10-БОЛУМ
– Койчу башты оорутпай!
– Заир дейм, – Айдананын дагы жини келип кетти.
– Эмне?
– Сенде бир сыр бар, ачык айт, болбосо мен жарылам.
– Жарыла бер, – деп Заир күлүп ийди, – кантип жарылганыңды көрөйүн.
– Сен бирөөнү жактырып калгансың Заир, эгерде эле ошондой болсо мага таарынба, дароо төркүндөрүмдү алып келем да кетем.
– Койчу бай болгур, кимди жактырмак элем, өзүңдөн башканы сүйбөсүмдү билесиң, керек болсо карабайм дагы, – Заир аялына актана арсалаңдап күлүп калды, – Коркпо, андай проблемадан алысмын.
– Анан эмнеге эле түнөрүп, ачууланып калчу болдуң?
– Чарбанын иши алдыга жыла албай жатат, кандай кылсам экен деп ойлоно берип башым катты, – Заирбек аялын ишендирди, өзү Аиданы кантип кетирүүнү билбей ойлоно берди: “Аны менен өмүр бою кантип бир дасторкондо отуруп даам татам, аны көргөн сайын инимдин алдында күнөөлүүдөй болуп жүрүп өтөмбү, кантип кетирсем экен, же эптеп өлтүрүп койсомбу, анда соттолуп кетем го”, – деп кыжаалат ойдон арыла албай жүрө берди, Айдана ага ишенип калды, такып сурабай ишин сурап коет. Аиданын бир курбусу бар эле, ал экөө Заир менен бирге жүргөндө чогуу көңүл ача коюшчу, Аиданы ал: “Эй сен Заирге ишенбе, ал сени ойнотуп эле жүрөт, мындай жүрсөң дагы алдана көрбө, башка кыздар менен көп жүрөт экен”, – деп айтканда: “Ал көрө албастардын эле сөзү, Заир мени сүйөт”, – деп болбой койгон, аты Зууракан, ошол Аиданын телефонун таап алып бир күнү чалып калбаспы. Кимдир бирөөгө ички сырын айтып бугун чыгараарын билбей жүргөн Аида кубанып кетип сүйлөшүп калганда ал барам деди дароо эле. Ага дарегин айтып коюп күтүп калды, макулдашып алгансып апасы, эки жеңеси менен эжеси болуп жетип жүгүн алып келип калды, анын артынан эле Зууракан келди. Бекмураттар аларды коноктоп жатканда Заирди көргөн Зууркан Аидага келди:
– Аида, Заир эмнеси болот экен? – деди шыбырай.
– Акеси.
– Ии-ий өлгүрдүкү, анан эмне деди?
– Эмне демек эле, эртең сүйлөшөбүз, – деп Аида ишине алаксып калды, ичкери кирип бара жаткан Зуураканды Заирбек алдынан тозуп алып бош бөлмөгө жетелеп кирди:
– Ээй, сен эмне жинди болдуңбу? – Зууракан чоочулай карады.
– Бул эмне деген спектаклиңер? – деп Заирбек зиркилдеди ага.
– Түшүнбөдүм.
– Менин артымдан түшүп инимди оюнчук кылып алдыңарбы?
– Башты оорутпай ары барчы, сенчелик акмак эмеспиз? – деп Зууракан аны түртүп ийип чыга качты, бирок бүткөн бою калчылдап коркуп калды, түн бир оокумга чейин ар түрдүү тамак жасап сыйлап жеңелерине ичкиликтен куюп жатышты, анан жат-жатка келгенде Зууракан кудагыйлар жаткан бөлмөгө кирип жатып алды. Ал күнү эки курбу сүйлөшө алышкан жок, эртеси коноктор кеткенден кийин Аида үй жыйнап абысындары менен жүрдү:
– Аида, кайним менен кантип таанышып калдың? – деп Айдана сурап калды.
– Кудай табыштырам десе айла жок экен да жеңе.
– Туура, нике кайып деп коюшат го.
– Ооба, минтип баш кошуп да калдык, – Алар сүйлөшүп жатканда Заир балдарын карап арыта турган, – Кайниңиз мени сүйүп калдым деп артымдан эки жыл жүгүрдү, – деп Айданага байкатпай Заирди карады.
– Ошондой, дегеле алган аялдарын жактырчу эмес эле, сенин көзүңдү карайт экен, – деди Айдана эч нерседен капарсыз.
– Сиз сүйүп тийдиңиз беле?
– Ооба, биз дагы сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз.
– Акем сизди катуу сүйөбү?
– Менимче сүйөт, – Айдана күйөөсү тарапты карап койду.
– Эмне күмөнүңүз барбы?
– Жо-ок ай, балдарга сүйүүбүз ооп кеткенби дейм да, – Экөө күлүп калышты, өзүнчө туталанып, бирде өңү бозоруп, бирде кызарып тынчы кетип жаткан Заир:
– Айдана, бас кеттик, – деди бир кезде.
– Азыр, жардам берип коеюн.
– Өзү кылып алат.
– Сен балдарды алып кете бер.
– Чогуу эле кетебиз, – деп кайра-кайра кыйкыра берди эле:
– Сиз бара бериңиз, акемдин жини келе баштады, – деп Аида Айданага карап күлүп калды:
– Таарынба эми, мен барбасам болбойт, – деп күйөөсүн карай басты ал, ал күнү аябай кеч бошоду, коңшу-колоңго кешик ооз тийгизип, айылдын ошонусу эле жакшы эмеспи, бири-биринин ысык-суугуна каралашып, жамандык жакшылыгын бирге көтөрүшүп турат. Айылдан айланса болот, өзү район болгону менен айыл эле, баары карапайым, союздун учурунда кандай болсо капитализмге карай кадам таштаган убакта деле көпчүлүктүн эч нерсе менен иши деле жок. Ал эми бийликтегилер, кызматчылар гана убакыттын кай мезгили экенин далилдеп тургандай так талашуу дегени кресло делип өзгөртүлүп айтылып, жаштар телефон көтөрүп бүткүл дүйнөгө кол телефондон байланыша алат. Аида аны узатып кала берди, Зууракан бул учурда Сурма менен маектешип үйдө отурган,
– Кызым, каердин кызы болосуң?
– Кеминден болом эне.
– Ийи жакшы экен, ата-энең барбы?
– Ооба, ата-энем бар, беш бир туугандын кичүүсүмүн.
– Турмушка чыктың беле?
– Ооба, ажырашып кеткем.
– Алда кокуйгун ая, азыркы жаштар эмнеге минтесиңер айланайын, каалаганыңарды кылсаңар боло турган заман, биз илгери окууга барганда же айылга барганда бирибиздин кийимибизди бирибиз кийчүбүз, китеп жок болчу, эптеп сыя челек менен жазат элек, эми баары турат, бактылуусуңар…
– Туура келбей калса айла жок да эне.
– Аның да туура, – Сурма унчукпай калды, Аида кирип дасторкон жайды, баарын алып келип чай сунду, – Келиндер кеттиби балам?
– Ооба кетишти.
– Мейли, алардын да өз оокаттары бар, – деп койду Сурма, бир аз отуруп чай ичкен соң ал чыгып кетти, алар конок бөлмөдө сүйлөшүп жатышты.
– Аида, бул кандайчы? – деди Зууракан ага туюк эле.
– Ошондой досум, өзүң көрүп тургандай.
– Башында билдиң беле?
– Билсем келет белем.
– Заир сага эчтеке деген жокпу?
– Эмне демек эле?
– Жашырба Аида.
– Эмне, бир нерсе байкадыңбы?
– Айтпа, аның жинди го тим эле.
– Саша бирдеме дедиби?
– Эй акмак экен, – Зууракан ага Заирдин кылганын айтты эле ал күлдү:
– Ошондой, мен сага унчукпайт деп ойлогонмун.
– Маняк го мунуң тим эле.
– Кой эми бирөө угат.
– Кантип чыдап жатасың?
– Эмне кылам, чегиңе келсе чекчей дейт го, адеп көргөндө эле кум жутуп алгандай акыбалда калдым, басып да кете албадым, ата-энеме чалып коюшкан эле, аргасыз болоор ишти күтүп ичтен эзилип отурам.
– Бир нерсе ойлоп тап да кетип кал эй.
– Анан ушунун колунан өлөсүңбү?
– Өлтүрбөйт, акыры барып унутат да, – деди Аида ойлуу.
– Мейли өзүң бил дечи, – Зууракан унчукпай калды, – Баса сен экөөбүздү кудайым жазалады окшойт ээ?
– Эмнеге?
– Унутуп калдыңбы?
– Эсимде жок.
– Баягы Алтынайды тою болоордо сен экөөбүз жигитине кат жөнөтүп бузуп койбодук беле, ошондо Алтынай кандай боздоду эле…
– Жинди экенбиз.
– Чынында бири-бирин катуу сүйүшкөн экен, Арзымат кийин аял алып жашай албай кайра эле Алтынайды таап үйлөнүптүр.
– Чын элеби?
– Ооба, кийин курбусу Назирга жолугуп калып ошондо айткан.
– Жиндибиз да, – Аида сумсая карады, – Кана Арзыматтын сени же мени караганы, эмнеге алардын үйлөнгөнүн каалабадык ыя?
– Ошондой Алтынайга эле жинибиз келип ошону кылганбыз да, – Экөө күлүп алды, бир кездеги каталыктарын эстеп алып ичтеринен өкүнүп сыртынан күлгөн болушту. Бул дагы алардын турмушундагы окуялардын бири болчу, экөө тең өткөн окуяны көз алдына келтиришти:
Аида мектепти бүтүп Токонду операция болот дегенде ата-энесине шаарга барып окуйм деп ыйлап жатып баса берген. Окууга тапшырып өтпөй калып иштемек болуп жаңыдан базарга эл көнүп көнө албай шылуундардын заманы болуп турганда эмнеден баштаарын билбей батирге кирип жашап калды. Төрт кыз бирге турчу, бири Зууракан, Алтынай менен Назира болуп бирге жашап калышты, ошол учурда Алтынайдын жигити келип сүйлөшүп жүрөт. Алтынай өзүн өйдө көтөргөн мактанчаак кыз болчу, кээде ал кыздардын жасаган тамагын ичпей мурдун чүйрүп отуруп алчу, жигити келгенди чыгып кетип кеч келчү. Арзымат аябай жакшынакай жигит, аны көрүп Зууракан менен Аида тымызын кызганып жүрүп бир күнү Зууракан экөө сүйлөшүштү:
– Аида, кел Арзыматты бузабыз, – деди Зууракан.
– Кантип, ал бизге ишенеби?
– Ишене турган кылабыз да.
– Ойлоп тап, мен макулмун.
– Эч нерсе билгизбейбиз.
– Сүйлөштүк, – Экөө колдорун уруштура бекемдешти, антип минткиче бир айдай өтүп алар өңүтүн келтире албай жүргөндө Алтынай:
– Кыздар, Арзымат бизге бүгүн келет, мени бир жумадан кийин алып кетмек болду, – деди кубанычтуу.
– Бактылуусуң Алтынай, биз дагы сенин жолуңду жолдоп күйөөгө тийсек гана, – деди Назира.
– Мен бактылуумун, анткени Арзымат экөөбүз үч жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз.
– Бактылуу бол, – деди Зууракан менен Аида дагы, алар кат жазып даярдап коюшкан болчу. Кечке маал Арзымат гүл көтөрүп, шампан менен башка дагы толгон тамак аш менен вино көтөрүп кирип келди.
– Салам кыздар, – Арзымат гүлдү Алтынайга берип бетинен өптү.
– Келиңиз, отуруңуз, – Кыздар даярдаган чакан үстөлгө отуруп бака-шака түшүп жатышты, ошол учурда Зууракан акырын Аидага көзүн кысты эле ал чыгып барып Арзыматтын костюмунун төш чөнтөгүнө катты төрт бүктөп салып коюп кайра келип байкатпай көзүн кысты. Көпкө отуруп анан Арзымат кетмек болгондо Алтынай узатып чыгып кайра келди, кыздар унчукпай жатып калды. Эки күн өткөндө Арзымат келип Алтынайды чакырып калды:
– Мен кеттим кыздар, Арзымат экөөбүз даярданышыбыз керек, – деп Алтынай кубанычтуу чыгып кетти.
– Жолуң болсун, – дешти кыздар артынан, он-он беш мүнөт өтпөй эле Алтынай ыйлап кирип келди, – Ой сага эмне болду? – дешти кыздар ага баары бирдей, Назира эч нерседен кабары жок күйпөлөктөп жатты.
– Эмне болду эми, айтпайсыңбы кишини кыжаалат кылбай.
– Арзыматка мени бирөөлөр бузулган кыз дептир, – Алтынай өпкөлөп жатып айтты, – Мени жамандаптыр!
– Ким, кандай неме айтыптыр?
– Билбейм, сенин мени алдайын деген оюң ишке ашпайт, мени акмак деп ойлодуңбу, ачык айтпайт белең, – деп коюп кетип калды…
– Кимдер айтты экен?
– Эмнеге бузгусу келди? – деп кыздар өздөрүнчө ойлонуп жатышкандай болду, Аида менен Зууракан бири-бирине бармактарын көрсөтө тымызын жылмайышты. Катка: “Арзымат, сен кандай кызга үйлөнгөнү жатканыңды билесиңби, көзүңдү туман басып алдамчы сүйүүгө берилип ким менен жүргөнүңдү да аңдабай калгансың го? Алтынай деген күндө бир эркек менен түндө чыгып кетип эртеси келет. Мен аны жакшы билем, сени аяйм, кыскасы жүзүнө айта албадым кечирим кой досум, көзүңдү чоң ая, бир сойку сага тең эмес”, – деп жазылган эле. Арзымат аны төш чөнтөгүнөн эки күндөн кийин таап алып окуп дароо эле Алтынайга келген, ошентип Алтынай көз жашы төгүлгөн бойдон кала берди, Зууракан менен Аида билмексен болуп кала берди, кийин Аида Заир менен таанышып калды аны менен далай жолу кафелерге барып бири-бирин сүйүп жүрүп бир күнү Заир Аиданы кафеге чакырып экөө вино ичишти, көпкө отуруп бир топ кызып калган кызды Заир өзүнүн батирине алып келди. Ошол күнү ал максатына жетти:
– Заир, мени ушул жерден алып кетесиңби? – деди Аида.
– Жо-ок, ата-энеңдин жанына барасың, анан алып кетем.
– Биз шашылган жокпузбу, үйүңө барганда жатсак болмок.
– Эчтеке эмес, мен өзүм турбайынбы, – деп өөп анан жылмая карады, – Эми кетели жаным, мен сабакка барышым керек.
– Кеттик анда, – Аида өзүнүн жоругуна ичи ачышканы менен Заирге ишенип турду, – Кечинде келесиңби?
– Албетте, бирдеме болуп калбаса эле, – Заир кытмыр жылмайды.
– Күтөм…
Экөө эки жакка бөлүнүштү, Аида ошондон кийин Заирди күтө берип азап чекти, бир күнү баягы батирине барса башка балдар бар экен, Заирди сурады эле алар аны тааныбаганын, мурда жашагандар кеткенин айтышты. Көз жашын көлдөтүп батирге келсе Зууракан бар экен.
– Сага эмне болду? – Отурган жеринен тура калды.
– Заир… – Өксөп ыйлап жатты Аида.
– Эмне болуптур ага?
– Таштап кет-ти!
– Эмне? – Зууракан көздөрүн алайтты – Таштаса эмне экен, башка эркектер калбай калыптырбы, башыңды өйдө көтөр, ошол сенин көз жашыңдан айлансын, айтпадым беле сага, Заирге ишенбе деп, – Зууракан безилдеп аны соорото албай жатты.
– Зууракан, мен аны менен жатып койгонмун да.
– Эмне?! – Аны алая карап калды, – Жинди болбочу, мен жаңылыш уктумбу?
– Жо-ок чын, мен ага өзүм каршы болгон эмесмин, мени сүйөт деп ойлодум да…
– Жинди! – деп алды Зууракан айласы түгөнгөндөй.
– Ооба, мени уруш, ур саба Зууракан, мен эми кантем? – Аида үңүлдөп ыйлап жатты.
– Болду токтот! – деп Зууракан ага өктөм сүйлөдү, – Тигил кыздар келгенче өзүңдү ирээтке келтирип ал, алар эчтеке билбесин, – Бул анын буйругу эле.
– Макул, – Аида туруп бети колун жууп келип өзүн ирээтке келтирип, жүзүнө крем менен пудра жаап отуруп калды. Алар сүйлөшүп отурганда Назира, андан кийин Алтынай келди, алар студент эле, каникулга чыгып үйлөрүнө кетип жатышкан болчу.
– Кызда-ар, – деди Назира, – Эми күздө келгенге чейин жакшы тургула, силер башкаларды кошуп аласыңар да, жакшы иштегиле, биз эртең жолго чыгабыз.
– Ооба, эртең кетип жатабыз, силердин ишиңерге ийгилик, балким дагы кезигербиз, – деди Алтынай, ал жигити таштап кеткенден бери абдан суз болуп эч ким менен дагы сүйлөшпөй жаман абалда жүргөн болчу, азыр аны көрүп туруп Аида өзүнөн-өзү уялып кетти: “Мен неге бирөөнүн бактысын көрө албай койдум, мен, биз болбосок Алтынай азыр бактылуу болмок, мени кудай жазалады, бирөөгө ор казсаң кенен каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн деген чын тура, жаштык кылдымбы, жамандыгымбы кечир кудайым”, – деп Аида мостоюп отурганы көз алдына келди…
– Кандай Зууракан, зерикпедиңби? – деп Алишер түшкү тамакка келип калды.
– Жо-ок, Аиданын колу эми гана бошоду, – Зууракан күлө карады.
– Мен силер үчүн келдим, кийингиле, биздин ресторандан бир тамактаналы, – деп Алишер Аиданы карады.
– Тамак даяр эмес беле?
– Мейли, атамдар иче беришсин.
– Анда мен атамдарга берип коеюн, – Аида кайнене-кайнатасына дасторкон жайып тамакты алдына коюп берди, – Апа, Алишер бир жака барып келели дейт.
– Мейли балам, барсаңар барып келгиле, – деди Сурма.
– Бат эле келебиз, – деп чыгып кийинип Зууракан үчөө унаага отуруп райондун орто жеринде орун алган чакан ашканага киришти, бул мурда ресторан болчу, райондун ар кайсы совхоздорунан келген чоңдор менен райкомдо иштегендер ушул жерден тамактанышчы, союз тарагандан кийин бир мыкчегери сатып алып иштетип жаткан. Алар ал жерге келип орун алышкан соң тамакка буйрук берди, андан кийин Алишер экөөнө карап:
– Зууракан, эми өзүң түшүнөсүң да, кары кишилердин көзүнчө жакшылап сыйлай албадык, капа болбо, – деп ичкилик буйрук кылды.
– Койчу Алишер, жакшы эле сыйладыңар, ата-энең жакшы кишилер экен, мага аябай жакты, – Зууракан күлүп калды, – Алишер бир жомок айтып берейинби?
– Ушул жерденби? – Алишер дагы күлдү.
– Эмне жомок экен? – Аида курбусуна ымдады: “Эмнени айтканы жатасың”, – деген көз карашын түшүндү: “Коркпо, Алишердин сени канчалык сүйөөрүн текшерип көрөйүн”, – деген жоопту көрдү Аида.
– Бир адамдын эки уулу болуптур, бири өтө эле акылсыз, кыз-келиндерди жоолуктай алмаштырган жеңил аяк экен, улуусу токтоо, ата-энесин сыйлаган адамгерчиликтүү жигит экен, ошол бир кызды сүйүп калат, ал абдан оор, кабагы ачылбаганы менен сулуу кыз экен, ал кызга жолугуп сүйөөрүн айтыптыр. Анда тигил кыз, мен сизге тең эмесмин, мен сактаган асыл нерсемди алдырып ийгенмин дейт, жигит ойлонуп туруп: “Ошол эле болсо менин сүйүүм аны жеңе алат”, – дегенде кыз кайра: “Жаңыласыз, чындыкты укканда артыңызды карабай качаарсыз”, – дейт күлүп: “Менин ызам, жүрөгүмдү өйүгөн оорум айыга элек, сиздин аңко иниңиз мени жолдон кармап алып айбанча тебелеп тепсеп соолуган гүлдөй кылды”, – деген экен, анын жообу жок болуп жигит басып кетиптир, бир ай өткөндө баягы жигит келип: “Мен барын кайылмын, сен макул болсоң болду, мен сени сүйөм”, – деп болбой кызды алып кетиптир…
– Кызык экен, жигит чын эле сүйгөн экен да, – деди Алишер.
– Эгерде сенин башыңа ушундай нерсе келсе кандай кылаар элең? – деди Зууракан.
– Андай болушу мүмкүн эмес, мен эми Аидадан башканы сүйө албайм, – деди Алишер.
– Эми кээде ушундайлар дагы кездешип калат тура, бирок адам туура чечим чыгаруудан жаңылбаса гана өз максатына жетет.
– Албетте, болушу да мүмкүн, – Алишер эки келинди жылмая карады, – Эмесе келгиле тамакка карайлы, – деп күлүп шараптан ичип үчөө кечке маал үйгө келсе Заир кызуу болуп отуруптур, ал тигилерди бир карап Алишерге.
– Иним, мен сага абдан нааразымын, – деди.
– Эмнеге аке?
– Аялыңды ээрчитип алып кемпир-чалга карабай жүрө бересиңби ыя?
– Аялым менен басам болбойбу, бул эмне дегениңиз?
– Болбойт, мунуң келгенде эле мага жаккан эмес, башка катын алып берем, аны тигил досуна кошуп кетир! – деди Заир, ошол убакта сурма үйдөн чыга калды:
– Ай балам, эмне деп жатасың, бар үйүңө бар – деди ачуусу келе.
– Апа, балаңа айтпайсыңбы, кайдагы бирөөнү алып келип албай бияктагы кыз-келиндер толуп жатпайбы! – дегенде Аида үйдөн угуп турду, Сурма аны жетелеп дарбазадан чыгарып келди, – Апа, ал келиниң болбойт, кетирип жибергиле, – деди да үйүн көздөй басты.
– Акем эмне дейт? – деди Аида билмексенге сала.
– Көңүл бурба, сүйлөй беришет, алар тапкан кызды албаганыма жини келип жүрөт, – деп койду Алишер, ошонун эртеси Зуураканды таксиге салмак болуп аялдамага келди Аида:
– Зуураш, мен корком, ачык билинип калса кантем?
– Өзү айта албайт коркпо, болгону сени кетириштин аракетин жасашы мүмкүн.
– Бул мени жөн койбойт, өз абийири үчүн ачык айтпайт, бирок ар кандайга барышы турган иш, мени көргөндөн бери түрү бузулду да калды.
– Сен аны көңүлүңө алба, кайната-кайненең, күйөөң турбайбы, эчтеке кыла албайт, макул сүйлөшүп турабыз, – деп Зууракан жолуна түштү, такси жүрүп кеткенден кийин гана Аида үйгө жөнөдү, Сурма ага үндөгөн жок, анткени Аида кирип келе жатканда Заир үйдөн чыккан, апасы артынан кошо чыкканынан улам ал эчтеке дебей басып кетти, ага Аиданы бузулган кыз деп көп сөздөрдү айткан эле.
– Кеттиби балам? – деди аста гана.
– Ооба кетти апа.
– Дурус келин экен бечара.
– Ии-ий, – деп коюп өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип халатын кийип кайра чыкты.
– Аида, отурчу балам, – деп ага жанын көрсөттү Сурма.
– Эмне болду апа?
– Отур, сүйлөшчү сөз бар, – дегенде Аиданын жүрөгү болк этип алды: “Шүмшүк, өз күнөөсүн билбей мени шыбаган экен”, – деп алды Аида, кымырына отуруп сөз күтүп карап калды, – Балам, мен сенден бир ооз эле кеп сурайм, ачык айт, чындыкты айт,
– Болуптур апа.
– Мурда кайда иштедиң эле, Алишерди кантип тапкансың?
– Апа, мен адеп шаарга барганда базарда соода жасап жүргөнмүн.
– Алишерди кайдан көрүп таанышып калдың?
– Бирге жашаган кыз экөөбүз… – Аида такала кайра сөзүн оңдоду, – Бирге жашаган кыздын жигит менен чогуу келип калды, ошондо таанышканбыз.
– Сен калп айттың балам, мейли бара бер, – деди Сурма экзамен алган мугалимдей аны карап, анын кабагы бүркөө, катуу да айтпады, сыртка чыгып жумуш жасап жүргөн Аида: “Шүмшүк десе, бирдемени калп айтып кеткен экен, Алишерден дагы сурайт, мейли сураса ал деле ошону айтат да, бирок ага дагы ишенбейт эми, баары бир булар кодулап калды”, – деп кыжаалат болгон Аида ыйлагысы келип блокнотун алып болгонун болгондой кылып жазып коюп өз ишин жасап жүрө берди. Кечке маал Алишер жумуштан келгенде сурма аны дагы өзүнө чакырып алды, Бекмурат сыртта жүргөн.
– Алишер, сен мага сураган суроомо түз, чындыкты айт, – деди акырын.
– Апа, бул эмне деген сөзүңүз, эмне болуп кетти?
– Аиданы кайдан жолуктургансың, кантип табышып калдыңар эле?
– Апа, кызыксыз го, кадимкидей эле таанышып калганбыз, – Күлө карады.
– Кыйшаңдабай түз жооп бер.
– Сиз экзамен ала тургандай сурадыңыз го?
– Ошондой, мааниси чоң.
– Болуптур, аны базарда соода кылып чогуу жашаган кыздын жигити аркылуу таанышкам, эмне болуптур?
– Эчтеке, башка эчтекесин билбейсиңби?
– Жок, жакшынакай эле соода жасаган кыз болчу.
– Ма-акул, бар эми, – деп койду, Бекмурат кирди.
– Келдиңби балам, ишиң кандай?
– Жакшы ата, бирок үйдөгү текшерүү жакпай турат.
– Эмне болду?
– Апам да, – деп коюп өз бөлмөсүнө кирип кийим алмаштырды, Аида кечки тамакты жасап болуп алып келди, чогуу тамактанышып болуп Аида идиш аягын жууп тазалап анан үй жыйып, кайната-кайненесинин орунун салып берип анан жатты, аны Алишер тозуп алды.
– Сен жата элесиңби?
– Сени күттүм.
– Чарчагандырсың.
– Кабырга сөгүлгүдөй жумуш эмес да, сен чарчаган жоксуңбу?
– Жо-ок, көнгөн иш да, аялдардын кылаар жумушу, – Аида күлүп койду.
– Апам сага эчтеке деген жокпу?
– Жо-ок, жөн эле экзамен алды.
– Эмне деп?
– Сени менен кантип таанышканымды сурады.
– кызык, ал эмнеге антип жатат, бирөө жарым бирдеме десе керек.
– Ким билсин, балким агаң бирдеме дегендир, бая күнү ызырынып кетир деп жаткан.
– Ал кызуу болчу, айта берет да.
Уландысы бар....
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып, комментарий жазып колдоп кетиңиздер....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8