болду.Ушунчалык жадап
бүттүм!Мобу бетон
дубалдар да ден-соолукту
билгизбей жеп коёт
экен.Түнүчүндө өзгөчө
сөөк-саактарым
какшап,ооруп
чыгат..Акталып чыгаарыма
да көзүм жетпей
калды...Өх! ...
Ой-ий!Сиз анда СИЗО номер
үчтүн эң эски
"арестанткасы" турбайсызбы? !
Статьяңыз 88 би?
Сексен сегиз...Заправкада
иштечүмүн да...Тезирек
сотум болсо,жакшы болот
эле.Эки жылга жакын
мезгилдин ичинде эле
канча аялдар менен
олтурдум..." Этап"менен" зонага"канчасы
кетти...Узатып, тосуп алып
камерага
келгендерди. .."Угловичка" эле
болуп калган
турбайсызбы. "Ощяковый
хатага"сүйлөшүп, сизди
түрмөгө"смотрящий" кылып
койсо болот тура Мавира
эже,ха-ха-ха! ...Түрмөнүн ал-
ахвалын
карап,"рамстарды" туура
чечип олтура бересиз...
Эми мага ошол эле
калды.Хи-хи-хи!..
Түрмө деген балакет түшкө да кирчү эмес эле, мына мынтип небере эркелетип, балдардын чайын ичип, убайын көрөр кезде түрмөгө түшүп... Канчага келдиңиз Мавира эже? Быйыл элүү бешке чыгам. Үч күндөн кийин... Үч күндөн кийин? Ооба, үч күндөн кийин. Бүгүн декабрдын он төртүбү? Он жетисинде туулган күнүм. Ой кыздар! Анда эженин "днюхасын" өткөрөт турбайбызбы. Торт жасайбыз. Белгилейли туулган күнүңүздү ээ эже? Балдарым да ошо күнү бирдеңкелерди көтөрүп алып келишер... Убагында көрөрбүз... Өткөрөбүз эже, кам санабаңыз. Төртүнчү "хатадагы" түрмөнү караган Таалайды "курска" коёбуз эжекемдин туулган күнүнө алар да өз "движениесин" кылат. Тим эле койсоңорчу балдарды убара кылбай? Белгилербиз өзүбүзчө... Кам санабаңыз дебедимби эже. Ал жагын мага коюңуз. Көрүбатасыз го алар ансыз деле жума сайын камера камерага удаление жасабатышпайбы. Сигарет, азык-түлүк, нан, чай бөлдүрүп... Ооба... Аларды жума сайын алыбатабыз. Кечээ беш бөлкө нан алдык. "Общак" деген ошол да, эже. Элдин кызыкчылыгын коргойт. Деги жакшы балдар! Элдин сообуна калып жатышат. Болбосо кээ бир камералар "передача" алышпайт, ошолорго ырас эле болбодубу... Түрмөнү караган баланын аты Таалай беле? Таалай... жанында Стамба, Аскар деген балдар.Стамба? Мурутчан жигитпи? Жок, ал сары-булактык Сыргак деген жигит. Стамба анда кыргыз эмесго? Аты...Сталбек чыныгы аты. Даана эле кыргыздын баласы... Ии, эми билдим. Өпкөсү ооруйбу, катуу ыкшып жөтөлгөн, сулуучумак, отуздан өткөн, шыңга бойлуу жигитпи? Ошол... Ошол, эже. Бечара! Катуу жөтөлөт го анан да. Жөтөлүн токтото албай ыкшып жатканы кадимкидей угулат. Өпкөсү ооруйт. Кургак учук. Мурунку кесилип отурганда "этап" менен Россияны бүт кыдырыптыр. Көрбөгөн "зонасы" калбаптыр. Аны эмне анча? "Зонада" элдин кызыкчылыгын коргойбуз деп "кызылдарга" каршы чыгышып: Тамак-ашты нормасы менен бергиле! Ооругандарды өз убагында этап менен больничкага" жөнөткүлө! Болбогон эле нерсе үчүн изоляторго камаганыңарды токтоткула! Адамча жашоо бергиле!-дешсе буларды эл бузган дезорганизаторлор деп, Россиянын эң түпкүрүнө жайгашкан зоналарга этап менен айдап ийишчү. Белая лебедь деген зона бар эже. Печора, Пермь, Соликамск деген шаарларда, Сибирь, Уралда жайгашкан... "Селсаяктардын" ден-соолугун ала турган жер ошолор. Далайы ошояктан өлүшүптүр. Сууктан да? Сууктан, тамак-аштын, дары-дармектин жетишсиздигинен, менттердин тепкисинен. .. Ой, Кудай ай! Адамды да ушунчалык кордоого болобу? Бул жердеги түрмө зоналардагы милисалар эчтеке эмес дейт. Детсад дебатышпайбы Стамба сыяктуу. Белый лебедди көрүп келишкендер. Детсад болбой куруп калсын! Алакандай тар терезеден күн кирбей, жегениң супсак түрмөнүн баландасы, даараткана жыттанган камера отурган жериң, дем алганың-сасык, бузулган аба, укканың сөгүнгөн сөз, жөн да жооп беришпейт мына бул менттериң. Ха-ха-ха! Менттер! Эми билдиңизби, биздин өлкөнүн укук коргоо системасынын кандай экенин? Билдим... Билмек түгүл сөөгүмөн өтүп, чучугума жетти! Ырас, эгер күнөөбүз толук далилденсе, ызаланбай, кордобой эле өзүнө тиешелүү жазасын берсе. Ээ, эже, баланын кебин сүйлөйсүзда. .. Булардын колуна түшкүлүк кылбасын! Менттер үйүндө өзүнчө, жaшоосунда өзүнчө, көчөдө oзүнчө мүнөз күтөт деген чын. Булардын баарын кайдан билесиң айланайын Настя? Бир тууган агам "Лебедди" көрүп келген. Ошонун оозунан уккам. Анан... өзүм да көрүп атпаймынбы. .. Ии, десең... Ушунтип ар ким көкөйүнө сактаган арыз-арманын, кайгы-касиретин айтып, ой бөлүшкөнчө кеч да кирет билинбей. Кыштын күнү кыска эмеспи эмеле жарыктанып турган темир топ терезе тез эле караңгылай түшөт. Түн деген түн. Анын өзүнчө касиети бар окшобойбу ар ким жекече өзү менен өзү калгысы келгендей. Түн-ой терметет. Кышкы кечте очок боюна чогулуп кужурашкан үй-бүлө, кечки наар, бактылуу эркин күндөр эске түшөөр. Он алты кишиге эсептелинген бул камерада азыр он төрт жан. Он төрт жандын өзүнүн жаш курагына ылайык ой- кыялы, тилек, үмүтү бар. Ар кимисинин ой дүйнөсү өзүнчө. Түнкү саат болжол менен он экиге караганда жатууга кам урушту аялдар. Жөргөмүш сымак ар кимиси ар жакка жөрмөлөп, кээ биринин түнөгү шыпка аз гана жетпеген төртүнчү кабат. Ага чыгыш үчүн экинчи шконкага, анан үчүнчү, төртүнчүгө тырмышып чыгат. Онтолоп жатып түрмөнүн кара одеалын ачып, ичине кирип жатат. Наранын үстүндө олтурууга да болбойт, төбөң шыпка тийет. Үн-сөзсүз гана темекинин ышына саргарган шапты тиктеп жатышың керек. Кээде кол жетчү аралыкта көмкөрүлүп турган шып байкоосуздан келип, басып калчудай сезилет. Караколдун түрмөсү аябагандай эски түрмө. Үчүнчү кабатта жаткан аял башын төмөн каратып алып экинчи кабаттын шкондасында одеалды көкүрөгүнөн төмөн ачып таштап чалкасынан жаткан келинге айтыбатат. Чоң атам айтчу. Кароколдун түрмөсү кандуу түрмө деп, көп киши өлүптүр. Айрыкча, репрессия жылдары.Ушул жерден тиштерин кычкач менен жулуп, тырмагынын алдына ийне сайып, кыйнашчу экен. Ооруп же кыйноого чыдабай өлгөндөрүн жанагы биз чыгып жүргөн гулка бар го, ошол жерге көмүшчү экен... Ошонун асты бүт эле көмүлгөн өлүктөр дешет. Кээде арбактардын күңкүлдөп сүйлөгөндөрү, кандайдыр бир үндөр угулуп турат деп айтшат. Койчу Cайраш, капкайдагыны айтып, жүрөктү түшүрүп!.. Денем дүркүрөп кетти! Ой уктайсыңарбы, жокбу?! Арбактарыңарды коё тургулачы эртеңкиге чейин!.. Өзүбүз арбак болуп жатса быякта!..-күңкүлдөй берип, нарасын кычырата дубал жакка оодарылып жатты бир аял. Күбүр-шыбыр селдеп, тынчып калышты. Уйкуга кеткендери кетээр, асти Махабат кирпик ирмебейт. Күндүз басылып калгансып эле анан түнүчүндө жанын көзүнө көрсөтүп сыздатып кирет бут. Тимеле сааттын кагышындай лук-лук. Кандайдыр бир майда жырткыч жаныбар курч тиштерин жумшак этине матырып, уламдан улам арылатып тамырларын курч азуусу менен кемирип кетип бараткандай сезим бар. Сыздаткан оору бир мүнөткө да тынчыбайт, ириңден канча арылтса деле болбой, тизеден бир аз төмөн тушундагы жаранын оозу бүтөлүп, кайра толуп жанды кыйнайт. Түрмөнүн врачынын бул дартка карата колдонгон дармеги коюу жашыл түстүү май. Ошону ириңден тазаланган жарага сыйпайт да, бинт менен таңып салат. Кээ кезде ооруну сездирбөчү дарыны ийне аркылуу теринин астына куят жан кыйнаган оору басаңдай түшкөндөй. Бирок бул ченемдүү убакытка дейре, дарынын күчү кеткенден кийин дарт кайра күчүнө кирет. Күндө ушундай. Ал-ахвалың ушундай болуп турса тамакка да көөн чаппайт, киши менен баарлашканга андан бетер... Көбүнчө азыркыдай кирпик көзүн какпай, таң аппак болгуча чакчайып жатмай. Кай бирде таптакыр дарманын кетирип, эти ысуулап бутунун лукулдатып ооруганы миңдеген тамырлар менен кошо мээсине жетип, жаны кыйналганда оорулуу бутун тизесинен кучактап алып аргасы кеткенинен: Кудайым ай!.. Кудайым ай!..-нечен жүз мертебе кайталайт. Чыдабай кеткенде мууну бошоп буурчактай жаштар көзүнөн ылдый томолонот. Оо Кудайым ай, бул азаптын чеги барбы? Эмне мынча кыйнадың Кудайым ай! Бүгүнкү күн да Махабат үчүн кезектеги уйкусуз түндөрдүн бири, күүгүм кирип келатканда эле тынчы кетет, жүрөгү үшүп бүттү жан кейиткен оорудан, Дартына даба табылбаса не дартынын атын билген киши жок, кыздын келечеги бүдөмүк. Бүгүн да тизесин эки колу менен оролто кучактап, көзүнөн жашын улам мөлт тамызып отурган. Дежурка жактан менттердин басканы угулуп калды. Коңгуроонун чырылдагы... . КПП жактан бирөө келди окшойт. Бир топ убакыттан кийин кадамдар жакындап, сегизинчи камеранын алдына токтоду. Эшиктин ачылыбатканы. .. Дагы эмне болуп кетти жети түндө? Шмонбу? Капилет жерден шмон жүргүзгөндөй эмне кылды аялдардын хатасы? Эшиктин шалдырынан ойгонгон, не уйкуга жетелене электери үрпөйүшө, ар кайсы шконкалардан баш көтөрүшөт. Эшик ачылып, өңү жакшы көрүнбөгөн менттин. Монастырь! Кабыл алгыла, силерге толуктоо келди... Ну, болуптур Аннушка, жайланыша бер?-дегени угулуп, камерага узун бойлуу караан кадам шилтеп, четки наранын кырына олтура кетти. Привет "монашки" !- дегенге жарады ошого удаа. Аннушка, сенсиңби?- астыңкы "нарада" жаткан жеринен баш көтөрдү Мавира. Мавира!-таң калгандай үн чыгарды аты аталган аял,-Kымбаттуум, сен дагы деле биердесиңби, а мен сени небак "воляга кетти деп ойлогом! Коё тур, коё тур Мавира, ордуңан козголбо, сага өзүм басып барам, курдашым?... Өзүм дө аябай чарчап турам, "спецэтап" менен келбедимби зонадан. Мына ушундай подруга, калган-каткан сөздөрдү кийин сүйлөшөбүз, азыр мен эс алайын. Каякка жатсам? Бүгүнчө эки бош шконка бар ошоякка жата тур, эртең ойлонуштураарбыз. ..Мейли анда. Сеники да туура... Сумкаларга деле тийбей эле коёюн, болгону менин көр-жерлерим, анан эки кызым бар эмеспи "воляда" . Бирөө күйөөдө, экинчиси али он алтыда, ошолорго деп "хлебкаларым" түйүп берген азыноолак оокат, кийим-кечек "ширпотребим" бар. Ну, ладно, мунун бааpы эртең, эртең... Бир гана... каным катып кетти, суу ичип алайын...Бутафор кайда? А мына таптым...-ушунтип суроо берип, кайра өзү жооп берип бирок ашыкча күйпөлөктөбөгөн Аннушка аттуу бул аял кружка менен эки ирет кайталап суу ичти да, үстүңкү нарага матрацты төшөп, үстүнө одеял жамынбастан кийимчен бойдон улагага бут кийимин чечип таштап чыгып барды да көптөн көп сагынган өз үй, өлөм төшөгүнө келгендей коңурук да тартпастан уйкуга кетти. Спецэтап менен келген бул аялдын жүзүн камерадагылардын бирөөсү да бул түнү дааналап көрө алган жок. Аялдын жети түндө келиши да, уйкуга баш коюшу да тез болду. Үстүңкү кабатка чыгып барып, уйкуга баш кёрдон мурда камерадагылардын ичинен ушул аял тизесин кучактап ыйлап отурган Махабатка гана үңүлгөн: Что, дочка, не спишь? Плачешь? Что случилось? -үч суроону катарынан берген бейтааныш аялга Махабат бир эле сөз менен жооп берди: Бутум... Эмне болду эле? Авариядан... Колум, бутум сынган... Аягына чейин толук дарыланып бүтө электе врач макулдугун бербесе да "жарым саатка тергөөгө эле алып барабыз", -деп коюп жети күн ички иштер бөлүмүнүн дежуркасында кармап, андан кийин 144-статьянын экинчи бөлүмү боюнча прокурордон санкция бердиртип, СИЗОго алып келишкен. Канча болду келгениң? Бир жарым ай. Санчастка кайрылдыңбы? Май сыйпайт жарама, таңып туруп коё берет. Менин атым Аннушка,- деди да aтын айткан аял шадылуу манжаларын кыздын бүкүрөйүп отурган жупжумшак ийнине тийгизип, колун алгысы келбегендей, ошол калыбында сүйлөдү: Мен ушул түрмөнүн "хозяйнинен" тартып,итине чейин
танышат. Эртең сүйлөшөбүз макулбу, кызым, ал эми врачты алдап туруп сени түрмөгө алып кеткенине таң калба. Булардын жанагы кийип жүргөн формасынын алдындагы жүрөгү бар дейсиңби? Жок. Анын ордунда будильник сыяктуу бир неме... Болду кызым, эртең сүйлөшөбүз, -бут кийимин ыргытып таштап, эки аттап Аннушка үстүңкү кабатка чыгып кеткен. Эч ким күтпөгөн маалда келип, далысынан таптап, бейтааныш бул аялдын жылуу сөз айтканына эреркеди кыз. Аннушканын манжаларынын жылуулугун далысы көпкө чейин сезип турду. Жыйырмадан жашы оогон, эркелиги кала элек кыз бейтааныш бул аялдын мээримдүү айткан сөздөрүнөн кийин, бир боор адамдын жылуу сөздөрүнөн кийин көзүнүн кычыгы жашка сууланып, ата-энесин канчалык
сагынгандыгын, бир боор адамдын жылуу сөздөрүнө муктаж экендигин эми билди. Түн да өттү. коридордо аркы-терки тапылдап баскан кадамдардын, карс-курс ачылган темир эшиктердин дабышы ойготот. Бир аздан соң эртең мененки текшерүү. Түндөн эсен чыктыңбы, өлүү-тирүүбү санын такташат. Катындар, тургула, азыр проверка! -эретрээк уйкудан көз ачканы үн катты. Кыймыл башталды, Кезек менен жуунмай, ажатканага бармай. Пайдалангандан кийин суу агызып койсоңор сасытпай! -чаңкылдады бирөөсү. Көчүк айланбаган тар камера. Он беш киши үчүн оголе тар. Уйкулуу көздөрүн ушалашып, нараларында соксоюп отургандары бар. Анткени жол тийбейт. Үстү-башын иретке келтиргендери нараларына кыйшайгандан кийин анан башкаларга кезек берилет. Кечээ келген катын уктабатабы? - үстүңкү кабатка ээк нускайт Сабыркүл. Жаңкылдабасаңчы Сабыркүл, -жактыра бербей сүйлөйт Мавира эже,- Жата берсин, жолдон чарчаганго байкуш! Тимеле уялаштан бетер жан тарттыңыз го? Проверкада баары бир тургузат да... Аны өзүңөр көрөсүңөр: тургузабы, тургузбайбы, - көп маанилүү кылып айтат Мавира эже,-Аннушканы силер жакшы билбейсиңер. .. Кааласа турбай да коёт... Махабат жуунасыңбы кызым? Жуунайын...
Кел акырын бас, ии, ошондой... Акыры камерадагы аялдар топурашып, жөлөшүп отуруп, жуунуп-тазаланып бүтүшөт. Төшөктөрү жыйнакталуу. Кара
одеялдар матрацтарынын үстүнө жабылып, аяк-башы бүктөлүп калган. Эшик шалдырайт бир маалда, Көздөр эшикке тигилет. Тизилип тургудай бош аянт жок, камера тардык кылат .Сырттан аскер формачан, сулуу, мурду кырдач, чачын артка кынаптап түйгөн келин, анын соңунан Таалай, Эрмат аттуу дежурный менттер киришет. Баарыңар канчоосуңар? -kолундагы калың мукабалуу дептерине үңүлүп сурайт формачан келин. Он төртпүз. Ой!.. Жок!.. Он беш экенбиз. Кечээ бирөө
спецэтап менен келген зонадан,-аяккы сөзүн кошумчалап койду четте турган жашы он жети, он сегизде деп айтарлык жаш кыз. Зона!-тилин туурады аскер формачан келин,-eмгек түзөтүү колониясы деп аталат. Зона деп... Блатная турбайбы,-арттараак турушкан эки мент бири-бирине көз кысып, жылмайышты. Кана ал ким экен спецэтап менен келген?- формачан келин баш көтөрүп бет алдында турганы турган боюнча, олтурганы олтурган боюнча аңкайышкан аялдарды сыдыра тиктеди. Тигине... Эс алып жатат. Аннушка турбайбы,-бир ооздон айтты эки мент. Фамилиясы ким эле? Ковалева Анна. Ковалева! -үнүн өкүм
чыгарды формачан келип,-Просыпайся? !. Идет проверка! .. Жол азабын жегенден анан кеч жатып уйкусу канбагандан улам шишиген көздөрүн ирмегилеп, тармалдаткан каралжын чачы саксайган, чап жаак, ээгинин ортосунда чуңкурчасы бар аял эч кандай жалтанууну билбеген көздөрү менен бет алдын тиктеди. Что, шум поднимаем?! Эмне
tүрмөнүн жарымы качып кетиптирби? Сөзүңдү tоктот, жерге түш Аннушка!-жарым жартылай сураныч буйрук иретинде угулду Эрматтын доошу.
Eрмат билесиңби эмне?- ачуулуу чекчейди Аннушканын көздөрү,- Адамды жайына койбойсуңар, зонада
жайбаракат жашабасам, этап менен СИЗОго, СИЗОдон болсо силер проверкаңар менен... Жолдон чарчадым, мени көрбөй билбей жүрөсүңөрбү? Мен баягы эле Ковелева Анна Григорьевнамын, болду эми, тынчымды албагыла, мен уктадым! Хе-хе-хе!.. -күлдү Эрмат, айтаар сөзүн балп эттире айтып салып, терс бурулуп жатып алган аялды көзүнүн кыйыгы менен тиктеп, -Эми буга айла жок, Аннушка деген Аннушка да... Жүр, кеттикпи? Көрдүңөрбү, -деди Мавира эже, менттер эшикти жаап чыгып кеткенден кийин, Аннушка деген ушундай... Уктап эс
алсынчы, далай кылык жоругун
көрөсүңөр... Байкуш анан аябай
адамгерчилүктүү. Тагдыр да!.. Жыйырма жылга жакын өмүрү түрмөдө отүптүр.
Жыйырма жыл?-kөздөрү чакчайды угуп олтургандардын, -
Ушунчалык көп
олтурганбы? Болгону 1953-жылкы... Жаманчылыкты
көп өткөргөндөн болуш керек, мени менен тең болуп турбайбы... Ооба, ырас эле... шыпшынды арадан бирөө... Статьясы эмне? Статьясы дайыма бирөө, 144. Квартирная кража менен үч жолу соттолгон. 23үбар. Ал эмнеси? "РЦД" деп коюшат кыскача. "Рецидивист" . Бир эле статья менен кайра- кайра кылмыш жасап, түрмөгө түшө берсе ошол жыйырма үчүнчүн кошумча иретинде коёт экен. "Коом үчүн коркунучтуу рецидивист кылмышкер деген мааниде. Үч жыл алып кетсе анда муну эмнеге кайра алып келди? Ким билсин аны... Өзү айтып берээр. Баланда келди, көп убакыт өтпөй. Кезек менен экиге бөлүнүп тамак ичмей. Аннушка! Ай Аннушка, тамак ичесиңби? Мавира эже башын жогору көтөрүп үн салды. Рецидивист аял дубал жака караган абалынан бери карай оодарылды. Аа-а!-оозун ачып эстеди Аннушка, -Бу
сен Мавирасыңбы? Кайсы маал болду? Тогуз болуп калса керек... Тамак ичесинби? Тамакка көңүл чаппайт. Катуу чай кайнатчы Мавира, негедир башым зыңылдап ооруп турат? Өтө катуу кылайынбы? Жок. Душевный болсун. Чай барбы, болбосо менин сидорумда бар. Хлебкам салып атты эле... Аннушка ден-соолугуң кандай деги? Оорубай жүрөсүңбү? Баягы операция болгон жеримчи? Өтүмдү алдыртпадым беле, ошол ооруп жүрөт. Бир ирет приступ болуп жыгылдым
зонадан.Ден-соолугуңду карап, абайлап жүрсөңчү? Махорка чеккениңди таштасаңчы, мунун баары терс таасирин тийгизет да. Өтү ооруган адамга ачуу, кычкыл тамак да болбойт турбайбы... Нарасында чыканактаган тейинде оң колун жагына таянып жаткан Аннушка кекээр да эмес мыскыл, кайгы аралаш жылмайганда арык чап жаак жүзүндө, айрыкча ууртунун эки жагындагы бырыштар тогуз каттай чогула түштү. Жомокту сүйлөйсүң да Мавира... Mен үчүн лафа жошоо аяктаган да. Менттердин эмнеликтен спецэтап менен алып келгенин сезип турам. "РЦД" болгондон кийин бүттү да, дагы бир делюганы пришивать эткен жатышат окшойт. Ошондой деп ойлойсуңбу? Болбосо мени эмне тойго чакырды ?
"Анна Гавриловна, келип конок bолуп кетиңиз, деп? Ооба десең... Непада дагы бир срокту моюнга илишсе, бул ден-соолугум менен срогумдун аягына
чыгып, зонадан тирүү чыгарым күмөн. Кой, антип айтпа, жакшылыкты тиле? Аннушка Мавиранын кийинки кебин кулагынын
сыртынан кетирди. Үстүндөгү жүндөн токулган жылуу свитерин башынан ашыра чечип, жалаңкат жыка кофтачан калды. Шконкасынан түшүп, камерадагы аны жардана тиктеп турган аялдарга көңүл бурбай, аттап-буттаган бойдон кире бериш бурчта турган бетон менен тосулган дальнякты көздөй жөнөдү. Бою бир топ узун көрүнөт. Колдору
шадылуу, тартайып буттары да узун. Кезегинде келишимдүү, узун моюну койкойгон келин болсо керек. Мурду биртике узунураак тартып кырдач. Жука эрди качан көрсөң бекем
кымтылуу. Терилбеген узун каралжын каштары дал ортодон бурчтанып турат, андыктан ичке сызыктар чийилген бийик маңдайы менен каштары ага кандайдыр бир менменсинген түр
бергенсийт. Буга айрыкча кошумча болгон көздөрү. Каралжын-күрөң келген көздөрү тик саал- паал муңу бардай жашылдангансып кетет. Ар бир мүчөсү, маңдайы, кашы, көзү, мурду- баары биригип келип күчтүү бир портретти түзгөндөй, эгерде бирөө эле бөлөкчө болгондо көркү бузулчудай
сезилет. Фамилиясы, атасынын атына караганда орус, бирок өң белгилерине караганда бөлөк бир улутка, европа элдеринин кызына окшоштук бардай. Шарт-шурт баскан кыймылына, тартынбай бетке айткан чечкиндүү мүнөзүндө эркекке
таандык да белги бар өңдүү. Не жашынан түрмөгө түшүп, бирде ач, бирде ток болуп жүрүп, кычыраган суук, мээ кайнаткан ысыкка кабылып, кылмыш дүйнөсүнүн жашоосу анын ички дүйнөсүн болоттой бекем, керек учурда катаал кылып чыңаган, бирок башынан өткөргөн кыямат күндөрү аз-аздап ден-соолугунан ажыратып, эти мүлжүлүп сөөгү гана
калгандай. Бул анын
парасына кирген көздөрүнүн жээктерин тордогон эсепсиз майда бырыштардан, күн нурунан кур жалак калган жалбырактай курган, өлөмсүк саргыч түс аркай жеринен байкалган жүзүнөн, бир кездеги келишимдүү
койкойгон, азыр болсо турнаныкындай ичкерип, тарамыштары көгөргөн бырыштуу арык моюнунан билинет. Арийне, буга окшогон чоң-кичине кемчиликтерди жаап-жашырып тургаn башкы белгиси-тайманбас мүнөзү. Лагердик түшүнүк менен тарбия алган бул зэчка тилдүү, бирок ашыкча сүйлөбөйт, каршылаш адамдын кандай болсо да сызга отургузуп коёт. Мындан сөз качып кутулбайт. Кыйыгына калган kишини ыйлатканга чейин алып барат. Бирок ошонусуна жараша кекчил эмес. Ак көңүл экенин байкаткысы келбейт, эгерде кимдир -бирөө ашкере жагалданып, кошомат кыла баштаса чыйкандай
кызарып кетет да, кишинин көңүлү калаарын карабай
кагып салат. Эркекчесинен үч кабат кылып жер-
жеберине жеткире сөгүп киргенде тимеле кулак чуулдайт. Башаламан да сөкпөйт, өзгөчө бир куюлушкан ырааттуулук менен сөөгүнө жеткире шалпып киргенде тиги кыйыгында калган эме кулагын жапыра качкыча шашат. Менттер кыябына туш келеби, аларды аябай сөгүп баштайт. Кылмыш дүйнөсү эки сүйлөбөгөн, жалган айтпаган, эки кишини кагыштырбаган, мүнөзү бекем арестанттардан турат деп эсептегендериненби
Аннушканы кичүүсүнөн улуусуна чейин бүт сыйлашчу
түрмөдө. Аннушкага
менттер да эмнегедир жагалданып мамиле
кылгандай сезилчү. Зэчкалардын ичинен көзгө көрүнгөн авторитет Аннушка эле Алгачкы келген күнүнөн тартып эле Махабатка үйрүлүп түштү Аннушка. Махабаттын күлгүндөй жаштыгын, оорусун аядыбы, ушуну менен жаш жагынан бир айырмасы бар кыздарды эсинe түштүбү, күн-түн болсун сыркоо кызды көз жаздымынан кетирбей көзөмөлдөп бакчу болду. Түнүчүндө буту лукулдатып киргенде чыдабай: Аай, Кудайым ай!-dеп ыйласа, Аннушка да уйкусунан ойгонуп алып жанына олтурат. Ай, шордуу кызым! Жапжаш туруп сенин башыңа кандай оор күн түштү! -деп кейип-кепчийт. Бир карасаң Махабат тынчтык бербей, кайра-кайра ыйлактай берсе, жуурканын серпе ачып, баш көтөрөт
да: Жаагыңды басасыңбы ,же жокбу? Уйку бересиңби кишиге?-деп күңк-мыңк этет. Ичтен булкулдап ыйлаган Махабат жаагын дароо басып, үн катпайт. Эртеси...Эртеси кызык. Энесине таарынган эрке кыздан бешбетер Махабаттын Аннушканы көрөйүн деген көзү жок. Дааратканага, не суу
aгуучу түтүккө баргысы келе да андан көмөк сурабайт, абайлай ордунан турат да үстөлдүн четинен наранын кырын, дубалды таянып, бутун сүйрөп жөнөйт. Суу аккан түтүктү карап илкип баратканын да, боюн токтото албай калтылдап соо бутуна таканчыктай
ооруксунганынан бетин тырыштыра жуунбаткан кыздын ар бир кыймылын жаземдебей көз кыйыгынан өткөрүп турган Аннушканын чыдамы түгөнгөндө, адатынча аттап-буттап, Махабаттын тушуна жетип барат
да, анын ыйыгынан жеңил кармап, өкүм буюрат. Мени таян?!
Эй, секелек, секелек кыз бул жер сага детсад көрүнүп жатабы?... Бул жерди түрмө дейт! Сен бул жерде көкбеттигиңди
көрсөтпө. Көкбеттик эч качан жакшылыкка алып барбайт. Эгерде менин движением корявый болсо глотать этип туруп калбай калчылдаң эгер туура санасаң... Эй секелек, секелек сен бул турмушта эмнени көрүп, эмнени билип коюптурсуң. .. Жүр таңууңду чечип, жараңы көрөлүчү, ириңи токтолду бекен? Ай байкуш
кызым!...Махабат
Аннушканын ийнинен араң
келет. Экөө жетелешип, бири тартайган узун, экинчиси чачы жайылып далысына
төгүлгөн, мойтойгон кара тору кыз, нарага жетип, катар
олтурушат. Капкара, сурмалуу көздөрүнөн дагы эле
таарынычтын изи билинген кыздын жүзүнө аста көз жүгүрткөн Аннушка ага сөөмөйүн кезейт: Көп eркелебе кыз, көп эркелей бербе?.... Сени эч ким
түрмөгө чакырып келген жок....Бекем бол! Бул жашоодо эң биринчи союздашың-өзүң. Ата- энең, бир туугандарың воляда, кыйкырсаң үнүң, созсоң колуң жетпейт. Түшүндүңбү? Алдагы бакырайган капкара көздөрүңдү макоо торпоктой кылып
ирмегилеп тура
берсең, көкбеттенип, анан бир күнү блатной
катындын бирөө, же азуусу кычышкан волчицанын бирөөсү ап! деп сугунуп коёт. Байка кызым, бул жер сага воля эмес, волядагы
ашыкча адаттарыңды унут... Күлүп калышат ийиндери тийише калып... Волчина деген ким aннушка?
Аны зонага барганда өзүң көрүп билесиң. Колдор келсе орто жолдон кайтканың жөн эле... Зона
деген ырайымсыз
мектеп. Ал жерде
өзгөрбөгөн жан болбойт. Ойлонуп калаt Аннушка. Бирок анысы көпкө созулбайт. Мүнөзүнүн бекемдигинин далили да мына ушунда, жүрөк
тытмалаган кайгы ич оорутуп турса да жүзүнөн билгизбейт. Санаага алагды боло түшсө да, шарт эсине келгендей жүзүнөн кайгынын изин дароо жоготууга ашыгат. Темирден бүткөн
жандай бар турпаты. Бир маалда ушунтип сүйлөшүп олтурушуп, анан Аннушка эшикке барып тарсылдата
баштайт. Бурулуп
Махабатка көз кысат: Азыр санчастка барабыз. таңууңду алмаштырабыз. Бул
алардын милдети.
Эмне керек?-орой үн
сырттан угулат.
Ач эшикти! Бул жерде бир кыз катуу оорубатат. Аты
Махабат. Асанбекова
Махабат. Чыдабай
жатат, ачкыла?! Үн Аннушкага таандык
экенин боолгологон мент добушун дароо
жумшартат:
Аннушкасыңбы? ... Азыр коё тур, санчастка барып
айтайын. Бол! Санчасттын начальнигине айт?
Тезирээк! ..Кайда жүрөт ал? Оорулуу кызды бир келип
карап койбойбу?..Азыр, азыр Аннушка...Бир аз убакыт өткөндөн кийин камеранын кормушкасы ачылып,көзү бакыракай.ак жуумал жүздүү, сулуу жаш жигиттин жүзү көрүнөт. Ак халатчан. Ким оорубатат? Эмне болду? Эмне болгонун көрбөй турасыңбы? Бизди камадыңарбы, положняк бизди карагыла. Сени эмне үчүн коюптур? Мобу кызды саат сайын келип карап турушуң керек.. Же мал доктурсуңбу? Бул коновал экен деп түрмөнү курска коёюнбу кандай деисиң? Аннушка бул эмне дегениң? Мен аракет кылып жатпаймбы... Шишиги тарабай жатат. Эмне кылабыз анан.. Улаарып кетсе жаман! Шишиктин тегереги көгөрүп турат. Гангрена болуп кетиши ыктымал. Бая күнү ахвалы начарлаганда тез жардам чакырганда да врач айтты го: "Бутун тезинен ампутировать" этиш керек деп... Көгөрүп болбой койбодубу кызыңар. Жогору чаап кетсе өз убалыңар өзүңөргө... Бүттүңбү?- кекээрлей сурады Аннушка. Тигинин жооп кайтарышын күтпөстөн эле сөзүн улады: Сага эмне көчөдө жаткан буттар, колдор барбы? "Ампутировать" eтиш керек! Сен билесиңби начальник, эгер ампутировать эткиң келсе, сага кеңеш берейин: өзүңдүн эмеңди так түбүнөн кестирип ташта. Эмнемди?-аңкоо сурайт жигит. Тушунда турган мент Аннушканын эмнеге кыйытып жатканын дароо түшүнүп, бырс күлүп терс бурулат. Сөз төркүнүн эми баамдаган жаш жигит жүзү албырып, кулагына чейин кызарат. СИЗОнун дарылоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштегени жарым жылга толо элек. Мурун түрмөдө иштебегендиктен бул дүйнөдөн али кабарсыз, сырларын толук үйрөнүп бүтө элек, ошондуктан түрмөнүн чала күүгүмдөнгөн көрүнүшүнө, миңдеген, он миңдеген адамдардын жыттары сиңип, өзгөчө бир бузулган абага айланып, ушул жерден сасыгы кетпеген камераларга, орой сөгүнгөн сөз кадам сайын угулган түрмөнүн жашоосуна жуурулушуп кете албай, өзүнчө жетим
козудай чүнчүп жүргөн кези. Эмне деп деп жооп берет мунoгу тастаган рецидивист катынга? Унчукпай гана кутулууга туура келет. Эшикти аччы?- деди жанында турган ментке. Анан Аннушканын жүзүнө тике карабай сүйлөдү санчасттын начальниги? Бирөөңөр жардамдашып санчастка чейин жеткирип баргыла, шишигин көрөлү?
Вот это дело! Давно бы так..-kамерадагыларга
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев