8-БОЛУМ
– Ийи де. Жашарып бара жаткансың го, аял кырктан ашканда күчөйт имиш.
– Эмнеси бар экен, күйөөм бар күчөсөм болбойт бекен? – Наздуу шыбырады.
– Боло-от болот байбиче, – кубат олдоксон бери бурулуп аялын кучактап экөө саамдан кийин күш-быш болуп, аялдын назик дабышы угулуп жатты, алар балдарынан тартынып кээде-кээде ушинтип жан жыргалынын даамын татып алышат, жашоо мыйзамы эң керектөөсү, маңызы эрди-аялдын төшөк ичиндеги ушул ичиндеги ушул кызык табышмагы өмүр улап, адам жаратуу менен гана чектелбей өмүргө бир ырахатты тартуулап турат эмеспи чиркин. Анара күйөөсүнө ыраазы боло:
– Али күчтөн тая элексиң, – деди шыбырай.
– Мен көп короткон жокмун, сенден башка аялдарга барган эмесмин.
– Ооба, мен дагы түбөлүк сеники гана болуп келе жатам го?
– Эми уктайлы байбиче.
– Уктай бер, – деп Анара күйөөсүнүн жаагынан сылай өөп жатып алды. Эртеси эрте келиптир Турат, ал аялы экөө кеңешип анан келген болчу.
– Эмне кылалы деп чечтиңер? – деди иниси менен келинин караган Турат.
– Жума үйлөнбөйм дейт го.
– Эмне, эми ооруган баланын азабы бүтүп түрмөгө түшсө ошонун азабын тартасыңарбы, чакырчы Жуманы, – деди Турат.
– Эч ким камай албайт, балким калп айтканы үчүн өзү камалаар.
– Эмне болду балам, түшүндүрүп айтчы, – деди Анара.
– Мен кечинде сүйлөшөйүн деп барганмын, – Жума баарын айтып берди, уятынан өлгөндүр эмдигиче, болоору-болду, эми кам санабай эле койгула.
– Капырай, ошондой кыз бекен Сейил, балакет ба-ас, – деп Канышай аларга карай оозун басып отуруп калды.
– Өзүн билбей селпилдеген энесин карабайсыңбы, тим эле өктөм сүйлөп жатпады беле, – деп Кумарбек айтканда Анара ага колун кезеди.
– Баласың, мындай сөздөргө аралашчу болбо!
– Макул апа.
– Бар ишиңди кыл.
– Мейли, – Кумарбек акырын чыгып кетти, анын дагы сүйлөшкөн кызы бар эле, ал өз оюнда: “Эгерде Каным бирөө менен жүрүп бузулуп алган болсо, же мени алдаса ошол жерден өлтүрөмүн, Жумача унчукпай баса бербейм”, – деп ойлонуп жатты. Ал Жумага караганда абдан чыйрак, ишти даана жасап ачык сүйлөгөн бала, али ата-энесинин босогосунан чыга элек болсо да, балалык кыял жоругу кете элек, ата-энесинин кароосуна муктаж болсо дагы өзүнүн маселесин өзү чечет. Бой келбети келишип узун, арык жигит болгон, анын сүйгөн кызы онунчу класста окуйт, чачы узун кара тору кыз, өңү кара болгону менен каштары кыйгач болуп жаңы чыккан айдай, эки бети кызылдуу, ууртунда уячалары бар сүйкүмдүү кыз. Кумарбек он биринчиде окуп жатканда сүйүүсүн айткан, ал дагы сүйөт, ата-энеси бардар жашаган айылдын көзгө көрүнүктүү адамдарынын бири. Жума үйдөн чыкпай калды, анын кыздарга болгон ишеничи өчкөн, бир күнү ал үйдө отурганда Кубат:
– Балам, быйыл экөөбүз бада алып багып келбейлиби? – деп калды.
– Канча мал?
– Канча чогулса ошончо алабыз да.
– Канчадан төлөйт ата?
– Койго отуз сомдон, уйга элүү сомдон айына, апаң уй саап сүзмө-май куюп алат.
– Мен жакында курулушка сүйлөшүп койгонмун да ата, Кумарды кошуп алыңыз.
– Мейли, колоктотпой аны мал кайтартайын, кечээ акем сүйлөшүптүр, бир жумадан кийин чогултат экенбиз.
– Кумарды иштетиңиз, менин ишим ансыз деле жакшы ата, бир үйдү толук алсак элүү миңден алат экенбиз, анын үстүнө мен чатырын жакшы жабам, андан дагы көп алам, – деди Жума.
– Анда сен өз ишиңди кыл балам, апаң экөөбүздүн күчүбүз гана керек силерге, силердин эртеңкиңер үчүн жашайбыз, Токондон көңүл тынды, аны аялы ооруса айыктырып алат, окутуп-чокутуп адам кылат, мына бул экөөңөр үчүн бирдеме жасайлы деп жатабыз.
– Ооба, түшүнөм ата, – деди Жума, ошол учурда лексус унаасы токтоп Токон менен Мээрим келип калды, аны Мээрим айдап келген эле, көтөрүмчөктөрү көп экенин көрүп Жума жетип барып учурашып үйгө киришти. Алар базарлыкты аябай алып келишкен эле, Анара кудуңдап сүйүнүп жүрөт, айылда соеор малы жоктугун билишип бир койдун этин ала келишиптир.
– Куда-кудагыйлар жакшы жатышабы айланайын?
– Ооба, салам айтышты, – Мээрим салафандан өрүктүн кагын алып чыкты, – Токонго кубаттуу болот дейт атам, көп алып келдик.
– Саламат болушсун.
– Биротоло келдиңерби балам? – деди Кубат уулуна кайрылып.
– Жок, эки күндөн кийин силерди алып кетебиз, чакырып жатышат.
– Уят го, аларды биз чакырып сыйласак болот эле, – Анара уулун карады.
– Апа, – деди Мээрим жылмая, – Атам өз дегенин кое бербейт, жакында сеп беребиз деп жатат.
– Кокуй, анда камынышыбыз керек го? – Анара дароо күйөөсүн карады.
– Жо-ок апа, биз Токон экөөбүз шаарда жашайлы деп чечтик, – Ыңгайсыздана күлүп кайра, – Албетте сиздердин уруксатыңыздар болсо, – деп Токонду бир карап алды, ал сен дагы бирдеме дебейсиңби деген көз карашы эле.
– Биз эмнеге каршы болот элек айланайын, ушунчалыгына шүгүр балам, кайда болсо дагы ден-соолугу таза болуп аман жүрсө болду, – деди Анара, Мээрим дасторкон жайып тамак ашын, алып келгендерин коюп жатты, – Жума кайда кетип калды, уул-келиниңдин алып келгенин өзүңөр жеп алдыңарбы дебесин, акем менен жеңемди, бу коңшу Сайра менен Алымканды чакырып келсин, – деди анан.
– Ошент балам, силердин аман жүргөнүңөр гана бизге Кубат, эми Жума менен Кумарды үйлөнтүп койсок милдетибизден кутулат элек, – деди Кубат аста сүйлөп, – Кайда болсоңор да аман болгула.
– Ата, биз шаарда эле бололу, Мээримдин дипломдук иши дагы бар, биерден ал бүтүрө албай калат, – деди Токон, ата-энеси таарынып калабы деген ойдо себебин баса айтып.
– Биерден балээге бүтүрө алабы балам, – Анара уулун коштоду, – үйдү кантээр экенсиңер, батирде кыйналасыңар го?
– Ал чечилген апа, – деди Мээрим, атам бизге үч бөлмө үй белек кылды.
– Жакшы болуптур анда, – Анара кубангандай болду, – Биз алып берсек болот эле…
– Жо-ок апа, атамдардын баласымын да мен дагы, мен үчүн берет.
– Койсоңчу Мээрим, – Токон күлүп калды, – Атамдар мен үчүн алып берди го, баягы Токон келип мага күйөө бала болот деп кайдан ойлопмун, кызымдын купулуна толгон жигит болупсуң, менин сага белегим болсун дебедиби.
– Ма-акул, – ма-акул, баары бир экөөбүздүкү да, – Мээрим жылмая Токонду карап турганда сырттан Канышай менен Турат неберелерин ээрчите кирип келишти:
– Оо келгиле балдарым, – деди Турат, Токон тура калып учурашып төрдөн орун көрсөттү:
– Өтүңүздөр.
– Аман-эсен келдиңерби айланайын? – Канышай Мээримди өөп анан отурду, – Анара келинин уул-келини алып келгендерин өзү жеп салбасын деп эле келип калдык.
– Койчу жеңе, – Анара күлө карады, – Сиздерсиз тамактан өтпөсүн билесиздер да.
– Ооба-ооба, келиним башынан ушундай, – Турат сөзгө аралашты, – Ыймандуулугунан көрсүн, эми-и гана колуңарды боорго алып балдардан көөнүңөр тына баштабадыбы, силерди көрүп ичкеним ирим болуп жүрдүм.
– Ооба, сиздердин бизге берген дем күчүңүздөр бизге кубат болбодубу аке, – Анара шыпшына башын ийкегиледи.
– Ой, эмне эле мени кеп кылып жатасың? – Кубат ормое карады, аны беркилер дагы эмне болуп кетти дегенсип карап калышты.
– Эмне дедим? – Анара түшүнбөй.
– Кубат болду деп жатпайсыңбы?
– Эмне болот эле?
– Мени айтпа да, – деп каткырып агасына көзүн кысканда тигилер эми түшүнүп күлүп калышты, Мээрим кызара уялып кетти, үндөбөй чай куюп сунуп жатты. Анара эми гана түшүнүп күйөөсүнө жини келе карады:
– Тим эле сени бирөө уруп согуп жаткансыбай жөн отурчу, атың Кубат болсо эле сөздүн баары сага тийе береби, ар бир сөздүн өз түшүнүгү бар да.
– Ошондо деле тамашалап койдум байбиче, – Күлүп кызаңдай келинине катуу тийгенин сезип өзү дагы уялып калды.
– Токон, жол жүрүп чарчап келдиңер тиги үйгө кирип эс алгыла балам, – деди Анара, Мээрим менен Токон чыгып кеткенден кийин, – Бала болуп кетет, ал жөн эле кубаттуу болот экен деди, ошону акемдердин көзүнчө айтып келинди уят кылдың, – деп күйөөсүн жемелеп жатты.
– Мен жөн эле… – Кубат башын кашылай унчукпай калды.
– Койгула эми, бу дагы өзүн сыйласын деп жатат да, – Канышай кепке кошулду, – Капырай куда-кудагыйды сурайын дегиче…
– Жатышыптыр, салам айтыптыр жеңе.
– Саламат болсун, негизи жакшы кишилер, – деди Турат, – Баатырбек директор болуп турганда жакшы эле дүпүлдөдүк го.
– Кой чал, кетели эми, – деди Канышай.
– Анан балдарды жиберебиз жеңе, эт берип ийиптир.
– Мейли, чакырган жерден калба деген, акең экөөбүз азыр колу жолубуз бош, чакырган жерге бара беребиз, кудай ушуну кут кылсын, – Канышай шыпшына ордунан турду, Анара базарлыктан салып берип өзү узатып кайра кирди.
– Кудайга шүгүр, – деп алды ал, – Эми сен тигини буз, тамак асып акемдерди чакырып коелу, – деди анан, андан кийин сүйлөшүп көпкө отурду, коңшусу Сайра менен Алымкан келип алар дагы отуруп кетишти, Токон бактысына ыраазы, Мээрим экөө алдын ала жашоолоруна кам көрө башташты, биринчи эмнеден башташ керек экенин тизмелеп жазып жатышты.
– Токон, адегенде сен айдоочулукту үйрөнөсүң, андан кийин эмдиги жылы окууга тапшырышың керек, мен диссертациямды жактап бүтүп анан иштеп сен окууңду бүткөнчө карайм.
– Анан качан балалуу болобуз? – деди Токон.
– Азыр ага шашылыштын кереги жок.
– Мээрим, мына мен жыйырма жетиге чыктым, сен жыйырма алтыдасың, балалуу болушубуз керек, кечигип калабыз.
– Токон, балалуу болууга жетишебиз, – дегенде Токон кабак чытып анын сөздөрүнө көңүл бурбай жатып алды.
– Токон, сен мага таарынып калдыңбы?
– Жок, мен таарынганда эмне, баары бир укпайсың.
– Таарынбачы эми, эгерде боюма болсо төрөйм да.
– Ишенбейм.
– Эмнеге?
– Өзүң врачсың, болбой турган дарыны колдонуп жүрө бересиң да.
– Токон, ушунчалык ишенимден кеттимби?
– Жок, бирок баланы каалабаганың мени өкүнтүп жатат.
– Болуптур анда, балалуу болгонго макулмун, мен илимдин артынан жүрсөм, сен эми окуйсуң, балким сен дагы бир илимдин доктору болуп калсаң, балдарыбызды ата-энебиз багып коет дечи, бирок алар бизден алыс өсүп калат…
– Анан балалуу болбой коюу керекпи?
– Андай дегеним жок го.
– Анда сексенге чыккандабы?
– Аа-ай, сен мени түшүнбөсүң го.
– Мээрим.
– Оов.
– Сен менден балалуу болгуң келбейт окшойт?
– Эмнеге андай деп ойлойсуң?
– Мен жинди болуп айыккам, балким зыяны бардыр.
– Жок-жок алтыным, андай да, мындай да эмес, болуптур сен айткандай эле болсун, – Мээрим өз каталыгын кеч түшүнө Токонду кучактап калды, – Кереги жок башкасынын, балалуу болобуз, жөн гана карапайым адамдардай жашайбыз, жарайбы жаным?
– Мени капа кылдың Мээрим, сени ойлоп кыялга батып балдарыбызды сага, мага окшоштуруп алып кубанып алчу элем.
– Болду дедим го, эми сөзсүз төрөп берем.
– Качан? – Мээримге муңайган жүзүн бурду.
– Эмки жылдын ушул маалында колуңа аласың.
– Мээрим, ал кудайдын иши, бирок сен болтурбоонун аракетин жасабашың керек.
– Эми эч кандай андай кылбайм, – деп ийди Мээрим.
– Сен токтотуп жүрдүң беле?
– Жок-жок, – Мээрим айбы ачылгандай шашып кетти, Токон унчукпай ойлонуп калды: “Мен өз каалаганыма баш кошуп балалуу болгонду кыялданып жүрсөм бул боюна болтургусу келбей жүргөн экен да, анда бул мени сүйбөйт, андай болсо эмнеге мага күйөөгө тийди, үмүтүмдү үзүп койсо болбойт беле”, – деп жатты. Мээрим жүрөгү сүйүп, өмүрүндө күтүп жүрүп баш кошкон жарынын жүрөгүн оорутуп алганына ичи ачышты: “Чын эле мен эмнеге балалуу болууну каалабайм, балким сактанбасам деле болбойт чыгаар, Токондун ой максаты бала болгон соң төрөп беришим керек”, – деп ойлонуп эртеси өзүнүн тааныш гинекологуна барып көрүндү.
– Мээрим, куттуктайм сени, – деп жылмайды ал.
– Эмнеге эже?
– Уже сенин боюңда бар экен.
– Кантип? – Мээрим таңгала карап калды.
– Эки айдан ашыптыр.
– Чын элеби?
– Ооба, эмне болду?
– Мен сактанып жүрбөдүм беле?
– Туура эмес кылгансың, мындайда балага зыяны тийиши мүмкүн.
– Эми эмне болот?
– Көрөбүз, дагы бир айдан кийин келсең көрөбүз, эгерде өспөй турган болсо анда сөзсүз алып салуу керек, – деди Айнакан.
– Эже, алдырганда төрөбөй калсамчы?
– Айла жок, инвалидди жарыкка алып келүү да кыйын.
– Эми эмне кылам? – Мээрим ойлонуп калды, өкүнүп да жатты, бирок Токонго айткан жок: “Эгерде өспөй калса алууга туура келет, анда Токонго кыйын болот, ага айтпай алдырбай дагы түшүрүүгө аракет кылуум керек”, – деп ойлонуп жатты. Билинбей эле жай, жаз күз өтүп кыш дагы келди, Мээримдин төрөйүн деп калган учуру, Токондун кубанычында чек жок эле, экөө колтукташып келе жатканда алдынан Алишер менен Аида чыга калды. Аида аларды көрүп токтоп калды эле Алишер байкабай эле:
– Эмнеге токтоп калдың? – деди колунан тарта.
– Алишер, тигилерди кара.
– Ким экен? – деп Алишер карай берип Мээримди таанып калды.
– Менин күйөөм…
– Эмне, менин кеткен аялымдын жанындагыбы?
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6