АНГЕМЕ!
Айылдын тынч жашоосун кечирип, ылдый жактагы абысыны менен учурашып келе жаткан Жумаш байбиче өзүнөн жашы кичүү жаңы курбу кошунасы Майранын небересин эркелетип, келини Чолпон менен кобурашып бак ичинде олтурганын көрүп: “Аа айланайын, тилегиңе жеттиң. Бар бол. Сен өлбө, Майра. Кудайым бере турган эле жан эмессиңби”, - деп короосуна кирип кеткенче өзү менен өзү сүйлөшкөнсүп кобурап баратты. Ырасында эле Майра, Жумаш байбиче айткандай, Кудай бере турган эле жан. Айыл эли аны тегиз сыйлап турушат. Аялдар “келиндердин баарын эркелетип бүтүрдүң” дешсе, келиндер “бул энедей кайнене бирөө эле. Ошол жерге келин болгон сенин бактың бар” дешип анын келини Чолпонго ачык эле көз артышат. Жумаш болсо бул тууралуу өзү угуп калса да укмаксан. Болгон жообу - аста баш ийкеп койгону. Анткени ал келинге мындай мамиле кылууну кадыресе көрүнүш, ал турсун, кайнененин милдети деп түшүнөт. Буга анын өткөн өмүрү, өз башынан өткөн келиндик жашоосу сабак болгон.
***
17 жаш чиедей курагында өзүнөн он жашка улуу адамга жар болуп коңшу айылга келин болуп түштү. Көшөгөдөн көрүшкөн жолдошу Дөөлөттүн мыкты улакчы экенин элден эле укканы болбосо, көргөнү ушул. Анын буга чейин бир никеде болуп ажырашканына ичи күйүп, экинчи никеси болгондон көрө кетип калгысы келгени менен баш көтөрүп унчуга алган жок. Ыйлап эле отуруп берди. Мунун себеби жана босогодон кирбей тырышканында санынан үзө чымчып туруп:
– Кир ай, жарыбагыр. Эрге тийбегенде, жерге тиесиңби? Же атаңдын төрүндө карыйын дейсиңби? – деп чаңкылдаган чүкөдөй кемпир болду.
– Окуум калат, апакебай, мени кетирип эле ийиңизчи, - деп суранганын ит үргөнчө көрбөй:
– Байтал чуркап байге алыптырбы. Окууну сага ким коюптур. Баламдын алтын башын аттачу болсоң жарыбайсың, - деп туруп ийнинен басып отургузуп ак жоолукту муунта салып койгон.
Майра ошол эле күнү кайненесинин мынчалык каардуулугунан жүрөгү ооруп, санааркап калган. Көз ачып жумганча ак жоолукчан болуп айылдын жашоосуна байланды. Жолдошунан бир суранып, бир жалынып жатып окуусун аяктоого макул кылганы менен кайра эле кайненесинин кебин эки кыла албай олтуруп калды. Ошону менен эле тынч жашоо болуп калса болбойт беле. Андай болгон жок. Ырасында кайненеси жанда жок таза адам. Эне тарбиясын, жеңе акылын угуп өскөн Майра үчүн таза болуу деле маселе эмес эле, бирок баары бир кайненесине көнө албай койду. Канча аракет кылбасын, кемпирдин каарып, наалып турганы турган. Баарынан жаманы анын токмогу болду. Эри чекесине чертпегени менен денесинен көк үзүлбөдү. Кайкайып түптүз басса дагы колунан таягын түшүрбөгөн кемпирге Майраны таягы менен ары басса бир, бери басса эки чукуп өтүү кадыресе эле кыймылдай. Эң жаманы ал эч нерседен бейкапар иш кылып жаткан маалда кемпирдин темир чач учтугу бирде далысына, бирде колуна же ачык калган балтырына чак дей түшүп, көзүнөн от жанат. Анын келип калышынан канчалык сактанганы менен чач учтугун колуна бекем уучтаган кемпир деги эле шырп алдырбай жанына жетип келет. Кемпирдин бул кылыгы Майра ай-күнүнө жетип турган күндө да калган жок.
Жаштыгы менен келиндик ордум ушул деп ойлогон Майра кайненесинин мындай мамилесине деле анчейин таарынчу эмес. Анын кески кемпирден көңүлү көчкөн журттай калган окуя экинчи наристесин жарыкка алып келгенде болду. Биринчи наристесин төрөгөндө: “Али жашсың, анан да бала караганга деле үй иштеринен убактың ашпайт”, - деп төрөп түшөрү менен балканактай уулун төрөбөй жүргөн кайнежесине карматып койгон. Энелик мээрими эми ойгонуп, балкылдап эмчеги ийип ыйлаганында адаттагысындай санынан үзө чымчып: “Көзүң аккыр, ыйлаба. Балаң өлүп калган жок акыры”, - деп таяктаганынан кийин көз жашын ага көргөзгүс болгон. Андан көп өтпөй кайра эле кош бойлуу болуп “чын эле эми калган балдарымды өзүм эле багам да” деп сооронуп калган. Кайненесинен баарын күтүп калган келин бул кош бойлуулугун жашырып, кемпирден кызганып да жүрдү. Ай-күнү жетип кыздуу болду. Жолдошу экөөнүн катарына кызы кошулганы жолдошунун мүнөзү жумшарып, камкордугу арбып калганына кубанып бактысы артып турган Майра кайненесинин дагы жагымсыз жаңылык камдап турганын байкаган эмес. Таң менен опур-топур болуп улуу кайнагасы, абысыны менен келип калышты. Эт-аш, ысык нан, таттуулар менен келгенин бала көрүп келишти деп түшүнгөн келин берерге ашын таппай кубанып, улуу башын кичүү кылып келишти деп жан дилинен аларды ийилип тосту. Бирок кептин жөнү башкада экени меймандар кайтар маалда билинди.
– Ай келин, кыздын ороо-чулгоосун камдап, керектүүсүн калтырбай түйүп бер. Урумкан жанагынча баланы чууртуп тууп бир кыз таба алган жок, куурагыр. Карыганда кыз жыттап көксөгөнүнө жетсин, - деди. Мындайды күтпөгөн келин алапайын таппай кетти. Бурчта эч нерседен бейкапар уктап жаткан наристесине жетип барып кандай колуна ала койгонун билбей калды.
– Бербейм! Бербейм кызымды!
– Ой, тиригиңди көрөйүн ай! – кемпир таягы менен жерди бир урду, – бересиң! Айчүрөк тууп алгансып тим эле, – жанында турган улуу келинин таяк менен нукуп, - бул кыз туубастын жашына жеткенче каалашыңча балалуу болуп аласың!
– Апа, ушу кантип болсун... - аркасына жашынган келинчегин чындап аяган Дөөлөт ушинтип оозун ачканча кемпир дагы чаңкылдап коё берди:
– Сен малыңа бар, айланайын. Же мен кылчу ишти сен чеччү болуп калдың беле? – апасынын акшырая караган бир көз карашы менен ал сыртка чыга жөнөдү. Артынан кайнагасы да чыгып кетти.
Эмнеге экени белгисиз көз жашын чууртуп алган абысыны үн-сөзү жок кыздын кийимдерин жыйнап, түйө баштады. Кайненеси менен абысынын желмогуздай жек көрүп, бирок аларды жок кылып сала албаган алсыздыгына ызаланган Майра: “Баары бир алып кете албайсыз”, - деп кобуранып ыйлап турду. Абысыны баарын камдап болуп босогого туруп калган маалда кемпир келип баланы бир силкип жулуп алды. Бул окуя келиндин кегин арттырып, көңүлүн катуу суутту. Андан кийин узак жылдар кош бойлуу боло албай азап тартып жүрүп кийин гана эки уулдуу болду.
***
Келин болуп келген күнүнөн баштап ушундай азап менен жашаган Майра басса-турса жакшы кайнене болууну кыялданчу. Кемпир ага таштай катуу, муздак мамиле кылганын качан гана төшөк тартып жатып калганда мойнуна алып келинине ыраазычылыгын билдирген. Анда да үнүн бек чыгарып көктү карап туруп: “Чыдадың, келин, балдарыңдан жакшылык көр”, - деген кыска. Жаралганы кечиримге бай, жумшак мүнөз, майда кептен алыс келин кайненесинин ушул айтканына өмүр бою ыраазы эле. Майра кемпирдин каарын кеп кылып калган коңшу-колоңго акыркы ирет айткан кебинен ашык кеп айтчу эмес. Анын көргөн запкысын жан адамга оозунан чыгарбаганына айыл эли тегиз баа берчү.
***
Майрам улуу уулу Ырысбектин ашыктык каттарын тымызын окуп жүрдү. Кыркка таяган аял болсо дагы уулунун майда кол жазмасы баяндаган ал кат чыныгы сүйүү экенин же жөн гана балалык сезим, жаштык кеби экенин ажырата албай ойго бата берет. Уулунун бул тууралуу өзү кеп баштап, сыр ачышын каалайт. Бирок аял деген ушундай тынчы жок эмеспи. Катта аты, классы жазылган ал кыз тууралуу бат эле билип койду. Ата-энеден эрте калып бул айылдагы таята-таенесинин колуна келген Чолпон уулуна катарлаш класста окуйт экен. Астыртан сураштырып жүрүп Майра да Чолпонду жактырып калды. Деги эле өңдүү-түстүү, созулган кыз. Кимден сураба, эң алды тыңдыгын айтышат. Жалгыз айыбы – жетимдиги.
Адамдын жетем, билем деген нерсесине каалоосу күч болсо ага барчу жол алдынан чыга берет эмеспи. Чолпонго кулакдар болуп жүргөн бир күнү райондун борборунан азык-түлүк артынып келе жаткан. Кеч калганга “мектепке гана жеткирем” деген шартына көнүп бир мугалимдин машинесине араң илинген эле. Райондун борбору тынч болгону менен айыл жаан экен. Ошол маалда мектептен чыккан Чолпон Майра менен сылык учурашып, баштыктарын карап туруп өтүп кете албай буйдалып калды.
– Эже, кайсыл жакка барасыз?
– Кийинки көчөгө, айланайын. Китепканачы эжең жакка, - Майра Чолпонду дароо тааныган. Анан “мен классташың Ырысбектин апасымын” деп айта салып качырып албайын деп атайын алыстатып айтып койду.
– Жүрүңүз, көтөрүшүп коёюн. Эртең менен күн жылууда чыксаңыз керек ээ, жука кийим менен? – Чолпон баштыктардын экөөнү элпек колуна алып туруп калды. Майра ансыз жалгыз кете алчудай эмес. Айла жок Чолпондун суу болоруна карабай аны менен жетип алайын деди.
Жол ката аста кепке тартып окууга берилгендигин, кесип ээси болсом деген дилгирлигин байкап ичинен ыраазы болду. Үйгө жеткенде уулу менен көрүшүп калып уялбаса экен деди эле, ырас, Ырысбек үйдө жок экен. Чолпон эч нерседен бейкапар Майра менен сүйлөшүп, сунган айранын ичип алып коштошуп кетти. Жароокер кыз болочоктогу кайненеси менен алгач ирет насиптеш болгонун кайдан билсин.
Майра өмүрүндө бирөө менен ушакташып, бирөө менен катуу айтышып урушуп көргөн жан эмес. Ал турсун, бакша аялдардай бирөөнүн ичи-койнуна кирип, камыр-жумур болуп катташканы да болбоду. Баары менен бирдей учурашып, бирдей сүйлөшүп, баарын ичине катып, өз алдынча акыл калчаган акылкөйлүгү бар. Мектепти аяктаган соң уулу Ырысбек: “Чолпон борбордон окууга өтпөй калып райондогу училищеге тапшырыптыр”, - деп өзү да районго окууга тапшырып алды. Дөөлөт менен Майра эл катары борбордон окуса деген тилегине көнбөгөн баласына капа болушканы менен сырттарына чыгарышкан жок.
Убакыт учуп Ырысбек экинчи курсту аяктап баратат. Майра уулу жактырган бийкеч Чолпондун медициналык окуу жайда билим алып жатканынан кабардар. Ал эми анын уулуна карата мамилеси, сезими тууралуу так билбейт. Антсе да Ырысбектин ушул кыз менен баш кошуусун эне катары абдан каалайт.
Кичүү уулу, өмүрлөшү Дөөлөт болуп түшкү чай үстүндө олтурушкан маалда Ырысбек кирип келди. Адатта чакыртып келтире алышпаган уулунун сабагы күчөп турган убакта беймаал кирип келиши ата-энени чочутуп жиберди. Түрүндө шашмалык да, уялуу да бар. Учурашып жайгашкан соң көп кармалбай эле:
– Ата, апа, мен үйлөнөйүн деп атам. Үйлөнүшүм керек, - деди алдастап.
– Тынччылыкпы, - эркек эмеспи, Дөөлөт токтоо унчукту.
– Ии.
– Эмне анча шаштың, уулум. Эмне болду? – Майранын суроосун күтүп тургансып Ырысбек:
– Чолпонду ала качканы жатышат. Сессиянын бүтүшүн күтүп жатышыптыр, – деди шашыла жалооруган үн менен.
– А силер, сөз бекиттиңер беле?
Ырысбек апасынын бул суроосуна жооп бере албай буйдалып калды.
– Ала качып эле алам да...
Кеп ушул жерден токтоду. Майра өз башынан өткөндүгү үчүн ала качууга эгерим макул болбой турган. Ал эми Дөөлөт аялынын бул сырын жакшы билчү, ал турсун, Майранын “ала качып алгансың” деген таарынычын ушул күнгө чейин тарата албай келатпайбы. Ошондуктан ал да баласынын кебин колдобой үнсүз калды. Бактыбек болсо ата-энесинин байкесин колдобой жаткандарына кыжалаттанып, же өзү бир айла таба коё албай тынчсызданат.
– Качан алып келейин дейсиң? – Майранын жумшак үнү баарынын жүгүн жеңилдеткендей боло түштү.
– Эрте эле. Болушунча эрте.
– Эмне дейсиң, атасы?
– Алып келем десе алып келсин, жок дечү белек. Бирок ал кыздын таятасы менен таенеси буттары көргө салаңдап турса, кантип колун сурап барабыз?
– Сурап барбайбыз, ала качып да албайбыз, анын жолун өзүм табам.
Майра “кеп бүттү” дегенчелик кылып дасторконго бата кылууга алакан жайды. Акылкөй Майра “жолун табам” деген ал амалды алда качан эле ойлонуп койгон эле.
***
Апасынын акылы менен Ырысбек Чолпондун курбусун жардамга чакырып Чолпонду райондун базарынын жанына алдырды. Курбусуна жолугам деген ойдо базардын четине келип туруп калган Чолпонго баштыктарын артынган Майра “кокусунан эле” кезигип калды.
– Ой, Чолпонсуңбу? Жакшысыңбы, айланайын? Окууң жакшыбы?
– Саламатсызбы эже, - Чолпон адатынча ийиле калып баштыктардын бирин колуна алды, - жакшы жүрөсүзбү?
– Жакшы, кагылайын, ырас, сага жолукпадымбы. Сен эми бир керегиме жара. Кичүү уулум үйлөнөм деп желпилдеп тынч уктабай калдык. Тиги жардамы тийбес классташың атасы менен тоого мал алганы кеткенинен базарга өзүм жалгыз келе коём деп куурадым, – Майра деги эле жайма-жай сүйлөп, Чолпонго шек алдырбады, – бүгүн кайсы күн болуп калды, я?
– Бүгүн жума, эже.
– Аа, айылга таенеңдерге баратасыңбы? Эртеңдерден дем алыш эмеспи, ошент. Карыган кишилерге барып учурашып жанында болуп кел, айланайын. Эки иштен бир иш буларды ташышып мени үйгө жеткиришип кой.
Чолпон курбусун күтүп атканын айтып, аны күткөнчө деп Майранын ташыган товарларына кароолчу болуп бир саатча турду. Демейде убадага бек курбусу бүгүн жок. Ага капа болуп калган Чолпон ал кечте курбусу менен таарынышарын сезип “андан көрө айылга барса барып келейин. Чын эле байкуш таятамдар кандай жатышты экен” деп айылга кетүүнү чечти. Майра “эми кетебиз” деген маалда:
– Иий, аз жерден унутуп кала жаздаганымды. Баарын алып ак жоолукту унуткан турбаймынбы. Жүрү, кагылайын, жаш эмессиңби, келиниме жоолукту сен тандап бер. Азыркылардын табитине биздин жактыргандарыбыз деле туура келбей калбадыбы, - деп сүйлөнө Чолпонду ээрчитип жөнөдү.
Экөө бир топ кыдырып барып Чолпон жактырган чоң ак жоолукту тандап айылга карай жүрүп кетишти. Жол ката эч кими үндөгөн жок. Чолпондо эмненин санаасы, бүгүнкү сабактары тууралуу ойлонуп келип, курбусунун келбей койгонуна ичтен таарынып, анан үйдү карай оюн буруп кетти. Айылдагы жалгыз каранып-карманган таята-таенесинин аманчылыгын ичтен тилеп, “азыраак кол кабыш кылып коюп дем алыш менен жолго чыга берейин” деген ойлор менен алагды. Майра болсо астыртан Чолпонго көз салып коюп өзүнчө ичтен кубанат. Эч нерсе боло электе эле аны жакын тутуп, төгүлгөн каш-кирпигинен айланып, татынакай келбетине жалынат. Балдарына өзүнчө бакыт тилеп алдыда боло турган тойду кыялданып кудуңдайт. Анан бүгүнкү соодасын ойлонуп “кем-карч калган жокпу” дегенче айылга кирип келишти. Болгон жүктөнгөнүн түшүрүп калган соң Чолпонго кайрылып:
– Чолпон, билсең керек, менин эки уулумдан башка балам жок. Келинди эми алайын деп жатам. Барып үйдөгүлөрүңдүн акыбалын билип, анан мага кол кабыш кылчы, садагасы. Бул менин бир суранычым болсун, - деди.
Чынында Чолпон дароо макул боло калбай кыйылып турду. Оюнда “эже Ырысбектин мага жармашып жүргөнүн билбейт да, болбосо жумшабайт эле” деп качып жүргөн классташынын үйүндө кызмат кылгысы келген жок. Ары канчадан бери көрө элек таятасы менен таенесинин жанында аз болсо да тура турганы жакшы эмеспи. Кыздын кыйылганын байкаган Майра айнып кетпегей эле дегендей шашып, бирок шек билдирбестен жөн салды гана:
– Ашып кеткен деле түйшүк жок, бирок жалгыздын кылган иши курусун. Деги эле арбыбайт эмеспи. Эки адам кылган иш кобурашканча тез бүтөт. Тиги тентек да “таң менен алып келип калам” деп шаштырып атпайбы тим эле, - деп аны-муну айтып өттү.
– Макул, эже, эми сизге кантип жок дейин, - кыз жумшак жылмайып жүрүп кетти.
Майра эки жагын жыйнаганча Чолпон келип калды. Эч нерседен бейкапар элпек кыз Майранын айткандарына өз оюн кошуп, ал турсун, айрым салаттарын жактырбай тизмеден чийип, өзү билгендерин жасамакчы болду. Майра баарын эркине коюп ичтен кымылдайт. Айткандай эле, бул күнү үйдө үйлөнө турган кенже уулу менен үчөө гана болушту. Түн бир оокумга чейин бир топ ишти арбытышкан соң Майра Чолпондун кетейин деген ой-боюна койбой алып калды:
– Караңгыда кантип көчөгө басасың. “Эрдик кылсаң сүрө кыл” дейт, азыраак тук этип алалы да, эми эртең менен боорсокту бышырышып коюп кет, - деп.
Таң менен коңшу келиндерден эки-үчөө болуп боорсок жасоого киришишти.
– Ой жеңе, эмне мынча тымызын камынгансыз, деги кандай келин алганы атасыз? – деп шаңкылдаган келиндердин бирине:
– Жаныңарды бек кармап келин келгенде өзүңөр көрүп алгыла, кандай экенин, - деп кыска жооп кылып койду.
Майранын бир сырдуулугун жакшы билген келиндер кайтарып суроо салышкан жок. Анан Дөөлөт келери менен экөө кеңешип айыл-апаны чакыртып жиберишти.
– Чолпон, мынча болду эми баарын биротоло өзүң танда. Жеңелериң өзүлөрү кыла беришет, жүрү, экөөбүз көшөгө тарталы, - деп үйгө бет алды.
Көшөгө тартканга ылайыктуу деген эки бөлмөнү көргөздү эле, Чолпон “терезелери бакты карап турат экен” деп жактырган бөлмөгө Чолпон сунуштагандай кылып бир терезени көшөгөнүн ичине кылып, бирин көшөгөнүн сыртында калтырып аппак көшөгөнү көйкөлтө тартышты. Анан жер төшөктөн калыңдап салды да:
– Кана, Чолпон, буларды кийчи, деги келиниме туура келер бекен, - деп келинге камдаган кийимдерин сунду. Кечээтен берки камылгадан улам той шаанисине түшүп кубанып, жан дилинен кызмат кылып жүргөн Чолпон:
– Келиниңиз мендей арыкпы, эже? Анда эле туура келет, - деп күлүп койду, – мен эле кийип алчудай чак алыптырсыз, эже.
– Мынча болду мындай отур, биротоло келинимди элестетип жыргап алайын.
Ак көшөгө менен келиндин кийими сезимтал кыздын жүрөгүн опколжутуп, кыз аттуу эңсеп күткөн бакыт ушундай болорун туя түштү. Майранын камдаган ак жоолугуна күлмүңдөй карап чачын тыкан түйүп, башын тосуп ийиле берди. Майра кызга жоолукту жараштыра салды да, колунан жетелей төшөккө отургузуп, өзү катар жайгашты:
– Тим эле жарашканын карачы. Чолпон, кызым, айланайын, мен күтүп, мен тосууга камынып жаткан келин сенсиң. Ырысбегимдин ырыстуу келинчеги бол, кагылайын, - деп жүзүнөн өптү.
Мындайды күтпөгөн кыз Майранын кебин тамаша катары кабыл алып:
– Коюңузчу, эже... – деп башындагы жоолукту алмакка колун созду.
– Кой, кагылайын, антчү эмес. Ак жоолугуң башыңдан түшпөгөн ак жолтой келин бол. Кечээтен бери ушул үйдө каалагандарыңды кандай жасасаң, мындан ары баарын колго алып бүт өмүр ушул үйдүн очок ээси бол. Уулумдун, биздин сага деген жарык үмүтүбүздү үзбө, - деди каргылданып.
Ал оозун жыйганча топураган байбичелер, келиндер жоолуктарын камдап кирип келишти. Жүзүн басып ыйлаган кыз эми артка жол жок экенин билип алкаган байбичелердин улам бирине жүгүнүп ак жоолукка башын тосот.
(Аягы)
Мунара Сапарова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9
Ушундай кайнене болууну насип кылсын жараткан
Ыйлата тургандай эле чыгарма экен, авторго ийгилик
Өзүмдү Чолпон сезип жыргап окуп алдым го
Мурунку кез кандай сонун болчу э
Келин келгенде, көшөгөнүн ичине толуп кыздар олтурчу элек,азыр жолдош балдардан орун бошобойт