Көздөрү жууп койгон карагаттай мөлтүр, куду кол менен жасагандай бөйтөйгөн оозу бүлдүркөндөй кыпкызыл кара-тору бул келинчек биздин айылга кеч күздө келин болуп келди. Күйөөсү Айткул бою узун, аксаргыл, көгүлтүр көздөрү адамга ар дайым алда кандай ойдун жетегинде жүргөндөй муңайым тигилген, токтоо жигит болчу. Айткулду этек алдынан турмушка чыкпаган майып эжеси (атасынын бир тууганы) багып алган. Мектепти абдан жакшы бүткөн, китеп десе жантыгынан жата калган бул зирек жигит негедир окуган жок. Сыягы, өзүн сойлоп жүрүп баккан майып кемпирди жалгыз таштай албады окшойт.
Апам экөөбүз кечке маал келин көргөнү бардык. Чын эле келинчек сулуу экен. Бизден сүрдөппү же мештеги дуулдаган койдун көңүнүн табынанбы, эки бети албырган келин унчукпай чай койду. Айткул да, жамбаштай үргүлөгөн Ашырбай ава да баягыдай эле суз. Баарыбыз куду азада отургандай унчугушпай отуруп чай ичтик да, апам койнуна ката келген бир байлам жоолугун келинге салып, "этегиңден жалгасын" деп оозун бүлк эттире алкаган болуп анан чыгып кеттик.
Айылга канча жылдан кийин бардым. Кечки чайда отуруп:
- Апа, Айткул аке балалуу болдубу?-дедим негедир анын тагдыры кызыктырып.
- Жок, бечара балалуу болбой жатат. Барбаган жери калган жок, үмүттөрү үзүлүп калды окшойт, быйыл күздө эч жакка барбай үйдө эле болушту,-деди оор күрсүнүп.
Биздин айылда күзүндө гана кол бир аз бошойт. Жайында жайлоого кеткен эл кеч күз кыштоого түшүп, ооруган же иши чыккандар болсо калаага барып кышка чейин иштерин бүтүрүп келишет. А кышта болсо үйлөрдүн чатыры араң көрүнүп, куду кар алдында чоң ажыдаар дем алып жаткандай мордон оор түтүн бүрккөн үйлөрдүн терезелери гана араңжан үлбүрөп, иттер болсо үрсө үрүп, үрбөсө жымжырттыкка тунган айыл тек гана тунжурай жазды күтөт.
Эртеси аш үйдө (кире бериштеги кичине үйдү ушинтип койчубуз) кир жууп жатсам иттин чаңкылдап үргөнүнө удаа эле аялдын үнү угулду.
- Чыкчы, ким келди?-деди атам иниме. Анан кобураган аялдын апам менен учурашкан үнү угулуп, экөө ээрчишип төркү үйгө кирип кетишти.
- Жанар, кел, кызым, жеңең менен учураш,-деди апам төркү үйдөн. "Кайсы жеңем болуп кетти" деп колумду аарчый кирсем кара-тору арык аял отуруптур. Көзүмө жылуу учураган менен тааный алган жокмун, бирок, учураштым.
- Жакшынакай кыз болгон турбайсызбы,-деди аял бетимден өөп. Анан: - Мен тиги Айткул акеңиздин келинчеги Ширин жеңеңизмин,- деп кошумчалап койду.
Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Баягы сулуу келинчек колдору чор, түйтөйгөн арык, бүлдүркөн эриндери болсо чарт жарылып кеберсиген, капкара чачы жоолук ичинде уйпаланган аялга айланыптыр. Көзү гана ошондой нурдана мөлтүрөйт. Кетээрде апам:
- Жеңеңе тиги үйдө турган көк сырды алып чыгып берчи, терезесин сырдайм дейт,-деди. Ширин жеңе короодон чыга берээрде банкадагы сырды халатынын ичине жашырып жатып шуу үшкүрө:
- Качан менин ичим ушинтип бөрсөйөт десеңиз, кыз,-деди муңайым күлүмсүрөп. Не деп жооткоторумду билбей:
- Аз калды, жеңе,-деп жибердим.
- Оозуңузга май, кыз, дилиңизге сала бергиси бардыр,-деди астейдил алкап.
Ошол жайда Ширин жеңенин тилеги кабыл болуп уулдуу болушту. Бүт айыл кубанганы эсимде ошондо. Барган сайын апам "Айткулдун баласы куду өзүндөй зирек, айрыкча математикадан укмуш" деп мактап калчу. Апам анткен сайын "эми өзү окубаган алыскы шаарга баласын окутат, жакшы болгон тура" деп ичимден кудуңдачумун. Бирок, атаганат, Айткулдун тилеги бул жолу да кырчылды. Кыштын кыраан чилдесинде отпускага баргам. Апам таң атпай тургузуп:
- Жүр, балам, тиги Айткул акеңдин жалгызы аттан жыгылып учуп кетпедиби, ошого батага барып келели,-деди. Уккан кулагыма ишенбей селейе түштүм.
- Кантип? Качан? Ал жалгыз бала эмес беле?!-дедим баш-аламан.
- Кудай жалгыз, чоң-кичине, кары-жаш дебейт тура, балам. Айткул атка учкаштырып баратып жыгытып алыптыр. Жүлүнү үзүлүп кеткенби, көзүн ачпай жатып жан берди,-деди апам шуу үшкүрүп. Ушу азыр Айткулдун көзүн көрүү мага абдан оор эле.
Биз батага барганда Айткул таяк таянып өкүрүп туруптур. Үнү куду тээ жер түбүнөн чыккандай күлдүрттөп муңканат. Көз жашым төгүлүп качып кетким келди. Ичкериге кирип баратканда эле Ширин жеңенин:
Айланайын жалгызым,
Ак тонумдун этеги
Чыла болот дедиңби?
Алтыдан ашып жашасам
Күнөө болот дедиңби.. ох-ииий - деген күйүттүү үнү кулагыма шак этти. Ширин жеңе топ аялдын ортосунда отурса да дароо тааныдым. Бир ууч болгон капкара аялдын кайгысы сыртына шоолаланып чыгып тургандай сезилди. Апам жанына барып кайрат айтты, мен даай албай койдум, жанына барганда да айтаар сөз тапмак эмесмин. Али күнгө чейин жерге кирип кетчүдөй таягына бекем жөлөнүп муңкана күлдүрттөп өкүргөн Айткул, капкара болуп бүрүшкөн Ширин көз алдымдан кетпейт.
Кудай бул момун жупту эмнесине мынчалык кейитти билбейм, алар ошол бойдон балалуу болушпады. Андан кийин канча кыш туулган жерге бара албадым. Былтыр толукшуган жайда, жайлоо толгон учурда бардым. Апам экөөбүз сыртта сүт тартып сүйлөшүп отурдук. Жер көөп, буу көтөрүлгөн чоң аңызда бир аял сербеңдеп тезек терип жүрүптүр.
- Апа, тиги ким?-дедим тааный албай.
- Ширин тура, шордуу, үйүнө кире албай тезек терип жүргөн го?
- Үйүндө эмне болду эле?-дедим кооптонуп.
- Тиги Айткул балалуу болот элем деп жаш токол алган.
- Апей, токол алганы эмнеси? Баласын өзү өлтүрбөдү беле?
- Ок, антпе, ким баласын өзү өлтүрсүн, аны кырсык дейт,-деди апам эки жагына элеңдеп карап алып.
- Анан Ширин жеңеде эмне күнөө, бирди төрөгөн аял дагы төрөмөк да, акмак го Айткул,-дедим не дээримди билбей. Бул кыянаттык беле, же аргасыздыкпы түшүнө албай койдум.
- Ошо төрөбөй жатат да бечара. Тигиниси деле төрөбөйт го. Айткул оо бир жылы кышта мергенчиликке барам деп кар көчкү оозун тосуп калган суук үңкүрдө үч күн калып кеткен эле. Ошондо суукка катуу урунган дешет, бирок, бул да айың кеп да,-деди апам күрсүнүп.
- Аны Ширин жеңе билбейби?
- Билсе керек, бирок, чарасы кайсы кемтаалайдын?
- Токолу кандай неме экен?
- Айдан түшкөн дейсиңби? Ал шордуу деле аракеч эрден көңүлү калган неме дешет билгендер. Бир кызы бар экен, аны апасы алып калыптыр. Келгенине жыл айланды, ачылып бирөө менен сүйлөшкөнүн, бир жакка чыкканын деле көрбөдүк. Батына албайбы, же Ширинди аяйбы, ким билет?
- Аяса тиймек беле?
- Андай дебе, бирөө өлбөсө бирөөгө күн жок, бул да бактымды таап каламбы деп келди да.
- Бирөөнүн бактысын талашыппы?
Апам ойго тунжурай унчукпай калды. Бир кезде Ширин жеңе апам экөөбүздү карап басты.
- Апа, Ширин жеңе келатат,-дедим куду анын алдында күнөөм бардай чыйпылыктап.
- Сыр алдырбай учурашып кой, анан дагы бирдемелерди сурап жүрбө,-деди апам акырын. "Эмне демек элем, апам кызык эле" деп ойлонгончо Ширин жеңе жарым кап тезегин ийнине артып алып жакын келип калды. Бул жолу карагаттай көздөрү да мөлтүрөбөй оту өчүп, кемпирдин көзүндөй өлүмсүк бозоруп турду.
- Келиңиз, кыз, айтам, бу жеңемдин жанында отурган караан биз жактыктарга окшобойт деп. Кандай, демдүү жүрөсүзбү? Кошуна туруп көрбөгөнүмдү карасаңыз,-деди муңайым.
- Жакшы, жеңе, жүрөм, өзүңүз жакшысызбы? - Башка сөзгө өтө албай мукактандым. Бирдеме десем эле жарасына тийип алчудай корктум.
- Мен эмне, өлөт дейсизби, жүрөм,-деди кургак. Ыйлап жибереби деп жалт карасам көзү да үнүндөй кургак экен. "Жашы түгөнгөн экен" дедим ичимден. Ширин жеңе көпкө деле отурган жок, куду бир кыжаалат иши бардай алагдыланып, биздин үйгө улай тигилген өзүнүн үйүн, жанындагы кичинекей аппак жаңы чатыр тарапты улам карап ойдолоп отурду да, анан апамдын "кир, чай ич" дегенине болбой кабын көтөрүп басып кетти. Басып бараткандагы карааны да коомай, ишенимсиз болчу. А боз үйдөн түтүн да чыкпай, үн да чыкпай тунжурап, али серпилбеген түндүгү, түрүлбөгөн эшиги суз мелтирейт.
- Апа, Ширин жеңе кетип калса болбойбу?-дедим тамагыма бирдеме тыгыла муунуп.
- Кайда кетет? Бейбактын же күйөөр тууганы же апасы жок болсо. Энеден кийин төркүн жок, атасыныкына батат беле. Эми ушул жерде өмүрү өтөт да,-деди шуу үшкүрүп. Күн бою Ширин жеңе кыялымдан чыкпай койду. "Кантип кетип кала албайт, төркүнүнө барбаса анда башка жакка барып иштесечи? Ушул заманда кантип ушинтип жашасын? Бай-манаптай болуп эки аял алганын кантейин тымпыйып алып. Демейде жерден үн чыкса чыгат, Айткулдан чыкпайт. Жооштон жоон чыгат деп дымагын көр мунун" деп туталандым.
Кечинде уктай албай сыртта көпкө отурдум. Жылдыздар кол сунсаң жеткидей жерде бажырайып жайнайт. "Шаарда мынчалык мончоктой бажырайган жылдыздар неге жок? Балким, бул жакта Ширин жеңедей жаркын аялдар бар үчүн жылдыздар жарык жанат го" деп ойлодум. Бир кезде акырын баскан шыбырт, анан бышактаган үн угулду. Түндүн сүрү башка тура, канчалык кармансам да боор этим титиреп коркуп кеттим. Ордумдан тура калсам Ширин жеңелердин боз үйүнө жанаша тигилген чатырдын жанында бир караан отуруп алып жылып келе жатыптыр. Куду мени аңдып келе жаткандай сезимден бутум жылбай калды.
- Ким?-дедим калтырап. Тиги караан да саамга отурган бойдон жылбай калды да, анан ордунан туруп мени беттеп басты.
- Ким?-дедим ансайын коркуп.
- Мен Ширин жеңеңизмин, коркпоңуз,-деди караан шыбырап. Анан жаныма жакын келди да: -Апей, кыз, сиз эмне уктабай жүрөсүз?-деди күлүмсүрөп. Күлүмсүрөгөнү ыйламсырагандай кайгылуу эле.
- Сизчи?-дедим буттарымдын калтырагын билдирбеске тырышып.
- Мен куруюн,-деди оор улутунуп. - Тиги акеңиздин жаш токол алганын уккандырсыз. Мага келген түнү "бөйрөгүң түшүп калбасын, кыйнабайын, укта" деп турам. Тигиниси болсо бир түнгө да чыдабай кетеби билбейм, таң аткандан акыйып акеңиздин жолун акмалап, күн бою бетин жууп жасангандан колу бошобойт, өлүгүңдү көрөйүн шерменденин. Жыл айланып баратат же бир тууп жиберген жок,-деди күйүп-бышып.
- Сиз неге уктабай жүрөсүз?-дедим таң калып.
- Тигилер уктады бекен деп эле бара калгам,-деди Ширин жеңе көзүн ала качып.
- Ким?
- Акеңиз менен тиги токолу да.
- Алар эмне, сизге жанаша жашап жатабы?
- Жанаша жашабаганда кайда бармак эле, тигине чатыры. Кыштоодо го жакшы, мен чоң үйдө, тиги шерменде акемдердикинде,-деди эми эле өзү жанында отурган аппак чатырды колу менен жаңсап.
- Кетип калбайсызбы?-дедим оюм ичиме батпай.
- Кайда кетем, кимдикине барып батам, кыз? Менин үйүм ушул, көз ачып көргөн эримдин үйү. Мына, көрөсүз го, мен дагы төрөйм, тигиниси кетет ошондо. Анан да акеңиз мени жакшы көрөт, ошон үчүн кетем десем көнбөй жүрөт. Ал деле тукум калсын деп айласыз үйлөндү...-деди үмүтү үнүндө жалындап.
( уландысы анан кирет)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18
Ушул ссылкага кирип окусаныздар болот уландысын