9-бөлүм.
Ошентип,үй менен бир болуп опур-топур чай ичтик.Үй ичи майрамдагыдай эле шаңга толгон,шатыра -шатман күлкү.
---Баса,Дастан неге келбеди,-деп сурады апам(кайненем).
--Бир аз сыркоолоп турам деп келе албады.
--Келсе кичине олтуруп көңүл ачып кетеби дегенимда.
--Ооба,аны айтсам түк макул болбоду.
--Өзү билетта эми,-деп апам ордунан туруп сыртка чыкты.Баятан бери мен да мейман болуп олтурдум,эми акырын туруп келиндик кызматымды баштасамбы деген ойдо ордумдан турдум.
--Ой ,Албина,сен азыр өзүңдү урунтпа.Кичине белиң катсын,азыр өзүңдү жакшы кармап алсаң кийинкиге жакшы болот,-деди сырттан кайра кирип келе жаткан апам.
--Бизге Жылдыз кызым жардамчы кыз алып келип берген,элпек,тим эле жакшы кыз.Баарын өзү эле айттырбай кыла берет.
--Ии,жакшы экен.Бирок...
--Эч кандай бирогуңдун кереги жок,олтур Албина.Апам айтпадыбы,Датка аябай жакшы кыз,апамдарды жакшы карап жатат, Самирага да жардамчы.Эми сага да жардамчы болот буйруса,анан экөөңөр достошуп алсаңар үй-тиричилигин улап кетесиңер,-деди Жылдыз эже,анан:
---Датка,-деп сыртка кыйкырды.
--Ой,эже,-деп баятан бери тыпылдап жаны тынбай кызмат кылып жаткан ,менден бир аз улуураак көрүнгөн кыз кирип келди
--Бул мен айтып жүргөн Албина,мындан ары экөөң ынтымакташып ,эже-сиңди болуп кетесиңер деген ойдомун.
--Ооба,эже,кыжалат болбоңуз,баары жайында болот.Мен балдарды аябай жакшы көрөм,албетте жардам берем,ынтымагыбыз бекем эле болот,-деди Датка бир Жылдыз эжени,бир мени карап.
--Таанышканыма кубанычтамын, Датка эже.Атыныз сонун экен.
--Ии,рахмат.Мен чыга берсем болобу?
--Макул,чыга бер,-деди эже.Келген меймандар үйлөрүнө кетишти.
Ошентип менде келиндик,энелик милдет башталды.Өзүм да кээде ишенбей жаттым,баары менин көзүмдү карайт,балдарыма чебелектешет.Кээде балдарымды сыртка алып чыгып Самира менен учураштырып,жанында эрмек болобуз.Ичинеде күйүп турса да ,сыртында бизге жайнап турганын байкайм.Ичим ачышат, өзүмдү жемелейм,бирок..Башка айла канча, өткөн күн өттү.
Байкушум,анын да энелик жүрөгү эзилип жатса керек,ич-ичинен күйүп жатса керек,бирок билдирбейт.
Күндөр өттү,балдар да чоңоюп баратат.
--Балдарды садикке берип,өзүм жумушка чыксам кантет?,-деп сурадым бир күнү Жакыптан.
--Ошентсең да болот,бирок кандай жумушка чыгасың?
Айыл жеринде андай деле жумуш жок эмеспи?
--Ал жагы да бар,ойлонуп көрөбүзго.
--Макул,баарыбыз эле сиздин тапканды карап олтурсак кыйналып калабызго.Балдар да чоңоюп баратышат.
---Баса,Самиранын бутуна операция жасалмай болуп жатат.Москвадан күчтүү догдурлар келиптир,сүйлөшүп койдум.
--Эң сонун, көрсөтүү керек.Басып кетет деген үмүт барбы?
-90% бар деп жатышат.
--Эй,кудай,өзүң жардам бере көр, өзүң шыпаа бер,-деп жибергенимди билбей калдым.
--Ооба,шыпаасын берсин.Аны көргөндө мен да эзилем,кантсин байкуш,-деп сыртка чыгып кетти Жакып.
Апам менен атам(кайненем менен кайнатам)да күндөн -күнгө ал -күчтөн тайып баратышат,бөжөңдөшүп балдар менен ойногондо алар да өзүнчө эле бөбөктөй көрүнөт көзүмө.
--Аттиң,атам-менен апам тирүү болгондо,балким ушул наристелер үчүн болсо да мени кечирмек беле,алар да ушинтип бөжөңдөшүп менин балдарымды эркелетип ойнотмок беле,эми кайдан!-деп өзүмдү кайрадан чыйралтам.Себеби "экинчи ыйлабайм"деп өзүмө сөз бергеним эсимде.Кудайдан ушул кемпир-чалдын өмүрүн тилейм,батасын алып калайын жок дегенде ушулардын деп кызматын кылып жатам.Убакыт дарылайт деген туура экен,балдарым чоңоюп, өзүмдүн жашоом иретке келген сайын өткөн күндөр түк эстен чыкпаса да,акырындык менен эстегенге чоло да калбай барат экен.
Москвадан догдурлар келди,Самира эжени операция жасашты.
--Баары жакшы болду,дагы бир аз убактан соң акырындык менен басат дешти,-деп чыкты Жакып.Операция күнү мен да кошо баргам,барбай коюшка көңүлүм чыдабады.
--Сонун жаңылык,ылайым эле басып кетсе экен,-деп сүйүндүм.
---Ушундай эле ынтымагы -
ңар бекем болсо экен,басып кетсе да ушул боюнча каласыңбы?Өзгөрбөйсүңбү?-деп суроолорду жаадырып жиберди Жакып байке.
--Ой,жок,эч өзгөрүүсүз жашайм.Самира эженин айкөлдүгү жүрөгүмдө калды.Анын да бактылуу болууга акысы бар,-дедим.
---Акылдуум менин,-деп Жакып мени өзүнө ыктап өөп койду.Мен Самира эжеге кирип куттуктап ,учурашып чыктым.Ошондогу анын кубанычына сөз табалбайм.Эки жума жатып үйгө алып келдик,акырындап балдак менен баса баштады.Эки бала менен кошо Самира эжени да алпештеп карай баштадык,байкуш кайненем менен кайнатам да кубанганынан чебелектеп Самира эженин жанынан чыкпайт.Балдар да жакындаша баштады,а мен ага кубанам.Бир күнү чай ичип олтурсак:
--Апа,ата,мына Самира да баса баштады.Балдар бала бакчага барып калды (айылдык бала бакчага берип койгон элек)Эми биз Албина экөөбүз шаардагы үйгө барып ,жумуш кылып ,акча табалы.Кандай дейсиңер?-деп калды.
Бир аз жымжырттык боло калды,атам менен апам бири-бирине карап:
---Эми,өзүңөр билесиңер да балам.Биз да силердин колуңарды карап олтурган адамдарбыз.Бир кесе ысык тамак менен чайынарга,жылуу сөзүңөргө эле муктажбыз.Үчөөңөр кеңешип иш кылгыла,-деди атам.
--Мен макулмун,буйруса жакында өзум баса баштайм.Балдарды бакчага алып барып келгени жарайм куда кааласа.Үй жумуштарын да Датка экөөбүз эптейбиз,-деди Самира эже да.Мен унчукпадым,бирок балдарымды ойлоп бир аз ичим ачышкансыды.-Мейли, ишеничтүү колдордо эмеспи,дем алыш күндөрү келип турабыз да,-дедим өзүмдү алаксытып.
Ошентип бир жумадан кийин баягы биз Жакып экөөбүз жолугушуп турчу үйгө көчүп кеттик,биз баратканда балдарым бакчада эле,ичимден тызылдап кете бердим.
Ал жерге барганда дагы эски күндөрдү бир көз алдымдан чурултуп алдым.Жакып эртеси эле өз жумушу болгондуктан жумушуна кетти,мен үйдө калдым.Эки күн өткөндө Жылдыз эже келип калды.Колунда баштыкчаларды толтуруп алган,алдынан тосуп , үйгө кирдик.Чай ичтик,ал ахыбал сураштык дегендей.
--Жумуш издеп жаткан экенсиң,баягы өзүң иштеген дүкөнгө барып кайрадан иштесең кантет?-деди Жылдыз эже.
--Эмне, бош турабы?
--Ооба,сенден кийин азыраак Айжан иштетти.Анан бир кызды алганбыз,ал турмушка чыгып жатат.Бир жумада кетмей болуп жатат.
--Жакшы болот эле, өзүмдүн үйрөнгөн жумушум.
--Анда сүйлөштүк,Жакып менен да кеңешип көр.
--Ооба,кеңешейин.
---Анда мен барайын,дагы сүйлөшөбүзго -деп чыгып кетти Жылдыз эже.Кечинде Жакып келгенде Жылдыз эженин келгенин,анын сунушун айттым.Дароо эле макул болду.
--Макул,жолубуз бир болот экен, экөөбүз чогуу барып келе беребиз,-деди.Ошентип бир жума убакыт өтүп ,мен жумушка жөнөдүм.Бизди дүкөндүн алдынан Дастан байке(эми жезде десем да болот) күтүп туруптур.
---Келгиле.
---Келдик,сизди күттүрүп койбодукпу?-деп Жакып экөө кол алышып учурашты.
--Жок,мен да эми эле келгем.
--Келишиң менен,Албина.Балдар чоңоюп жатышабы?-деп менин колумду бекем кысып учурашып койду.
Баса,Дастан жезде эки жыл ичинде бир да жолу айылга барбады,Жылдыз эже кызы менен барат,кечинде кайтышат.
---Ии,рахмат , чоңоюп калышты.Сизди сурап жатышат,-деп тамашалап күлүп алдык.
---Буйруса бир күнү барып жакшылап таанышамго,-деди жезде да тамашалап.
Ошентип Жакып мени таштап,кечинде келип алып кетээрин айтып жумушуна жөнөп кетти.
---Мына Албина, дүкөндүн ачкычы.Өзүң жасаган жумуш,өзүң баарын билесиң.
---Ооба,баары эсимде.Сиз кыжалат болбоңуз,баары сонун болот,-дедим.
--Мени кыжалат кылган жумуш эмес,сенин тагдырың,-деди жезде.
--Эмнеге,а менин тагдырым акырындык менен изине түшүп баратпайбы?
--- Ошентип ойлойсуңбу?
---Ооба,азырынча баары жакшы.Балдарым чоңоюп баратат,кудага шүгүр Самира эже басып баратат.
---Баары,ошол Самира эжеңдин басып баратканында болуп жатпайбы.
--Эмнеге,ал басып калса ортодо балдарды багабыз.Атам-менен эне ди карайбыз.
---Сен ошентип ойлойсуң,а тигилер эмнени ойлошот болду экен?
---Коюңузчу жезде,баары жакшы болот.
--Мени жезде дебечи,Албина.Мурункудай эле байке эле дечи,ошонуң мага жагат.
--Макул,Дастан байке.
--Ии,мына ,ошентип эле кайрылчы,сонун,-деп көңүлү көтөрүлүп бир күлүп алды.
---Анда жумушуңду баштай бер,ийгилик каалайм.Менин жумуштарым бар эле,-деп сыртка чыгып кетти
---Ачкычты тапшырдым,сага ишенем.Өзүң келип ачып, жумушуңду кыла бересиңда,ээ,-деп мени карап,көзүн кысып коюп чыгып кетти.
----Ии,---деген боюнча Дастан байкени узатып кала бердим.Бул киши өзгөрүп калганбы,башта өтө оор кишидей билчүмүн.Сүйлөгөн сөздөрү да ойго салып койду???.
(Уландысы бар)
Голоева Санавархан
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5