9-БОЛУМ
Түн: Узун жолдо шамалдай буту, бутуна тийбей чуркап келе жаткан караан алда кимден качып бараткан сыяктуу, артын улам - улам кылчайып карап алат да, кайра алдыны көздөй жөнөп барат.Шашкалактап алда кайдадыр жетпей жаткандай, бир чети шамал менен бирге тең ларышып бараткан сыяктуу. Жаш гана жигит кимден, эмнеден анчалык качып баратканы эч кимге белгисиз. Кызддын көзүнө кудум эле окуянын баары көз алдында болуп жаткандай, эмне болгонун түшүнө албай, тек гана кино тасмасын көрүп тургандай, алды артына элеңдеп карап алып чуркап бараткан жигитти түшүнүүгө акылы жетпей, ары жагы эмне болот деген сыяктуу тек кана карап, элейе тиктеп тура берди.
Бир убакта гана алдынан чыккан атчан киши менен, көк жал карышкырды көрүп, кыздын жүрөгү оозуна кептелип, же түш көрүп жатканын биле албай, же өңүндө экенин байкай албай, алар менен бирге аралашып баарын көрүп жатты. Аркы жактагы ак көйнөкчөн жанагы сулуу кызга көзү түштү. Ал кимдир бирөөнү шашып күтүп жаткан сыяктуу, ордунда тура албай тынчы кетип, арыдан - бери бир жерде тегеренип басып жүрө берди.Анын да көздөрүндө мөлтүр жашы жүзү ылдый агып,улам-улам жамандык жакын сыяктуу шашкалактайт. Бирок кыз алардын жанында жүрсө да, Миренаны эч ким көргөн жок. Жөн гана алардын элеси колуңдун учун тийгизип койсоң жок болуп кетүүчүдөй болуп турду.
Кызга баары көрүнүп жатты. Качан гана, кара көлөкө жигитти көргөн учурда жигит бул кыздын сүйүктүүсү, жана кыз Кара көлөкөнү күтүп жатканын Мирена даанышмандык туюму менен билип койду.
Мындай кездешүү алдын ала белгиленген болсо, кыз жигитке күтөм деп канча сөз берген болсо да, жигиттин болжошкон жерге жетүүсү, аздап кечигип баратты.
Кара көлөкө " эгер бир аз кечиксем алды көздөй изиңди жашырып кетип калгының,мени күтүүнүн кереги жок,бул жолу ишке ашпаса башка убакыты келет " деген сөзүн кыз кулагынын сыртынан кетирип, сүйүктүүсүн белгиленген жерден күтүүнү уланта берди . Кыз болгону бактысы үчүн күрөшкүсү келди. Бир жолу баш алып чыгып кеткен соң, артка кайрылгысы келбей турду. Жашоосундагы түрдүү жанга тийген мыйзамдарынан, баарына, сурак берип жашоодон тажаган. Болгону ашыгы менен бирге өмүр бою, тынч, ачка -ток калса да жанында бирин -бирин сүйөп жашоону эңсеген. Башкалар ашыгын эң жаман жырткыч, кан соргуч, кандуу жырткыч менен салыштырышса да бир гана кыз үчүн, ашыгы баарынан мыкты сезилчүү. Мына бактымды таптым деген менен, оңой гана колун созуп жете алчуудай эмес. Албетте өз жашоосунун мыйзамы экөөнү кошкондон көрөк өлүмдү артык көрөөрү турган кеп эмеспи...
Дал ошол үчүн да, сүйүктүүсүнөн жалгыз өзү туңгуюук караңгыдан, жалгыз жарыкты көрө билгени үчүн да, андан башканы жүрөгү сүйө албастыгын билип, канча каршылыктарга карабай, экөө бир болуу үчүн качып чыкканы. Азыр -аз калды! Эгер азыр эле жетип келген болсо сүйгөнү колунан алып, бул жерлерден алыска, таптырбас кылып алып кетет, жана өздөрү эңсеген бакытта жашайт. А эгер кечиксечи? Анда эле....
Жакшылыктан үмүт үзбөгөн кыз ушул нерселерди ойлой дагы бир аз күтүүнү туура көрдү.
Жигит белгиленген жерге жете келгенде сулуусунун өзү айткан сөздү жерге таштап, аны күтүп турганын көрө койду " Мен сүйүүм үчүн дайым күрөшөм, сен мени жүрөгүңдүн төрүндө сакта, бизге баары каршы болсо да, мен сүйүүм үчун бар күчумдү жумшайм. Менин жүрөгүм сенден башка эч кимди сүйө албайт, анан ал сенсиз кантип жашамак эле?... Эгер баары биз ойлогондой ишке ашса, менден бактылуу адам жок болот. Биз эч кимге зыян келтирбейбиз, бизди эч ким таап албас, тааныбас жактарга кетебиз. Жок эгерде биздин максатыбыз ишке ашпаса мен өзүмдү курмандык кылам. Биздин махабатыбыз үчүн. Мен атамдын алдына барсам да дал ошол болот! Өмүр бою капаста чиригенче, баарына жек көрүндү болгончо, ушул жерде күрөшөм, жана ушул жерде өмүр менен кош айтышам.
Мен көз жумсам мен үчүн сен дайым жаша. Сен акылуусун жашоого! Мен сенин жүрөгүңдө түбөлүк болсом жетиштү. "
Ак көйнөкчөн сулуусунун эки күн алдын айткан сөздөрү, жан - алы калбай куюндай сызып бараткан жигиттин кулагына угулуп, көзүнөн мөлтур жашы тамчылай кетти.
— Кечигип баратам деген ойлор мээсин жеп турду. — Жок - жок мен жетишим керек! Кандай азап болсо да, жетишим керек!
Кандай болсо да азыр жетсе, колунан кармаса, экинчи койо бербестей сызып баратты.
Жете бергенде туш тараптан, анан калса артынан калбай ырылдаган бөрүлөр эчак эле сулуусун айланыша тооруп турганын көрө койду.
Ордунда тык токтоду! Эгер азыр ашыкча кыймыл кылса, тигиндеги ач бөрүлөр кызды туш тараптан тытмалап тарпка айлантаары шексиз!
Ага койобу тиги кууп келе жаткан бөрүлөр да жигитке карай бирине, ала бири асылып кандуу кармаш улана түштү.
Өзүн айлана тегеретеп туш тараптан ырылдаган бөрүлөрдүн көздөрүнө тигиле караган кыз акырын ооз учунан үн катты.
— Мени кечиргиле! Бирок мен өз жолумду тандадым!
Ушул сөздү айтып, бир саамга ортодо тынчтык орной түштү. Канчалык жырткыч болбосун, бөрүлөрдүн көздөрүнөн өзүнүн теңтуштарын, бирге, теңдүү жигиттерди көрүп турду. Аттиң деп алды ичинен! Ушунча жакшы күндөрдү бирге өткөрбөдү беле? Эми мынтип өз сүйүүсү үчүн баарына бир өзү каршы чыгып жатканына ичи ачыша түштү. Бирок амал барбы?... Өз колу менен биринчи ирет чабуулга өттү.
Жигит канчалык аракет кылмай сайын туш тараптан кол салган жырткыч бөрүлөр кыэына жеткирээр эмес! Тагдыр тосконубу ким билет?... Айтор сүйүктүүсүн коргоп ала албастыгын түшүнүп турду .
— Эх акылсызым, айткан сөздү эмнеге укпадың ? Мени деп өлүп кетишиңди мен каалабайм - деп жүрөгү сыздап алды.
Эрке сүйүктүүсү дал ошол сөзүндө туруп, агасы баштаган көк жалдардын жолун өзү тороп, колунан келишинче кармашып жатканын көрүп, сүйүктүүсүн алып кетүүгө күчу да, эрки да жетпесин билген жигит кыздын айтканынан кайтпаган өжөрлүгүн эске алып ага миң тоскоол болсо да, аны өзү менен алып кете албай калганын эстеп, жүрөгү миң жеринен тилинип турду.
Бир замат баары тым боло түштү. Мына - мына көздөрү оттой жанган көк жал карышкыр менен тиктеше түшкөн сулуу эч нерседен коркуп да койгон жок. Алдында бет маңдайында өзүнүн каны, жаны бир тууган агасы турган.
Албетте агасы өтө күчтүү, башкалардай агасына бет келе албастыгына көзү жетип турду. Өз ажалы да жакын экенин сезип жаткандай, тек гана ичинен, сүйүктүүсүнө " мен үчүн жаша "- деп кайталап - кайталап алды кыз!
Бир канча күн алдын эле кызга катуу эскертүү берилип, кийинкисинде эч ким аны аябасын, андан да эң жаманы кан ичкич адамдар күндөн күнгө көбөйүп, элге коркунучтуу болуп калгандыгы тууралуу,анын сүйүктүүсү мыйзамды бузса, кийинкиси кечирилбешин катуу эскерткен агасынын сөзүн дал ошол сүйүктүүсү үчүн жерге таштап качып кетүүнү эңсеген эмес беле? . Мына ошол көк жал оттой көздөрү менен, алсыз кызды жеп жиберчүүдөй ачуулу тиктеп турду.
Жанындагы ат минген мерген киши да кызды аяп тиктеген менен, эч нерсе кылып, кызды куткара албасын билип, бир кызды, бир көк жал карышкырды тиктей,кайра башын жерге сала койду.
— Кош! Кош бол сүйүктүүм !
Кыздын ушул сөзү кулагына угула, көзүнөн жаш тамган кыз жигитти акыркы жолу карап алды. Көзүндө жигитке деген сүйүүсү үчүн өзүнүн жанын курман кылуучу эрдик, кайраттуулук билинип, андан да, баарынан тажаган келбет, башка мынтип жашай албастык сезилип турган. Колунан келген аракетин кылганы менен жигит сүйүктүүсүнүн алдында эч нерсе кыла албайт болчуу.Андан да сүйүктүүсүнүн бир бооруна ( агасына) " эч качан кол тийгизбейм,тек гана сени алыс жактарга алып кетким келет "- деп сөз бергени эсинде .Азыр миң каршылык болсун, кыз буга жол койбосун билип турду.
Бирок ага көк жал койгон жок.Карындашынын сөзүн эки кылып, жүрөгүн оорутуп кайдагы бирөө үчүн эзелтен келе жаткан таштай каттуу мыйзамын бузуп жатканы,ого бетер кыжырын келтирип жатты.Дал ошол үчүн, намысы үчүн, элин- жерин, атасынын, тагыраагы бөрүлөрдүн мыйзамын бийик туткан агасы,
Экөөнүн тилегин таш каптырып, экөөнүн бир гана бакыт күткөн жүрөктөрүн көк жал такыр түшүнүп жете алчуудай эмес .
Андан да эң жан кашайтып, көкөйүн кескилеген чындык бул, сулуу карындашы бойго жеткенче, Кара көлөкө тарабынан далай - далай кол салуулар, кан төгүүлөр болуп, кара көлөкөгө болгон өчү оттой жалбырттап күйүп турганда, жөн гана карындашын ага салып бере салууга акылы да, эрки да жетпейт болчуу. Эзелтен келе жаткан бул жоону, душманды дос деп кантип айта алмак эле?... Акыры далай ирет азуулу тишин матырып элин кырган жаш жигит ушул эмес беле? Анан кайсыл сүйүү, киши куруп калгандай бир боору ушуну сүйгөнүнө, ушул үчүн курбу достору менен каршылаш болгонуна жаны кейибегенде кантсин?!
Бирок акыркы агасынын сөзүнөн кыздын үмүтү бүтүндөй өчүп бүткөн. Өзүн камакта жүргөндөй сезип алган. Албетте атасы да асыл тукум, көк жал карышкырдын тукуму.Агасы да, атасы да карындашы, кызы өздөрүнө ата бабаларынан бери каршылаш болуп келген кара көлөкөнүн жанына жөн гана койуп жиберүү бул акылсыздык, өтүп кеткен акмакчылык деп ойлошкон. Агасы карындашы менен кара көлөкө экөөнүн сүйүүсүн бир болбогон жомок сымал элестеткен.Оюнда карындашын да өзү сыяктуу кан ичүүчү тирүү жырткычка айлантып салат деген ой башынан кетпей койгон.Албетте айдай карындашына агасы мындай жашоону каалаган эмес.Ошол үчүн да азыр көздөрү оттой жанып, өзүнө тике карап турган карындашын телмире оюнан эчендеген миң түрлүү ойлор өтүп жатты. Жүрөгү тилинип турду!
Карындашынын кылыгын жаап жашыра берип жадап бүткөн эле.Эгер атасы билсе,карындашына мындан өткөн катуу азапты даярдай турганын агасы билип, карындашын тыйган менен, эрке кыздын жүрөгүн жигит гана ээлеп ал гана көзүнө көрүнүп калган.
" Асыл тукум көк жал бөрүлөрдүн тукумунда душманына сатылган адамды эч качан кечирүүгө болбойт! Бул сенин жакының болобу, башкасы болобу мааниси жок.Бизде бир гана жүрөктө эрктүүлүк, чындык жана ишеним жашайт.Биз эч качан душманга сатылган адамды кечире албайбыз. Биз башкаларга окшоп, өзүбүздү сатпайбыз сатылбайбыз! Биздин жүрөктө темирдей эрктүүлүк, өчпөгөн алоо өрт көзүңдө жанып турушу керек! Бул сенин,менин, ар бирибиздин милдет! Коркоктук эч качан сенин пайдаңа иш кылбайт, душманга коркуп жакыныңды сатып койгонуңча өзүң өлгөнүң жакшы, анткени баары бир билинип калса сага андан оор жаза колдонулат ".
Көк жалдын оюнан атасынын дайым кайталап айткан ушул сөздөрү эсине кылт дей түштү. Карындашынын көзүндөгү мөлтүр жаштары агасынын жүрөгүн тилип өтүп жатканы менен, жүрөгүндөгү эрктүүлүк акылына баш ийбей турду.Анын үстүнө кара көлөкөнү коргоп, өзүнүн сөзүн артка таштап сүйүүсү үчүн күрөшүп, өзүн өлүмгө кыйып турган карындашына бир туруп кыжыры келе түшуп жатты.
— Кечир мени сулуум !
Ичинен ушул сөздү кайталап алды. Өзү өлүмгө кыйбаса, карындашын мындан да катуу азапка кыя албай турду. Эгер азыр эле атасынын алдына,элине алып барса кызды далай ирет кыйноого салаары анык! Анда миң өлүп, кайра миң тирилеери көз алдына элестеп алды.Буга агасы да, атасы да чыдай албайт болчуу. Кете бер деп кол шилтеп да койо албайт. Акыры Кара көлөкөнүн колунда далай элинин, бир боорлорунун каны жатканы жатканы жаш бөрүгө айдан анык! Бир гана жолу ушул карындашын кара көлөкөгө кыя албай турду.
— Мен бир гана бактылуу болгум келген.Андан башка эч нерсени каалабайм. Билем мен туура эмес кылдым! Билем мен силерге каршы турдум! Атамдын айткандарын кылбадым башын салбыратып жер караттым! Бирок мен бактым үчүн гана күрөшкөн элем... Өз күнөөмдү мойундайм! Бул менин күнөөм! Жүрөгүмө башка эч ким кире албайт! Мени кечиргиле силер да! Эгер мага деген аз да мээрим калган болсо сизде, мени ушул жерге жок кылыңыз! Мен кайтып айылга барбайм! Суранам мени кечиргиле! Ага!
Карындашынын акыркы сөзү баарынын жүрөгүн тилип өттү! Эмне кылаар айласын таппагандай курчап турган жаш бөрүлөрдүн баары,башын салбырата жерди тиктешти.
— Жок! Токто! Мени ал! Мени! Карындашыңа тийбе!
Канчалык аракет кылган менен үйүр болуп топтолгон бөрүлөрдүн курчоосунда калган кара көлөкө ич - ичинен сыздап да, сүйлөп жатты.
Көздөрүнө тике карап айткан кыздын сөзү агасынын сабырын түгөтө салды. Башка эч нерсе дей алган жок. Кечирим сурап да катасын билген жок! Жаш бөрүнүн ого бетер жаны кашайа түштү. Дагы деле душманын өздөрүнөн үстүн койуп жатканына кыжырданды,ачуусу келе, каны кайнап чыкты.
Көздөрү оттой жанып тиктеп алды да, кызга качырып кире туш тараптан азуулу тиштери менен тытмалап кирди. Капарына бир гана ой! Баары бир, баары бир өмүр бою маңдайына чыккынчы деген мөөр басылышын каалаган жок карындашына!
Жүрөгү ыйлап турду. Көзүнөн мончок жаштары жерге төгүлө, ичинен тынбай кечирим сурап жатты. Кансыраган сулуунун ак көйнөгү заматта ар эти менен бөлөк - бөлөк болуп жер, айлана кан жыттана түштү.
Дароо канды мурду сезген кара көлөкө алыстан баарын көрүп турган. Барууга чамасы жеткен жок . Сүйүктүүсүн куткарууга болгон күчүн жумшаган менен, баары бир экөөнү тең ажыратып тынган тигилерге кыжыры кайнап турду. Колунан келишинче кармашты, туш тарапка чачырата баарын жарадар кыла сулата ыргытты.
Телтеңдеп туш тарабы тытмаланып өзү араң жан калган болсо да, жетүүгө аракет кылып жатты. Бирок азыр барып эч нерсе да кыла албастыгын билип турду. Башы айлана азыр эле кырча тиштеген бөрүлөрдүн калтырган жарааттары жанын жеп, оорутуп баратты.
Көзүнө сүйуктүүсүнүн эркелеген сөздөрү угулуп, " мен үчүн дайым жашагын, мен сени көктөн көз салып, дайым карап турам, жаныңда болом " - деген сөзүн эстеп алып мелтиреген көздөрүнө жаш толуп, эчак каны жок, кубарган купкуу жүзүнөн ылдый ачуу жаш кулап түштү.
Бир аздан соң таңга жуук, жанындагы атчан жигит көк жалды токтотуп,экөө тең артты көздөй жөнөп баратышты. Көк жалдын асмандагы толуп кооз болуп турган айды карап алып, үнүн созо безеленип,, ичиндеги күйүтүн чыгарышка аракет кылып, көзүнөн мөлтүр жаштар тамып жатты.Артынан кошо улай уулуган бөрүлөрдүн көздөрү канга толуп, асманды карап алышып ачуулуу, ары муңдуу ыйын төгө беришти.
Ичиндеги күйүт ат көтөргүс оор эле.Ээрчише бирге өскөн бир боору өз колунан ажал тапканына жаны чыдай албай жатты. Жанындагы жакын досун да караган жок, тек гана бийик тоону аралай, жаш бөрү алды көздөй чуркап кете берди, кете берди .Досу күйүтүн билген менен бир нерсе кыла алмак эмес! Жөн гана баарын убакыт баарын дарылайт деп, ичинен өзү да кошо сыздай,жалган үмүткө ишенимиш болуп досуна каршылык көрсөткөн жок. Көк жалдардын өздөрүнүн мыйзамы бар, жана аны эч ким буза албашына дагы бир ирет көз жеткизди.
Тоонун эң бийик чокусуна чыккан көк жал адатынча асманды карап алып муңдуу улуп, ыйлап кирди.
Алар бир аз алыстаган соң, темселей басып келген кара көлөкө, буруксуган кан жыттанган жерге келе, чөгөлөй отура кетти. Канга бойолгон ак көйнөктүн тытылган бөлүгүн колуна алып, буркурап ыйлап алды да, жер жаңырта ачуулуу үн чыгара бакырып,бакырып алды. Заматта Асманды кара булут каптап, жайнаган жылдыздар жоголуп, жаан төгүп кирди.
Ичинен өзүн күнөөлүү сезип чөгөлөгөн калыбында көздөрүнөн жаш тамган абалында көпкө отура берди. Эркесинин өмүрдөн удунтип өтөөрү үч уктаса түшүнө да кирген эмес! Кечее эле жүзүнөн өөп,коюуу чачтарын сылап отура, түбөлүк бирге болууга убада бербеди беле? Азыр мынтип, чарчы көйнөгүнүн айрындысын жыттап отуруп калганына ишене албай жатты.
Качандыр бир убакта албетте сүйүктүүсү үчүн өчүн алаарына ичинен өзунө өзү сөз берип, таң атаар убакта гана калың токойдон алыс гана аттанды.Эми бул жакка кайрылчуу сүйүктүүсү да жок.Тек гана анын тытылган ак көйнөгүнүн бир болүгүн колуна бекем мыкчый ичиндеги жанган кек,алоо оттой жалбырттап,
Кайра күч топтоп келип, баарынан өч алаарын көз алдына элестетип, адам баласынын да, көк жалдардын да укум тукумуна чейин жок кылууну эңсеп, токой ичине сиңип жок болду.
Ак көйнөк кийген кыздын ачуу чаңырыгы Миренаны түшүнөн чоочутуп ойготту.
Дароо жарыгын күйгүзүп, тигиндейрээк турган текчедеги суудан алып кулкулдата жутуп алды.Көл шал болуп терлеп да алган.
— Мага эмне болуп баратат ? Мен ….Мен !
Башында миң түркүн суроолор топтолуп, эч бирине жооп таба албай кыйналды.Саатты караса бир кыйла болуп кетиптир.Курбусунан дале дайын жок эле.Телефонун алып, дароо коңгуроо кыла койду.
Бирок коңгуроого эч ким жооп берген жок.Дагы кайталап коңгуроо кылды, дале эч ким жооп берген жок.
Уктап калган болушу керек деген ой менен өзү ойлуу отура кетти. Эмне себептен бул коркунучтуу түш өзүн кыйнап жатканын биле албай турду.Эмне кылуу керек ? Көпкө ойлонду да,жанындагы китепти алып кайра ачып окуп жатты. Кайра - кайра бир нерсени түшүнө тургансып кайталап карап алды.Бирок сүрөттүн алдындагы жазууларга эч акылы жетпей турду. Кайсыл тилде жазылганын да биле алган жок.Сүрөттөгү башын жерге салган,ат минген кишини көпкө тигиле карап алды.Кадимки тынчы кеткен эмедей бир бөлмөнүн ичинде арыдан - бери басып жүрө берди.
Бул учурда Айдын да баарын билип, кызды тек гана терезеден тиктеп тура берди. Башка эч нерсе айла кыла албайт. " Эмнеге уктабай жүрөт экен " деген ой жигиттин тынчын алып, кыздан көзүн албай тиктеп тура берди. Көзүнө Миренанын жайнаган көздөрү элестеп алды.Анын кээ бирде шоктугу да, кээде тура калып муңайып кеткени да жигиттин жүрөгүн ээлеп, кызды бир эле күн көрбөсө жашай албачуудай укмуш бир, күчтүү сезим жигиттин жүрөгүн ээлеп турду.
— Сулуум менин ! Ата энеси тууралуу издештирсе, ошол убакта эле кызы менен баласын кол кызматчысына берип качырып, өздөрү аягы бүтпөгөн кандуу кагылууда көз жумганын билсең кандай абалда калаар экенсин деп ойлоп кызды ичинен аяп кетип жатты.
Айдындын атасы андан мурда өз карындашынын күйүтү бир эзсе, кара көлөкөнүн өч алмай сайын тынбастыгы бир тынчын алып акыры жүрүп ажал тапкан. Кыз өзү тууралуу чындыкты билсе кандай абалда калаарын элестетип коркуп алчуу болду жигит.Ошол үчүн да, карыш жылбай кыздын бөлмөсүнөн көз албай карап тура берчүү адатка айланып калган. Анын үстүнө өзүнүн артынан калбай ээрчип жүргөн кыз да Миренаны тынч койбосун сезип жатты.Дагы канча азаптар алдыда экенин жигит муштумдай жүрөгу менен туюуп турду.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев