1-БОЛУМ
– Мээрим, силер кетесиңерби? – деди Токон бултуя карап.
– Ооба, кетебиз.
– Эми такыр келбейсиңерби?
– Билбейм.
– Мээрим.
– Мм.
– Мен сени сагынам да.
– Мен дагы.
– Сага бирдеке берейинби?
– Ал эмне? – Мээрим күлүп карап калды.
– Бул менин сүрөт тарткан калемим.
– Аа-а, чын эле мага бересиңби?
– Ооба.
– Токто, – Мээрим калем салгычты көтөрүп үйгө кирип кетти, эл менен бака-шака болуп жаткан ата-эне кызына көңүл бурган деле жок, ал китептеринин арасынан өзү тарткан ата-энеси менен өзүн сүрөттөгөн альбомдогу бир баракты айрып алып чыкты, – Мына, бул биздин сүрөт, сен муну жоготпогун ээ?
– Эч качан жоготпойм.
– Болуптур анда, биз эртең кетебиз.
– Жакшы бар Мээрим.
– Жакшы кал, – Экөө кол алышты, балалык сезимдеринде бири-биринен айрылгысы келбей турду, ошентип алар эртеси таң ата жолго чыгышты, Токон ата-энеси менен карап турушту, аларга байкалбаган аруу сезимдер көздөрүнө жаш ала коштошушту, ким билет, булар канча жылдар өткөн кезде кайрадан жолугушаар, бирок ал азырынча белгисиз эле.
– Уулум, сен ыйлап жатасыңбы? – деди Кубат Токонду карап.
– Мээрим кетип калбадыбы? – Токон бырылдап ыйлап ийди.
– Кантет, сен чоң жигит болуп калбадыңбы, ыйлаба да, Мээрим кетсе дагы башкалар келет, – деди Анара күлүп, – Эми башка директор келет экен.
– Башканын кереги жок! – деп Токон жүгүрүп үй артына кетти, Кубат менен Анара күлүп кала беришти, жай турмуш өтө берди, кийин жаңы директор келди, бирок алардын эң кичүүсү Токон менен тең Асылбек деген баласы абдан мактанчаак да, көйрөң болуп чыкты, Токонду алар үйүнө киргизчү эмес, мурункудай эле кирип барып ойномок болуп келе жаткан Токонго апасы Салима:
– Ай бала, бар үйүңө, – деди орой.
– Асылбек менен ойноюн дегем.
– Ал сени менен ойнобойт, – деп кирип кетти, Токон томсоро артын бир карап алып анан үйүнө келди, кабагы бүркөө.
– Сага эмне болду балам? – деди Анара ага.
– Асылбектин апасы жаман экен.
– Ийи, аякка эмнеге бардың эле?
– Ойноюн дегенмин.
– Кой барбай жүр, алар Баатырбектердей эмес экен.
– Мээрим барда жакшы болчу, – деп Токон сабагын даярдаганы жаңы отурганда ышкырык чыгып калды, терезеден караса Асылбек, бир аз чыккысы келбей туруп анан босогого келди, – Эмне болду?
– Бери келсең.
– Сабагым бар.
– Жөн келбейсиңби эми.
– Эмне? – деп кабагын сала Токон анын жанына келди.
– Мына бул ботсту көрдүңбү? – деди бутун көрсөтө.
– Көрдүм.
– Атам алып келип берди, эскимди сага берейинби?
– Аны эмне кылам? – Токон ага таңгала карады, бирок өзүнүн сабакка кийген бут кийими эскирип жыртылып калганын эстеди.
– Эми анын кереги жок, сен кийе бер.
– Кереги жок, апам урушат.
– Эмнеге?
– Бирөөнүкүн алба деген.
– Ой ат-таа, меникиндей импорт кийим кийбейсиң го?
– Баары бир, – деп Токон артына кайрылды, – Кереги жок, жөнөкөй эле кийем.
– Жүрү ойноп келебиз.
– Мен сабак даярдайм, – деп кирип кетти, Асылбек унчукпай карап кала берди, ошентип убакыттар өтө берип бойго жетишти, Токон Асылбек менен анча мамиле кылбай калган. Узун бойлуу келишкен жигит болду, Асылбек бетинде майда сепкили бар кыска бойлуу жигит. Алар ошондон тартып бири-бирине атаандаш болуп бара жаткан эле, бирок билдирбейт. Ага апасынын арты менен жабышкан кыздар көп бирок Токон көп кыздарга көңүлсүз мамиле кылат, ал алигиче Мээримди ойлоп дилинде: “Кандай кыз болуп калды экен, сулуу акылдуу болгон чыгар, мени эстейт болду бекен, же таптакыр унутуп койдубу, балким эсинен чыгарып койгондур, мен сени издеп табам Мээрим, сен жок кандай гана зериккенимди ошондо айтып беремин”, – деп кыялында сүйлөшүп отургандай жылмайып алат. Аида ага көп ыктаганы менен аны анча жактыра бербейт, бирок ага Асылбек акидей асылып алган, бүтүрүү кечинде Токонду куттуктап блокнот менен ручка берди эле Токон аны сыйлап гүл берди. Ага ичи тарыган Асылбек:
– Токон, сен Аиданы сүйбөйсүң, кое бер да, – деди кызаңдай.
– Мен аны кармаган жокмун, ал өзү билет ким менен мамиле кылганды.
– А сен ачык айт сүйбөйм деп.
– Ал өзү деле менин сүйбөгөнүмдү билет.
– Анда ага жакындаба.
– Эмнеге?
– Мен аны сүйөм.
– Сүйө бер.
– Токон, оюну жок айтам, ага жакындачу болсоң жаман айтышып калабыз.
– Асылбек, барчы нары, Аида менен менин ишим да жок! – деп Токон басып кетти, Асылбек жини келип кала берди, Аида аларды карап турган, Токон ары басаары менен анын жанына келди:
– Кечеге катышасыңбы Токон?
– Жок, мен барбайм.
– Эмнеге, акыры бөлүнөт экенбиз, ар кимбиз ар жакка кетебиз ушул күнү чогуу болгонубуз жакшы эмеспи.
– Менин көңүлүм жок.
– Сен дайыма ушундайсың, ал тургай сени жактырган кыз барын билгиң келбейт, – Аида таарынгандай болду.
– Аида, андайды уккум да келбейт.
– Токон, неге мындайсың, же жүрөгүңдө бирөө барбы?
– Ооба, бирөө бар Аида.
– Ал ким?
– Эч кимге айтпайм.
– Биз менен окуйбу?
– Жок, ал биерде эмес.
– Кантип? – Аида көздөрүн бакырайта карап калды, ал өзүнүн классынан же ылдыйкы класстардан бирөөнүн атайбы деп турган.
– Ошондой Аида, менин жүрөгүмдө бирөө бар, – деп Токон бурулуп ары басып бара жатканда Асылбек анын алдынан чыкты.
– Кыздарга мындай мамиле кылган болбойт де, – Чекесин тырыштырды.
– Кандай мамиле кылуум керек?
– Кызга мамиле кылууну билбесең жолобой жүр! – Экөө тирелише калды.
– Эмне болуп жатасыңар? – Аида ортого түшө калды, – Мен буга кыздарды сыйлоону үйрөтүп коеюн.
– Сенсиз дагы билем.
– Асылбек, – деди Аида, – Сен өзүңдү маданияттуу көрсөтпөй эле койчу, керек болсо сен өпкөсүң, андайлар эч кимге жакпайт.
– Эмне, мен мына будан дагы жаманмынбы? – Асылбек кыжырлуу жылмая сөөмөйү менен Токонду көрсөттү, – Ага караганда менде баары бар, кыскасы төрт тарабым кыбыла.
– Сенде баары барын билем, – деди Токон ага карап, – Болгону бир нерсе жетишпейт, – Кытмыр жылмайып койду.
– Эмне, жетпеген жеримди айтып койчу билип алайын.
– Сенде уят-намыс жок! – деди Токон.
– Сен уяттуусуңбу? – Асылбек ага жулунду.
– Балдар, уят эмеспи, эми көп болсо бир айдан кийин ар кайсы жакка тарайбыз, аз убакыт калганда урушпагылачы.
– Аида, жүрү балдар жакка кеттик, – деди Токон атайын.
– Кеттик, – Аида кубанычтуу күлүңдөй аны колдон алды.
– Көрөбүз, ким уяттуу ким уятсыз экенин, – Бозала болгон Асылбек алардын артынан чогулуп ар жерде беш-алтыдан топтошкон улан-кыздарды көздөй басты, Асылбектин өзүнө окшогон теңтуштары бар, булар төртөө, качан болсо бирге жүрүшөт, Азат ал келе жатканда эле:
– Эрөөлгө чыкчудай болуп кайда жүрөсүң? – деди тамашалай.
– Бир иш бар балдар.
– Кандай иш?
– Аидадан Токонду алыстатуу керек.
– Ой ошо да кеппи, экинчи өйдө карабас кылып коебуз, – деди Элмир аны көз кыйыгы менен карай, – Сага ошол эле тоскоол кылып жатабы?
– Ооба, Токон болбосо ал меники болмок.
– Кызык, – деди Канат, – Үрүп чыгаар ити жок немени кыздар эмнеге жактырышат?
– Ал өлүмүш болуп өзүн маданияттуу көргөзүп жатса кыздар жакшы көрө берет да, – деди Азат, баары каткырып калышты, ары жактагылар өздөрүнчө кечки вечерди ойлонуп жатышкан, биринен-бири өтүп бака-шака, Токон кечеге катышкыс келген эмес, бирок Асылбектин сөздөрүнөн кийин ал бармак болду, ага Аида абдан кубанды, оюнда: “Токон мени сүйөт, ошондуктан Асылбектен кызганды”, – деп турду. Кеч кирип кече шаңдуу болуп мектептин чоң залында ырдап бийлешип, көңүлдөрү куунак болуп андан кийин алар даярданып жаткан үйгө барышты, ал жерде дасторкон четинде тамашалашып отурганда Токонду Асылбек сыртка чакырып чыкты, жанында Азат менен Канат, Элмир турган, алардын адепсиз балдар экенин билсе дагы сылык суроо узатты:
– Балдар, эмне керек?
– Эч нерсе, биз менен жүр, эркек болсоң, – деди Азат.
– Кайда?
– Сурабай баса бер, – Беркилер каткырып калышты.
– Жок, мен эч жакка барбайм.
– Коркок десе, андай болсо үйүңдө эле отурбайт белең?
– Ушул жерден айта бергиле.
– Болбойт, балдар бар.
– Анда мен кирдим, кандай десеңер дей бергиле, – Токон артына кайрыла бергенде бири алка жакадан алды.
– Эй суу жүрөк кайда?
– Кое бер, мен силерге окшогон тартипсиздер менен сүйлөшпөйм.
– Эмне, жанагы чылаа жыттанган атаң сени тартиптүү тарбиялады беле? – деп Элмир аны көчүккө бир тепкенде көмкөрөсүнөн жыгылып чекесинен кан атып өзү эси ооп калды, босогодогу тепкичке тийген эле:
– Эми эмне кылабыз? – деп бири-бирин карап калганда үй ээси чыга калды эле алар ары көздөй жүгүрүп кетишти, Токонду үйгө алып кирип жарылган жерине йод сыйпап канын токтотуп эсине келтирип анан ооруканага алып бармак болгондо ал болбой койду.
– Асылбекти милицияга бериш керек, – деди Аида.
– Кереги жок, алар тийген жок, мен өзүм жыгылып кеттим.
– Калп, үчөөнүн чыгып кеткенин баарыбыз эле көрбөдүкпү.
– Ооба, ошолордун колунан келди.
Ар кимиси ар кайсыны айтса дагы Токон ага болбоду, аны үйүнө жеткирип коюшту классташтары, ата-энеси тызылдап сурап, үйрүлүп түшүшсө дагы айтпады, өзүм жыгылдым дегенден башка сөз чыкпады андан. Чекеси шишип чыкты, көгөрүп ал тургай башын көтөрсө ооруп үч-төрт күн жатып калды, биринде экзамен башталмак, даярдык көрүп окуп жатты, бирок башынын ооруганы көбөй берди, акыры бир жумага жетпей катуу ооруганда ооруканага алып барышты эле баш сөөккө зыян келип мээге кан куюлаарына аз калган дешип операция жасаганга шаарга жөнөтүштү. Экзамен тапшырбай калды, сабакты жакшы билгендиктен ага бааны коюп коюшту мугалимдер, элден окуучулардан угуп Кубат директорго кирди, ал дагы жакында колхоздор менен совхоз тараганда кете турган болуп жаткан.
– Кел, кошуна кел, – деди Жамалбек ага сылык сыпаа гана.
– Келип калдым, – Кубат ордунан улам копшолуп коюп колдорун ушалана сөз баштады, – Сизге айтаар сөзүм бар…
– Айт, айта бер Кубат, балаң жакшыбы?
– Балдардын эмне талашы бар билбейм…
– Эмне болуптур?
– Асылбек достору менен Токонду уруп коюптур.
– Койчу?
– Ооба, менин балам азыр оор абалда, эмне болорун кудай билбесе… – Кубат муңканып барып көзүнө жаш тегеренди.
– Балким башка балдар менен урушкандыр?
– Жо-ок, Асылбек өзү чакырып чыгыптыр.
– Мейли, анда чындыгын аныктайлы, сен көрдүм билдим дегендерди алып кел Кубат, жок андай болбосо акчадан жардам кылайын, шаардан врачка сүйлөшүп дарылатканга жардам берейин, – деди. Баласынын урганын уккан, билмексенге салды.
– Жо-ок, чындыкты табалы.
– Айтканың болсун.
– Мен көргөндөрдү алып келейин, – Кубат кабинеттен чыгып кетти. Жамалбек: “Акмак, бул кылыгыңды кечирбейм, сени бул жерден жоготпосомбу, эч кимди укпай ушул болду, баарына энең күнөөлүү, ашыкча эркелетип жиберди”, – деп ойлонуп алып кабинеттен чыкты, ошол убакта совхоздун малын элге өткөрүп берип жатышкан болчу. Кубат үйүнө келип балдарын бир карап коюп анан Аида менен Болоттун үйүн көздөй басты. Алардын кагазга жазып бергенин алып андан кийин дагы эки-үчөөнөн көргөнүн далилдеген ишенимин үчүн ээрчитип алып кайра конторго келди, Жамалбек жок эле, секретарь кыз аларды күтүп тургула деп коюп чыгып кетти, арадан эки сааттай убакыт өткөндө келди директор. Бирок ал баарын жаап акырында Кубатка элүү миң рубль берди да бүтүрүп койду, токсонунчу жылдары акчанын баркы кетип саны к1п сапаты төмөн болуп турган кез болчу. Токонду дарылатып канчалык караса да өзүнө келе албай койду, эки жылдап ооруканага жатып чыгып кайра эле кармап калат. туруп-туруп башкача болуп сүйлөп кирет, кызыгы канчалык ооруп жатса дагы Мээримдин тарткан сүрөтүн колунан түшүрбөйт, бүктөп төш чөнтөгүнө салып алат, кокус апасы костюмун жууганда көрбөй калбасын деп чечээри менен алып кие турган кийимине салып коюп жүрө берет. Ал үйдө жумуш жасаганды билбей калды, тамакка деле табити жок, же бирөө менен ачылып сүйлөшпөйт. Убакыт желдей сызып арадан дагы төр жыл өткөндө Кубаттын бир тууганы Турат:
– Кубат Токонду үйлөнтүп койсоң оорусунан сакаяр беле? – деди.
– Кантип, ким кызын берет, акыбалы бул болсо, менин колум жука, азыркы кыздар макул болобу?
– Мен сүйлөшөмүн, кээ бир ооруну адаштырса болот дейт, үйлөнтүп койсок жакшы болуп кетээр.
– Андай болсо жакшы го.
– Келин болсо деле алып берип көрөлү.
– Мейли.
– Кубат, Токон жинди деле эмес, башы ооруганда эле өөдүк-сөөдүк сүйлөбөсө жакшы эле, бир аз күтсөк кадимкидей болуп кетээр, – деп Анара уулуна келинди ыраа көрбөй турганын билдирди.
– Балам, акырындык менен сакайып кетсе көрөбүз да, адегенде үйлөн деп айтып көргүлөчү, – деди Турат.
– Мен айтып көрөйүн, – деди Кубат, кечинде Токон дасторкондо отуруп идишине кашыкты салып улам сапырып ойлонуп отурганда.
– Токон, эми үйлөнүшүң керек, – деди Анара сынай карап.
– Эмне, менби апа?
– Ооба балам, сени менен теңдер экиден балалуу болуп калышты.
– Үйлөн балам, – деди Кубат бир жагынан, Токон ата-энесин карап бир топко үнсүз отура берди, анан тамагын тез-тез ичип бүтүп бөлмөсүнө чыгып кетип жатып алды. Анын туюму такыр жок болуп эч нерсени ойлончу эмес, ата-эне баласынын тагдырын талкалаган балдарды каргап шилеп ыйламсырап отуруп калышты, эртеси дагы айтты эле:
– Кимди алам? – дегенде Кубат менен Анара кубанып кетти.
– Табылат балам, сени үйлөнтүп коелу, отузга чыкканча бойдок жүрө берет белең? – деди Анара.
– Сен эми чоңойдуң, аял табылабы?
– Ооба, үйлөнөм ата, – деди да унчукпай калды, негедир ушул азыр ал чөнтөгүнөн сүрөттү алып колу менен сылап, – Мээрим кайда болду экен? – деди эле Анара менен Кубат бири-бирин карап калышты.
– Ал эмдигиче күйөөгө тийип кеткендир, – деди Анара акырын.
– Чын элеби? – Токон апасын элээ карады.
– Ооба балам, жыйырма бешке чыккыча окуп эле жүрбөсө.
– Мен аны табам дегенмин апа, эми таба албайм, – Токон кабагын чытый отуруп калды, – Мени унутту го.
– Токон, алдыңа кетейин десе, кыздар бойго жеткенде ошентип күйөөгө чыгат, балдар үйлөнөт, эми сен дагы үйлөнөсүң.
– Мен Мээримди табышым керек эле, – деп ордунан туруп кетти.
– Капырай, акыл-эси даана эле го Кубат, – деди Анара ал чыгып кеткенден кийин.
– Бир аз бар, чын эле үйлөнтүп койсок кадимкисиндей болуп кетээр.
– Ким билсин, андай деле билинбейт, болгону киши менен сүйлөшпөйт, – деп Анара кейип алды, ошол күнү Токон Мээримдер жашаган үйдү карап көпкө турду, союз тарап директорлор алмашып келбей калгандан бери ал үй ээн турган эле, аны дагы бир амалкөй өзүнө каратып алганы жатканы угулган, анткени ал үй өкмөткө карачу, атайын директорлорго салынган үй эле. Ошол учурда ага жолугуп ал-акыбалын көргөнү классташтары келе жаткан, Аида менен Самат, Төрөкул, дагы Алтын деген кыз, алар ар жакка иштеп жүрүшкөн, айылга келип жолугуп калып Токонду көрүп келгени атайын чыккан эле.
– Кандайсың Токон? – деп Аида келип учурашканда баары ага кол сунду.
– Кандай ден-соолук?
– Жакшы болуп калдыңбы?
– Жакшы эле…
– Биз сени көргөнү келгенбиз.
– Окууга тапшырдыңарбы? – деди Токон кадимкисиндей эле карап.
– Жок, окуу кыйын, иштеп жатам, – деди Самат.
– Биз окуй албадык, бизден сен окуй турган элең.
– Эми окубай калдык го? – деп Токон жер карады, тигилер бири-бирин карап калышты, анысы: “Жакшы эле экен го, айнып калыптыр дешпеди беле”, – деген көз караштар эле.
– Мен ооруп калбадымбы…
– Эчтеке эмес, эми сакайып калыпсың, – деди Самат жылмая.
– Балдар, мен үйлөнөйүн деп жатам.
– Эң сонун, үйлөнсөң жакшы эмеспи, биз кете электе үйлөнтүп кетели, – Төрөкул күлө карады, – Кимге үйлөнгөнү жатасың?
– Билбейм, атамдар тапканы жатат.
– Кызыксың го? – Самат ага таңгала карады, – Сүйлөшкөнүң жокпу?
– Мен оорукчан болсом ким карамак эле.
– Койчу Токон, – деди Аида, – Сен оорубай эле турасың го?
– Токон, башка жакка барбай эле Аиданы ала качалы, – деди Самат каткыра, – Туурабы балдар Аида деле алты жылдан бери күйөөгө тийбей сени күтүп жүрбөйбү, – Аидага карады эле ал:
– Эмне экен, тийсе тийип алам, Токондой күйөөлүү болсом жаманбы? – деп тамашалай күлүп калды, Токон унчукпады, көпкө сүйлөшүп турушуп анан кетишти, баласынын теңтуштары менен турганын көрүп ата-эне кубанып жатышты, бирок Токон туруп-туруп эле башканы сүйлөп калганын алар билип эле турат, акырындык менен калат деп ойлошот, анын негизги дарты башка экенин алар кайдан түшүнсүн. Айткандай эле алар Аиданы ала качып алышты, ата-энеси чыр чыгарып аны алып кетмек болду эле кыз болбой койду. Ырым-жырымы бүткөндөн кийин Токон Аиданы карап коюп:
– Аида, сүйлөшкөнүң бар беле? – деди бир күнү.
– Эмнеге сурадың Токон?
– Сени бактысыз кылып коембу дейм.
– Койчу Токон, мен сага тийгениме бактылуумун.
– Чын элеби? – Токон аны карап калды, ошол учурда Токондун оюна капыстан эле Асылбек түштү, анын Аидага жолобо дегени кулагына угулуп кулагын баса калды, кайра-кайра өткөнү эсине түшө берип көмкөрөсүнөн жатып алып, – Аида-а жогол, мен сени көргүм келбейт! – деп бакырып кирди, Аида үрпөйө аны өйдө кылмак болду.
– Токон, сен эмне деп жатасың, өзүңө келчи.
– Жогол, сени көргүм келбейт, Асылбек сени сүйөм! – деди колун силке.
– Ал качан эле жок болгон Токон, азыр биз экөөбүз элебиз го? – Аида ыйлап жиберди, – Өзүңдү кармачы.
– Эмне болду Аида? – Анара кирип келди.
– Билбейм, бир заматта эле…
– Токон, эмне болуп кетти балам? – Анара баласынын жанына келип ийинден алды, – Турчу балам.
– Кереги жок апа, Асылбек келип калат, Аидага жолобо деген.
– Ал жок балам, көчүп кетишпеди беле, – деп зорго тынчтандырды, ошол бойдон Токон Аиданы көргүсү келбейт, ал аны менен жаткан деле эмес, Аида ыйлап-ыйлап же кете албайт, же күйөөлүү аял болуп жашай алба чүнчүп кетти, Токон өзүнчө отуруп сүйлөй берчү болду, бир күнү алардын үйүнө эки классташы аялдары менен келип калышты, Аида жаркылдап тозуп алды, бирок анын жүрөк түпкүрүндө билинбеген арман жаткан эле. Токон алар менен жакшы эле отуруп Аида жанына келип отураар менен:
– Сен тигиндей отурчу, – деди өзү ары жылып.
– Токо, Аиданы эми жактырбай калдыңбы? – деди Сейит күлө.
– Мени тигил акмак кармап жатпайбы, – деди кабагын бүркөгөн Токон.
– Ким? – деп Сейит аялы экөө жарыша карады.
– Асылбек, – деди жини келген Токон.
– Ой досум, андан дагы эле кызганып жүрөсүңбү? – деп Сейит каткырып калганда Аида оозун кымтып койду.
– Мен эмес, ал кызганып урушпадыбы, ошонусу үчүн кереги жок, – деп Токон туруп чыгып кетип калды.
– Ал ушинтет, экөө урушуп ушундай болгон, – деди Аида улутуна, – Мен эми муну менен акыркы күнүмө чейин азабын бирге тартуум керек, минтип таштап кете албайм.
– Кызык, жакшы болуп калды дебеди беле?
– Мени көргөндө ошолор эсине түшөт окшойт.
– Дарылатышыңар керек го?
– Ошентебиз го.
– Кой, биз кетели, – деп Самат отура албай ордунан турду, аларды узатып кирген Аида акырын Токон кирген бөлмөнү акырын ачып караса:
– Жок-жок, мен Аидага жолобойм, менин Мээримим бар, сен-сен ала бер Аиданы, мага кереги жок, – деп өзүнчө сүйлөп колундагы эскирген сүрөттү колу менен сыйпалап отуруптур, абайлап кирип келип:
– Токон, бул эмне? – деди.
– Булбу? – деп жылмайып койду Токон, – Бул Мээрим, – деди ортодогу кыздын сүрөтүн сөөмөйү менен сайып, – А бул атасы, бул апасы.
– Кимдер эле?
– Мээрим тарткан сүрөт, мага берип кеткен.
– Алар кайда? – Аида анын өзү менен сүйлөшкөнүнө кубана улам суроо узата берди.
– Билбейм, мен аны жакшы көрөм, бул сүрөт жоголсо мен дагы жоголом.
– Эмнеге?
– Мен аны сүйөм, ушунчалык көргүм келет, – Токон сүйлөп жатканда Аиданын жүрөгү сайгылашып турмушунан катуу жаңылып, өзүнүн өксүгөн өмүрүнүн сыздап жүрүп өтөөрүн ойлоп көзүнүн жашы мөлт этти.
– Токон.
– Баары жайына келет, кабатыр болбоңуз, биз даярбыз эже.
– Кудай колуңарга кубат берсин айланайын, мен алыстан келгенмин, барар жерим дагы жок эле, бүгүнчө баламдын жанында калсам болобу, таң эрте жолго чыгайын.
– Мм, – Асек Ураимович кыйылып туруп анан, – Жарайт, андай болсо арга жок, мындай жашыңызда жолго таштаганга укугубуз жок, – деди да сестрага кайрылды, – Бу кишини бүгүнчө уулунун жанына жаткырып койгула.
– Жарайт, – деп сестра Анараны ээрчитип узун коридор менен барып эң четтеги палатага киргизди, Токон эчтеке менен иши жок кеберетте отурган, аны көрүп:
– Алда-а кагылайын ай, сенин ушундай акыбалыңды көрбөй неге эрте өлүп калбадым экен, жаркылдаган уулумдун ара жолдо калганы үчүн бирөө жазасын алаар бекен, мендей болуп энелери сыздады бекен? – деп көзүнүн жашы куюла карап тура берди, анын эмнеге ыйлап жатканы менен иши жок улам карап коюп колдорун ушалап оозун кыбыратып коюп жатты. Эртеси Анара үйүнө жол тартты, үйүнө келип дагы балдарынын кантип жатканын көрүп көөнү жайланган соң ыйлап кирди, Кубат үйдө жок эле, ал эшиктен кирип эле:
– Жайчылыкпы деги?
– Жайчылык болсо кана, Токонду жиндиканага алып барып койду, – Бырылдап мурдунун суусун алып ыргытты.
– Эмне дейт? – Кубат ормое карады, – Ал жинди деле эмес го?
– Бизге ошондой көрүнөт да, алар үчүн жинди экен Кубат, жакшынакай балам ушинтип калбадыбы-ы!
– Кудайдан башка айла барбы? – Кубат шалдая отуруп калды.
– Ошол да, кудайдан башка айла жок, жараткандан тилейли.
– Көп кайгыра бербе кемпир, Аида жанында калдыбы?
– Аны кетирдим, куру бекер жүрө бергенде эмне, – Анара аны кудагыйы алып кеткенин айткысы келбеди, күйөөсүнүн деле өзүнөн кем эмес кайгырып турганын кантип билбесин. Эрди-аял бири-бирин түшүндү, Кубат ага айтпады, Оңолдун келип алып өйдө-төмөн сүйлөп кеткенин: “Жинди балаңарга чырактай кызымды алып берип башын айладыңар, жетет, алып кетем”, – деген болчу ал келгенинде…
Мээрим атасынын кызматтык иши боюнча ар кайсы райондун совхозуна которулуп ар кандай мектептерге окуду, ошентсе дагы ал Токонду унута албады, Баатырбек күнү түнү кеч келип кызын кээде көрсө кээде уктап жатканда көрөт, Гүлнара андан кийин эки уул төрөгөн, үч бала менен үйдө, Мээрим бир күнү калем салгычты кармап отурганда Гүлнара:
– Ой аны ыргытып ийсең боло, эскирип калбадыбы, жаңысын сатып бербедим беле, – деди.
– Мама, бул деген белек да, кантип ыргытмак элем? – деди ойлуу.
– Болбогон буюмду белек деп турганын кара, – Гүлнара кызын жактыра бербей карады, – Аны карап отура бербей сабагыңды оку, жакында экзамениң башталат.
– Мама, сабагым жакшы эле го, – деп туруп келип апасына эркелей мойнунан кучактады, – Мама, Токон дагы чоңойгондур ээ?
– Анын эмнесин сурайсың кызым, жетип жетпей алар да жашап жатышкандыр, бири кем дүйнөдө каалаганын жасай албаган кандай жаман.
– Эми ата-энесинин жок жарды жашаганына Токон күнөөлүү эмес да, – Мээрим ойлуу кайра сабак даярдоочу үстөлүнө келди, – Мен Токонду көргүм келет мама, кандай болуп калды экен?
– Аны унут кызым, сени атаң Алишерге берем деп жатпайбы.
– Мен аны айткан жокмун, кандай жигит болгонун көргүм келет.
– Кой, мен өз ишимди кылайын, – Гүлнара бөлмөдөн чыкмак болуп эшикке жакындады.
– Мам…
– Айта бер, дагы эмне дегиң келди?
– Айылга барып келбейинби?
– Эмнеге, ал айылда жээк жаатыбыз болбосо делеби?
– Токондордукуна барып келейин, атама айтпай эле коюңузчу.
– Болбойт, чоочун эл, сен бойго жетип калдың, бирөө жарым…
– Ой коюңузчу, макул деп эле койсоңуз мам.
– Жок, аны кыялыңа дагы келтирбе, – деп Гүлнара чыгып кетти, Мээрим ойлонуп отуруп калды, ал азыр онунчу классты бүтмөк, дал ушул кезде Токон операциядан кийин өзүнө келе албай калган эле. Убакыт өтүп мединститутка кирип окуп калды, албетте атасынын тааныштыгы, кадыр баркы менен. Баатырбек ошол жылы катуу ооруп калды, көзүнүн тирүүсүндө кызын ишенимдүү жерге берип көңүлүн жайлагысы келип мурдатан сөз кылып жүргөн Бекмуратка Мээримди келин кылып бермек болду. Алишер институтту жаңы бүтүп келип экономист болуп иштеп жаткан, экөөнү жолуктурмак болуп жайкы каникулда үйүнө келген Мээримди Гүлнара дүкөнгө жумшады. Анын алдынан Алишер чыгып учурашып калды:
– Кандай Мээрим, окууларың жакшыбы?
– Жакшы, баары ойдогудай.
– Мен сага атайын жолукканымды билээрсиң?
– Билем, бирок биз эски салтты артка ташташыбыз керек го?
– Ата-энебиз ушуну каалап турса.
– Биздин өз эркибиз жокпу, сиз деле ойлонуңузчу, биз бири-бирибизди эч качан сүйгөн эмеспиз туурабы, анан кантип бирге болобуз?
– Мээрим, сенин айтканың туура дечи, бирок жашоо алдыда эмеспи, балким көнүшүп кетебиз, – деди Алишер кызды көз кыйыгы менен карап, жерди бутунун башы менен чукулап.
– Жок, мисалы мен көнө албайм, – Мээрим аны тике карады.
– Анда атаңдын сөзүн сыйлабаганыңбы?
– Кеп анда эмес, экөөбүздүн келечегибизде жатпайбы.
– Жо-ок, мен ата-энемдин сөзүн эки кылган эмесмин.
– Тагдырыңды таразага салгың келеби?
– Ооба, бет алдымда кандай нерсе күтүп турганын билгим келет.
– Тозок болсо дагыбы?
– Албетте, ансыз деле тагдырдын сыноосу жалаң жыргалдан турбайт.
– Мен анте албайм, себеби менин балалыгымдан бери бир гана максатым бар, андан баш тарта албайм, – Мээрим ойлуу басып жөнөдү, – Максат коюп жашоо ар бир адам үчүн кенен ачылган жолду табуу, мен ошону таап өз максатыма жетким келет.
– Жигитиң барбы?
– Азыр жок.
– Муну кандай түшүнсөм болот?
– Каалаганыңыздай.
– Мээрим, мен сени менен бат эле тил табышып кетем деп ойлодум эле, андай болгон жок, талашып тартышуунун да кажети жок экен, – деди Алишер аны жүзүнө үңүлө карап, – Чындыгын айт, жигитиң болсо мен сөзүмдү кайра алам, ата-энеме биринчи жолу каршы чыксам боло берет, – деп күлдү кайра Алишер.
– Ачыгын айтайынбы? – Мээрим аны карап күлүмсүрөй туруп, – Менин азыркы тапта жигитим жок, бирок жүрөгүмдө бирөө жашайт, – Мээрим кетип жатып сүйлөп бара жатты, – Ал кандай жигит болду, мени эстейби же унуттубу билбейм, бирок ал менин балалыгымдан бери жүрөгүмдү ээлеп алган, менден башкалар болсо балким баарын унутаар, андан кийин деле көп классташ күттүм, көп эле досторду көрдүм, ал негедир эч качан эсимден чыкпады, кээде түшүмдө мени атымдан атап жардамга чакыргансыйт, эмнеге экенин түшүнбөдүм…
– Каякта эле?
– Таш Көмүрдө.
– Оо-уу, алыс го?
– Ооба, абдан алыс.
– Канчада элеңер анда?
– Мен ондо, ал он экиде эле…
– Сегиз жыл өтүптүр да?
– Ооба, бирок сегиз жыл мен үчүн сексен жылга тете болду.
– Бала кездеги оюн тура, – Алишер каткырып калды, Мээрим унчуккан жок, дүкөндөн керектүүсүн алды да кайра жолго түштү, негизи үйүндө баары эле бар, болгону экөөнү сүйлөшсүн деп эле жөнөткөн, аны Мээрим деле билет.
– Кеттик, – деди өзүн күтүп турган Алишерге.
– Жарайт, – Экөө катар басып келе жатышты, – Эмне дейсиң?
– Кандай? – Мээрим аны түшүнө бербей карап калды.
– Ата-энебизге эмне дейбиз?
– Сиздин жүрөгүңүз эмне десе дей бериңиз.
– Анда макул дешим керек да, – Күлө карады Алишер, ал кубангандай эле, – Мен сага үйлөнүүгө каршы эмесмин.
– Музду кучактап жатууга даярмын дейсизби?
– Бара-бара өз ордуна келет деп ойлойм.
– Жаңылып жатасыз, мени сезимдерим алдабайт.
– Сезимдериң эмнени туйдурат?
– Ашыгып чечим чыгарба дейт.
– Балким ашыкканыбыз туурадыр, өз убагында бири-бирибизге көнгөнгө.
– Бул өтө чоң жаңылууга алып келе турган жол, сиз өз жүрөгүңүз менен кеңешип көрдүңүз беле?
– Менин жүрөгүм баары туура деп эсептейт, – Алишер күлүп койду, алар үйгө жакындашты, ушул арада Мээрим ага бир да жолу жылмая карабады: “Мейли, азыр ошенте берет, анан өзү эле баскан изимди санай баштайт, кыздардын баары эле кылыксына беришет башында”, – деп ойлогон Алишер сылык коштошуп анан үйүнө жөнөдү. Мээрим эчтеке болбогондой үйгө кирип баштыгын койду да бөлмөсүнө өтүп кетти, Гүлнара үн дебеди, кечке маал Бекмурат менен Сурма келип тойду тездетүүнү сүйлөшүп кетишти, Баатырбек төшөктө жаткан:
Уланталыбы?
Автору Айгүл Шаршен кызы...
Кызыктуу болсо комментарий жазып,класс басып колдоп кетиңиздер....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15