Сүйүү деген эмне, ата?- деди 17 жаштагы уулум.
Бир нерсеге жаны ачып тургандай сезилди. Жүзүнө тиктеп, 17 жаштагы так өзүмдү көрдүм. Ошол өң, ошол келбет, ошол кумары күч боз улан. Мен үчүн бул суроого жооп берүү жеңил болгон жок. Анткени жашың 50гө таяп калганда 17 жаштагыдан башкача ойлонот экенсиң. Мен эмне дешимди билбедим. Мал тейлеп жаткан элек. Алаксытмакка «сен жылкыларды сууга айда, бул сурооңо мен эртең жооп берем» дедим. Өзүм сүйүү эмне экенин түшүнүү үчүн жарым жашым өтүп кеткенин айтып бергенге даяр эмес элем.
18 жашымда мен да күйүп-жанып ашык болгом. Бир башкача доор эле. Ал деле сүйбөдү дебейм, сүйдү. Көрсө, адамдар акыл деңгээлине, дүйнө таанымына, адеп-ахлагына жараша сүйөт экен. Элдин баарында эле меникиндей эч нерсеге карабаган ысык сезим жок экен. Ал адам мени башкага алмаштырды. Колунда бар, чиренген, машина тепкен байдын баласынын колун кармады. Үйлөнүү тойго даярданып дуулдап жүргөн мен анын мамилеси сууп кеткенин деле байкабаган экем. Дал тоюбуз болор күнү «сени сүйө албайм, көптөн бери мен башкага ашыкмын» деп басып кетти. Тойго камылга, азан-казан түшкөн эл, томсоргон ата-энем калды. Мындайда эмне кылабыз? Албетте, тойду токтотмок жок. Намыс үчүн дейбиз. Ата-энем жактырып жүргөн жана сөзү өткөн жерден сүйлөшө коюп, тойду токтотпоонун амалын кылып мени үйлөнтүштү. Эч көңүлүм толбоду. Көздөрү ботодой жайнаган, чачтары сеңселген, бой мүчөсү келишкен тиги сүйүктүүмдүн ордуна чыканагымдан араң башы өткөн, сапсары илмийген ичке кызды карап алып түтөп турдум. Айла жок.
– Илбериңки, акылдуу, ыймандуу, мындан башка бизге эмне керек эле? Кудайым кут кылсын!- деп апам жалбарып жүрөт.
– Түбү бар жерден келин алдым,- деп атам мактанып жүрөт.
Айтор, менден башкасынын баары бактылуу. Ичимден кыжынып ушу каргашалуу той эптеп өтүп кетишин каалап жаттым. Той да болду, тойдун эртеси да болду дегендей. Аргам жок жашап калдым. Сарым тың келин чыкты. Ички-тышкыны бирдей тейлеген, оозунда сөзү бар, жаш болсо да токтоолугу, тазалыгы, адептүүлүгү менен менин ата-энеме, туугандарыма жагып кетти. Мен сүйүп жибербесем да, мурункудай ичим өрттөнбөй калды. Балдарым биринин аркасынан бири төрөлдү. Казактын улуу акыны Абай айткандай, «Сүйбөгөн аялдан сүйүктүү балдарым болду».
Жүрөгүм аңгыраган боштукту балдар ээлеп алды. Өмүр өтүп жатты. Бир күнү чөп чабыкта жүргөн элек. Кичүү уулум чуркап келди.
– Ата, апам кыйналып жатат. Нан салып жатып жыгылып калды.
Алдастап чуркап жөнөдүм. Келсем эсин жоготуп жатыптыр. Көтөрүп барып жаткырып, бети-башына суу чачтым. Эртеси ооруканага алып бардым. Сарым ооруп жүргөн экен. Кейибесин деп мага айтпаптыр.
– Сени аядым,- деди ал онтоп. – Эмки жылы кызыбыз окууга тапшырса, калганына да каражат кетет деп...
– Мен табат элем го. Мен эмне кылып жүрөм? Сен, анан балдар үчүн кара жанымды карч уруп жүрөм го.
– Билем,- деди күлүмсүрөп. Ооруканада жата турган болду. Жан дүйнөм алай-дүлөй болуп кетти.
– Коркпо,- деди ал көзүн жумуп жаткан абалында. – Мен айыгам!
Кичине колдорун кармап отурдум. Чыканактайым менин, сарым, сары гүлүм, назик гүлүм. Сага тоодой жүрөктү бериптир. Ааламдай мээримди бериптир. Кечиксем уйку көрбөй, жанымда болсо жеңилимди жерден, оорумду колдон алып, барга, жокко, түмөн түйшүккө батып келген жубайым. Өзүм да назик сөздөрдү айта албаган жаным күйпөлөктөп эле кете албай жүрө бердим.
Аңгыча палатада жаткан бирөөгө гүл көтөрүп күйөөсү кирди. Ал гүлүн берип аялынын маңдайынан өпкөндө сен бир кызыгуу менен тиктеп турдуң. Мен сага эч бир убакта гүл белек кылбагам! Ыйлагым келди. Туруп барып дүйнөдөгү эң кооз гүлдөрдү алып келип бергим келди. Ошенттим дагы. Сен таң калып тиктеп алдың.
– Магабы?
– Сага!
Көзүнөн бакыттын шооласы төгүлүп турду. «Мындан ары сага ар дайым гүл тартуулайм, байбичем. Өтмүшүмдөгү жаңылыштыгым, сени теңсинбегендигим, сага көңүлүм толбогондугум үчүн өкүнөм. Айыгып кетсең эле баарын кылам» деп жаттым. Тилегим орундалып, сарым айыгып чыкты. Андан бери биздин жашообуз мен тартуу кылгандай гүлгө айланды.
Уулум, сүйүү деген ушул нерсе экен. Ишеним, кыя албастык, достук, чынчылдык тура. Сүйүү – бул алуу эмес, берүү экен. Апаң мага кайрымжысын сурабай, талап кылбай туруп баарын берди. Сүйүү берди, силерди берди. Ким билет, эгерде мага кимдир бирөө 18 жашымда, күйүп-жанып турган учурумда "сарыңды сүйүп каласың" десе ишенбес элем. Балким, сен дагы ишенбестирсиң. Бирок бул жашоонун улуу чындыгы. Сурооңо жооп берүү үчүн атаң сага ушулардын баарын айтып бергенге мажбур. Андан аркысын өзүң чеч...
Марат
#БакытҮйү
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9
А силерге бакыт каалайм сары гулунор менен баландын бакытын бирге коргуло
Сүйлөшүп жүргөн жигитим армияга кеткенде, сагынгандан мени да армияңа ала кет - деп ыйлаар элем.
Ал келгенче мени ала качып кетти.
Ошентип ажырап калдык....
Бирок бала кыял ,жаштыкта берилген сүйүү жүрөгүңдүн бир жашыруун камерасында , өлбөсө да мен бармын дегендей белги берип жашай берет экен.
Ар түрдүү адамдар ,ар кыл тагдырлар