Психологдор жаштыктын экинчи мезгили катары 25-35 жашты, 36-60 жашты орто курак, ал эми 60тан жогору улгайган курак деп эсептейт. Эркектер орто куракка кадам таштаган учурду аялдарга караганда оор көтөрүшөт.
ОРТО КУРАКТАГЫ КРИЗИС ДЕГЕН ЭМНЕ?
Адамдардын турмуш жолу ар башка, бирок алардын жашоосунда психологиялык кырдаалдын жалпы окшоштугу байкалат. Орто жаштагы адамдын көз карашы калыптанып, жашоонун мазмунун аныктап, турмушка чечкиндүү кадам таштап жаткан учуру. Мисалы, жаш кезде кетирген жаӊылыштыгын кайталабайт. Ошого карабай орто курак мезгилинде ажырашуу, араздашуу, таарынышуу өӊдүү жагымсыз иштер орун алып, кризис башталат.
«36 жашка чыктыӊбы, сенде кризис, эркектердин баары кыйналат» деп аныктама коюу да туура эмес. Бирөө бул кырдаалга эрте, кээ бирлер кеч тушугат (3-5 жыл аралыгында өтүп кетет). Ар ким генине, мүнөзүнө, жашоону кабыл алуусуна, үй-бүлөсүнө, жумушуна байланыштуу ар түрдүү кабыл алат.
Орто куракка келген эркектер эки кризисти башынан өткөрүшөт.
Биологиялык кризис. Эркектердин организминде жыныстык гормондордун бөлүнүшү азаят. Гормоналдык өзгөрүүдөн улам иш жөндөмдүүлүгү жайлап, эс-тутуму начарлап, өнөкөт оорулар күч алып, кыскасы, жашоонун сапаты начарлап, эркек өзүн жаман сезе баштайт. Айрымдары бул куракта аялдарын чанып, жаш кыздарга ыктап, жашаргысы келет. Бул өзүмчүлдүк, жаштыгын кармап калуу үчүн жан далбастоо. Жашы өйдөлөп калган эркектердин «жаш кыздар менен болуу башкача жыргал» деген
сыяктуу сөздөрү жөн гана жомок. Чындыгында канча жаштагы аял менен болбосун окшош эле ырахат алышат.
Социалдык кризис. Психологдор менен социологдор эркектин 50 жашка чейинки жетишкендигин өзүнүн кесибиндеги, аракетиндеги чоку деп эсептеп келишет. Бул курактан өтүп социалдык акыбалын жакшырткандар бар, бирок аз. Анткени жаш кездегидей энергия жок, ой жеткен жерге кол жетпей калган учур болот. «Буга чейин мен эмне кылдым, кандай иштерди жасадым, кайсы максатыма жетпей калдым?» деп өзүнө-өзү отчёт берип, жашоосун териштирип жаткан мезгил. «Менин чама-чаркым ушуга эле жеттиби, мындан ары өсө албаймбы?» деген суроо да түйшөлтөт.
КРИЗИСТИН БЕЛГИЛЕРИ
Курсак чыгып, бетке бырыш түшө баштайт.
Үйгө келип, босогону маанайы жок аттоо адатка айланат.
Көп сүйлөбөй, өз ою менен алпурушканды жактырат.
Чарчап, эч нерсеге көӊүлү чаппайт. «Чарчадым» деген дайымкы сөзүнө айланат.
Тегерегиндегилерге толук кандуу жаш экенин көрсөткүсү келип, үй-бүлөсүнө көӊүл бурбай, убактысын жаш кыздар менен көӊүл ачууга жумшашы мүмкүн.
Гардеробду жаӊыртууну деле ойлошпойт. Эгер жаӊы алгысы келсе, жаштардын кийимин жактырып сатып алат. Ал гана эмес, жаштардын жаргон сөздөрүн колдонуп сүйлөй башташы мүмкүн.
Бул куракта эркек жашоодон кайрадан өзүн издейт. «Менин колуман бул гана эмес, көп нерсе келет» деп далилдөөгө умтулат.
СИЗдин жолдошунуз , жакындарыныз мындай кризиске туш болгонун байкадынызбы?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2