#аңгеме
Пландык медициналык текшерүүдөн кийин чакырткан догдурдан жан дүйнөсүнүн бырын-чырынын чыгарган сөздү эшитип, эңги-деңги болуп чыкты Жаркын. “Сиздин анализдериңиздин жыйынтыгынан ак кан менен ооруп жүргөнүңүз белгилүү болду”.
Ак кан, ак кан… Азирейил сымал туюлуп кеткен ак халатчандан үч айлык өмүрү калганын да укту. Сооп болот, “ачык айтып, ак сүйлө” деп туруп албадыбы өзү дагы. Бир жылга жетпей күм-жам болорун укканда эми мүйүз чыктыбы?
Эс-мас абалда үйүнө жеткен аялга эми бардык көйгөйлөрү арзыбаган нерседей туюла баштады. Аттиң, неге болгон өмүр жашын күйүп-бышып болбогон нерселерге кайгырып, бирөөлөргө ачууланып, жаман көрүп, таарынып жана таарынтып өткөрдү экен? Жер үстүндө өткөргөн элүү эки жылдын ичинде качан акыркы жолу кимдир бирөөгө жылуу сөз айтып, көңүл көтөргөнү эсинде жок.
Алда немеге алагды болуп, дайымкысындай кабак үйрүбөй, босогону ойлуу аттаган Жаркынды келини адаттагыдай эпилдей тосуп алды. “Үфф” деп үшкүрүнө, өтүгүн чечип атканда үйгө кийчү бут кийимин илбериңки алдына коё салган келинин негедир бүгүн биринчи жолу көргөндөй аяй да, жакшы көрүп да тигиле тиктеди ал. Кайненесинин адаттан тыш көз карашынан үркө, жалкоотой болгон келини Зарыл коркуп да кетти: “Бүгүн эмнеден жаздым экен?” Ага ачуулана тургандай деле себеп жоктой. Кайненеси үйрөткөндөй дасторконун жайнатып, камыры үлпүлдөгөн күлчөтайын жасап, чайын ысык демдеп күтүп отурду го. Балтыр бешик баласынын ыйлаганына кайыл боло, болгон жууркан-төшөктүн баарын күнгө жайып, үйдү мизилдете жыйнап чыккан, үйдүн тазалыгынан жаңыдан ремонт болгондой таасир калтырат. Антсе дагы апакесине ишенич жок, жүнү тескери айланган күнү жакшыны да жаман дейт. Жаркын келинин эле эмес, аны төрөп чоңойткон апасын, көздөй көргөн кудагыйын өлүү дүйнө үчүн таарынткан жайы бар. Жупуну жерден кыз алып жатканына куру намыска алдырган зайып келининин себин түшүрөрдө кудагыйга телефон чалды. Такып сурап отуруп, жесир аялдын кызга он жууркан, төрт жер төшөк, бир сандык, анча-мынча идиш-аяк камдаганын укту.
– Бул эмне деген шумдук! Алкылдады аял. – Сеп көргөнү келгендердин бетин кантип карайм эми! Кой кудагый, мунуңду кой! Кызын жакшы жигитке жолугуп отурат. Бактысы тоодой экен. Бир жолу чыдап, уктоочу бөлмөнүн гарнитурунун чешскийинен алып бер. Тиричилик техникалардан караштыр. Хрусталь идиштерден кош. Жууркан-төшөк керек эмес, үйдө толтура.
Телефонун өчүрүп койду. Зарылдын энеси ыйлай-сыктай, насыя алып кудагыйынын буйругун аткарган эле. Андан кийин очойгон насыяны эки жыл катары төлөгөнүн укканда “өлүп кетпейт, Жакинимдей күйөө бала жолдо жатыптырбы” деп кайдигер болуп койгон Жаркын.
“Байкушум. Жалтак да болуп бүтүпсүң. Сенин болгон күнөөң – уулумду жакшы көргөнүңбү? Жакиним үчүн менин болгон жинди кыялымды көтөрүп, төркүнүңө шек билдирбей чыдап жашап келе жатасың. Мен куруюн. Кызымдай болгон сенин баркыңа жетпей”.
Жаркын ичинен өксөп-өксөп алды.
Чайдан кийин Жаркын эмнегедир кооздуктары салынган кутучасын аңтарып чыгууну каалап кетти. Эмне гана жок! Күйөөсү экөө үйлөнгөндөн тарта бирде аны кыйнап, тултуңдап, бирде акырын алдап-соолап жатып саттырып алып чогулткан алтын-күмүштөрүнүн баасы бир жакшы машине сатып алганга жарачудай. Бирдеме сурайын деп кире калган Зарылды колу менен жаңсай, чакырып алып четинен ар биринин тарыхын айтып бере баштады. Мынабу ипичке, назик моюнга такчу чынжырчаны тун кызы төрөлгөндө тартуулаптыр күйөөсү. Ошондогу жаш атанын өпкөсүнө батпай сүйүнө, келинчегин эркелете мойнуна таккан алтындын боюна кандай зор сүйүү, бакыт сиңген эле?! Жөжөдөй наристесин жарык дүйнөгө апкелген жарын кантип кубандырарын билбей, акыры алтын дүкөндөн үлпүлдөгөн келинчегиндей назик чынжырчаны сатып алууга айлыгын бүт короткон күйөө бир ай бою ар кимден карыз сурап жүрдү. Жылдар өттү, алтындардын салмагы канчалык оорлоп, жоон-жолпу тарткан сайын, аялына деген жарык сезим да ошончолук азайып кете берди. Мына эң акыркы алдырганы – бриллиант чөгөрүлгөн, өрүм-өрүм болуп жасалган моюнга салчу алтын шөкөт. Аны коштогон салмактуу билериги. Бул кооздуктарды араб өлкөсүндө иштеген курбусунан сатып алган. Күйөөсү китепкана чогултам деп жыйнап жүргөн акчасын алкынып-жулкунуп, ыйлап-сыктап төлөттү.
-Келегой…
Кайненеси Зарылдын мойнуна, колуна кооздуктарды тагып, дагы бир жолу чочутту. “Муну тагынып жүр, балам. Сага белегим. Ак кызматыңа рахмат, садагаң болоюнум. Жакиним менен тең кары. Мага караганда, сага жакшы да жарашат экен”. “Коюңуз, өзүңүз тагыныңыз” деп асман-айдан кеткен келинин ой-боюна койгон жок.
Китепкана демекчи… Күйөөсү адабият жаатында илимий кандидат болгону менен, өзүнчө иш кабинети, өздүк китепкана жөнүндө кыялданып гана тим болуп келет. Башында үйү тар болду, кийинчерээк чоң үй салышканда кабинетке деп арнаган бөлмөнү аялы “кыргыз үй” атап, эринин кагаз-кугаздарын жертөлөгө түшүртүп салды. “Чаң сорот. Келген киши-караны жаткыра турган бөлмө да керек экен”. “Кыргыз үйгө” андан бери көп болсо жыйырма жолу конок алынды. А күйөөсү бапкесин көтөрүп алып, күндө ашканага барып, түндүн бир оокумуна чейин кагаз жазат. Муну ойлогон Жаркындын бети кызарып, чачынын учуна чейин ысып кеткенсиди. Чечкиндүү керебетинен туруп, кыргыз үйгө жөнөдү. Жаркындын мактанчаак ички дүйнөсүнө жагымдуу бөлмөлөрдүн бири ушул эле. Дубалдарына карышкырдан баштап, илбирстин терисине чейин илинип, күмүш менен шөкөттөлгөн камчы, тоостун типтирүүдөй катырылган кеби кондурулган. Кымбат баалуу жыгачтан жасалган кош сандыкка тирелте жыйылган саймалуу тукаба жууркандар, не бир кооз куралган жер төшөктөрү, жүнү сеңселген капкара көлдөлөңдөр, жерге салынган атайын буйрутма менен жасалган Ат-Башынын шырыган шырдагы көз жоосун алат. Киши кирбегендиктен бардыгы жапжаңы боюнча, эч өзгөрүүсүз. Болгону ай сайын кагып-күбүп, күнгө жайган Зарылдын түйшүгү күч.
Жаркын оюна бирдеме келгендей, телефонун көтөрүп, жүк ташуучуларды чакыртты. Жакында курбусу кыргыз үйүн жасалгалайм деп жатканын укту эле, ага телефон чалып, “арзаныраак сатып аласыңбы?” деп сунуштады. Анын оокаттарына кызыгып жүргөн курбусунун көктөн издегени жерден табылып, дароо макул болду. Кечке жетпей кыргыз үй каңгырап бош калды.
Эртеси бөлмө киши тааныгыстай өзгөрүп, кооз терезе парданын ордуна жалюзи илинди, жазуу үстөлү, чарчаганда жата калгандай жумшак диван, китеп текчелери коюлду. Кабинетти Жаркын демейкисиндей эле берилүү менен жасалгалады. Күйөөсү иш сапардан келгиче жетишип калайын деп шашты. Бардыгы ойдогудай болду, бир гана китеп текчелери бош. Күйөөсү келгиче китептер менен толтуруп коюуну каалаган зайып тааныш китепканачыга барууга да үлгүрдү.
-Ммм. Сөзсүз түрдө текчеде турушу шарт китептер кайсы дейсизби? Биринчи кезекте, Айтматовдун сегиз томдугу. Анан албетте, Сыдыкбеков, Баялинов, Жантөшев. Дүйнөлүк классикадан Шекспир, Гюго, Мопассан, Дюма, Лондон, Достоевский, Чехов, Лев Толстой Булгаков сөзсүз турушу керек. Кайсы бирин айтсам?
Жаркын шаардын китеп дүкөндөрүн түрө кыдырып, китептердин кымбаттыгына айран калды. Үйдөгү китеп текчелерин толтурууга чач-кирпиги чак келчүдөй эмес. Үмүтү үзүлө, эски китеп саткан жайларды кыдыра баштады. Мына, кудай берет деген ушул, дары-дармегине пенсиясы жетпей жаткан профессор орус кемпирдин үч миң китептен турган укмуштуудай сонун коллекциясына туш болду. Арасында сейрек кездешкен адабий экземплярлар да бар. Профессор Жаркындын баалуу буюмдары менен алмашууга макул болду.
Иш сапардан кайткан күйөөсү жасалгаланган кабинетине кубанычына чек болбой, үй-бүлө сонун маанайда тамактанып жаткан кезде, Жаркындын телефону чырылдады.
Алло?Жаркын Алиевабы?Угуп жатам.Сиздин тынчыңызды аймакты догдур алып жатат. Сизден дарылоо мекемесинин атынан кечирим сурайбыз, анализдер башка кишиники менен алмашып кетиптир. Коюлган диагноз туура эмес, сиз куландан соосуз.Гмм. Рахмат.
Телефонду өчүргөн Жаркын жүзү жайнап, “ эмки дем алышта лыжа тээп келсек кандай болот” деди жадырай.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4