4-бөлүм.
Балдар үйүнө келгени Аскер өзүн сабырдуу кармады,тилин тишине тиштеп өзүнүн максатын окууга койду.Тез арада эле класстагы балдарга,мугалимдерге жага түштү.Өзүнүн активдүүлүгү менен балдар үйүндө оозго алына баштады.Бат эле дос-жоро күттү,сылык мамилеси менен көпкө жакты.
Убакыт деген зымырык куш тура,а-бу дегенче 11-классты бүттү,балдар үйүнүн директору Аскерге борбордогу чоң окуу жайына жолдомо берди.Зирек бала жогорку окуу жайында да жакшы окуду,өтмүш тагдыры Аскерге чоң сабак берген болчу.Ал жерде да оозго алынып,жакшы баалар менен, ийгиликтүү окуу жайын бүтүрдү.Окуу жайда окуу менен гана алектенип жүрүп,6жыл кандай өткөнүн байкабай калган аскер,колуна дипломун алганда гана :эми өз жашоосу үчүн чындап күрөшүүгө убакыт келгенин сезди.Жаңы жашоо-жаңы тагдырды кандай баштоону ойлой баштады.Баса,Аскер мыкты окугандыктан борбордогу өзү окуган балдар үйүнө ошол жердин директорунун өтүнүчү менен ишке орношту,ошол жерден бир бөлмөлүү батир да беришти.Аскер өзү оор жашоону көп көргөндүктөн ар бир балага өтө сергек,жылуу мамиле жасап билимин бере баштады.Балдар үйүндөгү мугалимдер да Аскердин аракетчилдигин байкап ,баалай башташты.
---Аскер,бүгүн сени конокко чакырайын дегем,жүр үйгө чайлашып кел,-деген директордун сөзүн Аскер таштай албады.Атамдан чоң киши урмат көрсөтүп жатса,кайтарып коюш кыйынго деп ойлоп макул болду.Кечки сабактан кийин директор агай машинасына салып Аскерди шаардын чекесиндеги Кой-Таш тараптагы үйүнө алып барды.
---Гулкан, барсыңбы кызым,үйгө конок келди,-деп үн салды атасы.
--Келгиле ата,куш келипсиз конок,-деп арыкчырай, көздөрү балбылдаган сулууча кыз алдынан тосуп чыкты.Дароо шыпылдап барып төркү конок үйдөгү отургучтарды ырастап,олтургула дегендей ишарат кылды.
---Отуруңуздар,куш келипсиз да бир жолу.Жакшы иштеп келдинизби ,ата,-деп атасына карады.
---Рахмат кызым,баары жакшы.Бул жигит биздин жаңы агайыбыз,биздин жаңы коллега,атыАскер-деп тааныштырды атасы.
--Кызым Гүлкан,шаарда мед.айым болуп иштейт,-деп тааныштырды директор Баатыр агай.Гулкан деген атты укканда негедир Аскердин жүрөгү "болк" дей түштү,апасынын ошол мектепке алып барган кубанычтуу күнүн бир эстеп ,асманды бир карап алды.Гулкан тыпылдап отуруп заматта дасмалга жайнатып тапканын койду.Кирип -чыгып атып тамакты да бат эле даярдап табакка салынган ашты көтөрүп келди.Негедир Аскер экөөнүн көздөрү чагылыша түшөт,кайра -кайра тиктешип калат.
Билинбеген калтырак кыздын жүрөгүн басып алды:
---Ата,силер шашылбай алып олтура тургула,мен эртеңки жумушка бир аз даярданып алайын,-деген шылтоону айтып Гүлкан аркы бөлмөгө кирип кетти.Өзүнө эмне болуп жатканын түшүнбөй бөлмөсүндө бир топко бетин басып олтурду.
---Өзүңдү карма,Гүлкан! Жүрөгүңдү бас, Гүлкан!-деп өзүн сооротот.Аскер да кыздын кайра келишин куткөндөй улам-улам ал кирген бөлмөнү карап коёт.Дилгир Баатыр ата сезип калгандай:
---Гулкан,кел кызым,тамак муздап калат.Биз менен чогуу тамактанып ал,-деп кыйкырды.
--Анан тамактанам атаке,сиздер беймарал ала бериңиздер -деп койду Гүлкан.
Ошентип,Аскер конок сапары бүтүп,жолго чыкты.Баатыр агайдын жеткирип коём деген сөзүнө макул болбой такси чакырып эле кетип калам деп коштошуп чыгып кетти.Негедир Гүлкан чыкпады,Аскер не болгонун түшүнбөй чыгып баратканда :
--Саламатта кал,Гүлкан.Тамагың аябай даамдуу болуптур, чоң рахмат,-деп чыгып кетти.Гулкан укса да чыкпады,дүкүлдөгөн жүрөгүн кармап узатып ичте кала берди.
Аскер ошондон бери ойго батты,апасы барында ушундай даамдуу аш жегенин,ошондон бери мындай даамдуу тамак жей элегин эстеп эзилип кетти.Кичине иштеп акча табайын,апамдын бейитине барып "Куран " окутуп келем деп өзүнө сөз берди.Анан атам жөнүндө да кабар издейм,айылга барайын деди ,өзүнүн алдына чоң максаттарды коюп.
Аскердин иши жакшы башталды,балдар менен бат тил табышып,өзү менен тагдыры бирдей балдарга аяр мамиле жасап,бат ишинде "директордун окуу иштери боюнча" орун басары болуп дайындалды.Окуткан балдары шаардык,республикалык олимпиададан чыга баштады.Тарыхты аябай изилдеген тарыхчы Аскер агай балдардын мээсине өз элинин, дүйнө элдеринин тарыхын аябай кунт коюп койду.
Баатыр агай кез-кезде үйүндөгү бак-чарба иштерине Аскерди алып барып жасатып турду,себеби өзүнүн жашы бир топко барып чарба иштеринен оолактап калган эле.Ошол шылтоо бат-бат барып турган Аскер Гүлкан менен аябай жакын болуп кетти.Аны көрбөсө сагынып кетчү болду,колу бошой калганда Гүлкан иштеген мекемеге барып жумуштан кайтканда тосуп алып шаар айланышчу болду.Гулкандын да ага көңүлү бар экенин сезген дилгир бала,ага белек-бечек берип турчу болду.Баатыр агай да аны байкады,кызынын жакшы балага көңүлү тушконунө ичинен кубанып жүрдү.
Гүлкан Баатыр агайдын жалгыз кызы,Гулкандан кийин аялы Чолпон кайра-кайра баласы турбай ,акыры төрөттөн каза болгон эле.Чолпондон кийин Баатыр агай кайра үйлөнүү жөнүндө ойлонгон да жок,жалгыз кызынын бактысы үчүн күрөштү.Башка эне ага өз апасындай боло албасын сезди.Ошентип бар өмүрүн жалгыз кызына арнады.
Эми минтип ошол кызы бой жетип,өз тагдыры үчүн жол издеп,татыктуу балага туш болгонуна ич-ичинен кубанып турду.
Аскер өзуно күч топтоду,агайга кирип кызынын колун сурамак болду.
---Саламатсызбы?
---Саламатчылык,келегой Аскер.Не жумуш?
---Агай,мени кечириңиз,аябай ойлонуп,өзүм кирүүдөн башка жол таппадым.Мен,мен...
---Эмне сен,мукактанбай айта бер ,кандай жардам керек?Сен үчүн жардам беруугө даярмын,-деди агай.
---Мен алдыңызга Гулкандын колун сурап келдим,макул болсоңуз мен аны бактылуу кылам.Сизге сөз берем,-деп толкунданып сүйлөп жатты Аскер.
---Ээээй,балам,эмне эле мукактанат десе...Иш бул жакта турбайбы,мен баарын билем балам,сен менин жалгыз кызымды бактылуу кылышыңа көзүм жетип турат.Мен албетте макулмун,тойго даярдык көрүү керек турбайбы анда,-деп Аскердин колун бекем кысып,бооруна басты да далысынан таптап койду.
Баятан бери дене бою калтырап турган Аскерге кандайдыр күч келгендей жүзүнө кубаныч толуп,Баатыр агайдын көкүрөгүнө башын жөлөдү,аталык жылуу сезимди жүрөгү туйгандай болду.Кадыресе атакелеп мойнуна асылып эркелегиси келди,бирок өзүн басты.
---Рахмат,сизге миң мертебе ыраазымын.Мен кудай буюрса Гулканымды сөзсүз бактылуу кылам,-деди да жашка толгон көздөрүн көрсөтпөс үчүн шарт бурулуп сыртка чыкты.Аманга карап :
---Апаааа,мен Гулканымды таптым,мен кайрадан сизди тапкандай болдум ,- деп кыйкырды,жүрөгүндөгү эски бугун чыгаргандай болду.
Көп өтпөй той да болду,Баатыр агай тапкан дареметин чачып эки жаштын үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп берди.Албетте,Аскер да карап турган жок эле,ал да үйлөнүү үчүн даремет топтогон.Адегенде Гулканды бир бөлмөлүү батирине алып барды,эки жаштын бал айына деп Баатыр агай Дубайга эс алууга жолдомо берди.Жакшы эс алып келишти.Аскердин үй-бүлөлүк жаңы жашоосу башталды,Гүлкан күлүп жайнап ишке узатат,кайра күлүп жайнап тосуп алат.Аскер өткөн күндөрүмдун зары кудайга жеткен окшойт,Аллага миң мертебе шүгүр деп ичинен ыраазычылык билдирип кубанып жүрдү.Ооба,Гүлкан сүйкүмдүү жар,жароокер аял болду.Аскердин жашоосу ойдогудай өтүп жатты.
Баягы ,бир өз айылыма барып апамдын бейитине Куран окутуп келем деген тилегин ишке ашыруу үчүн азаптуу балалыгы өткөн айылга сапар алды.Баары өзгөргөн,жаңы муун,жаңы адамдар.Жашынан эле ал айылдан кеткен үчүн көбүн эле тааныбай калыптыр,баягы ооруп жатканда барып кабар алган эжейин унутпаган экен,сураштырып тапты.Эжей эс алууда экен,кыйла карып,чачтарын бубак басып калыптыр.Адегенде тааный албай:
--Мен,Мээрбеков Аскермин,-дегенде:
--Олдо алтыным,Мээрбегим.Сени аябай көп эстедим,шаарга барып кабар алууга кудуретим жетпеди.Аман-эсен көргөнүмө кудайга шүгүр, чоң жигит болуп калган турбайсыңбы,-деп эжейи божурап бир нерселерди сүйлөп Аскердин бетинен өөп жатты.
Аскер Гүлкан менен барган эле,эжейи менен тааныштырды,шаардан ала барган таттууларынан берип,эжейи менен көпкө баарлашты.
Баягы Айша ошондон кийин аракка берилип,анын азабынан оорукчан да болуп,көпкө чейин төшөктө жатып каза болуптур.Атасы болсо эжейинин айтышынча айылдаш бир баласы кийин кабар айтыптыр,ошол жердеги докторлору тууган-уругунан эч кимди таппаган соң ошол жерге эле жерге берип коюшуптур.Аскер апасынын бейитине барып Куран окутуп,айылдагы мечитке атасына да,апасына да арнап түлөө өткөрүп койду.Эжейи менен коштошуп шаарга келишти.Кайын атасы Баатыр ден соолугуна байланыштуу иштен арыз жазып,ордуна Аскерди балдар үйүнө директор бекитти.Ал арада Гүлкан көз жарды,атын Баатыр агай темирдей бекем болсун деп Темирбек коюп берди.Көп өтпөй эле агайдын да ден соолугу начарлап,6 ай дегенде жерге берилди.
Гүлкан экөө Кой-Таштагы үйгө көчүп келишти.
Очор -бачар ордолуу шаар болуп,3кыз,3уулдуу болушту.
Аягы...
Голоева Санавархан Айтбаевна.
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7