23-БОЛУМ
- Ары бери тынымсыз өткөн машиналардын арасынан келе турган машинанын караанын күтүп олтуруп, бир далай сөздөр айтылды. Сезим бир кезде кабагы салыңкы:
- -Берди байке, сиз эми капа болбой туруп туруңуз, тиги бала кечикти. Поездден кечикмей болдук. Ага эч кам санабаңыз. Бүгүн сиз поездден калсаңыз, эртең деле кетесиз деди. Чын эле бул учурда айтылуу Москва шаарына караңгылык пардасы тартылып күн, түнгө алмашып, батыш жактан кара булут каптап келе жаткан болучу. Негизи эле аба - ырайынын бат - баттан эле жаан - чачын болуп, булут каптап турган адаты бар экен. Жергиликтүү калк буга деле көнүп калышса керек. Ак чокулук Ала - Тоо Бердини көзүнөн учту. Бизде жаан - чачын көбүнчө тоо чокулары менен өтүп кетет эмеспи. Ал эми Россияда токой болгон үчүнбү же саздак жер болгонгобу ным жыттанып турганы дагы Ала - Тоону мекен кылган Бердиге жага берген жок.
- Бир кезде "Ниссиан Примьера" - деген маркадагы машина менен көптөн күткөн Иманбек келип калды. Бою узун, арыкчырай, маңдайы жарык, кара тору бала машинадан түшүп жатып эле актанып кирди:
- -Кечирип койгула, такыр туура эмес жолго түшүп алыптырмын, машинанын тыгыны эки чакырымга жетет го. Жакшы эле аракет кылдым деп, колун сунуп учурашты. Берди анча мынча адамды бир көрүп эле сынап койгон жайы бар болгон үчүн Иманбекти жылуу кабыл алып:
- -Эми кандай кылабыз? Менин азыр Сезимден башка таанышым жок. Кайда барып баш калкалайм, билбей турам. Сезимдин квартирасында орун болбогон үчүн минтип аялдамада сени эт бышым убакыттан бери күтүп олтурабыз. Сөздү Сезим алды:
- -Иманбек, сен эмне кылсаң ошол кыл! Байкени азыр үйүңө алып кетесиңби же мейманканага жаткырасыңбы ал сенин ишиң. Кыскасы мен эч нерсени билбейм. Сага ишенип минтип поездден да калып калдык - деди.
- Иманбек шар кетти жана жайдары мүнөзүнөн жазбай:
- -Сезим сен ал жагынан эч кам санаба. Байке азыр мени менен кетет. Каалаган күнү поездге салып жиберем. Ал жагы менин мойнумда. Менин дагы башымдан өткөн, талаада калган. Кантип эле мен байкени талаага калтырып салайын.
- Иманбек атына жараша ыймандуу бала экен. Сөзүнө туруп, Бердини өзү менен бирге алып кетти. Чынында эле шаардын бир топ алыс түндүк батыш тарабында жашайт экен. Ошончо алыс жерден келип кеткенине эле машинасына канча май куйду аны дагы эске алганыбыз оң.
- Көрсө Иманбектин курулуш бригадасы бар экен. Жыйырмадай баланы иш менен камсыз кылып, алар менен бир жерде жашаганы айкын болду. Кыскасы, тамак жасаган ашпосчу келин дагы өз иши менен алек. Жыгач менен жасалган тамда токойдун ичинде ал жакка жумушу бар гана адам барбаса, киши деле бара койчудай жер эмес. Ал жерде дагы баягы эле кыргыз балдар таң эрте кетип, кеч келишип, иштери менен алек. Кап, эгер өлкөбүз жарды болбогон болсо ошол балдар тигинтип талаа түстө, токойдун ичинде жашабайт эле да. Берди курсагын тойгузуп алып, жатып калды. Эмнегедир эле түнү бир нерселер чагып уктай албай чыкты. Эртең менен жерге жарык киргенде туруп караса, жыгачтын курту экен. Эмнеге тиги балдарды чакпайт дагы мени чагат деген ой пайда болду. Бул курт орус тили менен айтканда "крот" - деп аталат экен. Көрсө эски жыгачтарда жашаган бул жаныбар адамдын денесин чакканда, жан жай албай калган жагы бар тура. Күндүз анча билинбегени менен түнкүсүн дененин кычышканы күч алып, уйку бербеген жайы бар экенин ал жерде иш күтүп жаткан Айбек деген жашы кырк алтыга чыгып калган киши айтты.
- Ал күнү кечке телевизор көрүп алаксып, иши жок жаткан кыргыз балдардын арыз арманын уккан Берди дагы ойго чөмүлдү. Кулалы таптап куш кылып, курама курап журт кылган " Манас" атабыздын элин минтип таратып жиберген чоңдордун жоругуна ичинен түтөп, Иманбектин сөзүнө кулак төшөдү. Иманбек өзү жаш болсо дагы элдин жүгүн артынып, жыйырма баланы бакканы эле эмне деген баатырлык. Кыскасы, бул жерге кээ бир балдар түнөп кетүү үчүн гана келишет экен. Ал эми иш жок күтүп жатканы канча. Бир айга чукул убакыт болуптур, жаңы гана чоң алты этаж үйдүн пайдубалын тургузуп болуп, эми кирпичин койгону жатканда өзбек балдар келип бааны бузуп, "арзан баада коюп беребиз" деп, иштей турган иштерин тартып алышыптыр. Бир чети өзбек балдардын бааны бузган жоруктарына нааразы болгон эле адам. Алар тыйынга деле иштей берген арзан күч болушканын бир эле кыргыздар эмес, орустар дагы билип алышкан экен. Иманбек бир кирпичти жети рубль менен коюп бергени сүйлөшүп, кол алышып койсо, өзбек балдар ойдо жок жерден пайда болуп, эки рубль менен коюп беребиз деп келип калганы кыргыз балдардын ачуусун келтирип, өзбек балдар менен урушуп кете жаздашыптыр. Кыскасы, тиги заказ берген киши деле Иманбекке айтыптыр " эгер сен үч сом менен коёп берем десең, сенин балдарыңа берейин ишти" - деп. Иманбек макул болбой коюп, башка жактан иш издеп жатканын айтты. Кайда барба иш издеген эле киши. Андан дагы менттер караларды аңдып эле турушканы бул турулу иш эмеспи. Бизде айдоочулар "МАИ жокпу" деп жол караса, ал жакта кыргыз атуулдар "менттер жокпу" деп жол карашат тура. Ал жактын милицияларын биздин элге окшогон иш издеп барган мигранттар эле багат экен.
- Убакыт түштөн ооп калган кезде Иманбекти бирөөлөр чакырып, машинасын айдап кетип ал күнү дагы абдан кеч келип, Берди дагы түнөп калууга туура келди. Бир корккону эле түнкүсүн чаккан жыгачтын курттары. Алардын кадимки чиркейдей дагы эмес, денени кыдырата тиштеп чакканы анан дагы жанды жай алдырбай кычыштырганы абдан жаман экен. " Кайсы жериң ооруса жаның ошол жерде" - деп айтылган кеп бар эмеспи. Ансыңары крот чаккан дененин кычышканын айтып сөз жеткирип болбойт. Андан көрө түнү бою чиркейдин чакканы ага салыштырмалуу жеңил болот. Андайда түн дагы узун болуп калат эмеспи. Жыйырмага чукул бала эки катар кылып салынган жыгач керебетте эч нерсе болбой эле уктап жатышты, ал эми Берди бул түнү дагы кыйналып чыкты. Баягы эле кадимки чоң битке окшогон кара жаныбар жөн эле жеп жиберчүдөй жан талашып денеге жабышат десең. Андан дагы жүгүрүп баратып эле денени тиштеп кеткенин кантесиң. Анан эле кайран дене кызарып чыгат дагы, жанды койбой тырматат.
- Түнкү саат үчтөр чамасында Берди жаткан жеринен туруп айлуу түндө сыртка чыгып, бир сыйра күнү - түнү агып турган жерден чыккан сууга жуунуп алып, жыгылып жаткан чоң карагайдын үстүндө өткөндү эстеп олтурду.
- Оюна тээ илгери союздун учурундагы аскердик кызматтын өтөгөн учуру келди. Анда дагы түнү ушунтип чер токойдун арасында күзөттө туруп, айылын эстеген. Ал кезде азыркыдай "крот" - деген неме чагып, жанын кыйнаган эмес. Бирок жонунда курал, оюнда уктап калбай күзөттү убагында өткөзүп берүү болгон. Анткени канча солдат бала посто туруп уктап калып, жаза алышкан. Азыр дагы кудум ошол кездегидей чер токойдун ичинде жалгыз олтурганы жаш кезин эске салды.78451258/784561230356489/784512
- Алыскы Германиянын ным жыттанган чер токойу кудум азыркыдай түнү көзгө сүрдүү көрүнүп турчу. Ошол токойдо согуш учурунда канча адамдын жаны кыйылып, бей күнөө адамдар окко учту. Анткени дайыма "Цейтхайн" гарнизонунда 9 - майда, немистердин солдаттары менен союздун солдаттары конслагерь жайгашкан жерден парадга басып өтчү. 270 миң киши колго түшүп, ошол жерден каза болгонун парад болгондо дайыма айтылып турчу. Балким ал жерден канча Кыргызстандан жоого аттанган жоокер аталарыбыз каза болду, ким билет. Ошол жерде узунунан салынган барак үйлөрдү ремонттоп, военный частка айлантып алганы дагы кеп болгон. Кээде жакын жерден окоп казып жатышып, адамдардын сөөктөрүн таап алышканы жөнүндө дагы учкай айтыла калып жүрдү. Бир жолу политзанатиядан майор Крылов айчык эле айткан " бул жерде согуш учурунда поляктар, румундар, чехтер, венгерлер жана орус салдаттары атылган" - деп. Берди өткөндү эстеп ойго алаксып кеткенде , кечинде жаңы келген Нурбек деген бала жанына келип:
- -Байке, сизге эмне болду? - деди. Берди кабагы салыңкы, үнүн жай чыгарып:
- - Крот деген неме чагып уктатпай койду. Мен дагы кечээ эле келген болучумун. Абайла, сен дагы кротко денеңди чактырып жибере көрбө. Абдан жаман чагат экен, бытыратып. Нурбек кашынып:
- Мени дагы чакты көрүнөт. Денемде бир майда жаныбар кыбыраганынан турдум эле, эмне болду экен? - деген ойдо. Берди айдын жарыгынан колун чыканагына чейин көргөзүп:
- - Карачы, тим эле жанымды жай алдырбай койду. Сен эми кайра барып жатпа. Башка жакка барып жатып ал. Антпесең сен дагы мендей болосуң! Нурбек чөнтөгүнөн чылым алып чыгып күйгүзүп:
- -Байке, сиз эмне башка жактан келдиңиз беле? - деди. Ушул суроо берилишин алдына ала билип, жай олтурган калыбында болгон окуяны үстүртөн айтып берип, өзүнө суроо узатты.
- - Өзүң кайда иштедиң жана эмне болуп, кантип мында келдиң?-деп. Нурбек чылымын берилүү менен соруп, ийлеген соң:
- -Эй, байке, менин башымдан өткөн окуяны айтып берсем өзүнчө бир узун сабак кеп болот. Айтып олтурсам сөз көп - деп, маанилүү сөз айтчудай олтурган ордунан обдулуп алды. Көчүгү талып кеттиби же ыңгайсыз олтуруп алганбы ким билет, орун алмашып олтуруп анан узун сөзгө кирди, чылымын ийлеп түтүнүн дагы үйлөп:
- Бизди мындан эки ай илгери бир намазды үзбөй окуган Рустам деген бала алдап алып келген болучу, Краснодарский крайына. Эми тиги динчил немеге улуу Кудайды оозанып айтып жатса кантип ишенбейсиң. Жыйырмадай бала келгенбиз. "Жакшы иш, эмгек акы дагы жогору" дегенинен. Бул алдамчылык капырбы же чыныгы мусулманбы динди тутунган, ага карабаган бир жаман сапат болсо керек. Сүйлөсө тим эле таңдайынан чаң чыгат десең. Аны менен кайдан дагы тааныша калдым билбейм.
- Кыскасы ал бала бизди алып келди дагы, болгону он мүнөт болду биз менен, анан кайдагы бир шылтоону айтып көздөн кайым болуп жок болуп кетти. Көрсө ал бул жактагы адам менен келишим түзүп "бекер күч алып келип берем" - деп акча алыптыр дагы, анан өзүнө тийешелүү калган акчаны алган соң, бизге көрүнбөй качып качып кетиптир.
