2-бөлүм
--Гипнозбу, энеңдурайын! Балээси бар неме окшойт! Байкалдын минткенин биринчи көрүшүм. Кадамдар узап кетти, андан аркы сүйлөнгөн сөздөрү угулбай калды. Иттин үнү ошондон кийин күн бою угулган жок. Гулкадан болсо калдык, -ойлуу үн катты Карыпбек. Эми жок дегенде тамеки чегели. За-то Байкал багынып бербедиби, көзүн күлүңдөткөн Тилек болуп өткөн окуяга ички кубанычын жашыра албай, Карыпбектин көзүнө балалык ишенчээктик менен карады. Сен эмне тигилерден калып калдың гулкага барбай? Сен үчүн корктум. Эгер бирдемке болуп кетсе поддержка кылайын дегем. Иттин боосун үзүп кетчүдөй жулунганын, сенин тиктешип калганыңды көрүп буум тушалгансып баспай калбадымбы. .. Денем дүркүрөп кетти! Бүттү деп ойлодум. Азыр менттер Байкалды коё берет, Карыпбекти талатат! Ушундай ойлодум. Мен үчүн кабатыр болгонуңа рахмат, бирок, Карыпбек сөзүн аялдата тушма-туш нарада отурган Тилекке көз жиберди. Кийинки күндөрдө эмне чүнчүп жүрөсүң? Эгер жашыруун болсо айтпай эле кой?Жашыруун деле эмес Карыпбек,-көзүн бөлөк жака бурду Тилек, -Мен өзүм деле сага айтайын деп жүргөм. Көкүрөгүмдү өйүйт уктатпайт. Сага эле айтпайын... Көп жыл мурун каза болгон апам түшүмдөн кетпес болду. Түнүчүндө чочуп ойгонуп кетсем, жүрөгүм лакылдап чыгат. Ал күнү решкага чыгып сыртты карагым келди. Думугуп кеттим. Жоробайды ойготуп албайын дедим, анын шконкасы решка жакта эмеспи. Ай жылдыздар көрүнбөйт, капкараңгы. .. -Апаң
качан каза болду эле? -Кичинекей чагымда... Анда мен беш-алтыда
болчумун. Апам менин көз алдымда жан бербедиби, мен сага ушуга байланышкан бир окуя айтып берейин дегем. Эсимден такыр кетпейт, бирөө менен бөлүшүп, кеңешким келген. Сыр деген сыр да, көрүнгөнгө айта бербейсиң да... Сага айткым келип жүргөн....
-Рахмат ишеничиңе. Сөздү кандай баштайм дегенсип эки-үч мүнөткө отуруп калды Тилек. Мурду деле анча быйпык көрүнбөйт, өзүнө жарашыктуу мурунтан ушундай тарап көндүрүп
койгонбу, бир тутам чачы маңдайына түшө берет. Анысын өйдө серпип да койбойт, чекирейген тик көздөрүнүн сол жаккысын тарам-тарам чачы жаап калган, ойлуу тунжурап тиктейт кишини. Мына ушунусу менен кишини өзүнө тартат, болбосо Карыпбек алгач көргөндө көңүлүнө анчалык ынаган эмес.Быйпык мурдун теңирейтип, текеберсинип сүйлөгөн жеңил ойлуу пендедей көрүнгөн. Азыр анын алдында ой, мүнөзү терең, таптакыр бөлөк адам отургандай. Мен жалгыз баламын, -кеп баштады Тилек. Биздин айыл Түптөн - Санташты көздөй кеткен жолдо. Бөксө тоолордун арасында, токой деген бизде. Чычырканак, караган, тал суу жээктеген. Улам жогорулай бергенге карагай дегенге тоонун үстү жайнайт. Түгөлбөй Сыдыкбеков, Мукай Элебаев деген атактуу жазуучулар биздин өрөөндөн. Ошол Түгөлбөй Сыдыкбеков туулуп- өскөн айылдан тик бетте бүт карагай өсөт, нечен чакырымга чейин созулат. Атайын карагайдын көчөттөрүн тигип өстүрүп, аны карай турган токойчулугубуз да бар. Сен мага токойчулуктун сырларын үйрөтөйүн деген жоксунбу? Хе хе
хе!... Көңүлүңө алба мен жөн эле... -Чын
эле... Мен узун сабак сөзгө кирип кеткен турбаймынбы. .. Туулуп-өскөн жер укмуш да!... Качандыр бир воляга чыксак Каке, мен сага ушул жерлерди көрсөтөт элем!... Биздин үй ээн, мен жок каңгырап тургандыр... Эх!... Анча эмне? Айтып бүтөйүн Каке. Анын үстүңө балдар да келип калбасын гулкадан. Ашып кеткен жашырууун иш деле жок, бирок жүрөккө түйгөн сырды бирөөгө чыгарыш оор... Жанагы мен башында айткан каза болгон апамчы? Ошону атам өлтүрүп салган да... менин көз алдымда. Эмне үчүн?
