24-БОЛУМ
- Бир күнү Талас деген бала ооруп ишке чыга албай калды. Анын ооруганына карабай лөкүйгөн хачиктер ишке айдап чыкты эле, жан керек экен, кечке чыдап иштебеди. Кечинде жатаканага эптеп жетип эле жалп кулады. Эгер Кыргызстандан ошондой ооруса ооруканага жатып калат беле ким билет. Кыскасы, эми ал күндөр такыр эстен чыккыс болду го. Баса, бизге чейин дагы бир топ баланы Сочи шаарына алдап барып таштап кетишиптир. Алардын экөө биз менен иштеди. Алар айтса алардын көргөн кордуктары бир укмуш. Айтып олтурса сөз түгөнбөйт.
- Жаңы кожоюн менин иштеген ишимди эртеси күнү эле көрүп, жактырды окшойт, мамилеси баштагыдан дагы жакшы болуп калды. Адам баласы бир ооз сөз менен дагы өзүн абдан бактылуу сезип калат экен. Мен иштеген үйдүн ээси мага абдан ыраазы болуп, көңүлүмдү абдан көтөрдү. Башка элде жүрүп улутуң жөнүндө жакшы сөз уксаң ошол дагы дем берерин билдим. Андан дагы үй ээси кыргыздарды сыйлаган киши экен. Анткени ал жаш кезинде Кыргызстанга келип, абдан сый көрүп кеткенин айтты. Ошол жерден тиги Сергей Миронов сөз арасында айтып жатпайбы "Ошондогу чучук, картаны абдан сагындым" - деп. Ал Суусамырда болуптур. Ал эми аялынын кубанганын айтпа. Эки апта илгери эки орус бала келип ремонт кылып беребиз деп ишти баштап коюп, ичкилик ичип олтуруп алышыптыр. Андан дагы эки күндө эч иш бүтүрбөй туруп акча сурап кетип, ошол бойдон жок дейт. Ал эми мен эки күндө жалгыз эки бөлмөнү бүтүрүп, өзүмдү көргөздүм. Кыскасы күндүзү уктап, көбүнчө түнкүсүн иштеп жаттым. Анткени суук көздөргө көрүнбөйүн деген ойдо. Кайда барба бөтөн элиң бөтөндүгүн кылат да. Мен тиги үйдү бүтүргөн соң кошунасы келиптир "менин дагы үйүмдү жасап бер" - деп. Бирок ал кишинин өңүнөн эле билдим, ачкыл сууга жакын экенин. Ага баш ийкеп макул болдум дагы, түнү менен алчу акчаны алып кетип калдым. Рита эже дагы айтып калды " ага ишенбе, акчасы деле жок, бизге атаандашып жаткандагысы" - деп. Көрсө тиги кошунасы бир кезде абдан жакшы иште иштеп, кекиртектин айынан куулуп, азыр иши жок үйүндө олтурган кези экен. Мен болгону беш күндөй иштеп, он алты миң рубль тапкам. Анан электричка менен Москвага келгенде менттерге кармалып калып акчаны алдырып жибербедимби, Казань бекетине жетпей. Болбосо "Кыргызстанга кетип калсамбы" деп ойлоп келе жаткам. Акчам жок менттерден катып калган эки жүз рубль менен үч күн жашадым, кудум селсаятардай көчөгө түнөп. Анан баса аялдамадан бир капчык таап алдым, ичинде беш жүз рубль бар экен, ошол акча менен такси кармап Казань вокзалына жетип алуу үчүн такси тоссом, Иманбекке токтоп калды. Ага баарын түшүндүрүп айтсам, болбой мында алып келди. Болбосо, проводниктер менен сүйлөшүп, эптеп кетип калайын дегем. Эми мен Иманбектин алдында чоң карыздар болуп калдым. Керек болсо ушундай учурда жатындаш бир тууганың дагы мынчалык жардам бербейт. Көрсө бул жалган дүйнөнүн жаман жагын жаап жашырып турган Иманбектей болгон жакшы адамдар бар экен. Буга дагы шүгүр дейли. Берди башын ийкеп:
- -Абдан туура сөз айттың, бул жашоодо улуу Аллага жаккан иш жасагандын өзү кандай жакшы. Билесиңби, бул дүйнөдө негизги ролду акча ойносо, тиги дүйнөдө жасаган сооп иштериң башкы ролдо ойнойт экен. Андыктан жакшы сөздөрдү сүйлөп, жакшы иштерди гана жасаган абзел. Мен азыр сенин айткан сөзүңдөн улам бир окуяны эстеп кеттим. Чын эле жаман нерселерди жакшы нерселер, караны ак, калпты чын, ыпласты тазалык, эки жүздүүлүктү калыстык, караөзгөйдү ак ниетик, көрө албасты ай көлдүк, уяты жокту кечиримдүлүк басып келген бул жашоодо, кайталанып эле келе жатпайбы.
- Тээ илгери бир абдан сараң, ичине таруу айланбаган ач көз адам болгон экен - деп, Берди узун сөзгө кирди эле Нурбек сөз укканга куштар экенин билгизип:
- -Анан? - деп жиберди.
- -Ал киши жада калса сараңдыгынан бирөөнөн алган карызын дагы кайра кайрып бергиси келчү эмес экен. Анан, жаман адатынын кесепетинен кошуналарынан дагы чыгып калыптыр. Аны менен эч ким сүйлөшпөй, өзү менен өзү гана болуп, элге кошулбай дагы калыптыр.
- Бир күнү ал сараң киши уктап жатып түш көрөт. Түшүндө өзү өлүп калган болот. Анын өлгөнүнө бир гана аялы капа болуп, аза күтөт. Келген кишилердин баары өзү жөнүндө бир дагы жакшы сөз айтканын укпайт. Огородунун аягында жашаган кошунасы айтат:
- -Менин бир уйумду алып бербей койду эле, сөөк коюлар кезде көрдүн оозун тосуп, сөөктү жерге киргизбейм дейт. Бир кошунасы айтат:
- -Менден эки миң сом алып бербей койгон. Деги ушул сыяктуу жагымсыз сөздөрдү угат. Ал эми боз үйдөн аялдар өзүн абдан ушактайт. Баарын угуп турат. Бирок эч ким өзүн көрбөйт жана канчалык үнүн бийик чыгарып кыйкырса дагы укпайт. Бир кезде баласы короосунан чоң бээсин алып чыгып сойгону жатканын көрүп кыйкырат:
- -Ал бээге тийбе, жазында тууйт деп. Бирок сөзүн баласы эмес ал жердеги кишилердин бири дагы укпайт. Кичүү баласы жигулисин гаражынан айдап чыкканын көрүп:
- -Машинага тийбе, дөңгөлөгү желет - деп, машинасын аяп кыйкырат. Боз үйгө кирип аялын башка чабат, мал сойдурба деп. Бирок аялы аны сезип дагы койбойт. Короодо отун жарып жаткан балдарга келип айтат:
- -Алдагы балтанын мизин ташка чаптыңар, эски балтаны алып колдонбойсыңарбы? - деп болгон үнүн чыгарып кыйкырат. Эч ким сөзүн укмак турсун, тыңшап дагы койбойт. Акыры убакыт келип сөөгүн алып чыгышат. Качан көргө келгенде карыз алып бербей койгон эки киши көрдүн оозун тозот:
- - Бизден алган карызды ким төлөйт? - деп. Улуу баласы уялып:
- - Мен төлөп берем, короодо азыр мал турат, алып кеткиле, деги жолду тозпогулачы, атам жайына тынч барсынчы дейт. Кыскасы, өзү баарын көрөт. Анан эле көргө алып кирген кезде ойгонуп кетет, баягы сараң киши. Ошондо билет өзүнүн кандай адам экенин.
- Адам баласы ар качандан бир качан өзүнүн гана ойлогонун туура деп сезет. Бирок, эч качан туура эмес экенин моюнга албайт. Мисалы сен айтсаң сеники эп, сени алдаган Рустам айтса аныкы эп боло берет. Андыктан бир гана убакыттан өткөн калыс эмне бар. Макул сенин эле бир тууганың туура эмес иш кылып коюп, сөздүн күчүнө салып калпты айтса, сен албетте тууганыңдын айтканын туура көрөсүң. Чынында калыс алсаң тууганыңдын жасаган иши туура эмес болгон болот. Канча айткан менен бул жашоодо калыстык жок. Мына биздин эле мекенге батпай качып кеткен эки ажону алалы. Алардын кандай адам экенин бир гана убакыт калыстап койду. Демек, ар бир айткан адамдын сөзүн угуп, алгач анализ жүрүгүзүп көрүп анан туура чечим кабыл алуу керек.
- Нурбек башын ийкеп, сөзгө муюп:
- - Байке, сиз абдан туура сөз айттыңыз.Угасызбы, эми мен сизге бир болгон окуяны айтып берейин.
- Биздин айылда бир Жакиш деген киши бар болучу. Ал киши ушундай начар киши болгон. Майда, сараң, эсепчи, жемекор, баскан изин санаган адам эле. Ал кишини керек болсо кичинекей балдар дагы жаман көрчү. Ошол кишиге түткөн аялына алтындан алты медал берсе дагы аздык кылмак. Керек болсо тиги Жакиш аялы жасап берген тамакты дагы жөн иччү эмес экен " уу кошуп койгон жоксуңбу же колуңду таза жууп жасадыңбы" - деп сурап турчу экен. Бирок, дагы жакшы аялы төрөбөй калганы. Болбосо өзүнөн туулган баласын дагы өзүндөй кылып тарбиялайт беле...
- Тээ алтымышынчы жылы кимге эмне кошумча кошту ошондон бери жазылган блокноту бар эле жарыктык кишинин. Ал турсун нанга жуурулган камырга канча туз кошулду, бир күндө канча тамак желет баарын өзү көзөмөлгө алып, аялын тим эле каратып туруп гана сөз менен жеп салчу. Кайран киши өлбөчүдөй болуп жашап жүрүп, кийин карыганда абдан кыйналып жатып каза болду. Менин жеке оюмда, "бул дүйнөдө күнөөсү көп кишини, күнөөсүн жеңилдетип оору берип кыйнап алат" деген дагы кептин чындыгы барбы деп калам. Жакиш, дайыма велосепед менен жүрчү. Ал велосепедти жетимишинчи жылдары алса керек. Бирок жаңы бойдон эле. Билбейм, кантип колдонуп, кантип аны бир калыпта алып жүрдү. Балким күндө жууп тазалап жүргөнбү, айтор ачык айтып болбойт. Ал кишинин баскан турганы, кыймыл аракети, көз карашы эле кандайдыр бир жагымсыздыкты тартуулап турчу. Негизи эле ар бир адам өзүнө - өзү күнөө тилеп, ооруга кабылып аларына турмуш күбө. Мына чылым чеккен адам кантип чылымдын кулунан бошоно албай кыйналып жүрсө, жаш балдар чылым чеккенди адат кылып, өнөр катары көрөт. Анан кийин азабын тартат. Ошол сымал эле адамдар дагы терс кыял жоруктары менен элге батпай калып, өздөрүнүн гана ойлогон оюн туура көрүп, Жакиштей болуп жашоосунун аягы супсак, даамы жок тамактай болуп өтөт.485612548945623
- Эми ошол бизди жана силерди алдаган алдамчылар деле жашоосунан жарып кетпейт. Алардын дагы бир кезде жооп берчү кези келет. Анткени алдамчылык ырыскыны кыркканга тете иш эмеспи.
- Тээ илгери мен жаш кезде чоң атам дайыма айтчу "аладаган адам жарыбайт" - деп. Алдаган ажолорубуз менен министрлер эмне болду? Бул эми алдамчылыктын жана алдоонун жолу кандай аяктайт, турмуш өзү эле көргөзүп турбайбы. Азыр сизди жана мени алдаган алдамчылардын биз азабын тартып, минтип карагайдын куртуна таланып, түн уйкудан калып, кайдагы бир атам көрбөгөн токойдо олтурган күн эртең эле өтүп кетет, ал эми тиги алдамчылардын дагы азап тартчу күнү алдыда. Нурбек ушундай бир эмоцияга алдырып, абдан берилүү менен өз оюн айтып, көзгө сүрдүү көрүнгөн жыш жайгашкан карагайлар тарапты карады. Чынында эле көзгө сүрдүү көрүнгөн карагайлар тараптап бирөө карап тургансып, көзгө комсоо көрүнүп, адам баласына кандайдыр бир коркунучтун белгисин берип турган элести байкаса болот. Сөз - сөзгө уланып, таңкы супадан белги бергенсип асманда жылдыздар суюлуп келе жатканда гана экөө ичкери киришип, уйкуга баш коюшту. Ооба, баарынан таңкы уйку кандай таттуу. Таңкы уйкуну жеңип, эрте туруу дагы бир чоң эрдиктин белгиси. Эгер шашылыш иш болбосо же уйкусу качкан гана адам эрте турбаса, баарынан таттуу деп айтылган уйкунун жетегинен эч ким баш тарпаса керек. Ошол себептен "ырыскы таң эрте чачылат" деп бекер жерден айтылган эместир.
- Эртеси, түш ченде Иманбек кеч келгенгеби, уйкудан ойгонуп, ажаатканага барып келип, жуунган соң гана учурашып анан сөзгө келди:
- -Байке, кандайсыз? Мени кечирип коюңуз! Кечээ колум бошобой калды. Азыр Ярослав шоссесине карашту бир айылдан иш чыгып калды, төрт баланы таштап келе калайын. Анан кечинде сизди жеткизип коём. Аны коюп курсагыңыз ачкан жокпу? - деп кам көрө сүйлөдү. Алыс жерде өз бир тууганыңдай кам көрүп сүйлөгөн адамды ким жаман көрөт. Ал турсун эки күндөн бери багып жатканы эле эмнеден белгини берет. Сөздүн аягы барып буга такалды:
- -Кап, иш болуп турганда эмне, анда биз менен суук түшкөнгө чейин иштеп, жок дегенде жолуңузга болсо дагы акча таап кетет элеңиз. Мен сизге жолукканы жана сизди көргөнү өзүмдүн башымдан өткөн окуяны эстеп кетем. Бул күндөр дагы өтүп кетет. Эч кам санабаңыз. Сөз менен болсо дагы жубатып, көңүл ачканына ыраазы болгон Берди:
- Иманбек, сен айткандай азыр кыйналбаган ким бар дейсиң? Боло турган окуя болуп өттү, эми келечегин берсин. Сен айткандай ушул күндөр дагы өтүп кетет. Бирок, сенин жасаган сооп иштериң эсели эстен кетпей калды. Ушунча балага иш таап берип, жашаганга шарт түзүп бергениңдин өзү эле канча сооп иш. Сага окшогон жакшы адамдар бар үчүн жашоо өтүп жатканына турмуш өзү күбө. Мында келгенге чейин алдаган кишиге нааразы болсом, эми сага ыраазы болуп турган кезим. Нурбек дагы сен жөнүндө жакшы сөз айтты. Жакшы атанын баласынын артынан жакшы сөз ээрчийт. Ыракмат сага! Ишиңе ийгилик берсин. Иманбек күлүп:
- - Бул менин атуулдук милдетим. Бир эле силерге эмес, болгон кыргызмын дегендерге жардамымды аябай келе жатам. Сиздерге окшоп жакшылыкты билгендер бар, билбегендер дагы четтен чыгат. "Балтыр бит, башка чыгат" - дегендей, тиги өзбек балдарга жакында эле жакшылык кылып, иш таап бердим эле, эми минтип таап жеп жаткан нанымды тартып алышты. Мейли эми, алдыда дагы эмне күтүп турат, аны ким билет. Эң негизгиси, суук түшүп кете электе иш таап алсак болду. Баса, бүгүн мен бир кыргыз киши менен жолугушам, иш таап берем дегендей кылды эле. Ай, таң, азыр эч кимге ишенбеш керек дагы болуп калды. Көздү карап бирди, көзүң жокто бирди айтып калган бул заманда кимге ишенүүгө болот.
- Сөз андан ары деле жарытылуу уланган жок. Бир кезде Шабдан телефон чалып калды. Берди аны менен сүйлөшүп болгон соң, дагы кабагы бүркөлүп капа боло түштү. Тиги Юрьевичи деген куйругун карматпаган неме экен. Балдар бирден кетип, чилдей чачырап жатышыптыр. Мындай болоорун билгенде, тиги Акатьевадан кетпей тура турганда болмок экенин айтып, Шабдан оор үшкүрүнүп, телефонду өчүрүп койду. Аңгыча эле Нурбек дагы коштошуп, башка жакка барарын айтып жолуна түштү. Баягы тынчтык өз өкүмүн жүргүзүп, Берди дагы жалгыз калды. Анан эмне кыла алат башка. Же бир шаарды жакшы билбесе. Бир жагынан бул жерде олтурганы жакшы. Анткени милиция деген неме келбейт, тынч. "Ишке чык" деп кыйнаган киши жок, курсак болсо ток. Бир гана жаман жери кроттун чакканы эле болбосо, баары жайында.
- Убакыт чоң шашкеден ооп калган кезде, курсагы чыгып турган, орто бойлуу Казыбек деген өз жашынан улуу көрүнгөн Токтогулдук бала келип калды. Иши токтоп калып, иш сураганы келиптир. Иманбектин жок экенин жана иштин эбак эле токтогонун угуп, капа боло түштү. Анткени ал бул жакка чоң ишеним менен келиптир. Казыбек кабагы салыңкы үнүн солгун чыгарып, сөгүнүп алды да:
- -Деги качан алдамчылыктын аягына чекит коюлат болду экен. Мага айтышпады беле "Иманбекте иш бар, ошол жакка баргын" - деп. Болжолдоп эле айта беришкенине таң калам. Кап! Мындайын билгенде Ивановскийге кетип калбайт белем, белен машина менен. Деги эле азыр кимге ишенүүнү дагы билбей калдым. Жөн эле жанында жүргөнсүп сүйлөп, адамды ишендирип салышат. Ушул жашка келгени таттуу сөздөргө ишене берип чарчап деле бүткөндөй болдум, бирок, дале ал ишенчээк адатымдан арыла албай келем деп, жакын жердеги столго көчүк басып олтуруп, жер караган тейде бир топко үнсүз ойго алаксып кетти. Анын бул көрүнүшү эле кандайдыр бир кейипкердин кейпинен белги берип, анын көптү көргөнүн айгинелеп турду. Эх, жашоо, жашоо үчүн адам баласы билинбегени менен эмне деген гана азаптарды башынан өткөрбөйт жана аны тез эле унутуп калат. Анткени Казыбек канча жолу ажалдын чеңгээлинен кутулганын анын жаак этиндеги тырыгы эле айтып турду. Адам баласын " пенде" деп коёт. Пенде араб тилинен которгондо "унутчаак" деген сөздү туюндурат. Ошол себептен пендечиликте баардык нерсе болот жана боло берет эмеспи. Канча кылымдан бери адам баласы эле эмес, деги эле жарык дүйнөгө жаралган жан - жаныбарлар жашоо үчүн күрөшүп, жашоо үчүн баарына барып келген эмеспи. Анысыңары канчалаган мекендештерибиз жашоо үчүн бөтөн элге иш издеп кетип жатышат. Бул дагы байкалбаганы менен жашоо менен күрөшкөнгө тете иш экенин ким тана алат. Бир чай кайнам убакытта гана Казыбек сөзгө келип:
- -Байке, деги бүгүн Иманбек келеби? - деп Бердиге кайрылды. Берди башын ийкеп:
- -Келет, балким ал азыр деле келип калышы толук мүмкүн. Анткени мени бүгүн кечте Казань бекетине жеткирмек. Мен дагы сага окшоп ак көңүлдүктүн айынан бир алдамчынын сөзүнө ишенип келип, кайра кете албай жүргөн кезим. Сөз ушуну менен башталып кетти. Казыбек болгон окуяны уккандан кийин күнөөсү жок жерге түкүрүп алып:
- -Эгер мен Кыргызстанга барып калсам, өз колум менен алиги силерди алдаган Саматтын башын жулам. Өз улутунун балдарын эмне сатат. Бул жакта ансыз деле кыргыздар жыргап кеткен жок. Билбейм, деги кандай атанын баласы элин сатып, алдап акча жасайт болду экен. Берди байке эми сиз менин башымдан өткөн окуны уксаңыз төбө чачыңыз тик турат. Көзүңүз менен көрбөгөн соң ишенбейсиз. Мына бул бетимдин тырыгын караңыз. Бул тырык улутчул такыр баштардан калган белек. Ал эми менттерден көргөн кордук жана жеген денемдеги таяктын издерин киймим жашырып турат. Эгер мен акча таап Кыргызстанга барып калсам, мигранттардын талабын талашкан уюм ачып, алигидей көзү жетпеген ишке кадам таштаган жана элди алдаган алдамчыларга бөгөт коёт болчумун. Азыр сиздерге окшоп алданып келгендер чачтан көп. Мен дагы бул жакка алданып келип, минтип иши жок калдым.
Уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев