10-бөлүм.
Бүгүнкү жумушум жакшы эле болгондой болду,Дастан байке келсе акчаны тапшырып ,толук маалыматты берейин деп күтсөм келбеди Акчаны сейфке салып,Жакып келгенде кете бердим.
Күндөр өтүп ,иш менен алектене баштадык.Дем алыш күндөрү айылга барып аттык.Самира эже кадимкидей баса баштады,баягыдай эмес,ачык,шайыр.Биз барсак атам,апам,балдарым болуп чогуу тосуп алышат.Үй толуп топурап,майрамдай болуп калгансыйт .
--Атамдын тамак ичүүсү начарлап баратат,догдурга көрсөтүш керекпи,-деди бир барганыбызда Самира эже.Биз кайра шаарга кайтканда ала келип догдурга көрсөттүк.Жашы да бир топ болуп калгандыктан болсо керек,жатып дарыланыңыз десе макул болбой коюптур.Догдур жазып берген дарыларды алып,үйдө карайлы десек ага да макул болбой койду,айылга эле кетем деп.Кайра эле алып барып,дарыларды убагында бергиле деп Самира эже менен Датка эжеге дайындап келди Жакып.Бирок,жакшы боло албады,чын дүйнөгө сапар алды көп өтпөй эле.Бардык зыйнатын колдон келишинче жасап,оо сапар узаттык.Апамдын жалгызсырап калганы билинди,кантсе да канча жыл түтүн булатып бирге жашашканда.Өлүм ак,баарыбыздын барар жерибиз ошол жер эмеспи.Коңшу-колоңдор,тууган урук келип көңүл айтып кетип жатышты.
Биз кайрадан жумушка кайттык.
---Бул сага,-деп гүл көтөрүп кирип келди Дастан байке бир күнү.
--Ой,рахмат.Бирок эмнеге?
--Белек бериш үчүн сөзсүз себеп болуш керекпи?
--Жок,ошентсе да.
--Гүл дүкөндөн өтүп баратып көзүмө кооз көрүнүп кетти,сен үчүн алып алдым.
---Неге мен үчүн,Жылдыз эжегечи...
---Эмне мынча ашыкча суроо бересиң,Албина.Сен үчүн алгым келди,болду.-деп орой сүйлөп кабинетине кирип кетти.Ашыкча сүйлөй албай ,же гүлдү ыргытып ийе албай кала бердим.Чындыгында аябай сонун гүлдөр экен,карап көзүң тойбойт.Бул Дастан байкенин экинчи жолу гүл бериши эле.Ойлоп көрсөм Жакып төрөп чыгып баратканда гана гүл бериптир,момунтип себепсиз бербеген.Бир аз ойлоно түштүм да, гүлдөргө суктанып карап туруп,ары жактагы идишке суу куюп гүлдөрдү салып койдум.Негедир ал күнү гүлдү коргон сайын улам жыттап коюп жакшы жүрдүм.Соода да жакшы болду,кечке кабинетинен чыкпай олтурду Дастан байке.Жумуш бүтүп,мен толук маалыматты бердим,акчаны колуна тапшырдым.Өткөн товарларды,дагы кандай кийимдерди буюртма кылыш керек айтып чыктым.Мен чыгып келатканда:
---Албина,гүл жыттанып турасың,-деди Дастан байке.
--Коюңузчу,рахмат.Мага билинбей эле,-деп коюп сыртка чыктым Алдымда Жакып мени күтүп туруптур:
--Дастан байкеге жумуш жөнүндө маалымат бергени кирдим эле,-дедим актангансып.
---Күндө ушинтип маалымат бересиңби ?
--Ооба,акчаны тапшырам,кайсы товар жакшы өтүп жатат,аны билдирем,-дедим дудалактап.
--А бул гүл кайдан?
--Дастан байке..
--Дастан байке эмес,Дастан байке эми сага Дастан жезде,-деп катуу сүйлөдү Жакып.
---Не себеп болду сага гүл белек кылганга?
---Аны мен билбейм.
---Анда ,себебин билбей эле ар кимден гүл ала бересиңби?Мен эмне дешимди билбей жер карап туруп калдым.
--Алдыма түш.Унчукпай эшикке чыктым да машинасына олтурдум.Үйгө келгенче экөөбүз сүйлөшпөй келдик.Мен ары -бериден тамак жасай койдум:
--Тамак даяр,---деген сөзумө жооп да бербеди,чыкпады да.Күтүп олтуруп,өзүм да табитим тартпай бир аз жемиш болдум да уктоочу бөлмөгө кирдим.Уктап калыптыр Жакып.
Эртең менен эрте туруп үстөлгө чай даярдап турдум.Жакып бул жолу өзү эле туруп келип чайга олтурду, адатта өзүм барып ойготуп чайга чакырчумун.Унчукпай чай ичтик,унчукпай ишке жөнөдүк.Бир топко чейин барганда мен чыдабай кеттим:
--Эмне,бир гүлдү деп канчага чейин сүйлөшпөй жүрөбүз?
--А сен билип жатасыңбы ошол бир гүлдүн артында дагы эмне болуп кетерин?
--Эмне болмок эле?
--Кандай эмне болмок эле,деги сен бир нерсени түшүнүп жатасыңбы?Эркектер аялдарга жөндөн-жөн гүл бере бербейт!
--Берсе эмне болуптур, Дастан байке...
---Дастан байке дегениңди жыйыштыр,ал деген сага жезде.Болгондо да кайын эжеңдин жолдошу.Ал гүлдү сага эмес эжеме бериш керек.
---Мен да ошону айттым,бирок..
--Экинчи ашыкча кыймылыңды байкабайын, уктуңбу,-деп үнүн өктөм чыгарып сүйлөдү Жакып.Анын аябай ачуусу келип турганын биринчи көрүшүм:
---Макул,-дедим акырын.
Ошентип олтуруп жумушка да жетип калыптырбыз.Сыртта Дастан байке туруптур.
--Тигил эмне,сени күтүп турабы?
--Ал эмне дегениңиз?-дегенче машина токтоду.
Дастан байке бери көздөп басканда,Жакып ага карабай эле машинасын катуу айдап жүрүп кетти.
--Эмне болгон Жакыпка?
--Кечиресиз,жумушка шашып атты эле,сизди байкабай калды болуш керек.
---Чындап эле ошондойбу? Ашыкча кеп жокпу?
--Бар,сиздин гүл жөнүндө кеп бар.Эмне сага гүл берет деп мага да сизге да таарынып жатат?
---Ошол,машинаны басып кеткенине караганда бир мандем бар деп ойлогом.Кайран шумкар,эки гүлдү сооруп жатып үйрөнүп калдыда.
--Ал эмне дегениңиз?
--Ал ошол дегеним,Албина.Сен эртеңкиңди ойлобой жатасың!
--А эртеңким эмне болот экен, бизде баары жакшы.
--Бугун жакшы, эртең Самира жакшылап өзүнө келип алса, ошолор сени батырат дейсиңби?
--Эмнеге батырбайт,биз Самира эже экөөбүз аябай жакшыбыз.
--Көрөм жакшылыгың канчага чейин узарат экен.Алды -артыңды жакшылап карап,ойлонуп жаша,Албина!-деп коюп кабинетине кирип кетти.
Мен дендароо болуп эле туруп калдым.Күтүлбөгөн ойлор баса түштү заматта.Чын элеби?Чындап эле Самира менен Жакып башка нерсени пландап жатышабы?Дастан байке бир нерсени билбесе бул сөздөрдү айтпаса керек?Башымды кармап олтуруп калдым:
--Ким бааар,-деп кардар келип кыйкырганда өзүмө келип ордумдан турдум.
--Келиниз.
---Келдик, чоң кыз.Тааныш курбумдун айтуусу менен келдим,жакшы көйнөктөр бар экен.
---Ооба,жакшы көйнөктөр бар.
---Мага 48-размердеги ,жаңы модадагы көйнөктөр болсо.
--Ии,бар эже.Мындай басалы,-деп ээрчитип жөнөдүм.
--Мына,сиз каалаган размер,сиз каалаган фасондогу,сиз каалаган түстөгү көйнөктөр.
--Ммм,ооба,жакшы көйнөктөр бар экен.Биринен -бири кооз көрүнүп, көздүн жоосун алатко.
--Ооба,сапаты жогорку көйнөктөр келет.Каалаганыңызды тандаңыз.
Кардар жай баракат ар бирин кылдаттык менен карап чыкты:
---Мага мобурекини бериңизчи,-деп сары-ак гүлдүү көйнөктү көрсөттү.
--Макул,тигил жерге барып кийип көрүңүз.Кийип чыкты:
-- Аииий,тим эле сонун жарашып калды,
--Чын элеби?
--Ой чын эле,сизди аябай ачып койду.Чындап эле өзү кара тору кыз экен, сары көйнөк аябай эле сонун жарашып калды.
Акчасын алдым да,ороп кол баштыкчага салып узаттым.
--Келип туруңуз.
---Албетте келип турам,жакшы калыңыз.
--Жакшы, барыңыз,-деп узатып койдум.Ошентип ал күнү да дүкөндөн адам үзүлгөн жок,соода аябай жакшы болду.Жумуштан кайтаар убакыт жакындап калганда мен акчаларды эсептеп,кийимдердин маалыматын берип чыгып келаткам
---Албина,сага жакшылык эле тилейм.Жакшылап ойлонуп көр,-деди дагы Дастан байке.
---Эмнени ойлонушум керек,сизге түшүнбөй калдым.
---Башыңа келгенде баарын түшүнөсүң.
--Аны ошол убакта көрө жатарбыз, бүгүн жумушум бар эле эртерээк кетсем болобу?
---Макул, эртең менен кечикпе,күтөм.
--Жакшы калыңыз, рахмат,-деп сыртка чыктым.Негедир аба жетишпей жаткандай болдум.Менин артымдан эле Дастан байке чыгып кетти,мен Жакыпты күтүп турам.Бир аз кечирээк келди.
Уландысы бар.
Голоева Санавархан
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып, комментарий жазып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16