Эмне үчүн?-ушул сөз байкабастыктан чыгып кетти Карыпбектин оозунан. Ушундай да аңкоо суроо болооорбу. "Эмне үчүн"? деп. Бирок ага көңүл бурган жок Тилек. Сөзүн улай берди. Ошондой Карыпбек менин атам да эски "каторжан" . Баш-аягы жыйырма бир жыл отурган. Азыр барбы атаң? Бар Балыкчыда жашайт. Өз үй бүлөсү, бала-чакасы бар. Катышып турасыңбы? Кандай десем?- чекесин тырыштырды Тилек. Жүлүнгө тийчүү оор суроо окшойт чамасы, бир азга ооз ачкан жок. Апамды өлтүргөн дебедимби... Он беш жыл берген. Беш -алты жашымда калдым апамдан. Атам "срогун" өтөп келгенден кийин кийин чынын айтыш керек мага каралашымыш болду. Бооруна тартты. Бирок.... -сөзүн аялдарга берип, шыр кетти. Өзүң элестет Каке апам өлдү, жалгыз бала болсом каралашар бир тууган агам, эжем жок көрүнгөндүн колунда жүрүп калдым. "Жаштайынан" апасын эрте жуткан моло! Кара жолтой! деген сөздөрдү да уктум. Каккы да жедим. Канча жакын тууган болсун, үйрүлүп түшпөсүн- өз ата-энеңдей болбойт туура... Жашыман тамеки чектим, кийин чөп да чеге калып жүрдүм. Эми биздин өрөөн өзүң билесиң, нашаанын мекени да! Суу жээктеген токойдун ичи бүт эле кара куурай. Каалашыңча чогулт, кышка "загатовка" кылып койсоң болот.Ии ,ананкысын айта бер? Кайсы жерге келдим эле?... Атам зонадан келди. "Строгийден" . Тиштеринин баары алтындай жаркырайт! Көрсө, ал рандоль экен. "Зонадан" салдырыптыр. Өзү да тиш салчу... Апама чейин эле эки-үч "ходкасы" бар, жаш кезинен олтуруп келатпайбы. .. Өх!...-аңгемесинин оор жери ушул окшойт, Тилектин кареги убайым тарта тумандашып саамга токтоду. Менин беш-алты жашар кезим. Атамдын "зонадан" келгенине аз эле болгон. "Зона" эмне экенин билип коюптурмунбу, биздин көчөнүн балдары менен чүкө талашып уруша кеткенде. Сенин атаң түрмөдө! Сенин атаң түрмөдө! деп шылдыңдашканда баламын да, апама арызданып ыйлап барчуумун. Байкуш апам ырахматы болгур эң эле мээримдүү болчу! Көз жашымды сүртүп, сооротуп атаң жакшы жакында мөөнөтү бүтүп бошоп келет, ошондо сени атка өңөрүп, конокко алпарат дечү. Мен сооронуп калчумун. Атам менин үч жашымда кесилип кетсе, алты жашымда келди да. Бир жолу чоң энем Тилекти Самансырга алып барып келсеңчи эмки барганда? Сагынгандыр баласын. десе апам ыраматылык: Апа ошол түрү суук түрмөнүн кебетесин ушул наристе бала көрбөй эле койсунчу?- дегeнин уккам. Ошондо апамдын "воляга" чыгаарына өзү деле аз убакыт калыптыр. Эмнеге ошондо апамдан коркту деп ойлой берем, же жүрөгү сезгенби, атасы зэк болсо баласы да зэк болуп калбасын деп.Ырым кылганбы же, өзү айткандай түрмөнүн кейпин көрбөсүн деп. Балээден алыс болсун дегениби-байкуш апам!.. Баары бир эле акыры түрмөгө түштүм. Бир эмес, эки жолу. Апам тирүү болсо эмгиче азыркы абалымды көрсө кыйналат беле дейм. Бирок апам айланчыктап эле ушул түрмөдө, менин тегерегимде жүргөнсүйт. Күндө түшүмө кирет. Түндө менин төшөгүмдү бала кезимдегидей кымтуулап, өнтөлөп, бирдеме дегенсийт, же мен анысын уксамчы... -үнү буула калды Тилектин, -ошондон улам таң азандан эрте ойгонуп алып, отурганым ошол болчу эс-мас болуп... анан жаңкы Жусуптун айтканы да oтпөдүбү "Крышаң жыкганы калганбы" ?, -деп. Көрөт элем аны ушундай абал башына түшсө!... Ага көңүл бөлбөй эле кой, өң салды айта калган сөзү... Бу апам эмне эле түшүмдөн кетпейт? Айтсаң Карыпбек, менден улуусуң го? Аны улуусунтуп боорго тартып, көзү өтүп кеткен апасын эреркеп сагынып, өзү түрмөдө оtурса да кайрылбас куштай өтүп кеткен бала чагын эскерип, өзүнөн кеңеш сурап турганына бир чети ичи жылып, бир чети аяп, тунжурай түштү Карыпбек. "Воляда" болсок жыт чыгарып, куран окутуп коёт элек. Эми андай шарт бизде жок. Карылардан укканым бар эле тамак ичилип бүткөндөн кийин деле ошол ырыскынын сообу арбакка тийсин деп багыштап койсо куран сыяктуу сообу тийет дешкендерин. Ошентип коёлу апаң эстеп жүрсө керек, балким түрмөдө экениңди угуп, жаны кыйналып, ошондон кийин түшүңө кирип жүрсө керек. Куран окугандын да эч кимибиз билбейт экенбиз, жанагинтип эскерип, бата кылып коёлу, арбагы ыраазы болсун! Бөлөк учур болсо көз жаш кылар беле, зорго өзүн кармап отургандай сезилди Тилек Карыпбекке. Кайрат жыйып, аңгемесинин аягына чыгайын дегенби, оңдонуп олтурду. Ошол апам өлгөн жыл... Беш-алты жашар кезим дебедимби. Атам түрмөдөн бошоп келген күндөн тарта көзү ачылган жок арактан. Кыжыңдап апама тийишет. Эки-үч ирет урганын да көрдүм. Чырылдап ыйлап ортого түшө калам, ошондо токтотот. Атамдан Ал бүтүндөй "понтоваться" этчү. Ошол мезгилде да ушундай "понятие" бар эмес беле. "Баланча түрмөдөн чыгып келиптир! " дешсе зирилдешип. ООба ошентчүү эмeс беле... Ошонтип атам зонадан чыгып келип алып арак ичип, үйдө жаңжал чыгарып жүргөн күндөрдүн бир күнүндө кеч күүгүмдө дагы кызуу келди. Кыжыңдашып жатып үйдөн чыгып, атамдын үнү короодон бакылдап аткан. Мен үйдүн ичинде отургам. Бир маалда колумдан оюнчугум өзүнөн өзү ыргып кетти, мага ушундай сезилди. Бала болсом да жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей булкуп алды. Үйдөн кантип атып чыкканымды билбейм, кулагыма апамдын жалынган, жардам сурагансыган: "Тилегим, Текентайым, мага тезирээк чyркап жетчи кагылайын?! " -дегeн үнү угулгандай болуп кетти. Биздин үйдүн пайдубалы бийик, атам өзү салыптыр, кыялы менен ичкилик болбосо бул өрөөндө андан өткөн колунан көөр төгүлгөн уста жок, пайдубалдын бою менен теңдеш бетон тепкич бар. Аттап-буттап түшө беримде көрүп калдым, атам олбурлуу киши өтүкчөн дүмүрөңдөп огороддо шыгырап өсүп турган жүгөрүнү туш келди аралап, баратыптыр. Шашкан түрү бар. Каяка баратат, билбейм. Атамдын далысын аңкайып карап эле калыпмын. Бала да болсом ошондо күнү бүгүнкүдөй эсимде: адам боюнан бийик жыш өскөн жүгөрүлөрдүн сабактарын алдастай ачып, тепсегенин тепсеп атамдын жотолуу ийиндеринин кыймылдап кетип баратканы...Эмне болуптур азыр айтам. Атам жүгөрүнүн ичине кирип, көрүнбөй калды. Огород бүткөн жерде алыш бар, андан ары колхоздун талаасы башталат, сол жагы токой-биз айылдын четки көчөсүндө турчубуз... Мына эми даана кулагыма угулду апамдын үнү. "Тилек! Тилек! Бaлам!.... Тилек! Жетчи мага? Өлүп баратам Кудайым ай! Текентайым, менсиз эмне күн көрөр экенсиң?!" -деп жатыптыр байкуш апам. Мен эчак жанына учуп жеткем... Кашанын түбүнө жетип жыгылыптыр. .. Же көчөдөн киши өтсөчү... Демейде киши үзүлбөйт... Апам жана мен. Чыркырап жатам үнүмдүн жетишинче. Апам көйнөкчөн, бир бутун бүгүп, бир бутун сунуп чалкасынан жатат. Көкүрөгүн апчып алган, колунун салааларынын арасы кызыл-ала кан. Көзү жулуу болчу мен жанына барганда. Мага жалынып эле жанагинтип күбүрөп жатыптыр. Басып эле жыгылдым чырылдап. "Апа, тур үйгө кетебиз", атам. Көрсө, тиги канкор атам зөккө мелжеп урган туура! Көрсө апам козголмок турсун o дүйнөгө кетип баратыптыр. Чырылдаган үнүмдү уктубу, бир кезде көзүн ачты. Көралбай жатты окшойт даана, андан ары сөздөн да калды кете берди. Чачы калың болчу жазылып кетиптир...Көкүрөгүн мыкчыган колун албастан, башы көкүрөгүнө шылкыйып кете берди апам. Өлөөрүндө башымдан бир сылаганга кудурети кalбаптыр. Жанталшып качканда, кашанын тyбүнө жыгылып аркасы менен сүйөнгөн абалында ийини башы көтөрүлүп жатканы азыр да көз алдымдан кетпейт. Көз жашына сууланган түшкөн жүзүн алаканы менен шыпыра Тилек ордуна туруп "далняктан" Заранын билинер-билинбес иси келген эшикке туштап баш-аякта "тусовка" ура баштады. Үч кадам суу түтүккө карай, андан эшикке чейин. Бир маалда токтоду белем Карыпбектин кайра көчүк басты. Ушул менин жүрөк сырым, Карыпбек. Мындан башка ичиме сактаган ыйык сырым деле жок, мен куураган маанисиз чөп чекмей, ары-бери "тусовка" кылмай, кааласам Караколго барам, кааласам Бишкекке уруп кетем. Эч нерсе кылгым келбейт. Балким, апам тирүү болгондо бөлөкчө турмуш болот беле аны ким билсин... Апамдын жаны кыйналып менин атымдан чакырып, үзүлүп баратканы мага абдан катуу таасир калтырды! Ошондонбу же башкаданбы ар нерсеге көңүл кошмун, жашоого да башкага да...Атаң экөөңөрдүн мамилеңер кандай? Нормальный эле. Ата-баладай эзилишип кетпейбиз, ортобузда бир чоң дарыя турган сыяктуу, же Ал мен жакка кечип чыкпайт, же мен өтпөйм аркы өйүзгө...Чынын айтыш керек былтыр мурунку "делюга" боюнча камалганда бир топ чуркады. Эки күндүн биринде "дачка" , адвокат жалдап... Балким Ал болбогондо зонаны көздөй сызмакмын, мен болгону 20% өкмөттүн пайдасына төлөө менен кутулдум-шарттуу түрдө. Бирок канча жүгүрбөсүн, канча алектенбесин жүрөгүм кенедей жылыбайт негедир. Берсе алам, бербесе сурабайм. Ушундай биздин мамилебиз. Ммдаа... Конечно атам дечи... Балыкчыдагы турган үйүнө деле барып жашадым. Жумушка орноштурууга деле аракет кылды. Дан тазалап ун чыгаруучу ишканага. Моюн толгоп болбодум. Аялы деле же ич деп үйрүлүп турат, анда эмне күнөө бала-чакасы бар. Чайга отурганда да мелтиреп, дудуктай олтуруп ичебиз. Ооба, бар, жок дегенден бөлөктү айтпайм "напряженка создовать" этет турбайсынбы? Туура түшүн, Каке, бассам-турсам көзүмдө баягы элес атамдын күлтүңдөгөн москоол денеси жүгөрүнү шыбырата аралап баратканы, апамдын көкүрөгүн колу мыкчыган боюнча оор онтоп, кыңылдап мени атымдан чакырып атканы... Ушул эки элес көзүмдөн такыр кетпейт. Эми болсо, апам түшүмдөн кетпес болду...Коридордо ушул мезгилде бак-бак сүйлөгөн менттердин, алардын үндөрүн ачык угузбай дүпүрөгөн селсаяктардын кадамдары иттин үнү угулбай калыптыр. Болбосо
гулкага кубалап барып, кубалап келишчүү эмес беле. Гулка аяктады көрүнөт азыр биздин балдар келишет, муну жөн эле айта салды Карыпбек. Тилек айтып берген окуя анын жан дүйнөсүн чакчалекей кылып ийди. Аргасыздан өз ата-апасын эстеди. Атасынын колуна бычак алып апасына чыркаганын бир саамга элестетип, денеси дүр этип алды.чыркаганын бир саамга элестетип, денеси дүр этип алды. Кудай андай жамандыктан алыс түф-түф-түф. .. Эмне балээни ойлой калды эле? Адатта гулкага адамдарды кандай тартипте алып чыкса, ошондой тартипте камера-камераларга кезек менен айдап киргизишет. Алгач бир камераны, анан экинчисин. Кадамдар дүпүрөшөт. Коңшу камеранынбы, не түпкүрдө жайгашкан хатанын балдарыбы үн беришет өтүп баратышып. Салам, карыпбек. Байкалды "гасить" эттиңби? Молодчик! ... Салам айтып аткан-Гера. Ооруба, Карыпбек! Взаимно! Өзүң да ооруба, -кормушканын тушунан жооп берет Карыпбек. Антпесе продолго үн жетпейт. Гера уйгур жигит "строгач" . 30 га чыга элек курагында эле 12 жыл "срокту" чайнап салган. Эми кайра түшүп олтурат. Жаза мөөнөтүн ала элек. "Подследственный хатада". Эки хата-"осужденка" , соттолгандар олтурушат.Калган хаталар бүт эле подследственный тергөөсү бүтө электер. Эки хата-20 менен 8 аялдардыкы. 18-хата "тооктордуку" . Чакан, эски түрмө. Болгон аянты ушул 20дан саал ашуун гана камера бар. "Продол" же решка аркылуу гана бири-бири менен сүйлөшүүгө болот. Мына азыр да жарылдашпай орто басыңкы үн менен коңшу камерадагылар гана уккудай сүйлөшүп жатканы. Алты, ой-бой алты, сүйлө бул ким? Салам! Как сторона? Мен Таласбекмин. А, Таласбек, кандай? Бир туугандардын Ал абалы кандай? Азырынча болот, "брателла" . Туура түшүн, бир чымчым тамеки жок, "кулак шишип" кетти. Бир эки ором табак түртүп жиберчи? Бизде өзүбүздө аз эле калды. Мели, бир-эки "закрутка" базар жок түртүп ийейин. Эмне жаңылык "хатада" ? Эмне жаңылык болмок эле? Баарыбыз сотту күтүп жатабыз. Бир Кеңештен башкасы тергөөсүнөн "окончалового" кол койдурта элек. Жорик болсо кечээ "осужденияга" которулду. Соту болдубу? Кечээ болду. Төрт жыл "усиленный" . "Делюгасы" эмне эле? "Гоп-стоп" . Нормальный "срок". Мейли анда Таласбек, биякта "децел" "понтт" бар эле, решкадан түшөйүн. Шашпай "прикол" урарбыз. Базар жок "не одним днем живем" -дейт эмеспи... Балдарга салам айтып kой? Оорубагыла! Силерге да ошону каалайм! Хатаңарга мир и воля! Балендердон же аялдар продолду жууганы чыкканда берип ийермин тамекини... Мына ушуга окшогон прикол сүйлөшүлөр. Секунд артынан минута, саат, күн, апта, ай, жылдар арадан jылжып, билинбей өтө берет. Өмүр агат, бирде дайрадай толкуп, бирде коломтодогу өчүңкү тарткан оттой жылтылдап. Бул күн деле демейдеги тизмектешкен күндөрдөн айырмасы жок өтөр беле, "малалеткалар" менен он үчүнчү "взросляк хата" менен байланыштырып турган жол "запал" болду. Камеранын төрүндө чет көздөрдөн далдоо жердеги дубалда тешик бар болчу. Ошол "зэктердин" сөзү менен айтканда "кобура" деп аталган "жолду" "менттер" тинтип жүрүп таап алышты. Күндө кечинде кечки проверка аяктагандан кийин Карыпбек узунунан "шконкасында" жатып алып "Ушастик" деген "погонялосу" бар Максат аттуу жаш баланы тешикке чакырып алып, чын жүрөгүнөн экөө: бири башынан көптү кечирген карышкыр, экинчиси көзү жаңыдан ачылган бөлтүрүк кезинде аңчылардын колуна түшүп калгансыган жаш баланын ортосундагы аңгеме кээде түндүн бир оокумуна чейин созулчу. Кечээ түндө да үндөрү каргылданып, уйкулары келгенге чейин баарлашышкан. Максат атаң менен апаң келип жатабы?
Келип жатат... -ортону дубал тосуп турса да баланын доошунун ишенимсиз чыкканын туюп калды Карыпбек.
"Настроюң "бүгүн жокко, Максат? "Настрой" деле бар, бирок атам...-сөзүнүн аягын айтпай күймөндү бала. Ич өйүгөн бир сыры бардай. Ошону айтсамбы же айтпасамбы дегендей арсар ою билинет. Карыпбек аны шаштырбады. Жүрөгү каалаганды жасасын деп ойлоду. Буга чейин экөө далай сыр чечишкен. Балалык күндөрүнөн кеп салган Максат. Мектеп босогосун алгач аттаган күндөн тартып кайсы мугалим окутканын, теңтуш балдарын, тентектик кылып сабактан качканынан өйдө жашырбай саймедиречү. Бирок негедир ата-энеси тууралуу сөзгө келгенде эле түз жооп берүүдөн тайсалдап, буйтактай баштачу. Бөлөк сөзгө бурчу. Мында бир терең сыр жатканын баамдоочу Карыпбек. Карыпбек аба? - үнү
дирилдеп чыкты Максаттын, -Сиз атамды "зонадан" же СИЗОдон кезиктирген жок белеңиз? Сенин атаң олтуруп келгенби?
Сизге айтсам керек эле..Унутуп калгансыз го?... Эки жолу олтурган. "Строгач" . Кийинкиде "тройкадан" бошоду. Аты Саринжи... Саринжи?-ойго чөктү Карыпбек,-Качан олтуруп чыкты эле? Бир жыл бололек. Аа...ошондой дечи. Таныбайт экем
Максатчик. Анын үстүнө ал "строгач" турбайбы, а мен
күчөтүлгөн тартиптеги колонияда отурбадымбы. Биз "строгачтарды" "старший браттар" деп коёбуз.
Эмнеге? Анткени алар биз көргөн "усиленный режимди" эчак башынан өткөрүп койушкан. "Многоходочниктер" . Тиш каккан, тажрыйбалуу карышкырлар. "Зоналардагы" "разборкаларды" ушул "строгачтар" чечишет дейт го? Ошондой дечи...-буйдала калды Карыпбек, Максатчик, мунун баарынын сага эмне кереги бар? "Заинтересованный" болус керек дейт го? Тем более "малалеткалар" ? -унчукпай калган Максат өзүнөн жооп күтүп жатканын сезди Карыпбек. Кантип жооп бериш керек? Бир эсептен Максаттыкы да жөндүү. "Кылмыш дүйнөсүнүн" "жалпы" , "күчөтүлгөн тартиптеги" "селсаяктар" түрмөнүн улагасын аттагандан тартып "воровской мирдин" кыймылына, жашоо-тирилик түзүлүшүнө ар тараптуу кызыгышы керек деп айтылат. Бул "кылмыш дүйнөсүнүн" аныктамаларынын бири.
Эгер азыр үйрөнбөсөң кийин кеч болуп калат. Түрмөгө түштүңбү демек алды-aртыңды кара. Дос-душманыңды, ак - караны ажыратууга үйрөн. Көп ук, аз сүйлө. "Срок олтуруп" келген "достойный арестанттардан" көбүрөөк "натаска" ал. Негизи, жогоруда айтылган жоболор бөлтүрүктөр баш тоголотконго көнүксүн деген кеп. Түрмөнүн катаал мыйзамына баш ийдирип, моюн толгогондорун жазалап, "кылмыш дүйнөсүнүн" : "Катаал бирок адилеттүү" ! деген негизи жобосуна таяп, арестанттык тилектештикти айтып, эл көзүнө танылган "авторитеттерди" мактап- жактап, эл үчүн "менттердин "куугунтугуна калган эрдиктерин даңалап, эки сүйлөбөгөн, "кызылдарга" сатылбаган чыныгы туруктуу арестанттык мүнөздү тарбиялоо, жаш бөлтүрүктөрдүн көзүн "ал жашоо, бул жашоого" ачып коюу-Карыпбек өңдөнгөн азуусу жетилген карышкырлардын иши. Бирок бөрүлөрдүн чыйырына жаңыдан кадам койгон Максатка ашык сөз айтыыдан тарткынчыктап турат. Жаны ачыйт. Максат сезимтал, ишээнчек бала. Аны алдыда эмне күтүп турат? "Кылмыш дүйнөсүнүн" жазылбаган мыйзамдарын, ,жол-жоболорун ушул кабыргасы ката элек өспүрүмгө айтуунун кажети барбы, жокбу? Айтпай койсо, өзүнөн да ашкан азуулуу бир кашабаң жаш баланын кулагына кумдай куяр, "бул жашоо менен Ал жасоого" көзүн ачып коёр. Дегинкиси, ким кандай "атаска" берет, кеп мына ошондо. Адам тагдырын өз билгениндей өлчөгөн, ден-соолугун түрмөлөп жүрүп тукум курут кылган, үй-бүлө, жолдоштук, туугандык боордоштук сезимдерден кур жалак кып, бир гана "лагердик тшүнүк" менен жашаган, көзүнүн тереңинен от күйгөн, "лагерлерде" жүрүп такшалган бай тажрыйбасын керек учурда пайдаланган, зарылчылык туулган кыйын кезеңде көңүлүнө жакпаган пендени жардан ылдый түртүп ийе турган "жалдуунун" колуна түшсө- Максаттын кандай "натаска" алаары бүдөмүк. Келечеги да ошондой болуп калышы ыктымал. Жооп күтүп жаткан балага иши кылса еңке деш керек эмеспи. Канааттандырарлык жооп алышы да зарыл.Күмөнсүп калса Карыпбектен боюн алыстатып калышы мүмкүн. А карыпбек болсо Максатка үйүр. Кеч киришин чыдамсыздык менен күтөт. Кулак tүбүнөн желпип өткөн сыдырым желдей баланын шыбырдан кийин басыңкы доош менен балалык ачык мүнөз менен эч нерсени жаап-жашырбай айтып бергенинин көөнү сүйөт. Бала да аны сүйлөө, үн чыгарышып күткөндөй, качан болсо "кобуранын" тушунда. Үнүнөн кубанычын жашыра албай: "Карыпбек аба. Кандайсыз" ? -деп сүйлөп ийет. Жаңы танышканда теңатадай "сен" десе, эми "Карыпбек аба" деп кайрылат. Боор тутканыбы аны ким билет. Бир ирет минткени эсинде: Карыпбек аба, билесизби, мен сиздин өңүңүздү жакын жерден көргүм келет! Ушунчалык көргүм келет! Эмнеге? Билбейм өзүм дө... Сизди ар кандай элестетем. Бая күнү түшүмдө көрдүм. Эми буга эмне дейсиң? Бөлөк сөзгө бурубатып араң кутулган. Бүгүн болсо демин ичине алып Максат андан жооп күтүүдө. Балким ушул анын жообу менен жаш бала өзүнчө жыйынтык чыгараар. Максат?-dеди Карыпбек, аста гана, -Бери уксаң мени? Канешна, бул жерге түштүңбү "заинтересованный" bолуп, ар жак-бер жакты билишиң керек. "Сьедебная булочка" болбос үцүн. "Кара робалардын" арасында да ар кыл адам бар. Сага чын тилектен айтаарым Максатчик, бул чөйрөдөн эртедир-кечтир чыгасың. Түрмөнүн тили: "фенялар" блатной сөздр, адаттарын дароо унутушуң керек. Эгер аны унутпай, көчө-көчөлөрдө арак ичип, кээде "чөптөн" чегип алып, "хай-вай" көтөрүп, балдар менен керелден кечке "кучковаться" этип: "ай-уй деп "дизельной" болуп жүрсөң" базар жок " кайра түшөсүң түрмөгө... Ошол, бирге арак ичишип дуулап жүргөн досторуңдун бирөө да басып келбейт, ишенип кой мага. Түрмөдө "блатной" болуп жүргөн күндөн көрө "волянын" бир сааттык таза абасы алда канча артык.Канешно, "кызылдар" "окрестить" этип койсо айла жок "срок тянуть" этесиң, бирок ошондо деле адамдык сапатыңды жоготпой, кишиге кара санабай, эл катары "воровской мирдин" закондорун "придерживать" этип, "левый движение" кылбай, "достойный арестант" катары "воляга" чыгып кетсең болот да, ээ? Болбосо, чын-чынына келгенде көпчүлүгүбүз өз эркибиз менен кылмыш кылып биерге келгенбиз, туурабы? Мына, сен эмне кылып келдиң эле? Бир үйдү "бомбитъ" эткенбиз. Көрдүңбү, ушундай... Карыпбек аба, көңүлүңүзгө албаңыз ээ?... Мына сиз баятан бери түрмөнү унутуш керек дедиңиз го? Сиз... сиз анда эмнеге кайра түшүп калдыңыз? Бул күтүлбөгөн суроо Карыпбекти алдастатып койду. Жооп бериш кыйынчылыкка тураар. Менин жөнүм бөлөк, Максатчик, -биринчи
ушул сөздөр келди ага,- "Менттер" жөн эле "грузить" этип коюшту мага. Акталышым да мүмкүн. Бул бир кокустук сыяктуу.. Ким менен дос болсоң ошонун азабын, же жыргалын көрөт экенсиң. Шайтаңданып, бирөө жолуга калып.. Ошонун азабын тартып жатпаймынбы. Хе!... Буга өзүм да күнөлүүмүн, башынан жаныма жолотпошум керек эле Максат, мобу түрмөдө олтургандарды алып карачы кылмышты көбүнчө
экөөлөп, үчөөлөп, төртөөлөп жасагандар.Бирөөнүн азгырыгы менен бөлөктөр да кабылат. Мына ошондой. Түшүндүңбү? Түшүндүм, аба...-oйлуу чыкты баланын доошу. Эмне, чарчадыңбы Максат? Эс аласыңбы? Жок! Жок! Эс албайм! -тез- тез сүйлөп ийди Максат, - Бүгүн эмнегедир сиз менен
kөпкө чейин сүйлөшүп отургум келибатат. Мурутунан жылмайды Карпбек. Балким акырындап олтуруп, баланын дили агараар. Ниетине көө сүрткөн түрмөгө. анын жашоочуларына, деги эле жалпы адамзатка, анын ичинде бул дүйнөгo жараткан ата-aпасына мээpими артаар. Баса, Максат сөз башында "атам" деп баратып, аягын жутуп койбоду беле? Эмнени айткысы келди экен? Ата-энең качан келип кетишти? Максаттын үнү чечкиндүү чыкт. Билесизби Карыпбек аба, мен бүгүн атам менен апам менен көрүштүм. Апам экөө менен, "следакка" "заява" жазышып, "свиданка" алышыптыр. Ии, анан? Иттей жиним келди атама! Кызуу. Кыйынсынат: "Биз түрмөдө минтип олтурганбыз" ,-дейт өзүнчө эле. Тимеле "вор в законе". А менин ал-абалым, туралуу бир сөзү жок, сурап да койбойт. Апам эле байкуш."Эмне тамак ичип жатасыңар? Жаткан жериң жылуубу? "Ден-соолугуң кандай, оорубай жүрөсүңбү?-дейт. Апама айттым өзүнчө турганда: "Эгер сага атам кол көтөрө турган болсо өлтүрөм түрмөдөн чыгып келгенде! "-десем, апам ыйлайт. Арыктап кетиптир. Атам ылжыңдап мас болуп келип алып баягы эски концерттерин коюп жүрөт окшойт. А менин кичинекей кезимдечи? Алкаш достору менен келет да таң аткыча тамагын, чайын даярдап... Анысы аз келгенсип, апамды элдин көзүнчө чачтан сүйрөп, тепкилеп... Ух! ыр эстесем!.. . -Максат бир азга үн катпай калат. Оор дем алыбатканы кадимкидей угулуп турат. Тешикке көзүн кадайт Карыпбек. Карарган эле караан. Кулагын түрсө баланын оор дем алганы... Эмне унчукпай калдың Максат? Ойлонуп жатам, эмнеге адамдардын баары бирдей эмес деп. Менин атам сиздей болсо... -Карыпбекке бала терең улутунгандай сезилет. Баланы аяп, жүрөгү кысыла түшөт. Атаң деле жаман киши эмес көрүнөт. Жоро-жолдоштору азгырып... Акырындап түшүнүшүп кетерсиңер. .. Ал барибир атаң да!... Максат бул сөзгө ак да, көк да дебеди. Ушундан кийин ошо күнкү маегинин аягына да чекит коюлуп калгансыган. Карыпбек да өзүнчө күдүк ойдо калган Максатты таарынтып алдым деп. Эми карабайсыңбы көп күндөн бүгүн эки камераны байланыштырып турган жол "запал" болуп олтурбайбы!Кичинекей баланын муштуму батканчалык тешик бирок Ал канчалык срлардын күбөсү болду эле. Ал да өзөтү өрттөгөн негизги кайгы эместир, "малалеткаларды" бөлөк "хатага" көчүрүп кетишпедиби. Жүрөгүн бирөө орду-түбү менен эңшерип алып кеткендей сезилди Карыпбекке. Бир да жолу жүз көрүшпөгөн бул баланын канчалык жүрөгүнөн орун-очок алганын эми туйду. Андан дагы "менттер" алaр жашаган он үчүнчү "хатаны" , андан кийин "малалеткалар" турган он төртүнчү "хатаны" астын-үстүн кылып "шмандагандан" кийин "малалеткаларды" төшөнчү-мөшөнчүлөрү менен коридорго чыгарып жатканда Максаттын: Карыпбек аба, оорубаңыз! "Хатаңарга" тынчтык менен эркиндик! - деп узап баратып кыйкырганы Карыпбектин эт жүрөгүнө канжар менен сайып ийгендей болду. Жан дүйнөсүндө уктап аткан буга чейин кыймылга келе элек, ымыркай баланы моокуму кангыча жыттай элек, бирок акыры бир мезгилде өз сааты келгенде козголчу ата сезими эртелеп баш көтөрө: "балам, сен да ооруба садагасы, бөрүлөрдүн чыйырындагы каршы-терши сандап жаткан тикенектүү зымдарга чалынба! Жүрөгүңдө болуп жанган үмүт-тилekтериң өчпөсүн! Кудай Тааладан ниет кылсаң, сени да акыры жарык келечек өзү күтүп, бооруна кысаар.
Бүгүнкү күн ушуну менен аяктады, Оордугу зил таштай күн. Жүрөгүнө бир боор болуп калган адамы алыстап кетти. Эми анын үнүн сейрек угаар. "Гулкадан" эле укпаса. Анан дагы бир адам оюн кууса дагы кетпейт. Ал-чачы ийнине төгүлгөн, муңдуу бакыракай көздүү Махабат деген кыз. Сыртка "гулкага" көп чыкпайт дешет. Авариядан кийин бир буту жакшы айыкпай ириңдеп, түрмөнүн санчастынан эки маал тазалатып, кайра жаңылатып таңдырып турат имиш. Бир топ күн болду Ал кызды көрбөгөнүнө. Бир
көрсөм деген дегдөө бар көкүрөгүндө. ...Түн келатат кайрадан жыла басып.
Аннушка
Аялдар камерасы. Сегизинчи "хата". Буга чейин коридордун эң аягындагы, кире бериште жайгашкан биринчи камерада жашашчу. Келген-кеткендер, түрмөнүн кооросу, ким "этап" менен келип, кимдер "этап" менен жолго чыгаары көзгө дапдайын болуп көрүнүп турчу. "Решка" -тор көздөлгөн терезе сырт жакка тиктейт. Бүгүн аялдар түрмөнүн чок ортосундагы сегизинчи камерага, Карыпбектер байыр алышкан "хатага" көчүп жатышат. Эски ордунан козголушмак эмес, мурунку күнү Бишкектен келген текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү буйрук беришкен имиш:
-Тезинен аялдарды бөлөк камерага көчүргүлө! Коридордун түпкүрүнөнбү, иwи кылса бир жерге... Кире бериш... Келген кишилерге көрүнүп турат экен. Жалдыратып сырттан көзүн албай... Жанагы кыздын аты ким? Махабат... Асанбекова Махабат. Ал эмне болгон кыз?.. Терезенин тушунан кетпейт. Бизге түшөргө чейин машина менен кети баратып аварияга учураптыр. Бир буту ошондон жакшы басалбай күчүркөнүп ириңдеп баспайт. "Прогулкага" бирөөнүн жардамысыз баралбайт. Буту көнөктөй болуп шишип кетиптир.
Санчасты карап жатабы? Эк маал тазалап, таңып берет. Статьясы эмне?
144.Экинчи часть
Жанагыдай кылгыла. Бир
камера таап, аялдарды ошого көчүргүлө.
Жарайт.
Мына эми ошол чоңдордун көрсөтмөсү менен аялдар эски конушун таштап, сегизинчи камерага көр-жер, төшөнчүлөрү, буюм-
тайындарын ташышууда. Камеранын камерадан айырмасы жок. Биp өзгөчөлүгү эски камеранын каптал бетинде терезе баp эле. Ал эми жаңы конуштун эки жагы туюк, ошондон улам ичи күңүрт өңдөнүп
сезилет. Төр жагында бийигирээк орнотулган темир тордон көзөнөктөрү бар терезе. Төрт кабаттуу "шконкалар" төр менен эки каптал жакты ээлеген Кире бериштин оң жагы даараткана, ортодо узун-узун темир үстөл. Мына ушул узундугу сегиз-тогуз кадамдан, туурасы төрт, төрт жарым кадамдан ашпаган тар камерага он алты аялды батат деп ким ойлойт? Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей, батмак турсун кезек менен дааратканага киришип, кезек менен жуунушуп, бал челекке толгон аарылардай ызылдашып, күнүмдүк жашоону өткөрө беришет. Мындан жети- сегиз жыл мурун, рахматы
болгур социализмдин убагында күнөкөр эс алып
уктачу "наралар" эки
кабаттан ашчу эмес
экен,эми камераларга эл
батпайт,сегиз кишилик
"хаталарга" айланды.Төрт кабатка чейин
көтөрүлдү "шконкалар" . Өлгөн-
талганда эптеп төртүнчү кабаттагы ордун жетип алган "селсаяк" эки нерседен сактанышы зарыл. Биринчиси, кокусунан уйку-соо аралаш ушунчалык бийиктиктен таш астаңага учуп түшкөндөн экинчиси, таң эрте чала уйкулуу абалында башын шыпка уруп алгандан. Камеранын ичи кудум jүргүнчүлөрдү
ченемсиз жүктөп, кайдадыр бир белгисиз тарапка алып бараткан поюз сымак. Эшик ачылып, жүргүнчүлөр чыгат, жаңы жүргүнчүлөр кирет. Темир эшик шарак-шурак жабылып, поюз кайрадан алга карай суулдап жөнөгөнсүйт. Адам теринен, жыттан, кирден думуккан, тамекиге ышталган камера. Он алты аял бир учурда дем алып, бир эле мезгилде дем чыгарат. Азыр кыш, ошондо да камеранын ичинде аба оордоп, дем алганга кыйын. Ал эми саратанда бузулган аба камеранын ичинен айланчыктап чыкпай, алкымдан алып муунткансыйт. Айла-амалдары түгөнгөндө аялдар "менттерден" суранышат: Аай, Темир, ачып койчу "кормушканы? " Дем
алалбай кеттик го?...Бир азга ачып койчу байболгур, өпкөм такыр кысылып кетти? Иним, ачып койчу?
Менин сендей эжем жок!-басып кетет "дувак" Бооруңду жеп калгыр!- күйүнөт улгайган аял, -Бир азга ачып койсо өлөт беле? Булардан сурангандан көрө мынабу муздак дубалдан сурансаң угат. Боору таш иттер да!... Өх, тез эле кеч кирсе болот эле, -алка-шалка терге түшкөн аял четки "нарада" жаткан жеринен оодарылат. Азыр мен суранып көрөйүнчү, балким мага ачып калаар,-майда уурулук менен экинчи жолу СИЗОго түшкөн Сабыркүл деген келин ордунан
козголот. Орто бойлуу, сымбаттууу, кара көздөрү шойкомдуу күлүңдөгөн, аңды-дөңдү карабай улуу-кичүүнүн көзүнчө сүйлөй берчүү адаты бар, отуздардагы келин. Айтымына караганда эки күйөөгө тийип ажырашып кетиптир. Сенин сөзүңдү укса эле кол койдум сага!...Байкап
көр,эмнеси болсо да?...-күбүрөңдү "шконкада" жаткан аял. Жылаңайлак бойдон эле камеранын таш астанасын басып, Сабыркүл эшикке жөнөдү: Темир! Темир, бери келип кетчи? -келин "кормушка" деп аталган, тамак сунулчу төрт бурчтуу оюкту жеңил такылдатты, -Темир! "Прадолдон" басып
келаткан дабыш
угулуп, камеранын алдына токтоду. Эмне керек? Эмне
такылдатып жатасыңар? Темир, бир мүнөткө болсо да ачып койчу? Мен
Сабыркүлмүн. Кийинки сөздү укканда "кормушка" шарт ачылды. Отузга чыга элек жигиттин аарчылган
жумурткадай таптаза, ак жуумал жүзү .Фпрмасы да өзүнө кынап койгондой, баш кийими куп жарашат. Бирок дал ушул өкмөт формасы, ага ишенип кайтаруучулук жана түрмөдөгү тартипти сактоо укугу берилгендигинен
уламбы, жаш жигиттин өңүндө кыймылында, көз
карашында кекирейген текеберчилик бар. Сабыркүлдү көргөндө өңүндөгү менменсигендик биртке жоголо, саал
басыңкы үн менен сурады:Сага эмне Сабыркүл?
Эмне?..Эмне?. .Тез эле эсиңден чыгып кетет турбайбы... Эркектер дайыма ушундайсыңар! ... Акырын?!. Акырын сүйлөсөң?.. Акырын эле сүйлөбатам, Жалынып-жалбарып каалаганыңа жетип аласың да.. "Гулкадагы" эсиңден чыгып кетиби? Болду эми... анан сүйлөшөбүз. Деги сага эмне керек. Айтаар сөзүң ушул беле? "Кормушканы" ача турчу, чын эле ысып кеттик... Анан качан кезигебиз? Бул сменде болбойт... Начальникке бир шыбыш жеткен окшойт, - андан аркы сөздөрү угулбай күбүрөшүп шыбырашканга өтүп кетти. Сен кыйынсың го, -деди жанагы четки "нарада" жаткан аял, Сабыркүл сүйлөшүп бүтүп бери басканда. Булардын тилин таба билиш керек да.. Сен кантип тилин таап жүргөнүңдү билебиз!- жактырбагандай күнк этти үстүңкү нарадан бир аялдын үнү, -Түнү бою "гулкага" чыгып, бир бөтөлкө арак, шоколад-поколадына алданып, эзилишип, анан таң атаарга жакын калганда өлө мас болуп келип, жатып калганыңды
билбейт dейсиңби?! Ушул жерден да абийирин сатып!
Сатамбы, сатпаймбы өзүм билем! -каяша айтты Сабыркүл. Батма аттуу улгайган аял козголду: Деги кер-мур айтышканыңарды
койгулачы?...Абийирин сатмактан ыштанын башына кийип алсын, мага деге!... "Кормушка" ачык, үнүңөрдү баскыла, баары угулубатат. Ушунтип бал челекке камалган аарылардай ызылдашып жашаган аялдар сегизинчи "хатага" көчүп жатышат. Төшөнчүлөрү жок калып, эшиги аңырайган эски конуш көзгө суук, ошону менен бирге эң кымбат буюмун унут калтыргандай Махабат ордунан козголбой камерада жалгыз олтурат. Күпчөктөй болуп шишиген сол бутун алга сунган тейинде. Ушул буту такыр айыкпас болду. Айрыкча түнүчүндө жанын көзүнө көрсөтүп лукулдатат. Туруп басаарга дармaн жок. Жылуу ордунан козгогон "менттерге" ры келет. "Шконкасы" да, ырас, терезенин түбүндө эле, качан каалаганда өң бутуна туруп алып тышты карачу. Аны СИЗОнун kороосундагы кыймыл кызыктырчу эмес. Түрмөнүн төбөсүнөн каалгыган булуттарды саат бою карап тура берчү. Сүрүлүп көчкөн булуттар анын орун албай калган үмүт-тилектериндей. Алгалаган максаты бардай шашат булуттар. Тынбай жылат. Эмнегедир асманды, куюлушуп агылышкан булуттарды караганда алда бир ныгыра басып турган оор жүктөн бошогондой, саамга болсо да төрт тараптан кыскан түрмөнүн дубалдарын унутуп, кыял дейин десең кыял эмес, ой санаага окшогон сезимге алданчу
Азыр болсо анын бири жок. Колдон келсе бул камерадан жылгысы келбейт. Бир кезде чогуу жашаган аялдардын ичинен эң yлгайыңкы көрүнгөн Мавира эже келди: Махабат, эмне олтурасың садагасы? Жүр, кеттик... Сенин төшөнчүңдү алып барып койдум. Астыңкы "нарага" жатасың. Кел менин ийнимди таянчы, алдагы оору бутуңа күч келтирбей акырын бас? Эже ушунчалык баргым келбей жатат Ал жакка. Эмне кылабыз эми, кызым... Биздин эркибизде эмес турбайбы. Кел, өйдө болуп, ийнимди таян? Махабат шыңга бойлуу болгондуктан Мавира эжеден кырдуурак. Эжеси белинен кучактап, Махабат ийнинен таянып, эрдин ычкына тиштеп, алга бир кадам шилтеди. Алгачкы бут шилтөө кандай оор: тамандан өткөн дан ачыткан оору зыр этип төбөсүнө чыкты. Түрмөдө жатканың бир эсе, бирөөнүн жардамына муктаж болгонуң эки эсе оордук... Мындан көрө өлгөнүм артык деп эрксизден ойлоп
кетесиң. Бойго жетип ышкындай солкулдаган кыздын аял-эркек аралаш бир коридордон бет
маңдайлаш жайгашкан түрмөдө жашаганынан өткөн кордук барбы?! Бир-экөөсү гана ургаачы "ургаачы дубачкалар" болбосо, бүт эле эркек "менттер" . Алардын шылдыңкөй, текеберсине караган көздөрүнөн, кер- кашык жылдыра, көп маанилүү, бир нерсеге кыйытып айткан уят сөздөрүнөн, өмүрү жыргап өтчүдөй, өз башына жамандык түшпөчүдөй какап-чакап өз кебине өзү маашыр боло каткырган күлкүлөрүнөн Махабаттын төбө чачы тик туруп...
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев