ТҮРМӨДӨ ОТУРГАНЫНА 5 ЖЫЛ БОЛСО ДА АЛ МАГА ЖАШОО БЕРБЕЙ КЕЛЕТ»
«Менин баянымды уккан соң, мүмкүн, мени күнөөлөйсүз, балким, мага бооруңуз ооруйттур. Бирок жаштыгымды, келечегимди туңгуюкка кептеген баянымды көпчүлүккө айтып аз да болсо жеңилдегим келди»,- деген кат жаш келинден келди. Түркиядагы Айназик менен (каармандын каалоосу менен аты-жөндөрү өзгөртүлүп берилди) телефон аркылуу байланышып, башынан өткөн окуясын уктук.
«КЕЛИН БОЛУП БАРГАНДАН 3 ЖУМА ӨТПӨЙ МЕН ҮЧҮН ТОЗОК ЖАШОО БАШТАЛДЫ»
-Мен Нарын шаарында төрөлүп-өскөм. 14 жашымда Руслан деген жигит менен таанышып калдым, ал менден 4 жаш улуу эле. Өспүрүм кезде жигит менен сүйлөшүү кызык болчу да, ошентип жигит жандап калдым. Жакшынакай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, сонун күндөрдү өткөрдүк. Ортодо майда-чүйдө таарынычтар болуп турчу, бирок бат эле жазылышып, табышып алар элек. 3 жылдан соң экөөбүз таарыныша кеттик, бул таарыныч көпкө созулду. Ошентип сүйлөшпөй, ар кимибиз өз жашообуз менен алек болгондой сезилген. Мектепти бүтүп, Бишкек гуманитардык университетинде 3-курста окуп жатканда Руслан мени ала качып кетти.
Келин болуп баргандан 3 жума өтпөй мен үчүн тозок жашоо башталды. Жолдошум ичип келип кол көтөрөт, соо кезинде деле мени көрсө ызырынчу болду. Жаңы үйлөнгөн жаштар бири-бирин көргөндө бактылуу жылмайып, шынарлаша жүрүшөт го. Бизде андай болгон жок. Биздин бактысыз башталган үй-бүлөлүк жашообуздун себеби – биринчи түндө менин кыздык белгим жок болуп чыкты. Дароо эле мени күнөөлөбөй туруңуз. Анткени мен жолдошума чейин эч ким менен болгон эмесмин, бирок анымды бир өзүм, анан бир Кудай билген боюнча калды. Кийин баламды төрөгөндө гана акушер айым кыздык белгим чоюлчаак экенин айтты. Анда баары кеч эле.
«ЖОЛДОШУМ 15 ЖЫЛГА КЕСИЛИП КЕТТИ»
-Бирде ачык, бирде кабакка кар жааган маанайда ортодон жарым жыл өттү. Бир күнү Руслан үйгө кеч келди, кийимдеринде кандын тактары бар экен. Эмне болгонун сурасам «достор менен кой сойдук» деп койду. Ошону менен унутулуп калган. 2-3 күндөн кийин милиция кызматкерлери келип «киши өлтүрүүгө шектелип жатасың» деп жолдошумду кармап кетишти. Руслан «мен күнөөлүү эмесмин, күбө катары суралып чыгам» деп бизди сооротуп жаткан. Бирок иш тергелип отуруп, соттун өкүмү менен жолдошум 15 жылга кесилип кетти.
Ал кезде кош бойлуу болчумун. Мен жаңы келгенде эле кайненем жактырган эмес, «шаардык кызды аласың, оокат кылганды билбейт экен, салтты кармабайт» деп жолдошумдун мээсин жей берчү. Руслан кеткенден кийин кайненем экөөбүздүн мамилебиз такыр эле оорлошуп, ал «бул үйдөн чыгып кет, сени кармаган эч ким жок» деп басып кетти. Кайнатам жоош киши, ошентсе да батасын берип, «өз теңиңди тап, али жашсың» деп жылуу сөзүн айтты. Башынан мага колдоо көрсөткөн жалгыз кайнатам болчу. Ошон үчүн да кармалдым окшойт.
«БАЛАМ ЭНЕ МЭЭРИМИ ЖОК ЧОҢОЮП ЖАТАТ»
-Ай-күнүм жетип уул төрөдүм. Балам бирге чыгып там-туң басып калганда ал үйдөн чыгып кеттим. Антпесем жашоом такыр эле тозокко айланып бараткан. Бир жагынан кайненемдин тилин таба албай кыйналсам, экинчи жагынан Руслан чалып «көрүнгөн менен жүрөсүң» деп эзе берди. Менин кыйналганымды көрүп жүрүп атам жүрөк оорулуу болуп каза тапты. Ошондон кийин апам, бир туугандарым да «ал үйгө экинчи бутуң басып барбайт» деген талап коюшкан. Ошентип жолдошум экөөбүз ажыраштык.Мен да бир кезде «кандай эне баласын таштап кетет?» дечү элем. Ошолордун катарына кошулдум. Мен үчүн азыр да оор, азыр да жараатым ачык бойдон. Балам эне мээрими, сүйүүсү жок чоңоюп жатат. Бирок бир сүйүнткөнү чоң ата, чоң апасы абдан жакшы көрүшөт, небереси үчүн ичкен ашын жерге коюшат. Кары адамдар жалдырап «таштап кет» дегенде алардын сунган колун кага алган жокмун, баламды таштадым.
«ЖОЛДОШУМ ТҮРМӨДӨ ОТУРУП АЛЫП ЗЕРИККЕНДЕ МЕНИ ЭРМЕКТЕГЕНСИЙТ»
-Нарында андан ары жашоомду уланта албайт элем, баары тааныш адамдар, баары мени карап сөз кылгансыйт. Руслан да кайдан-жайдан телефон номеримди таап чалып «сен тигиге карап коюптурсуң, буга минтиптирсиң, сени өлтүрөм» деп коркутат. Өкүндүргөнү, эмне үчүн абакта отургандар телефон менен каалаган убакта чалып, ээн-эркин ар ким менен сүйлөшө беришет?
Алыс кетсем жайыма коёттур деп Түркияга кеттим. Бирок жолдошумдун колу бул жакка да тез эле жетти. Социалдык тармактардан «балаңды экинчи көрбөй каласың, жооп бер!» деп жазат, же досторунан дубай-салам жөнөтөт «телефон номериңди бер, апаңды, бир туугандарыңды ойло!» деп. Каякка барып жашынып, кимге барып арманымды айтарымды билбейм. Түрмөдө отуруп алып зериккенде мени эрмектегенсийт. Менин кандай аба менен дем алып, ким менен сүйлөшкөнүмдүн баарын кайра өзүмө тизмектеп айтып берет. Ошон үчүн бирөөгө кайрылып арманымды айткандан да корком. 5 жыл жаза мөөнөтү өттү, мага эртең эле чыгып маңдайымда туруп калчудай сезилет.
«КҮЙҮТҮМДҮ ЖУМУШ МЕНЕН ЖАБАМ»
-Келечегимди ойлонбойм деле. Мен үчүн баары туңгуюк. Жакындарым «жакшы адамга жолуксаң баары өзгөрөт» дешет. Бирок артымдагы үй-бүлөлүк тажрыйбадан улам кайра ошол казанга түшкүм келбейт. Азыр күйүтүмдү жумуш менен жабам. Таңкы 5тен түнкү 12ге чейин жумуштамын. Алаксыйын, эч нерсени билбей, сезбей калгыча чарчайын дейм. Бирок ой күлүк да, баары шурудай болуп көз алдыма тартыла берет. Азыр 26дамын, бирок өтө көп жашап койгондой сезилем өзүмө. Ошо, эже, менин окуямды укканыңызга рахмат. Бугумду чыгарып алдым окшойт. Жумушум калды бул жакта...- деп сөзүн жыйынтыктады армандуу келин...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6