19-БОЛУМ
Бул күнү түшкү тамакка акчаны бою кыска бригадир аялдан карызга сурап алышты. Бул аял соо кезинде абдан жакшы. Бирок бир нерсе сеп этип алды, болду кыйкым таап урушкан адаты бар. Бир жагынан ал деле иштин жакшы жүрүп кетишин талап кылып жатканын эске алыш керек.
Түшкүсүн дагы карандай чайга курсакты кара нан менен тойгузган сегиз бала, аскерге жаңы барган балдардай шашып ичишти да, анан кайра автобустан орун алып олтурушту. Бака - шака түшкөн өзбек балдар өздөрүнүн тилинде жажылдап сүйлөп баштады эле, алиги Вера деген молдованка аял үнүн катуу чыгарып урушуп калды:
- Тынчтангылачы! - деп. Ооба, көпчүлүктө жажылдап сүйлөгөн чынында эле абдан кулакка өөн угулат эмеспи. Андай жерде маданияттуу болгонго эмне жетсин. Бирок, тыңыраак билим албаган, сыртка чыгып көрбөгөн адамдар дайыма кагуу жеп келгенине жашоо шарт өзү күбө. Веранын үнү таасир бердиби, автобустун ичи тынчый эле түштү. Түштөн кийин, сабиз талаасына түшкөндө, Лена эмнегедир кабагы салыңкыдай көрүндү. Көрсө анын артынан ушак сөз чыгып, ошого капа болуп жатыптыр. Берди алдыга узап кетип, солдун аягына барып олтурганда Лена жанына келип:
- -Азыркы эркектерде намыс деле жок. Сени жардам берет деп ойлосом, алдыга чыгып келип олтуруп алганың эмнең? - деди. Берди эч сөз укпагандай:
- - Лена сен мага таарынба. Эгер азыр мен сага жардам бере турган болсом, мени сага жабыштырып жиберишет. Баягы күнү экөөбүз катар иштеген күнү эле менден сурап жиберишти "Лена менен мамиле түзүп жатасыңбы" - деп. Мен ашыкча сөз ээрчиткенди жаман көрөм. Лена жылмайып:
- -Ошого капа болуп олтурдуң беле? - деди. Берди кабагы салыңкы:
- -Жок, мени капа кылган, тигилер. Сенчелик дагы иштей алышпай, алигиче солдун аягына чыга албай олтурушканына капа болуп жатам. Лена билесиңби, баарын жер көтөрөт, жер жашырат, жер эне батырат. Көпчүлүк тигинтип чылымды аталарынын өчү бардай чегишет дагы, анан жер эненин бетине түкүрүп, ушак сөздүн же болбосо болбогон бир кепти сүйлөп олтурушат. Негизи эле чылым чеккен адамдар абдан көп түкүрүнүп, какырынышат эмеспи. Баарыбыз жер алдына барабыз. Демек жерди дагы сыйлаш керек да. Жердей көтөрүмдүү эч нерсе жок. Негизи эле мен айткан сөзү менен иши төп келген адамды абдан сыйлайм. Тиги балдар ооздорун керип сүйлөсө тим эле асмандагы айды алып берчүдөй тил менен мактанышат дагы, анан ишке келгенде тигинтип олтургандары албетте туура эмес. Лена кабагы салыңкы, үнүн жай чыгарып:
- -Абдан туура айттың. Чынында эле ар бир кыз бала тийген күйөөсүн жакшы адам болсо деп кыялданат. Бирок, баардык эле күйөөлөр кыялдангандай боло бербейт тура. Чынын айтсам мен, кээ бир эркектерге караганда өзүмдү тыңмын деп ойлойм. Мага мажүрө эркектер анан кекиртекке алы жетпегендер, тил менен иш бүтүргөндөр жакпайт. Кыз кезимде кыялданчу элем. "Баламды алып олтуруп, тамагымды даярдап алып жолдошумду күтүп олтурсам, мен кандай бактылуу болот элем" - деп. Кинолорду көргөндө анда катышкан аялдарга абдан кызыгам. Анткени кинолордо гана ойдогудай жашоо болот да. Себеби кинону адамдар даярданып алып тартышат жана артисттер аткарышат эмеспи. Бир анекдот бар билесиңби?
- Бир бала менен бир кыз кино көрүп олтурушса кыз айтат :
- -Сен эмнеге мени тиги кинодогу баладай сүйбөйсүң? - деп. Анда бала айтат дейт:
- -Ал балага киного тартылыш үчүн жана тиги кызды сүйгөнү үчүн акча төлөп жатпайбы -деген тура.
- Кинодогудай болуп жашоодо баары эле ойдогудай боло бербегени мени капа кылат. Тигинтип Дима менен мамиле күтө койсом, артыман кулак укпаган ушак сөздөр тарап кетиптир. Бирок мен андай сөздөргө териге бербейм. Эң негизгиси ден соолугум анан ишим жакшы болсо болду.
- -Сен эми качан турмушка чыгайын деген оюң бар? Денең катып кете электе төрөп алсаң болмок. Аял кишинин бир бакыты эне болуу эмеспи. Лена үшкүрүнүп:
- -Өзүм хахолкамын. Демек башка улуттун баласын эмес, өз улутумдун баласына турмушка чыгып, өз улутумдун баласын төрөсөмбү деген оюм бар. Бир адам болсо дагы украиндердин саны өссүн. Азыр Берди чынын айтсам сен айткандай төрөп алсам деле болмок. Бирок, эркектерден касиет качып, минтип майдаланып кетти. Тиги Диманы эле мисалга алалы. Ал менин талабымды аткара албай, кайра артымдан сөз чыгарыптыр. Ошол эми эркектик сапатка жатабы. Билбейм, жашоо кайда бара жатат. Сөз ушул жерге келгенде артта калган балдар солдорунун аягына чыгып, жакын басып келип калышты. Лена эмнегедир боюн ала качып, олтурган ордунан турду да, окчун жакты көздөй басты. Анын баскан ар бир кадамдары эле айтып турду " Ушак сөздөн алыс болсом экен" - деген сөздү. Чынында эле ага ар бир бала тийишип, эптеп эле аны көндүрүп алынуу көздөгөндөрү көз караштарынан эле билинип турган үчүн, Лена акыркы кездерде эркектерге жолобой калган. Берди аны узата карап, жанынан орун алган балдарга кеп учугун узатты:
- - Балдар силердин бул кылыгыңар туура эмес. Кичине тезирээк кыймылдасаңар боло. Тиги Лена кыз башы менен эбак солунун аягына чыкты. Ал эми силердин сөзүңөр эле түгөнбөйт. Шабдан өзбек балдарды карап:
- -Күч эле ушул өзбек балдарда. Буларда жан жокпу деп ойлоп калдым. Абдрашит менен катар солго түшүп калыптырмын, ал өзүнүн солу менен бирге менин солумду дагы тазалаганга үлгүрүп, алдыга узап кетти. Бел жокпу, жаны тынбай иштегенинен деп дагы калдым. Менин белим ооруп, кичине эле иштесем, сыздатып чыгат. Садык адатынча чылымын кере соруп:
- - Шашканда эмне. Биз милдеттеме алган жокпуз да. Иштегендер иштей беришсин. Керек болсо мен Кыргызстандын талаасында дагы азыркыдай иштеген эмесмин. Азат тартыйган узун боюн жазып жерге чалкасынан жатып:
- -Ушул күндөр тезирээк эле өтүп кетсе гана атаганат. Менин шаарда эле таксовайтеткеним жакшы экен. Машинамды сагындым. Энеңди гана урайын, Турар эми качан бизди бул жактан алып кетет болду экен? Билесиңерби, мен азыр ээн талаага түшүп калгандай эле болуп жатам. Шаарды сагындым. Буйруса Бишкекке барганда Шайлообайдын беш бармагына барып, курсакты бир тойгузбасам элеби. Чучук, карта, казыны жеген күндөр качан келет болду экен. Кайран гана кыргызымдын тамактары. Сөздү Нурлан бузду:
Уландысы бар...
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып, комментарий жазып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2