- Биз аны кайдан билип коюптурбуз. Курулушта иштеп баштаганда эле чечендер жана ошол аймактагы улуту башка адамдар келип бизге чоң боло баштады. Андан дагы түнкүсүн тизип алып сабагандарын айтпай эле койгонум оң. Кыскасы ит көрбөгөн кордукту көрүп, акыры эбин келтирип паспортторубузду алдык да анан экиден, үчтөн болуп бөлүнүп качып кеткенге аракет кылдык. Мен экинчи болуп түнү качып чыктым. Анткени мага чейин беш бала качкан, анан кийинки түнү мен качып чыктым да бир айылга келип, түшүнүктү орустун үйүндө иштедим. Кыскасы беш бөлмө үйүнө шпаклёпка тартым бердим. Кечке үйдөн эч жакка чыкмай жок. Мени издеп келип калабы деген ойдо. Андайда деле ойго жакшы нерсе келбейт экен. Көзүмө ырайы суук сакалдары жаагын баскан кавкас улутундагы кишилер тартылып, өзүнчө эле корко бердим. Чынын айтканда бизди жок кылып салыш алар үчүн чымын чакканга дагы тете иш эмес болучу. Ушундай ырайымдары жок, көздөрү нашаа чегип алган адамдардай күйүп турат десең. Ошондой түрү суук адамдарга тийген аял заты кантип алар менен жашап жатышат болду экен. Айтсам сизге калп, мага чын. Кулак менен уккандан, көз менен көргөн алда канча чындыкка жакын эмеспи. Эки айга чукул убакыттын ичинде биз жашоодон үмүтүбүздү үзүп койдук. Мен улуу Аллага жана жер энеге абдан ыраазымын. Анткени адам кейпинен кеткен, адам деген атка татыксыз адамдарга ырыскы бөлгөн улуу Алланын кечиримдүүлүгүн кара дагы, ошондой адамдарды көтөрүп турган жер энени кара. Чынын айтсам алар түшкө кире тургандай эле мамиле жасашты. Акыркы кездерде бизди бакканга дараметтери жетпей баратканда гана паспорторубузду колубузга берип, "эптеп акча таап жаныңарды баккыла, бирок күндө кечинде келип текшерүүдөн өтүп турасыңар" деген талап коюшту. Биз алгач эки апта алардын талаптарын аткарып, анан качып кете баштадык. Жанагы жан кечти террористер ошолордон кантип чыкпайт. Кайран гана эне байкуштун эмгеги ай. Тогуз ай көтөрүп, ушул жашка чыкканга чейин азабын тартып "адам баласын кыйна" - деген максат менен аларды баккан жок да. Билбейм, деги акыркы кездерде эл бузулганбы же жашоо талабы ушундайбы жооп таба албай келем. Бирок бизге канчалык кордук көргөзгөндөрү менен алардын арасында түшүнүктүү адамдары бар экен. Балким ошолор биздин качып кетишибизге түрткү берген чыгар. Эмне болгон күндө дагы бир балээден аман кутулуп чыкканыма азыр дагы ишене албай келем.
- -Анан сен кантип алиги улуту орус адамга кабылып калдың?
- -Ал дагы буйруктан да. Аялдамада жазылып туруптур " шпаклёпка тартканды билген мастер керек" - деп, дареги менен. Мен жазылган дарек менен издеп барсам үйүндө аялы эле бар экен. Кеминде эки сааттай убакыт үй ээсин күтүп калдым. Бир кезде " Ауди А-6" маркасындагы кара түстөгү машина менен сыйда кийинген, кызматкерге окшош, өзүн маданиятту туткан, орто бойлуу, арыкчырай, маңдай чачы жок, жүзү жарык адам келди. Мен аны менен учурашканда эле билдим, жакшы киши экенин. Чынын айтканда, жогорку билим алган адамдар баары бир билим албаган адамдардан өзгөчөлөнүп турарын ошондо байкадым. Мен жарнама боюнча келгенимди айтсам ал киши алгач мага анча ишене албай туруп анан, биринчи берген суроосу эле бул болду " ичимдикке кандайсың?" - деп сурап, мени тике карады. Анткени адам баласынын өзү алдаса дагы көзү алдабайт эмеспи. Көзү менен теше тиктеп караганда, мен анын көз карашына туруштук берип, мен дагы тик карап "Мен ичимдик ичмек турсун оозума албайм" - дедим. Анан мени үйүнө ээрчитип кирип, сынап көрдү, иштетип. Менин иш билгилигим жакты окшойт, алгач курсагымды тойгузду дагы. "Иштей бер" деп, өзү башка бөлмөгө кирип кетти. Мен курсагым тойгонго ушундай бир уйкум келди. Ага карабай иштеп баштадым. Ал жерде иштегени анткен менен курсагым ачкан жок. Тамак жагын жакшы берип турду. Ал эми тиги курулуштан күндө кукси иче берип ашказан болбой калган. Малга деле күндө саздын чөбүн бере берсе, ал деле этинен качып арыктай түшөт го. Анысысыңары, чогуу барган балдар кадимкидей арыктап дагы кеткенбиз. Негизи эле адам баласы баарына чыдайт экен, биз тээ илгерки согуш учурундагы адамдар кыйналаган жашоону дагы көргөндөй эле болдук.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев