2024-жылдын ноябрында «Epoch Times» эл аралык басма долбоору тарабынан «Коммунисттик партия жөнүндө тогуз комментарий» даректүү хроникасынын жарык көргөнүнө 20 жыл толот.
Бул эмгек коммунизмдин түпкү карасантай маанисин ачып, анын келип чыгышын хронологиялык тартипте ачып берген. Ал Кытайдын мисалында коммунизмдин кандуу ырайымсыздыгын, анын Кытайдын 5 миң жылдык маданиятынын каада-салттарын жана руханий негиздерин талкалаганын ачып берген, жалпы адамзаттык баалуулуктардын тебеленип жатканын жана адамдарды күч менен адамгерчиликтен кетүүсүн ашкерелеген ж.б.
1949-жылдан бери Кытайдын компартиясынын (ККП) башкаруусу астында көптөгөн кампаниялар 80 миллион кытайдын зордук-зомбулук менен өлүмүнө алып келди. Бир кездеги жаркын цивилизация бай маданияты жана тарыхы бар, жагымдуу жаратылыш шарты бар, Жараткан тартуулаган асыл, адептүү, эмгекчил адамдарды тарбиялап өстүргөн. Бирок коммунизм атеизмди, акчага сыйынууну, коррупцияны, адеп-ахлакты бузууну жана бузукулукту ырастап, бир нече ондогон жылдар бою адамдардагы алардын кудайлык табиятынын көбүн жок кылды.
«Коммунисттик партия женундегу тогуз комментарий» кытайлыктарга коммунизмдин арамзалыгын ашкереледи. Ал эми кытайлар өз жашоосун китептеги сүрөттөлүш менен салыштырып, бул тарыхый хрониканы кабыл алып, көптөгөн жаңылыш түшүнүктөрдөн тазаланып,... компартия менен байланышын үзө башташты. Азыркы убакка 438 миллион кытайлыктар ККПны жана анын жаштар уюмдарын: комсомолдон жана пионерден чыгаруу жөнүндө арыз жазышкан. Бул абдан маанилүү. Байыркылар жакшылык жакшылык менен кайтат, жамандык жазаланат дешкен. Эгерде партия өзү адамзатты жок кылууга умтулган кара ниет жаланкыч болсо, анда акырында өлтүрүлгөн, алданган, бузулган адамдар үчүн ким жооп берет? Ал көзгө көрүнбөйт жана жоопко тартыла албайт. Бирок «өмүрүнүн акырына чейин партияга ишенимдүү болууга» ант берген партиялаштар бар. Жана алар ККП жасаган бардык жамандыктар үчүн жооп бере турган адамдар болушат. Адамдарда дагы эле бир аз болсо да кудайлык табият бар, ал аларга түшүнүк, күч жана КПК менен байланышты үзүүгө кайрат берет.
«Коммунисттик партия жөнүндө тогуз комментарий» деген хроникадан кийин «Коммунизмдин акыркы максаты» жана «Биздин дүйнөбүздү коммунизмдин арбагы башкарат» деген эмгектер жарыкка чыкты. Бул китептерде ошондой эле коммунизм бир гана нерсеге — адамдарды Кудайды, ата-бабаларын жана каада-салттарын тааныбаган, адилдикти жана табигый боорукердикти жоготкон адамкерчиликсиз адамдарга айландыруу аркылуу адамзатты жок кылууга умтулуп жаткан бардык механизмдер, ыкмалар, схемалар жазылган. Бул эмгектердин авторлору белгисиз, анткени КПК оппозицияны куугунтуктап, демократияны, адамдардын укуктарын урматтоону билбейт.
Бүткүл дүйнөнүн элдери коммунизм жөнүндөгү эмгектер менен таанышып, көптөгөн тилдерде басылып чыкты. Аларда камтылган билимдер миллиондогон адамдардын акыл-эсин туура эмес ой-пикирлерден тазалоого жана коммунизмге болгон мамилесин аныктоого жардам берди.
Көп өлкөлөрдө ноябрь айында «Коммунисттик партия жөнүндө тогуз комментарий» тарыхый хроникасы параддар, митингилер, чогулуштар менен белгилеп келе жатышат. Бул үч жыйнактын маанисине адамзат тарыхындагы азыркы мезгилдин маанисин түшүнүп көбүрөөк адамдар ойгонгондо баа беришет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев