2- бөлүк.
— Ооба албетте болот сурай бериңиз ?
Агасы менен Мерина бири бирин карап алып, кайра тиги милиция органдарына жарыша жооп берип киришти.
— Мерина сизге бир нече суроолорум бар мүмкүн болсо, четиреек өтсөк болобу ?
Тигилердин башчысы кызга кайрылып сүйлөп кайра, алды көздөй жооп күтпөстөн сыртты карай жөнөдү. Артынан кыз менен агасы да ээрчий сыртка чыгышты.
— Абалыңыз жакшы болуп калыптыр кубанычтамын. Сизди кырсык болгон күнү тапканда аябай оор абалда элеңиз….
Кызды башынан аяк сынай караган жигиттер, ыздын ар - бир кыймылын байкап,эмне дээр экен дегендей унчукпай бир саамга туруп калышты.
—Рахмат сиздерге .
Кыз дагы акырын үн ката, жер тиктеди.
Сизден өтүнүчүм бизге ошол күнү авто кырсык кандай болгону тууралуу маалымат бере кетсеңиз жакшы болмок эле. Бул биз үчүн өтө маанилүү .
— Эмне себептен ал тууралуу сурап калдыңыздар ? Карындашым эми гана өзүнө келип жатканда ал күндү эстетүүгө себеп барбы ?
Ордунан чок баскандай агасы секирип турду.
Ооба карындашы түн-күн катуу кыйналып жатканын агасы сезип эле жүргөн. Ошол себептүү да азыр ал тууралуу сөз айткысы келген эмес. Бирок ага көнөбү... Эки жигит да койбой,—биз өз жумушубузду кылып жатабыз деген жоопту беришти.
— Албетте себеби бар, биринчи ордуңуздан жай алыңыз.
Тиги сурак алган киши кыздын агасына, жумшак сабырдуу сүйлөдү.
— Анткени бизде кечее түнү дагы кырсык болду. Эң кызыгы денесинде ошол күнкүдөй таң калычтуу издер бар. Анан да жүзүндө ыраңы кубарып, бир кыйла кан жоготкон. Бирок ал жерде бычакташуу, же авто кырсык болгон эмес. Денесинен эч кандай оор жаракат да жок. Болгону баарынын денесинде мындай тактар табылды.
Тиги киши коюн чөнтөгүнөн алып, үч төрт сүрөттү столго койо салды. Кыз да агасы да, жүрөгү оозуна кептеле, таң калып тиктеп алышты. Сүрөттө эки кыздын жанаша жаткан денеси , андан соң тамагы менен, колундагы тамырда чекит - чекит тиштин издери калып кеткен эле.
— Бул эмне деп ойлойсуздар ? Сиз менен бирге жүргөн курбу кыздарыңыздын денесинен да ушундай тактар табылган. Анан да өтө эле табышмак. Баары жан берип, кантип сиз аман калганыңыз таң калычтуу эмеспи ?... Бизге жардамыңыз тийип калаар балким ? - Балким ошол күнкү окуя кандай жүз бергенин айтып бере аласызбы,бир аз нерсе болсо да,аз гана эсиңизге түшкөн эч нерсе жокпу ? Бул биз үчун бул өтө маанилүү !
Шашкалактаган тиги киши кызды улам, " эмне дей койоор экен " - деп сынай карап алды. Бирок кыздан өзүнө канааттандыраарлык жооп ала албай, ындыны өчө түштү.
— Эч нерсе билбейм,эсимде жок ,көзүмдү ооруканада ачтым . Андан башка ,мурунку күндөр эсимде жок. Кечириңиз мени, жардам бере албайм !
Кыз сүрөттөн көзүн албай, акырын гана сүйлөп койгону менен, көзүнө жанагы өзүнүн курбуларын да дал ушундай кылып өлтүргөн бей тааныш адам көз алдына тартылып турду.Кудум эле өзүн да ал аңдып жүргөнсүп, азыр эле ал киши тууралуу сөз ачса өзүн да ушул кыздар сыяктуу тындым кылып сала тургандай, бүткүл денесин калтырак басып, коркууга түшүп кетти.
— Башка сиздерге эч нерсе дей албайбыз.Кечиресиз эми бизди бул суроо аркылуу тынчыбызды албайсыз деп үмүт кылам.
Агасы карындашынын жаман боло түшкөнүн байкап, дароо сөздү башкага бурду да, ордунан туруп, карындашын жетелеп жөнөдү.
— Мирена айым эгерде бир тырмакчалык нерсе эстесеңиз дагы бизге кабар берүүңүздү сурайбыз. Бул өтө таң калычтуу ,жана коркунучтуу. Мына бул менин телефон номерим .
Артынан жете келген жигиттин бири кызды токтотуп колундагы ак кагазды суна койду.
— Макул аракет кылам!
— Кечир асылым өзүңдү жаман сезип кеттиң окшойт. Болду эстебе аларды . Мындан кийин сени өзүм карайм.Болгону сен айыгып, жакшы болуп кет.Жүрү унаа келди үйгө барабыз.
Ойлуу карындашын жетелеген агасы күткөн унаасына отургузуп, үйүн көздөй алып жөнөдү. Чынында эле карындашынын кантип аман калганы агасына да, карындашынын өзүнө да, табышмак эле. Элес - булас билгени ушул, тиги киши баарын чекеден кыздарды аңтарылган унаадан алып чыгып жатканын.Өзүнө жакын калган убакта корккондугунан өзүн кантип эсин жоготконун билбейт.Кийин ызы- чуу үндөр кулагына жаңырып барып токтогон эле.Калганын эч нерсе билбей, көзүн ошентип ооруканадан ачты. "Өлөт деген ушул экен да" деп корко да түшкөн. Мынтип Кудайдын кудурети менен тирүү калганы менен, жанагы жан алган бей тааныш киши түн уйкусун бүтүндөй ээлеп алган сыяктуу, анын элеси көз алдында түбөлүк тартылып кала берди. Кантип ? ким өзүнө жардам бергенин эч түшүнө албай турду. Ойлуу бараткан Мирена кантип бат эле үйүнө келип калганын да байкабай калган. Качан гана агасы унаанын эшигин ачып, карындашын күлө караганда гана, ойлорунан алыстады.
— Мына карындашым үйгө да жетип келдик. Эми жакшы эс аласын. Сени эч ким беймаза кылбайт ээ ?!
Агасы жөлөп таяп таксиден түшүрө үйүнө алып кирди.
— Жүрү тамактанасынбы эмне тамак ичкиң келди ?
— Рахмат ага мен сиздин ар бир тамагыңызды сүйүп жеймин го. Андыктан каалаган тамагыңыз жасай бериңиз.
Мерина агасын жылмая карап койду.
— Менин сүйүктүү карындашым десе азыр мен бат эле.
Ары - бери шыпылдаган агасы бат эле тамак аса койуп, ал арада карындашына келип өзү сүйгөн китебин окуп берип жатты.
— Кана айтчы китеп аябай кызыктуу экенби ээ ?Ары тамашалуу дагы …
— Ооба да мага аябай жакты.
Бир заңгыраган чоң үйдө экөө гана жашап келет. Апасы менен атасынан калган үйлөрүн таштап салбай, ал үйдө экөө жашоолорун өткөзүшөт. Агасы ары акылдуу, ары мээримдүү, карындашы десе жанын берет. Достору канча жолу айтып, канча жолу азгырса да, бир алар менен кошулуп шарактап тарактап же кыз жандап жүргөн жок. Тек гана карындашын жанынан артык көрүп, ал менен бирге басып, ал менен бирге туруп чоңойтту. Мектепке да кийимдерин тазалап кийинтип, чачын өрүп анан экөө бирге жөнөп калышат эле .Көргөндөрдүн көзүн суктанткан экөөнүн тагдырын эч ким билбейт. Ата энеси эмне себептен каза болгону да баарына табышмак. Болгону эл арасында алар аябай сырдуу үй бүлө болгонун кабак бүркөп, кээ бирлери айтып калышат.
— Ага !
Кыз күтүүсүздөн эле агасына кайрылды.
— Оов каралдым !
Агасы да китептен башын албай, үңүлгөн абалда карындашына жооп берди.
— Айтыңызчы мени кандай абалда алып келишти !
Агасы карындашын бир аз түшүнбөгөн сыяктуу суроолуу карап алды.
— Мени ооруканага кандай абалда алып келишти ?Кимдер алып келишти ?Мен өзүмө таң калдым , мен да өлүп калсам керек деп ойлогом. Бир мен тирүү калганыма өзүм да ишене албай жатам.Бирок канчалык ошол күндү эстейин десем да, эч нерсе майнап чыкпай жатат.
Карындашы агасын карап суроолуу кайрылды. Канчалык ошол киши тууралуу айтайын десе да, эмнегедир тили байланып калгансып коркуп турду. Агасына да балким, залакасын тийгизип алуудан корккон чыгаар. Болгону өзүнүн кандай абалда аман калганын билгиси келди.
— Эмне себептен бул тууралуу сурап калдың билбейм... Мейли айтып берем .
Сени оорукананын жанынан таптык. Ал жерге дейре ким алып келгенин эч ким билбейт. Айткан убагыңда келе албаганыңдан улам мен сага коңгуроо кылдым ,бирок байланыш үзүлгөн болчу. Күн түштөп ооп калган мен кыжалат болуп милиция бөлүмүнө байланышып, сенин кечигип жатканың тууралуу кабар билдирдим. Алар бир аз күткүлө деген менен ,кечинде издөөгө киришти. Түнү менен издеп,таң атып баратканда шаардык ооруканын жанынан табылганыңды мага кабарлашты..
Кийин , авто кырсык тууралуу билдик.Жаңылыктардан көрсөткөн убакта, каза болгон кыздар сенин жаныңдагы кыздар экенин билдим. Баары тең каза болушкан экен . Мага кабар кылганда, сени да алардын жанынан көрүүдөн корктум.Түнү менен Кудайдан суранып сенин аман болушуңду тиледим. Бирок Кудайга шүгүр сени оорукананын жанынан таап алышканын айтышты. Ошол замат жетип бардым. Эч нерсени билбейт элең. Көйнөгүң канга боёлгон абалда бирок дене табың жылуу болчуу. Ушундай карындашым. Өзү эмне болгон эле ошол күнү ?
.
Кыз терезени тиктеген абалда, бир аз ойго бата кеткенин көргөн агасы кайра сөздү башкага буруп кетти.
— Мейли садагам баары өттү кетти.Ал күндү унутуп койгонуң жакшы. Эми эс ал. Ар -бир жамандыктын артында жакшы күн болот .
Карындашынын чачынан сылап, маңдайынан өөп койуп, ордунан туруп кетип жаткан агасын кыздын сөзү кайра токтотту.
— Ал күнү эч кимге карабай биз шаарга кайтмак болдук. Арасынан бир курбубуздун ата энеси чет өлкөгө кетип, ал үйүнө бизди чакырды. Ал жакта да бир аз көңүл ачууну сүйлөшүп келдик. Баары кызуураак болчуу. Бирок мен эмес ага. Мен сизди капа кылып алганым үчүн, эч кандай маанайым деле көтөрүп ойной алганым жок. " Бир чети жакшы болду " - деп, үйгө көздөй ашыгып келе жатканбыз. Кандай болду билбейм бир убакта биздин жолдон бир караан көзүмө уруна түштү. Саат канча экенин билбейм, бирок коюу караңгы эле. Машинанын жарыгынан мага узун гана караан көрүндү.Мен айдоочу кызга шашыла бакырдым, " Абайла сүзүп кетесин " Ошол замат ал да көрө койуп, унааны дароо бура салам деп, унаабыз ала - салып, аңтарылып кетти. Кийин ….
Кыз сөзүн улаганча, аркы жактагы терезе дароо шарак ачылып, муздак шамалга аралашып, терезеге илинген апакай кооз пардо ары бери булактай түштү.
Кыз эмнегедир коркуп кетти.Көзү алая азыр эле ачылган терезеден бирөө кирип келчүүдөй, артка кетенчиктей салды. Аны байкаган агасы ордунан акырын туруп барып, кайра терезени жаап карындашына карады.
— Эмне болду берекем ? Коркуп кеттиңби ? Эч нерседен коркпо, бул жөн гана катуу шамал болгону үчүн гана, ачылып кетти. Сен корко турган эч нерсе деле жок. Болгону терезени бир аз оңдоп салуу керек экен ээ ?… Мэйли таң атсын анан.
Агасы күлүп келип, акырын карындашынын жанына отура кетти.
— Аа айтмакчы анан ?
Агасы эмне тууралуу суроо бергенин дароо байкады.Көзүн тиги терезеден албаган тейде агасына жооп берди.
— Билбейм ! Андан башкасын билбейм ага эсимде жок эч нерсе .
Агасы бир жылмайып алып, карындашына бейпил түн тиледи да, өзүнүн бөлмөсүнө чыгып кетти. Үйдүн жарыгын корккондуктан жандырып да алды. Эмне кылышын билбей, жүрөгүн коркуу бийлеп, ары - бери басып, уйку да көргөн жок. Кандай жашоодо жашап жатканын да билбей, түшүмбү же өңүмбү деп коркчуу болду. Терезенин баарын караңгылап жаап да салды. Анын баарын сыртта , коюу ,калың токойдун арасында турган жаш жигит көз салып байкап турган.
( уландысы бар )
Салам достор эгер чыгарма жагып жаткан болсо сиздерден колдоо сураймын. Сүйүп окуган окурмандар үчүн дагы жаңы чыгарма.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5