5-бөлүм.
Ошентип ,ар бир күнүм ый менен башталып ый менен бүтүп жатты.Атамдын,агамдын өлумунө себепкер болдум,Жакып менен Самиранын майып болушуна,Самиранын көптөн куткөн баласынан ажырашына себепкер болдум....Менин айымдан куратор,ректорлор жумуштан кетишти...Ошондо" мен деген эмне болгон адаммын,мен киммин"?- деген суроону өзүмө- өзүм берип,өзүмдөн -өзүм жийиркенип жаттым.Эмне башка кыздар баарысы жакшы эле жүрүшөт,алар эмне башкача тарбия алганбы???А менчи,менин ата-энем жаман тарбия берди беле???Жооок,мен эң мыкты ата-эненин кызы элемго,эң туура тарбия алган элемгоо...Анда ,эмне үчүн акылдан адаштым,эмне туура эмес жол тандап алдым??? Түгөнгүс суроолор менен өз башымды өзүм чапкылайм.
. Апаң менен эжең ооруканада,атаң менен агаңдын өтүп кеткенин билишкен жок.Өзүңдүн эле эмес эки үй бүлөнүн башына ушунчалык түйшүк салып койдуң.Баары сенин акылсыздыгың,баары сенин абийирсиздигиң!Наалатка калдың,айылга барба,уят болосуң!-деп чыгып кеткен эле атамдын карындашы.Ошол себептен айылга барууга бетим да,дитим да чыдабады.Жок дегенде апам менен эжемди көрүп келейин деп жаткан ооруканасын сураштырып барсам,апамды да алып кетишиптир,жакшы боло албаптыр.Эжем болсо эч нерсени билбей жатат,комада экен.Эми мага жашоонун эч бир кызыгы калбады,ыйлаганга да дарманым жетпеди,муздай тоңгон боюнча жолго чыктым.Ойлорум чаржайыт, көздөрүм туман,бараткан багытым белгисиз...
---Албина,---деген үндөн чоочуп кеттим --Кайда баратасың?Бир аз сестене түшүп үн чыккан жакты карадым:
-- Сиз кимсиз?
--Эмне тааныбай калдыңбы?
--Жок...
--Аа, шордуу кызым,жүрү машинага олтур.Аябай жүдөп,кыйналып калыпсың.Сени менен жай сүйлөшүп алайын,-деп менин абалымды көрүп,колумдан жетелеп машинага чыгарды тигил аял.Мен корккондой сестене тушкөнүмө :
--Коркпо, Албина, мен сага катуу сүйлөбөйм.Үйгө баралы,жай олтуруп сүйлөшөбүз ээ,-деп мага карап күлүп койду.Мен унчукпай баш ийкедим,зуулдата машинасын айдап бир заңгыраган үйгө келип токтоду.
--Түшөгой,- деди машинанын арткы ордунда олтурган менин эшигимди ачып.Экөөбүз үйгө кирдик, үйдө эч ким жок экен.Үйдүн жасалгасы аябай сонун,көз жоосун алат.
--- Үйдө бүгүн эч ким жок,баары дачага эс алганы кеткен.Мен бир аз жумуштарымды бүтүрөйүн ,анан Жакып менен Самирадан да кабар алайын деп бүгүн дачага барбадым,-деди баягы аял.
Жакып менен Самиранын атын укканда дагы башкача боло түштүм.
--Сиз,сиз деген...
--Ооба,мен Жакыптын эжесимин,эми эстедиңби?
--Ооба, эстедим.Бирок...
--Коркпо , Албина,мен ошондо ачуу үстүндө сага олдоксон мамиле кылып койдум.Менден башкасы болсо да балким ошентмек эле.Кантсе да бир тууганым эмеспи, ичим ачышты да.А эми кудайга шүгүр,Жакып акырындап калыбына келе баштады.
А,Самира болсо эки буттан ажырады,коляскага олтуруп калды,-деди оор улутунуп.Бирок, Самирага да кыйын болду.Жакып экөө көп жыл сүйлөшүп турмуш курушкан,беш жыл болду баш кошконуна,балалуу болбой жатышкан эле.Көрсө азыр боюнда бар экен,ал да түшүп калды.
---Баарына мен күнөөлүүмүн,мени кечириңиз...
--Ооба,башында мен да ошентип ойлогом,сени аябай жек көргөм.Бирок,менин Жакып инимде да күнөө бар экенин кийин түшүндүм.Албетте ,сендей ай чырайлуу кызга ар бир эркек суктанбай койбосо керек.Кээде ушул сулуулук да адамга душман болуп чыгат,сенин сулуулугуң-сенин тагдырыңа терс таасирин тийгизгенин билбедиң болуш керек ошол кезде сен да.Мен баарын сураштырдым,тектүү жердин кызы экенсиң,жогорку окуу жайда окуйт экенсиң.Анан дагы..бир аз токтолуп калды:--Ата-энеңдин,бир тууган агаңдын кайтыш болгонун,эжеңдин комада экенин да уктум.Билем,сага оор болуп турат.Жакшы адамдарга жараткан ушинтип ар кандай сыноо берип сынайт экен,сабырдуу бол.Куда кааласа бул күндөр да өтөт,билем,унутуу кыйын,бирок убакыт баарын дарылайт.
Менде эч кандай сезим жок, жүрөгүмө муз тоңуп калгандай катып эле турам.
--Сени түшүнүп турам,Албина.Азыр стресс абалында жашап жатасың,өзүңдү колго ал.Жаман күндөрдүн артынан сөзсүз жакшы күндөр келет.
--Коюңузчу эже,мага ушунча азаптан кийин жакшы күндүн эмне кереги бар дейсиз.
--Кандай дебе кызым,мындай азаптуу күндөр бир эле сенин башыңа түшүптүр дейсиңби,мына мен да канчалаган кыйынчылыкты башымдан өткөрдүм,өлгөндүн артынан кошо өлүп кетүү кыйын тура.Курандан башка айла жок,кызым.
Мөлтүрөйм,көздө жаш жок.
--Окуудан айдалганыңды да уктум,эч нерсе эмес.Мен сага өзүм жардам берем,быйылдан кийин кайрадан башка окууга тапшырасың.
--Эмне үчүн мага мындай мамиле кылып жатасыз, түшүнбөй турам?
---Албина,мен сага айтпадымбы,күнөө сенде эле эмес,Жакыпта да бар.Ал сага жолугуп,сени жакшы сөздөр менен арбабаганда,үй бүлөсү бар экенин билип сени алдабаганда азыр сенин тагдырың такыр башкача болмок.Балким ата-энең,бир туугандарың тынч болмок.Мен да убагында сага окшоп алданган кыздардын биримин,бирок ал күндөр өтүп кетти.Боюмда бүткөн баламды ушул жашап жаткан жолдошум алдырып салган,ошол боюнча бала жытын жыттабадым.Жолдошум өз айыбын мойнуна алып,жубайы каза болуп калганда кайрадан мага үйлөндү.Бирок балалуу боло албадык,азыркы кызымды багып алганбыз.Ал бакма кызыбыз экенин билбейт,өз кызыбыздай бактык.Буйруса эс тартып калды,мугалимдик кесипти тандаган,окуп бүттү.Тең курдуу жери чыкса тындырып алсак деген максатыбыз бар.
--Алар келсе мени кандай кабыл алышат?
--Жолдошум билет,биз сүйлөшүп алганбыз.Сени алып келгениме макул болгон,кызым да кабардар.
---Эми,баса,сени боюнда бар деп уккам,кантип атат?Догдурга барып бир көзөмөлдөн өтүп койсоң жакшы болот эле,кантсе да өз инимдин канынан бүткөн бала эмеспи.
--Жакшы болот эле,мен да кабатыр болуп жатат элем.
--Кел ,курсакты жакшылап тойгозолу да,менин жакшы иштеген догдурум бар,ошого барып сени көрсөтүп келейин.
--Макул,-дедим бир аз оңтойсуз болсо да.
Эже жашы улуу болсо да шайдоот экен,дароо дасторконду жайнатып жиберди.Чай ичип болгон соң,ары -бери жыйнай салып догдурга жөнөдүк.Машина менен бат эле жеткендей болдук,эже сүйлөшүп койгон экен,бизди тосуп алды.Кабинетине кирип мени аппараттары менен бир топ убакыт текшерди.
---Бала жакшы,эненин жүрөгүндө бир аз "өзгөрүү"бар.Бирок дарыласа болот.Өсүүсү жакшы,болгону мындан быягына жакшы көзөмөл керек,-деди дарыгер.
---Рахмат,досум.Бат-баттан келип көрүнүп турсак болобу?
---Албетте,неберени бирге жууйбузда.
--Куда кааласа,жууштан качпайм,аман -эсен төрөлсө,баары жакшы болот.Кош айтышып чыктык, жолдо келатып бир дүкөнгө токтодук.
--Жүрү, дүкөнгө кирип чыгалы,-деди эже.Кирсек
аялдар кийимин саткан дүкөн экен.
---Өзүңө жаккан көйнөк танда,-деди.
--Эже,коюңузчу,мага эч нерсенин кереги жок.
--Жаны көйнөктөр келди,тандоо көп.Танда дегенде тандай бербейсиңби эми,мен чын жүрөгүмдөн айтып жатам.
--Мына,сулуу кызга ылайыктуу көйнөктөр.Баары жаңы келди,карап көрүңүзчү,-деп жогорку жакта илинип турган көйнөктөрдү көрсөттү.Акырын басып бардым,чын эле баарысы биринен сала бири сонун экен.Кайсы бирин тандашымды билбей дендароо болуп туруп калдым.
--Мобурекини көрүңүзчү,сизге түшчүдөй,-деп сатуучу кыз кыпкызыл,жарашыктуу гүлдөрү бар көйнөктү берди.Мага да ошол көйнөк жагып турган эле.
--Ии,болот,-деп колума алып эженин жанына бардым.
--Сага жактыбы?
--Ии.
--Дагы бирди танда.
--Ой,жок эже,ушул болот.
--Макул,дагы бир келебиз.Баса ,бут кийим ал,-деди бутумдагы басаножкамдын эскирип калганын байкап.Бетим кызара түштү.
--Уялба,мени өз эжеңдей көр.Өткөндү эстебе, макулбу?
--Макул,-дегендей башымды ийкеп койдум.
Уландысы бар.
Голоева Санавархан Айтбаевна.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4