8- БӨЛҮМ
— Рахмат менде баары жакшы.
Курбусунун тынчсызданганын көрүп, аны жайгарып сүйлөп койду
— Өтө эле катуу түшпөдүң окшойт,кана бул жерге келчи бутуңдун жаракатын көрөлү.
Курбусу Миренаны сүйөй столго кайра отургузуп бутун карап өзүнчө сүйлөнүп алды.
— Карачы муну,иий байкушум десе.
Дары салганың каерде турат ?
Заматта кыздын бир аз ооруксунуп калган бутуна акырын ооруну басаңдатуучу дары сүртүп, акырын таза чүпүрөк менен таңып койду.
— Эмне болду эмнеге көп ойлонуп калдың ?
Миренанын оюн курбусунун сөзү бөлду.
— Өзүм да билбейм,мага эмне болуп жатат ? Мен кандай жашоодо жашап жатам ? Өзүм да билбейм.
Башын мыкчый ойлуу отура кеткен Миренаны дагы курбусу сөзгө тартты.
— Деги эле такыр башкачасын сага эмне болуп баратат түшүнбөй калдым. Ойлуусун акыркы убактары, сузсун! Түшүнөм сени бир чети. Балким сенин ордуңда болгонумда көтөрө албас белем мынча сыноонун баарын.
Кел андан көрө бүгүн бир эрте менен агаңды көргөнү барып келебиз, андан соң бир аз айланып, курбу курдаштар менен кечеге барабыз. Билесин го бүгүн бирөөнүн туулган күнү.
Кыз таң кала суроо салды.
— Кимдин туулган күнү экен ?
— Ал сыр болсун эртең барганда көрөсүн.
Курбусу жылмайып алды да, кайра экөө ар нерсени сүйлөй отура кетти.Канчалык курбусуна алаксыганы менен, кыздын оюнан ак көйнөкчөн сулуу эсинен кетей туруп алды.Анын оюнун баарын ээлеп алгандай, басса - турса түштөрүн да ээлеп алчуу болду. Оюнда " демек кара көлөкөнүн сүйүктүүсү болгон тура, ал кызды эмне үчун анчалык экөөнүн сүйүүсүнө каршы болгондоруна таң калып, акылы жетпей турду.Курбусунан канчалык аракет кылып, эмнени көргөндүгүн сураса да, эч нерсе айтпай койду.Тек гана "- мен бир түш көрдүм деп өзүмдү өзум сооротуп, унутуп койдум " - деген курбусуна бир ишенип, бир ишене албай кетип жатты.
Таңга жуук уктап кеткен экен.Катуу чырылдаган сааттын үнүнөн улам ойгонуп кетти.
— Ой уктап калыппыз го, сабакка кечигебиз Асу тур !
Курбусун түрткүлөй өзү да шаша буша жуунуп чыгып, экөө окуу жайды көздөй жөнөштү.Бирок курбусу өзүн жайгарып сүйлөп койгон менен, ичинде кыйла коркуп калганын,баскан турган сайын элеңдеп,эки жагын карана берип,алда эмнедендир тынчсызданып жатканын
Мирена ички туюуму менен туюп бараткан.
— Кандайсын Мирена ? Жакшы эс алып турдуңбу ?
Окуу жайдын алдына жеткенде аркадан чыккан үн кыздарды токтотту.
— Рахмат жакшымын өзүңчү ?
Аркаларынан жете келген Айдын менен экөө жылуу учурашып, сүйлөшкөнчө сабакка кирип кетишти.
Оюнда жанагы жаш жигитти эч эсинен кетире албай көпкө кыйналды.Ал тууралуу чындык бар бекен же жокпу ? Же мен башка дүйнөдө жашап жатамбы ?Же бул жөн гана жомокпу,эгер чын эле андай болсо, апамдын китебинде кандай чегерилген? Дал өзү! Ооба дал өзү ошол мен көргөн жигит.
Өзүнө өзү суроо берип, бирок жооп таба албай кыйла убара тартып, оюнан ошол кыз менен, жигиттин элеси кетпей турду.
— Кантип эле ушундай болмок беле ? Балким агама айтып көрсөмбү ?… Же…. Оюнун аягына жете албай баарын унутуп, сабактан чыгып агасын карай жөнөдү.
— Мирена ! Мени унуттуңбу? бирге барабыз деген элек, сен жалгыз эле жөнөп баратасын.
Аркасынан жете келген курбусу таарынгансып сүйлөп алды.
— Оо кечир мени жарыгым, ар нерсени, агамды ойлоп баратып, сага кабар берүү эсимден чыгыптыр.Келдиң го акыры болду эми таарынбачы.
Курбусуна карап, жылмайып алды да, экөө агасы жаткан оорукананы көздөй жөнөштү.
Окуу жайдан кыздарды таппай калган Айдын үйүнө көздөй жол алды. Өзү мекендеген калың бакка жакын калган убакта аны дал ошол бактын арасынан көз албай өзүн карап турган сулуу кыз көзүнө көрүнө түштү. Аны көрөөр замат дароо эч нерсени ойлонбой, кызга жетип барды да, ага шашыла суроо берип алды.
— Бул жерде эмне кылып жүрөсүн ?Эмнеге келдиң бул жерге ? Же эмне …
— Жок баары жайында кыжалат болбо,болгону сени көргүм келди.
— Эмне мени көргүң келди ? Бирок сен жакшы билсең керек ? Мен …
Сөзүн аягына чыгарганча кыз оозунан сөзүн жулуп кетти.
— Баарын жакшы билем. Сен ошол кыз деп кетпей жүрөсүн. Ал кыздын кадыры сен үчүн өтө бийик го дейм, болбосо өмүрүңдү коркунучка салып бул жерде жүрмөк эмес элең да, анан да билесиңби ал сулуу көпкө жашабасын ? Ал сулуу дегенде….
Дароо кыздын оозун баса калган жигит жинденип, жоон үнүн күркүрөтүп, күрөктөй колу менен кыздын жакасынан жулкуй, жерден бир кыйла көтөрүп жинденген абалында кызга сүйлөдү.
— Ага жакын жолобо, болбосо үзүм - үзүм этиңерди ар жерден табасыңар, абай болгула.Анан да артымдан көз салганыңды токтот.Бала кездеги окуялар бизге сабак болуусу керек.
Кызды кайра жакасын бошото шалак эте жерге таштай салды да, өзү аркы жакты көздөй кирип кетти.
Кыздын көзүнөн жаш кандай тамганын өзү да билбей кетти.
— Болгону сени сагынган элем.
Кыздын үнүн жигит капарга да алган жок, тек гана алды көздөй басып кете берди.
— Күнөөм кайсыл деп алды ичинен! Көз алдына ошол окуялар тартыла, эчкирип ыйлап -ыйлап алды!
Бүтүн уламышты баары билишет.Анан да тиги кара көлөкө кишинин да, айрыкча Айдындын тукумун жок кылуу дегенде эки көзү төрт эмеспи. Ошол үчүн да, бала кездеги Айдын менен бирге ойноп, бирге күн өткөргөн оюнкараак селки кызды бой жеткен учурунда арсайган азуусун малып алган кара көлөкө чала өлүк кылып таштап салган.Эч кандай дары да жардам бере албаган кыз бул дүйнө менен кош айтышып, кайра эле дал кара көлөкөнүн өзүндөй, жыркыч кан соргон тирүү өлүккө айланып чыккан. Кара көлөкөнүн максаты дал ушундай эле! Дал ушундай өздөрүн бир жырткычка айлантуу,эгер ага көнбөсө жок кылуу. Айдындын эң бир жакыны болгон соң атайын кызды чала өлүк кылып,андан соң,дал өзү сыяктуу кан ичкич жырткычка айлантып салганы ошондон.
Мунун баарын өз көзү менен көрүп турган Айдын буга чыдай алган эмес.Айдындын Миренадан кийинки аны көп нерседен алаксыткан кыз ушул болчуу. Өз сүйүктүүсүн сактап кала албаганына ичинен ит өлүп, жүрөгү өрттөнгөн кара көлөкө Айдынга кол салууга канча аракет кылса да, ага батына алган эмес.Анткени Айдындын атасы өлгөн соң, көз карегиндей сактаган чоң атасы Айдынды карыш жылдырбай, аны дайыма көп өзүнүн кол астындагы өзүндөй көк - жалдар коргоп чоңойтушкан.Ошол себептен да анын сулуусун тирүү өлүккө айлантып, өч алгысы келген. Сулуусу көз көрүнөө адамдарды өлтүрүп, дал кара көлөкө сыяктуу кан ичкичке айланган учурда аны өлтүрүүгө аракет кылган менен болбой, качып кеткен бойдон көрүнгөн эмес эле. Акыркы жолу көргөн учурда ал кара көлөкөнүн тобуна биротоло кошулуп кеткенин айткан. Ананчы, андан башка аргасы барбы? Эми ал бөрүлөрдүн тобунда орду жок бирөө болгон соң, эгер көрүп калышса тирүү калбасын ойлоп, биротоло жок болуп кеткен.
Ошол бойдон эми көрүп жаткан учуру. Бирок дале Айдынга болгон балалык аруу сезими кыздын жүрөгүнөн өчкөн эмес.Анткен менен кайда, Айдындын жүрөгүндө Мирена биротоло орун ээлеп калганын жигиттин көздөрүнөн кыз эбак эле билип койгон. Кантсе да кызды бир жолу көргүсу келди.Айдындын чоң атасы алардын айылына алып барган учурда, Айдын кичинекей гана бала болчуу. Кыздын эсинен бүткүл адамга болгон таза сезимдер өчүп кеткен болсо да, бир гана Айдынга болгон сезимин өчүрө алган эмес. Жигит тууралуу да баарын билип, Кара көлөкө Айдындын тукумун курут кылышка, өч алууга бүткүл өмүрүн буйруп койгонун байкап, атайын алар тарап кетип калган.Бирок азыр кызга баары бирдей болуп турду. Болгону Айдын ушунча жыл издеген сулуу Миренаны көрүү үчүн атайын келген.
— Демек бул жерде жашайсын сулуу !
Миренанын үйүн карап алды да өзүнчө сүйлөнүп алды.
Бул учурда Мирена курбусу экөө агасынын жанында отурушкан.Агасынын айыгып баратканына кубанычында чеги болбой, тек гана анын көзүн ачышын каалап, агасынын жанынан чыкпайт.Чектелген убакыт бат эле бүтүп, күүгүм убакка бир аз калган учурда ооруканадан чыгып үйлөрунө жөнөштү.
— Мирена мен үйгө барайынбы же агаң үйгө чыкканча жаныңда болуумду каалайсынбы ?
Курбусунун сөзүнө кыз күлүп жиберди.
— Мен үчүн жанымда болсоң абдан жакшы эшигим сен үчун дайым ачык.
— Иий садагам десе албетте да. Сен менин эң жакын курбумсун да.
Экөө бир бирин жылуу кучактап алды.Көпкө күттүрбөй курбусунун телефону чырылдап калды
— Мына менин кароолчуларым ойгонушту, жарыгым мен кечиреек өтөм ээ үйүңө, ага дейре апам толтура жумуш буйруду жасап салайын.
Жылмайган курбусу Мирена менен коштошуп, акырын жөнөп кетти.
Кыз да өзү үйүнө карай жол алды.Адаттагыдай эле үйүнө жакын калган учурда, өзүн күтүп тынсызданып бир жерде тура албай,ары бери басып жүргөн Айдынды көрө койду. Бир чети күлкүсү келип, бир чети жүрөгү аны көргөнүнө кубанып туйлап ала, бир топко карап турду да, акырын кайра аны көздөй жанына басып барды.
— Бул жерде эмне турасын кеч болду го?
— Аа келдиңби, ооба кеч болду мен мында жөн эле, сени күтүп….
Кареги өзүнө кадалып, жылмайып турган кыздан Айдын сүрдөп да кетти көрүнөт. Айтаарга сөзүн да унутуп кала, башын кашып алды.
— Агаң кандай болуп калыптыр, абалы жакшыбы ?
Сөз таба албай башка жакка сөзүн бура койгон жигит кызды суроолуу карап алды.
— Ооба рахмат баары жакшы дешти буйруса жакынкы арада көзүн ачса керек.
Кубанып алган кыз жайдары жооп берди.
Экөө үйүн көздөй басып баратты. Жигиттин ою кыздын коопсуздугунан тынсызданып жатты.Анткени жанагы жолуккан сулуусу да, жөнөкөй кыз эмес экенинен, андан да тиги кара көлөкөдөн кызды коргой албай калуусунан коркуп турду.
— Мирена жакындарың жокпу ? Жалгыз үйдө кантип жашайсын, корпойсунбу ?
Жигиттин суроосуна кыз күлүп жиберди.
— Кайда кетмек элем, бул менин өз үйүм да, ата энем таштаган үй. Андан кетип кайда барам ? Жакындарым жок, билбейм барбы жокпу.
Бала кезимдеги бактылуу мүнөттөрүм өткөн күн. Анан да эмнеден коркмок элем.
Ичинен баарынан коркуп турса да, кыз эч нерсени сыр берген жок.
— Эр жүрөк кыз экенсин анда !
Жигит башка үн каткан жок, болгону үйүнүн алдына жеткен кезде шамалга шытыр эткен жалбырактын үнүнөн, кыз коркуп кетип калтырай жигиттин колун кармай койду.
Ортону саамга жымжырттык ээлей, бир убакта кайра күлүп жиберишти
— Эч нерседен коркпогон, эр жүрөк сулуу деп ойлосом бул кыз, шамалдын шытырынан элеңдеп жүргөнүн кантейин?..
Жигит кызды карай экөө тең күлүп алышты.
— Ооба өзүң жалгыз бир үйдө жашап көрсөң түшүнмөксүн, сен дагы.
Кыз дагы жооп бере акырын жылмайып алды.
Кайра бир аз турган соң, жигит кызга номер жазылган кагазды карматты.
— Эгер корксоң, бул номерге коңгуроо кыл. Эгер андай кыла албасаң, анда дайыма көзүңдү жум да, " Айдын үйүмдүн астында, ал баарынан мени коргойт " деп ишен.Ошондо баары жакшы болот.
Жигит кыздын көздөрү менен саамга тиктешип алды. Ушул көз караштын ичинде көөп нерсе жаткандай, капкара болгон торпоктун көздөрүндөй тегерек бакыракай каректин ичине чөгүп кетип бараткансыды да, кайра сүрдөп кетип, көздөрүн кыздан ала качты.
— Макул ошентем. Рахмат чооң. Эми мен кирейин үйгө. Курбум келмек эле бир нерсе дайындап турайын.
Коштошкон кыз үйүнө акырын кирип кетти.
Жигит кыз үйүнө кирген соң, ары басып барды да, кайра калың бактын арасына кире, кыздын үйүнөн көз албай, тигиле тиктеп тура берди.
Үйүнө кирген кыз сумкасын койуп жатып, эсине кылт эте жигиттин сөзү түштү.
— " Айдын мени дайым коргойт деп ишен "!
Бул сөздө эле канчалык табышмак жатканына кыз түшүнө албаса да Айдындын жылмайыңкы жүзүн көз алдына келтире, ичинде бир башкача сезим уялай түштү.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев