1-БӨЛҮМ.
Автор: Жалгызым(Назик). ..
Чуркап баратты. Тим эле жан алы калбай, тердеп алып чуркап баратат. Чарчаганына деле кайыл боло, бет маңдайынан уруп жүзүн албыртып үшүтүп жиберген шамалга да ыраазы болуп чуркап жатты. Белгисиз багытты көздөп, максатсыз эле чуркай берди. Такыр токтогусу келген жок. Токтоп калса эле кайра чуркай албачудай коркуп, ансайын күчөп баратат. Бир убакта "күп" эте кулады.
-Жооок?! Жоок!
Кыйкырып жатып ойгонуп кетти Элдос. Түшү экен. Ойгонуп алып эч кандай талаада эмес, мыкталып өз төшөгүндө жатканына ызаланып кетти. Баягы шып, баягы люстра, баягы караңгылатылган терезе. Титиреген колдору менен үстүнө жабылган жуурканын сыйрып ыргытты. Азыр эле түшүндө чуркап бараткан буттары кыймылсыз, муздак. Колдору менен сылап жиберди. Сезген жок. Кайра ургулап, чымчыганга өттү. Деги пайдасыз. Кыйкырды, өкүрүп, бакырып бакырып жиберди.
-Балам?
Бөлмөсүнүн эшиги кыйгач ачылып апасы баш бакты.
-Кееет! Кирбе!
Элдос ансайын кыйкырды. Өпкө өпкөсүнө батпай ыйлай берди. "Жоок! Жоок, мен басуум керек. Мен мынтип эле олтуруп кала албайм да! Кана силер кыймалга келүүңөр керек!" Алдастаган жигит сулк эте кыймылсыз жаткан жаны жок буттарын сүдүрөп, кыймылдатканга аракет кылып жатты. Онтоп жатып жаткан керебетинен жерге кулап түштү. Апасы чуркап кирди да, олтура калып жыгылып жаткан уулунун башын тизесине койду. Сыягы жана кетип калганга түтпөй эшик артында тыңшап турган окшойт.
-Элдос! Уулум! Мени карачы балам!
Алдында суналып жаткан уулун жаш жууган жүзүн колдору менен сылап жатып сүйлөдү апасы. Ага кошулуп өзүнүн да жүзүн качан эле суу болгон ачуу жаш жууп бүткөн эле.
-Апа кетчи! Кетип калчыыы?
Уулу ансайын ызаланып сүдүрөлгөн бутун ургулап жер муштайт. Дал ушул учурда кимге көбүрөөк кыйын эле? Аңдоо кыйын. Чуркап жүрүп, кырчындай убагында кокустан төшөккө мыкталып, анан бул тагдырына моюн бербей, кабыл ала албай жаткан жигиткеби? Же жашоосунун, өмүрүн теңине айланган, көзүнүн кареги болгон уулу мынтип жатканын көрүп жүрөгүнө кошулуп жан дүйнөсү аңтарылып жаткан энегеби? Кимиси канча азап тартып жатты экен? Ал эми бул тагдырга ким күнөөлү?... Элдос апасынын чыгып кетүүсүн талап кылып жатты.
Жок, кетип калган жок. Эне гана мындай абалда чүрпөсүн таштап кете албайт. Ооба чүрпөсүн. Биз канча жашта болсок да эне үчүн ар дайым кичинекей чүрпө бойдон калабыз. Атүгүл уулу тиштегилеп, өкүрүп кыйкырса да кетпей бекем кучактап олтура берди.
-Чыда балам, чыда! - деп жатты ошол эле учурда шыбырап.
-Апа, мени коё берчи, жашоого мажбур кылбачы?! Мен мынтип жашай албайм апаке! Түшүнчү. Могул буттарымсыз! Алар кыймылга келбесе мага жашоонун не кереги да, не кызыгы бар?!
-Мажбурсуң! Ушул бойдон да мага гана керексин уулум!
Жанатан жулкунуп жаткан уулу чарчадыбы же апасынын жылуу кучагына эреркедиби бир аз тынчтанып калды. Бирок көз жашы басылбады. Бөлмөнүн тээ бурчунда көзүнө суук көрүнүп бирок ошол эле учурда өмүрүнө түбөлүк шерик болгон араба турду. Аны жек көрүп да, ызаланып да карап жата берди жигит.
Бир жыл! Так эле бир жыл мурун иш десе ишке, оюн десе оюнга тойбой турган эле. Апасынын жалгыз уулу, карындаштары бар. Атасы болсо үй бүлөөдөгү жетишпестикти, турмуштун запкыларын көтөрө албай буларды чанып таштай качкан. Ошондон бери үйдүн багарманы Элдос болчу. Мектепти бүткөндө да башка досторундай окууга аракет кылбады. Түз эле Россияны көздөй сапар алды. Баргандан эле ресторанга официант болуп ишке кирсе бара - бара көнүшүп олтуруп, ашканага өтүп алган болчу. Баш повардын жардамчысы. Алгач баары жакшы өз нугу менен бараткан. Бардык балээ ушул ресторанга повар болуп ишке кирген Айбек аттуу өзбек улутундагы жигиттин келүүсүнөн башталган. Башында келишип эле иштеп жатышкан болчу, кийин эле мунун иштегени ага жакпай, анын сүйлөгөнү буга жакпай ортодо уруш чыгып экөө жакалашканга чейин барышты. Бир күнү чоң заказ түшүп банкет болду. Бир убакта кыйкырган жетекчиси ашканага атып кирди да Элдос жасап чыгарган тамакты стол үстүнө ыргытты.
-Бул эмне? Ким жасады?
-Мен, - деди Элдос.
-Чач ичинде! Эртең арызыңды жаз. Иштен бошодуң!
Жетекчиси териштирип да олтурбады. Элдос болсо бул жорук кимдин кылганы экенин даана эле билип турган болчу. Экөө кайра жакалаша кетишти. "Баары бир иштен алындым, жоготчу эч нерсем жок!" - деген Элдос тиги баланы сабап туруп кетип калды. Ошондо Айбек ичинен кекенип калган болчу.
Андан соң күнүмдүк иштерге курулушка чыгып жүрдү. Айбек ошондо кесиптештеринин алдында катуу басынып ызаланып калгандыктан, мунун артынан түшүп кантип болсо да өч алуунун амалын кылып жүрдү. Анан ошол курулушта Айбек өзүнүн досу иштерин билип кубанып алган. Элдос адатынча кулагына наушник салып өз иши менен алек. Коопсуздук үчүн берилген курду чечип, өзү жөн эле иштеп жаткан, бир убакта эмне болгонун деле билбейт, өзү турган тактай кыймылдап жатып урап түштү. Алтынчы кабаттан кулаган Элдос жерде эсин жоготуп койду. Тапыраган жигиттер ызылдап ооруканага араң жеткирип келишти. Бирок омурткасы катуу жабыркап, буттары кыймылга келбеди. Мунун баарын кокустук деп түшүнгөн ал атайын Айбектин суранычы менен анын досу, Элдос чыкчу тактаны бошотуп салганын билбей кала берди. Ошол күндөн жашоосуна караңгы түн кирип, кызыгуу жок мынтип жатат. Өзүнө эч кимди жолотпойт. Айрыкча апасын. Намыстанат. Досторуна да көрүнгөн жок. Терезелерин караңгылатып жаап алып, ушинтип жата берет. Арабаны болсо душманын көргөндөй заарканып кабыл албады. Буттары мындан ары кыймылга келбейт экенине ишенгиси келбей турду. Бул чындыктан качып кабыл албай жатты. Күндөрдүн биринде ошол,түштөрүндө көрчү, жомокторундагы керемет аткарылаарына, ойгонсо эле буттары чымырап, узак уйкуда жаткансып кыймылга келерине ишенип гана жашай берди. Бир жыл, бир жыл ушинтип күрөшүп жашады жигит. Башына түшкөн тагдыр менен келише албай алыша берди...
-Качанкыга чейин мен кул болом силерге?
-Эмнең кул болуп жатат? Каалагандай эле жашап жүрөсүң го?
-Тиги майып карындашыңдын түйшүгү менде. Жашмын мен. Аны карайм деп көчөгө да чыга албайм! Көтөрүп жүрүп, жаш туруп белим ийилгени калды.
-Акырынчы! Эмне кыйкырасың? Укса көңүлү ооруп калбайбы?
-Ээ укса уксун! Көңүл силерде гана бар! Менин көңүлүм көчөдө калган! - деген жеңесинин ачуу үнү Жазайым канчалык кулагын жаап алса да угулуп жатты. Төшөгүнө оролуп жатып, кулактарын бекем жаап жаткан кыздын көздөрүнөн тамчылар кулады. Күн сайын байкеси менен жеңесинин бул сыяктуу урушунан тажап кетти. Анан калса ал уруш өзүнүн айынан болуп жатканы кыздын жүрөгүн ансайын оорутуп жатты. Ошол кечте атасы менен апасын алган кырсык өзүн да алып кетпегинине ичи ачыша өксүп, өксүп алды. Жанын калтырганы аз келгенсип, мынтип буттары жок калганычы. Кесилген буттарынын орду түн жарымда ушунчалык сыздатып оорутчу. Тиштенип атып, ооруну калтыруучу даары ичип араң жаны калат. А бирок көңүл оорусучу? Таза, али кирдей элек бала дилин майдалап туураган мындай ачуу сөздөрдүн дабасын кайдан табат?
-Жазкоооу? - деген байкеси эшигин такылдатты.
Көздөрүн шашыла аарчып, чачтарын артка кыла башын көтөрдү кыз.
-Ооу байкее, кириңиз.
-Кандайсың шириним? - деген байкеси акырын жанына келип чачтарынан сылады.
-Жакшыы, жакшымын. Чарчабай келдиңизби сиз?
Жазайым байкесинин мээримине эреркеп көзүнөн тамган жашын кармап кала албады.
-Жазым менин! Байчечекейим!
Байкеси жанына олтуруп бооруна басты. Өпкө кага ыйлап жатты кыз.
-Капа болбо жеңеңе, мен сүйлөшүп коём.
Байкесинин да жүрөгү ачышып жатканы, ыйлап жатканы дирилдеп чыккан үнүнөн, Жазайым кучактап турган далысынын солкулдап атканынан билинди.
-Капа болгон жокмун! Байке, мени кечиргиле. Силерге жүк болуп. Жеңеме катуу айтпаңыз суранам!
Жазайым жалынып байкесинин көздөрүнө карады.
-Макул!
-Сөз бериңиз?
-Эмне деп?
-Жеңеме катуу сүйлөбөйм деп.
-Жеңеңе катуу сүйлөбөйм! - деди Эрнис да аргасыз.
Карындашы жылмайды. Бажырайган гүлдөй кыздын көздөрүнөн өөп алды байкеси.
-Карачы сага не алып келдим?
-Ии эмне?
-Толо боёктор, кудум сен каалагандай!
-Аай иий! Байкеее рахмаат сизге!
Кубанган кыз ансайын Эрнистин мойнуна асыла кучактап жүзүнөн өөп ,өөп алды.
-Сен күлсөң эле болду.
Эрнис карындашынын көздөрүндөгү кубанычты көрүп аялына болгон бүт жини, таарынычы таркап кеткендей. Бүгүн жумушунан маянасын алып, атайы Жазайым үчүн боёк, сүрөт тартчу такта, жана башка бардык керектөөлөрүн сатып келип берди. Ушул менен болсо да көңүлүн көтөргүсү келди.
Ата - энесинен бирдей ажырап, жалгыз карындашын мынтип жарым жан болуп калганына жыл айланды. Коноктон келе жатышып жол кырсыгына кабылышкан алар ошол жерде жан берсе, Жазайым мынтип буттарынан ажырап калды. Ошондон бери үйүндө ушундай уруш. Аялы үйгө бут коюп кириши менен баштайт наалып. Алгач ачуусу менен кол көтөрүп ийсе, бара - бара кол шилтеп гана койчу болду.
-Байкее?
-Ооу.
-Мен тиги эрте менен күндүн чыкканын тартайын дегем.
-Макул.
-Бирок, бөлмөм тескери да, - деди кыз башын шылкыйта.
-Таң атканда сени көтөрүп алып чыгабыз, мен жок болсом жеңең.
-Жеңемди ойготпой эле коёлу. Ансыз да чарчайт.
-Анда, сенин бөлмөң менен биздин бөлмөнү алмаштырабыз. Сен биз жака көчөсүң.
-Чын элеби? - деди кыздын көздөрү жайнап.
-Чын эмей эмне?
-Жеңем эмне дээр экен, - деди кайра Жазайым акырын.
-Көндүрөм.
Эрнис карындашынын маңдайынан сүйдү.
Бирок ичинде дагы аялынын заар сөздөрдү агытып сүйлөп, ыйлактап жаңжал чыгарышын ойлоп ичиркенип алды. Албетте ага катуу сүйлөп ордуна коюп койсо болот. Бирок анын күчүн мына кыздан чыгарабы деп кооптонот. Өзү болсо кечке жумушта, талаалап. Жазайымды аялы карап калат да. Ушуну ойлоп гана аялынын канча сүйлөнүп, кагынып ийгенине да кайыл. Жазайымды караса болду. Бул дүйнөдө ата энеңден кийин эле сага боор тартып, жүгүңдү кошо көтөрүшүп, көзүңдөгү жашыңды сүрткөн бир тууганың болот экен. Жазайым Жаратканга, ата энесине ушундай байкени берип койгонуна ыраазы болуп кетти.
-Эми ушунуку өттү, жөн жата бербей бөлмө алмашам деп.
-Жамал!
-Эмне Жамал? Деги сүйлөтөсүңбү мени? Эмне болот экен ал бөлмөсүндө жата берсе? Жалгыз башына бул чоң бөлмөнү не кылат дейм да.
-Эмне эле мынча ал кызга жармаштың? Сеникиндей болуп алты саны аман болгондо, ушул сага жалдырабай качан эле өз күнүн көрүп кетмек.
-Дегиле муну кыйынын!
Жамал Эрнис күткөндөй эле жаңжалдын чоңун чыгарып, алды кетем деп коркутуп жатып анан бөлмөсүн бошотту.
Аппак болуп булуттардын жылуу койнунан тургусу келбей эркелеп жаткан кыздай назданып күн башын көтөрүп келе жатты. Терезени чооң ачып, чыйрыгып атканына кайыл боло жүзүн муздак айдарым желге тоскон Жазайым жылмайды. Баахх! Жаз дегениң кандай керемет мезгил! Таң заардан мынтип таза соккон шамал, ар түркүн гүлдөрдүн жыты, жашагыңды келтирип делебеңди козгойт. Бекеринен "жаз тирүүлүк жарчысы!" - дешпеген чыгаар! Ээх кана эле буттары болгондо?! Мынтип терезеге гана кадалып суктанбай жылдагыдай чуркап кетмек беле? Байчечекей терип келмек да. Адырларга чуркамак, кыйкырмак...
Жазайым мостойо түштү. Жоон санынан ылдый кесилген буттарын кармалап алды.
-Туулган күнүң мееенен! Туулган күнүң мееенен!
Капыстан эшик ачыла курбу кыздары менен байкеси, байкесинин жаш балдары жеңеси кирип келишти.
-18 жаш кут болсун Жазым! - деди байкеси алгач келип адатынча маңдайынан жылуу сүйүп. Андан ары жеңеси жасалма күлуп куттуктады. Курбулары... Жазайымдын көңүлү көтөрүлө кубанып алды.
Таң заардан баарын мынтип чогултуп атайын карындашынын көңүлүн көтөрүү үчүн кылган аракети эле Эрнистин. Анткени жылда атасы менен апасы мына ушинтип куттукташчу. Ошол салтты бузбай, алардын жоктугун сездирбей карындашын кубанткысы келди. Чоң залга дасторкон жазылып таттуулар коюлуптур. Жамалды дагы тултуңдатып, өзү жардам бере коюп жасаган эле байкеси. Жаздын алгачкы айында төрөлгөнү үчүн ата энеси жетине албай Жазайым деген ысым беришкен.
Бул күн Жазайымдын бактылуу күндөрүнүн тизмесине кошулду. Баары тарап өздөрү калган эле үйдө, байкеси улам күлкүлүү нерселерди айтып күлдүрүп олтурган. Бир убакта кыздын жүзү кызарып чыкты.
-Эмне болду?
-Жеңемди чакырыңызчы, - деди уялгандан байкесинин көзүн карай албай.
-Азыр, азыр.
Эрнис шашыла ордунан туруп ашкана тарапка жөнөдү.
-Жамал! Жамал дейм.
-Ой эмнее?
-Жазайымга жардам берчи, ажатканага. ..
-Тойдум ушул жашоодон. Бул жагымды эптей албай жатса эми мунусу! - деп кыйкырган жеңеси адатынча кыз олтурган арабаны жулкунтуп сүйрөп жөнөдү. Жазайымдын жалдыраган көзүнө караган да жок. Балким бир эле тиктесе кызды аямак, анын үнсүз арманын түшүнмөк...
Байкеси гана түйүлгөн муштумун оозуна тиштеп, карындашына жардам бере албай жатканына, гүлдөй өмүрү ушинтип өтүп кетерине сызып үнсүз ыйлап жатты.
-Дагы? Дагы айтсаң?
-Азыр жаз мезгили, гүлдөр ачылган. Сен жыттасаң.
-Гүлдөр. Сүрөттөп берчи?
-Гүлдөр деген назик болот, ар кандай түстө.
Чуркап ордунан турган кыз короодо өскөн розаны жулуп келди да Заремага карматты.
-Мынакей акырын карма. Азыр...
Дагы чуркап барып гүлдөп турган алчанын бутагын сындырып келди.
-Муну дагы кармасаң...
Колуна аяр кармаган кыз этияттык менен колдору менен бутакты кармалады да мурдуна жакын алып келип искеп алды.
-Мммм! Жыты укмуш да!
-Ооба, - деген Айдана курбусуна боору ооруй түштү.
-Айдана, дүйнө аябай кооз болсо керек э?
-Кооз.
-Ээхх кандай бактылуу экениңди билбейсиң да! Сен көрө аласың!.
-Зарема, сенин көздөрүң да укмуш сулуу!
-Көрбөгөндөн кийин... - деген кыз көңүлү чөгө акырын унчукту.
-Сенин эч кимде жок үнүң бар! Ырдасаң?
-Ушул үнүмө кошуп, сен айткан сулуу көздөрдү дүйнөдөгү эң жагымсыз бирок көргөн көздөргө алмаштырмакмын. ..
-Зарема сен көрөсүң, мени айтты дейсиң. Сен аябай дүйнөгө таанылган ырчы болосуң да, анан көөп акча таап огол акчага көзүңө операция жасашат.
-Мен ырчы болуппу? Кайдан дейсиң...
-Балким бир боорукер адам сенин көздөрүңө операция жасаганга жардам берер.
-Айдана, ооба үмүт зор менде. Билесиңби ишке ашпасын билсем деле, үмүтүмдү үзбөймүн. Балким качандыр бир, күндөрдүн бир күндөрүндө көздөрүм ачылса, мына өзүм элестеткен дүйнөнүн чыныгы сулуулугун өз көздөрүм менен көрөөрмүн!
-Албетте да.
Эки кыз кыялдана олтурушту. Аңгыча ары жактан:
-Заремааа?! - деген өгөй апасынын ачуу үнү экөөнү тең селт эттирди.
-Кайда жүрөт десең эми темселеп?! Көрбөгөн көзү менен ушунча издетет артынан, көзү көрсө тим эле таптырбай качмак экен!
-Аппаа! Мен, мен бул жактамын.
Зарема колуна узун таягын кармап, бир колун алдыга созо эшик тарапка жөнөдү.
-Айдананын үйүндөмүн!
-Сага эмне дегем ыя? Кадам жылба деген белем?
-Салкын эжее, Зареманы мен алып келдим үйгө. Курсагы ачып...
-Эмнее? Сен курсагым ачты, мени ачка коёт деп арызданып жүрөсүңбү? - деген аял заардуу чаңкылдап ансыз да көзү көрбөй үлбүрөп турган кызды чаап алды.
-Жоок! Урбаңызчы Зареманы, мен жөн эле.
-Ай кыз өз кызым, деги өзүм билем! Жүрчү үйгө.
Салкын кызды колдон сүйрөп дегдеңдетип жөнөп кетти.
Зарема! 16 жашта. Башка кыздардай күзгүгө каранып жашоонун таттуу убагын тарта турчу убагы. Бирок мынтип көздөрү көрбөй төрөлө элек жатып тагдырдын сыноосуна кабылган. Кичинесинде көзү бир аз бозгуч тартып көрчү, кийин эле көрбөй калды. Ал убакта Зарема аябай эле кичине болгондуктан көргөндөрүн эстеп калган эмес. Апасы ушул кызын төрөгөндө көз жумуп, атасы кызын колуна кучактап жалгыз калган эле. Бир жыл өзү жашады. Баары бир эркек эмеспи, бала менен аябагандай эле кыйналды. Акыры туугандарынын кийгилешүүсү менен Салкынга баш кошкон. Салкын Эркинге турмушка чыкканда колунда өзүнүн кызы менен келген. Алгач экөөнү тыпыйта кийинтип эгиздей ээрчитип алып жүрчү. Кийин эле кайсы кара теке сүзгөнү белгисиз Заремага атасы жокто кол көтөрчү болгон. Кыз төрт, беш жашка барып калганда анын көздөрү көрбөсүн билишти. Анда да түз жолдон жыгылып, алдынан чыккан нерселерди сүзүп эчен ирет бети башы көгөргөндө гана дарыгерге көтөрүп барышкан. Үмүт болгону менен өтө аз дешти. Көздү биз жөнөкөй адамдар түшүнбөгөн кандайдыр бир чел кабык тосуп калганын, аны чет мамлекетте чоң суммага операция жасашаарын айтышты. Күнүмдүк оокатын араң кылган автобус айдоочусунда мынча сумма кайдан дейсиң. Башын шылкыйта кызын бооруна басып келе берди. "Акча топтоп албетте көзүнө операция жасатам!" - деп жүрүп бир жыл мурун каза болуп калган атасы. Ошондон бери Зарема Салкындын колунда. Анын ачуу сөздөрүнө да кайыл боло жашап келе жатат. Кече да бир жерге тойго барам деп кызды жалгыз калтырып кеткен болчу. Салкындын жүрөгү ушундай таш беле же турмуштун ашууларында, суугуна тоңуп ташка айланганбы белгисиз... Зареманын бул сыяктуу калып кеткен күндөрү көп эле болгон.
-Карасаң таалайсыздын өңүн? Тим эле кудай сулуулукту аянбай бергенин.
Салкын дирилдеп бурчта турган Зареманы карап алып кызына сүйлөдү.
-Үнүн айтсаң апа. Тим эле булбулдай таңшыйт.
Кыткылыктаган Салкын менен кызы Зареманы мыптип эрмектеп жаткандары биринчи жолу эмес...
"Сен жалгыз эмессиң! Атаа көрдүңбү алардын жүзүндөгү кубанычты? Алардын бактылуу экенин көрүп эле менин өмүрүм узарып, жашоомо маңыз кошулуп жаткандай! "
Селт эте чоочуп ойгонгон Сабыр дагы эле самолёт жерге коно элек экенин байкады. Иллюминатордон аппак болуп каалгыган булуттарды тиктеп алып эмелки көргөн түшүн эстеди. Кызы! Ушул булуттардай аруу, ушулардай таза эмес беле? Тилегичи? "Эээххх кызым сенин тилектериңдей, сенин максаттарыңдай бул дүйнө кең эмес экен!" - деди Сабыр ичинен. Ноутбугун жандырып кызынын сүрөттөрүн көрүп жатты. Бала кезинен тарта өмүрүнүн акыркы күнүнө чейинки сүрөттөр. Мына акыркы сүрөтү экен. Оору жанын кыйнап турса да, күлүмсүрөп түшүптүр.Көмүрдөй капкара болгон чачтары химия ала берип түшүп кеткен эле. Алдырып салып, өзү тигип алган шапка кийип олтурат. Колдорунда өмүрүнүн жарымына айланган асма уколдор илинип, көздөрүнүн алды карайып, эриндери кургап. Соолуп бараткандагы кези... Абалы ушунчалык оор болуп турса да жылмайганын. ..
Сабыр ноутбукту жаба салды да, өзү да байкабаган абалда көзүнөн тамган тамчы жашын жеңи менен сүртө салды. Кызына ал кеткенден кийин "ыйлабайм! " - деп сөз берген. Бирок. Бирок кантип ыйлоо мүмкүн эмес, ушундай кереметин жоготуп жатса. ..
Дария! Кичинекейинен бир орунда турбаган аябай шок кыз болгон. Мектепке барганда да эң жакшы окуп атасынын сыймыгы болду. Өмүр бою атасы экөө гана жашады. Апасы кызын таштай салып качкан. Сабыр кызды өзү чоңойтту. Кызына ушунчалык байланган экен жада калса башка аялга да үйлөнбөдү. Экөө эле бактылуу болчу. Бой жеткен кызы спорт менен да машыгып, бий ийримине катышып, деги койчу колунан баары келчү. Баарына жетишчү. Окуп да, иштеп да. Үйгө келип үйдүн ишин, тамактарды түрлөп жасап, гүлдөрдү түрүн өстүргөн. Шашып жашачу кызы. Ар бир күнү жада калса мүнөтү план менен кетчү. Көрсө өмүрүнүн аздыгын ошондо эле сезген окшойт. Жетишип калайын дегени го. Көргөн жанды суктанткан, жакындан тааныган адамдарын тамшанткан кыз болгон. Сүйүүсүн да тапты. Мына жакында той дегени турганда ушул каргаша болуп кетпедиби...
Чоң ресторанда кызга сөйкө салынып шаңдуу олтурушкан. Дария жигитинин кучагында туруп эсин жоготту. Ызылдаган эл. Чакырылган тез жардамда эсин жоготуп жаткан кызынын колдорун өөп Сабыр бара жатты. Текшерүү, анализдер башталды. Дария эсине келери менен үйгө кетем деп туруп алган. Жок, кармап калышты. Акыры узак текшерүүлөрдөн соң канында кандайдыр бир оор дарт бар экендигин аныктап чыгышты. Башкы дарыгердин алдында олтурган Сабыр башын мыкчыды. Кантсе да, кандай ойлосо да кызын бул жамандыкка эч эле кыйгысы келбейт.
-Алып кетем! - деди ордунан туруп чечкиндүү.
-Албетте, өзүңүздүн чечимиңиз. Бирок кеч болуп калды деп корком. Дарылоо курсу өмүрүн узартып гана бере албаса, сактап кала албайт, - деди дарыгер акырын.
-Жок! Кызым жашайт! Керек болсо дүйнөдөгү эң кымбат дарыгерлерди табамын! Азыр өнүккөн заман!
-Албетте Сабыр мырза. Бирок Дария чалдыккан дарттын дабасы али жок.
Тарс эттире эшикти жаап чыгып кетти Сабыр. Уккусу келбеди. Кулактарын жапырып чындыкты четке какты. Ошол эле күнү кызын жетелеп кетти. Тойду да токтотушту. Медицинасы өнүккөн Германияга алып келди. Өзү айткандай эң эле күчтүү, тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө болду Дария. Бирок күн өткөн сайын көз алдында, өз колдорунда кызы соолуй берди. Көрсө эң бийик даражаң, жыйнаган байлыгың ден соолуктун, өмүрдүн алдында бир тыйынга да татыбайт туура. "Пенденин миң чуркаганы, Кудайдын бир буйруганы" - деп бекер айтылбаган чыгаар. Таасирдүү, мансаптуу көптөргө жардам колун созгон Сабыр жалгыз кызын ажалдан арачалап кала албады. Ошондо да Дария үмүтүн үзбөдү. Азыр ойлосо атасы кызына эмес, кызы атасына көбүрөөк дем берип жүрүптүр. Эсинде бир жолу абалы начарлап кеткен. Колдорун кармап өзүн жаштуу көздөрү менен тиктеп олтурган атасына алсыз жылмайган кыз.
-Атаке, менин эле көзүмдү карап бекер кылгансың. Үйлөнүп дагы балалуу болгонуңда мени жоготуп жатканың үчүн жаның мынчалык кыйналып, көкүрөгүң ачышмак эмес. Эми деле кеч эмес. Үй бүлөө күт. Ата, мени кечир. Сенин үмүттөрүңдү актай албаганым үчүн. Небере жытын жыттатпай кеткеним үчүн...
Сабыр үнсүз ыйлаган. Жүз баласы болсо деле ушул кызын жоготкондо кан жутаары белгилүү. Анткени Дария башкача болчу.
Өмүрүнүн аз калганын сезгенде Дария өзүнө окшоп оор дартка чалдыккандар, тубаса оорулуу адамдар менен маектешип, чакан клуб түзүп аларды колдоого ала турган фонд түзүүгө жетишти. Фонд "Сен жалгыз эмессиң!" - деп аталат. Биргеликте түрдүү даамдарды жасашат, кол өнөрчүлүк кылышат, ырдашат. Бактылуу болушат. "Ата карачы, адамдарга бакыт тартуулоо канчалык оңой! Биз куштар болсок, канатыбыз кыркылды. Бирок биз жер менен басууну үйрөнөбүз, биз жеңилбейбиз! " - деген бир жолу.
Сабыр самолёт Бишкекке конуп жатканда дагы бир жолу сыртты карап алды. Бул жака Дарияны алып кеткенден бери келе элек. Сагынганын туйду туулган жерин. Дариянын ошол баштаган ишин өз мекенинде улантуу үчүн жолго чыккан. Бул жакта да ага окшогон, Дариянын колдоосуна муктаж адамдар көп экенин билди. Траптан түшкөн Сабыр аппак булуттары бар, жаздын көк асманын тиктеп көпкө туруп, анан ары карай кадамын улады.
Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окугансыздарбы? 3 бөлүмдөн турган чакан чыгарма, уланталыбы?
Кызыктуу болсо комментарий жазып класс басып колдоп кетиңиздер....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7