21-БОЛУМ
- Сыртта айсыз түн. Чиркейлердин эле ызылдаган үнү болбосо бөлмөнүн ичи тымтырс. Терезеден болор болбос шамалдын үнү угулганы болбосо, караңгы түндө уйкунун кучагында жаткан төртөө эч нерсени сезбей уктап жатышат. Анткен менен бул күнү курсактары тойгонгобу, мурунку күнгө караганда уйкуга тез алдырып жиберишти. Бир кезде залдан өзбек балдардын чурулдаган үнү түнкү уйкуну бузду. Көрсө Кубант деген баланын туулган күнү болуп, ичимдик ичишсе керек. Чынында эле ал жакта арактын баасы асмандын башы. Андан көрө пиво алган алда канча арзан. Пивонун градусу арактыкындай эле. Аны ичкен адам кадимкидей арак ичкенсип тез эле кызып калат. Өзбек балдар бир топко ызы - чуу болуп барып токтошту. Аларга дагы туура түшүнүү менен мамиле кылуу керек. Жыргаганынан алыс жерде жүрүшкөн жок да. Бир жагынан алар арзан иштеп көп жерде бааны түшүрүп жибергендери эле болбосо, иштегендеринде айып жок. Кара жумушту жигине жеткире иштешет. Кечинде иштен келип алышкан соң кайра жергиликтүү калктын картошкаларын түптөгөнү, кээде мүрзө казганы дагы кетип калышат. Кыскасы акча табуу үчүн каражандарын аяшпайт, ишти ылгабай жасай бергендери бар. Кээ бир балдары акчаны тапканды дагы, чачканды дагы билген адаттары бар. Кечинде эле Абдурашит, Бердини пиво ичкени чакырган болучу. Берди каршы болуп койгон. Анткени жеринен ичимдикке жакын эмес. Андан дагы пивону такыр иче албайт.
- Улут жаман эмес, улуттун кадырына доо кетирген кээ бир адамдар жаман. Негизи эле ар бир улутта жаман жана жакшы адамдар болот эмеспи. Айтмакчы ириде айтылгандай өзбек балдардын ичинде дагы намыстуу жана адамдык сапаты жогору балдар бар. Алар менен сүйлөшкөндө сөзүнөн турмушка керек сөздөрдү учуратса болот. " Акыл жаштан, асыл таштан" - дегендей, өзбек балдардын ичинен жаш балдардын таттуу кыялдарын жана улутуна тартып сүйлөгөн сөздөрүн уккан кишинин көңүлү жылыйт. Алар тигинтип башка улуттан аял алып алышкан агаларына, учурун келтирип таамай сөздөрдү айткандары көп эле жолу болду. Бул сапар дагы Абдурашит кызып калган алиги Кубантты сөз менен тыйып, бөлмөсүнө алып кеткени даана эле угулуп турду. Бул эми адамкерчилик деп айтсак жарашат. Кайрадан тынчтык өз өкүмүн жүргүзүп, жатаканада кечке иштеп чарчагандардын дем алганы гана угулганы болбосо, жымжырттык каптады.
- Таң эрте баягы эле көрүнүш менен таттуу уйкудан ойгонгон жумушчулар, шашылыш кыймыл менен ишке даярданып жатышты. Анткени автобус болгону беш гана мүнөт күтөт да анан жылып кетет. Ага чейин үлгүрүп калуу керек. Болбосо иштен калып калсаң жогору жактан катуу жаса көрүлөт. Атайын иштейин деп келгенден кийин жаман, жакшы көрүнгөн кимге эле жакшы болсун. Андан дагы кечке бөлмөдө жалгыз жатуунун өзү эле адамды тажатып жиберет.
- Сегиз бала бул күнү сүйлөшүлгөн сөз боюнча эч сыр бербей иштешти дагы, кийинки күнү жалпы иш таштап, сааттын жебеси эртең мененки тогузду көргөзгөндө баары чогуусу менен бухгальтерияга барышты анан, иштеген иштери боюнча эсептешүүнү талап кылышты. Бул сунушту бухальтерия колдогон жок, анткени алар директордун командасы болмоюн эч кандай эсептеше алышпайт экен. Бир жагынан аларды дагы туура түшүнүү керек.
- Сааттын жебеси он бирди көргөзгөндө гана крутой деген "джип" машинасы менен директор келди. Сегиз баланы көрүп эле түшүндү көрүнөт, бухгальтерия аз убакыт өтпөстөн чакырып калды. Буга чейин кеминде жыйырма жолу Турарга телефон чалышты, Турар эки жолу телефонду албай койду да, анан такыр эле өчүрүп салды. Балдардын ачуулары келип, бир жагынан ушул жерден кетебиз деген ойго нак ишенишип, кабактары ачык.
- Бухгалтерия эсептегенде, эки ай таң эртеден кечке чейин он эки саат иштеген балдар болгону, үч миң эки жүздөн орус акчасын алышты да, анан издерине кайтышты. Айткандай бухгалтерия "эртеңден калбай жатакананы бошотуп койгула" деп катуу эскертти. Бул алардын коркуткандагы бир белгиси болсо керек. Анткени мекенден сырт жүргөн балдар "кайра иштейбиз деп калышабы" деген илгери ойго алдырышса керек. Бирок, сегиз бала таң эрте маршурутка менен Акатетьева айылын таштап, кайдасың Москва деп жөнөп кетишти. Алардын кеткени жатаканын башка улуттун балдары дагы билбей калышты. Себеби алар али таңкы уйкудан ойгонуша элек болучу да. Тиги маршурутканын айдоочусу таң эрте жолго чыкканына эртең мененки машинанын тыгынана кабылып калбайын деген оюу себеп болду. Анткени түшкү саат бирде дагы бир заказы бар экен. Ага чейин кайра келип калуу керек болдубу, айтор абдан шаштырды.
- Балдар саат тогуздар менен эле айтылган дарекке келишти. Тиги Юрьевич деген неме Турардан өткөн калпычы неме экенин келгенден кийин билишти. Көрсө жатакана даярдабай эле, күндүн ысыгында контейнерге жатасыңар деп, бош турган контейнерди көргөздү. Тим эле жыргал жашоо жана жакшы иш күтүп тургансып, шашып келишкен сегиз баланын эми даана баштары шылкыйды. Такыр башкача элестетип келген балдар, темирге картон салып жатууга туура келди. Эх, бул жерден "Москванын баары эле калпычы болуп калганбы" - деген ой пайда болбой койгон жок. Анткени тиги Нурландын достору дагы ооз көптүрүп, иш таап коёбуз дешкен. Ал эми Бердинин жакын таанышы "иш таап койдум келе кал" деп коюп, ал дагы каратып туруп калпты айтты. Мындан кийин көрүшпөй калчудай болуп.
- Нурлан менен Берди тиги жаңы келген жерден такси менен Нурландын досунун үйүнө келишкенде, досу айткан даректе, тактап айтканда бир бөлмө квартирада эле тогуз кыргыз жашайт экен. Теңи кыз - келин болсо, теңи эркек балдар. Акча табуу үчүн бир бөлмө квартирада тыгылышып жашаган боордошторду көргөндө Бердинин каңырыгы түтөп кетти. Кечке чейин араң чыдады. Кечинде алып кетем деген таанышы сырттан кирип келип эле, эч саламга келбей каарып кирсе болбу. Ай, ушул адамдардын акчаны жогору тутуп калганы. Болбосо алгач учурашып койсо эмне. Сырттан кирип келип эле:
- -Эмне мында келе калдың? - десе боло. Мындайды күтпөгөн Берди алгач кабагы ачык салам берип анан:
- -Мен сиз чакырбасаңыз мында келбейт элем. Эгер мага иш таап бере албасаңыз анда эмне телефондон мактандыңыз " эптеп эле мында кел" - деп. Эгер сиз чакырбасаңыз мен балдар менен эле калып калмакмын. Кете бериңиз, эгер калп айткан болсоңуз! - деди да, ичкери кирип кетти. Квартирага кирип эле кабагы салыңкы Токтогулдук Сезим деген кызга кайрылды:
- -Сезим, эгер макул көрсөң мени Казань бекетине жеткизип койчу, эптеп бир нерсе кылып кайра Кыргызстанга кетейин - деди. Анткени кыйратам деген Нурландын досу иш таап бермек турсун, бир күн квартирасына жаткыса албасын басым менен айтып, кетип калгыла деп шаштырып жаткан. Ал дагы жөн гана ооз учунан мактанганы билинип калды
- Сезим маңдайы жарык, бирөөнө жакшылык кылсам деген ыйманы жылуу, бою жапаладашынан келген, көздөрү күлүңдөгөн, эркек балдарга караганда чечкиндүү, колу ачык жылдыздуу кыз экенин Берди алгач көргөндө эле байкаган. Ошол себептен ал жерде жашаган балдардан эмес, Сезимден бир жакшылыкты үмүт кылып, ага кайрылды. Ал эми Нурландын досу, эки жумуртка менен аш басып бергени болбосо, Нурланга дагы жакпай турду. Аны Нурлан сыртына чыгарган жок.
- Сезим, Бердинин сунушун дароо кабыл алып, кечки саат бештерде квартирадан алып чыгып кетти. Ушул убакытка чейин тиги Нурландын досу мыкка олтургансып, Бердинин үйдөн чыгып кетишин ичинен миң миртебе тилеп турду. Анын себеби, квартиранын ээси келип калса иш чатагына айланат беле, ким билет. Берди ушул жерден дагы бир жолу эркектерден касиеттин качканын билди. Сезим өзүнүн карындашындай кам көрүп, ойго келбеген жакшылык кылды. Ушул чыканактай кыздай иш жасаганга жарабаган тиги шым кийип жүргөн балдарга жакшы сөз айтуу албетте туура эмес. Сезим жасагандай жакшылыктар кээ бир айдатма эркек аты бар уул балдардын колунан келбейт. Болбосо ошол жердеги балдардын бири айтат эле го " Байке, мен деле сизди Казань бекетине жеткизип коём" - деп. Анткенге алардын ички жан дүйнөсү жарды болуп, андан көрө жамбаштап жатып, убакыттарын өткөргөн алда канча жакшы эмеспи. Берди сумкаларын көтөрүп сыртка чыкканда, Сезим бир жакын досуна телефон чалды да, ага айтты:
- - Иманбек, эгер бош болсоң келип калчы, Казань бекетине барыш керек болуп калды - деп. Бир топко сүйлөшкөн соң, Сезим:
- -Байке, эч корпоңуз, азыр машина менен тааныш дос бала келип, Казань бекетине экөөбүздү жеткизип коёт. Ага чейин тиги аялдамада олтуруп күтүп туралы - деди. Берди макул болуп, башын ийкеп жооп берип, ичинен ыраазы болуп турду. Анан экөө аялдамага көтөрүнүп келишти да, бош орунтуктун четинен орун алып олтурушту. Эч кандай милиция деле тийишкен жок. Коркконго кош көрүнөт болуп, кээ бир чет элден келгендер өздөрү эле коркуп жатып, сырттан келгендерин билгизип алышбы деген дагы ой келди. Сезим сөз арасында ушул жакта иштеп жүрүп айылдагы атасына чоң там салып бергенин кеп кылды. Ал дагы алгач келгенде талаада калыптыр:
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев